01.07.11 - 12-бет:
  Бакыра бербей башкаларды кара

Акыл калчаган үчүн Азербайжан алдыда
Жакында атайын иш сапар менен Азербайжанда болдук. Бул өлкө бир кездеги союздук 15 республиканын бири болгону менен экономикалык өсүү жагынан Кыргызстандан алда канча алдыга кетиптир. Азербайжандын минтип өнүгүшүнө бир жагынан ири нефти запастары, деңиз менен чектешүүсү себеп болсо, экинчи жагынан экономиканы алдыга жылдырууга ири жеке компанияларды, ишканаларды жана банктарды туура башкаруу да cебепкер болуптур.


Бакудагы Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) өкүлдөрүнүн айтымында, бир катар жеке банк, компанияларга корпоративдик башкаруунун (КБ) киргизилиши менен алардын иши илгерилеп, инвестиция тартуу жакшы жолго коюлуп, кирешелер эселеп өскөн. Алсак, Азербайжандагы 15 жылдык тарыхы бар кайсы бир IT компаниянын акциялары эки адамга тиешелүү болуп, бул жабык акционердик коомду эки адам гана башкарып келген. Компаниянын чоңоюшу менен башкаруу татаалдап, чечимдерди чыгарууда ички көзөмөлдүн, аудиттин жоктугунан биртоп кыйынчылыктар болгон. Натыйжада инвестиция тартуу да оорлоп, компания жергиликтүү банктардан пайдасыз шартта каражат алып карызга баткан экен. Кийин IFC көмөгү менен бул компанияга корпоративдик башкаруу киргизилген соң башкаруу жакшырып, эл аралык рынокко баалуу кагаздарын чыгарууга жетишкен. Ушу сыяктуу ийгиликтерге корпоративдик башкарууга өткөн бир нече банктар менен бройлер компаниясы да жетишкенине өзүбүз күбө болдук.
Азербайжандагы IFCнин Баку өкүлчүлүгүнүн эксперти Анар Алиевдин билдиришинче, өлкөнүн Экономикалык өнүгүү министрлигинин алдындагы жумушчу топтун жардамы менен КБнын атайын стандарттары иштелип чыгып, 2011-жылы ар кандай өзгөртүүлөрдөн соң ал стандарттар мамлекет тарабынан Жарандык кодекске мыйзам катары киргизилген. "Корпоративдик башкаруу долбоору Азербайжанда 2005-жылы иштеп баштаган. Бирок компаниялар менен иштешүү 2006-2007-жылдары жолго коюлду. Ошондон бери биз 400гө жакын жеке компаниялар менен иштештик. Анын ичинен азыр 40-50сү менен