01.07.11 - 13-бет:
Жаңырык
Эрмек КАДЫРОВ:
"Эрдик менен Адинайдын өнөрүнө австриялыктар таңгалды"
"Тумар" бий тобу мындан эки жыл мурда түптөлгөн. Башка топтордон айырмаланып, топто мүмкүнчүлүгү чектелген улан-кыздар бийлешет. Алардын катарында он төрт жаштагы Эрдик менен он үч жаштагы Адинай бар. Учурда Бишкектеги "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунун тарбиялануучулары Вена шаарында өткөн "Даңк мүнөтү" сынагына катышып талантын тартуулап келишти. Эки таланттын эмгеги бааланып, жыйынтыгы сүйүнтөрлүк болот деген үмүттөбүз. Топтун жетекчиси Эрмек Кадыров менен топтун түптөлүшү, жетишкен ийгиликтери, алгачкы сапары тууралуу маек курдук.
-
Эрмек, топтун тарыхына бир аз токтолсоң?
- Мен мурда "Центриум" деген бий тобунда бийлечүмүн. Тимур деген бала менен он жыл иштедик. Бизди башында каржылап жаткандар менен ортодо түшүнбөстүктөр болуп Тимур Кытайга, мен Германияга кетип калганбыз. Кыргызстанга келгенде "Үмүт-Надежда" реабилитациялык борборунун жыйырма жылдыгы болуп жатыптыр. Карла Мария Шелике жыйырма жылдыкка таланттуу улан-кыздарды тандап бир бий даярдабайсыңбы деди. Бир ай балдар менен машыгып, сахнага чыктык. Ошол концертте колдогондор андан ары иштеп кетишибизге жакшы дем беришти. Ар кандай сынактарга чыгып, бат эле таанылып кеттик. Башында бийчилер көп болчу. Концерттерге чакырып баштаганда кыйынчылыктар да башталды. Балдар майыптар арабасында болгондуктан бир жерден экинчи жерге жетиш оор. Атайын өзүбүздүн унаабыз жок, дайыма такси чакыртабыз. Таксиге бир же эки эле бала арабасы менен араң батат. Ушундай кыйынчылыктардан улам топтогу балдардын санын кыскартып, Адинай менен Эрдик экөөнү гана алып калууга туура келди. Бийлегиси келген таланттар көп, бирок азыр топту кеңейтүүгө шартыбыз жок.
-
Австрияда өткөн сынакка катышууну ким сунуштады?
- Эки жылдан бери Адинай менен Эрдиктин жөндөмүн байкап жүрүп буларды алдыда чоң ийгиликтер күтүп жатканына көзүм жетчү. "Центриум" тарагандан кийин Германияга барып ал жакта да мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен волонтер катары иштешип жүрдүм. Москвадагыдай "Даңк мүнөтү" деген сынак башка мамлекеттерде да бар. Австрияда өтүүчү сынакты интернеттен таап байланыштым. Адинай менен Эрдиктин бийин жөнөткөм. Үч айдан кийин сынакка катышууга чакыруу келиптир. Башында ишенбей жүрдүк. Өздөрү кайрадан байланышка чыккандан кийин чындап чыгына баштадык. Колдо акча жок болгондон кийин демөөрчү издегенге туура келди. Социалдык коргоо министрлиги жолубузга кеткен чыгымды көтөрдү. Жатаканага кеткен чыгымды мэрия алды. Баскан-турганыбызды байланыш компанияларынын бири төлөдү.
-
Сынак купулуңарга толдубу?
- Талантын көргөзөм дегендер толтура болгондуктан бизди беш-алты чоң залга бөлүштү. Шарт боюнча ким экинчи турга өткөнүн дароо айтышпайт экен. Учурда жооп күтүп жаткан кезибиз. Кыргызстан деген жазуусу бар кийимдерди кийип брейк стилиндеги бийди аткардык. Музыкасын жазууга, стилди өзгөртүүдө, маскаларды табууда Атай Өмүрзаков жакшы жардам берди. Биздин башкалардан өзгөчөлүгүбүз, өзүбүздөн башка арабада отурган эч кимди көргөн жокпуз. Европа өлкөлөрүнө жарыяланган сынак болгону менен Орто Азиядан Кыргызстандан башка мамлекет катышпаптыр. Калыстар тобун таңгалдырдык, эми талантыбыз кандай бааланат, аны убакыт көргөзөт го.
-
Бий үйрөтүүдө кыйынчылыктар көп эле болсо керек?
- Мага Адинай, Эрдик менен иштешүүдө кыйынчылык жаралбайт. Аябай дилгир, таланттуу балдар. Келечеги кең экенине көзүм жетет. Кыйналганыбыз - башка жакка чыкканда араба менен кыймылдоо, бир жерден экинчи жерге жетүү. Бизди концертке чакыргандар унааны жибергени менен арабаны өзүбүз көтөрүп салып кайра түшүрөбүз. Оор арабаларды көтөрүп жүрүп билинбегени менен белимди да оорутуп алыптырмын. Ошентсе да балдар үчүн бий эң маанилүү нерсе экенин билип, болгон күчүмдү аларга жумшайм. Австрияга барып келгенден кийин көп нерсеге көзүбүз ачылды. Мисалы, бизде майыпты көрүп калышса кечке карап, оңтойсуз абалга калтырышат эмеспи. Ал жакта болсо сага эч ким көңүл бурбайт. Эл менен кошо аралашып жүрө бересиң. Адинай менен Эрдик Кыргызстанга келгенде "бул жактан көчөгө чыккандан заарканчу элем. Австриядан эч ким көңүл бурбаганы жакты. Кадимки адамдардай эле жүрө берет турбайсыңбы. Бизде майыптарга эл көп көнө элек" деп жатышпайбы. Бул жакта сынактарга катышалы десек жөн эле конок катары катышпайсыңарбы деп өздөрүнөн оолактатып турушат. Европада болсо бардык адамдардын укугу бирдей экен.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА
Кекиртекти желге асмак белек
Алкымы бузук алып сатардан кутулар күн келеби?
КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттер аралык статкомитетинин эсебине караганда, быйылкы жылдын алгачкы чейрегинин жыйынтыгында тогуз мамлекет ичинен Кыргызстанда инфляция 6,4% түздү. Кыргызстандан кийин 6,1% менен Беларусь, 5,2% менен Армения турат. Калгандарыныкы 3-4,5%дын аралыгында.
Албетте инфляциянын ириңдеп кетишине ички соода жүгүртүүнүн таасири чоң. Сырттан келген азык-түлүк ичинен шекерге болгон баа дүйнө жүзүндө 30 пайызга түшкөнүнө карабай Кыргызстанда кымбаттоонун үстүндө. Ошол эле учурда өзүбүз өндүргөн айыл чарба товарлары да бир кымбаттап алып, андан ары өссө өсөт, асти арзандабайт. Албетте жергиликтүү дыйкандардын ак мээнети акталганы жакшы. Бирок мындай көрүнүш дыйкандар үчүн пайдалуубу же кызыл кулактар үчүн пайдалуубу, бул изилдей турган маселе.
Учурда дарбыз көбүнчө Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынын талааларынан келүүдө. Так ушул мезгилде алып сатарлар аталган аймактагы дыйкандардан дарбыздын бир килин 4-5 сомго сатып алат. Өздөрүнүн айтуусуна караганда, ага жол кире катары 3-4 сом кошулат. Андыктан азыр Дыйкан базарында дарбыздын бир кили 10 сом. Ал эми Ош базарында 12 сом, ал жерден бир аз узаган сайын баа көтөрүлүп шаардагы майда дүкөнчөлөрдө 15 сомдон 20 сомго чейин сатылууда.
Ал эми пияздын баасы шаардагы дүкөндөрдө, базарларда 30-35 сом. Көрсө бул жашылчанын өз жериндеги дыйкан койгон баа 10-15 сом экен. Учурда Бишкекке келген пияздын басымдуу бөлүгү Баткенден ташылып жатыптыр. Борбор шаар менен Кыргызстандын алыскы жаш облусунун ортосу 900 км. Андыктан бул баа реалдуудай эле көрүнөт. Бирок биз сураштырып көрсөк, Баткенден Бишкекке алып келгендер жол кире акысына пияздын ар бир килине 3-5 сом гана кошот экен. Тактап айтканда, пияздын баасы Дыйкан базарында 18-20 сом. Кыскасы, пияз базардан бир аз узаары менен эле үстүнө кеминде 10 сом кошулат экен.
Жергиликтүү картошка Дыйкан базарында 15-16, сабиз 15-18, Ош базарында 26-28, помидор 45, кээ бир жерде 35 сом. Картошканы дүңүнөн 8 сомдон сунуштап жаткандар бар. Бул баа да аталган базардан бир аз узаары менен эки эсеге кымбаттайт. Мисалы, Дордой жаңы конушундагы дүкөнчөлөрдө ушул саатта сабиз 35, картошка 30, помидор 90 сомдон сатылууда.
Албетте базар деген базар, ал жерде деле ар кандай бааны коюп алып отургандар бар. Дүкөнчөлөрдө деле ошондой. Базар экономикасында бир кил картошкаңды 10 сомдон сатасыңбы же 100 сомдон сатасыңбы ал өзүңдүн ишиң. Бирок айтайын дегенибиз, алып сатарлар бир аз напсисин тыйса, буга чейин эле какшанып айтылып келгендей өкмөт бааларды бир системага салуунун бир жол-жобосун иштеп чыкса, ошол эле учурда азык-түлүк аларда айлыгыңды үнөмдөгүң келсе башты да, бутту да иштетип, үйүңүн жанындагы комокторго эле жабыша бербей картошка, сабиз, пияз, дарбыз сыяктуу өзүбүздөн өндүрүлгөн жашылчаларды мүмкүн болушунча дыйкандын өз колунан алууга аракеттен. Учурда Чүйдөгү дыйканчылык талааларында да жашылчалар быша баштады.
Жесең тишке, жебесең түшкө кирген эт
Мындай карасаң Кыргызстанда мал көп эле, бирок эмнегедир эттин баасы базарларда кымбат. Казакстанга этти экспорттоого уруксат берилгенден бери ордо калаабызда эт кымбаттап, шаардыктарга кыйын болуп калды. Жаш койдун эти Иранга сатылып жатса, башка жандыктардын эти Казакстанга дүңүнөн сатылууда. Картошка, пияз ж.б. ачык да, жабык да коңшу мамлекетке жөнөтүлүүдө. Ошонун эсебинен өзүбүздөн өндүрүлгөн азык-түлүккө болгон баа өстү. Бул бир жагынан жакшы, бир жагынан кардарлар үчүн тескери таасир тийгизери ырас. Баа түшүп кетсе дыйкан, малчы, тескерисинче көтөрүлүп кетсе шаардыктар кыйналышат. Өкмөт орто бааны аныкташ керек эле. Азырынча этти экспорттоого тыюу салуу толук алынбай туру.
Учурда майда малдын тушу Ош базарында 2800дөн баштап 5200гө чейин. Жылкынын казысынын бир кили 600-700 сом турат. Ал эми уйдун эти 250-300 сом. Топоздун этинин баасы жаңысында уйдуку менен барабар эле. Бирок топоздун эти бир-эки күн турса карайып калгандыктан 150 сомго чейин түшүп кетет.
Бул жерде этти сыртка экспорттоп жатышат деген шылтоо бир тең, кызыл кулактардын кызыкчылыгы бир тең болуп жатканы түшүнүктүү. Тиешелүү жетекчилер эт өндүрүүчү менен эт ала турган адамдын ортосунда түз соода мамилесин жөндөгөнгө жараса болмок. Маселен мал ээси малын ортомчуга сатат. Ал союп Ош, Аламүдүн базарына жеткирип, экинчи ортомчуга карматат. Үчүнчүсү - сатуучу кардарга сунат. Ошентип үч катар колдон өтүп келген эт асмандын башына чыгып кетүүдө.
Зайырбек АЖЫМАТОВ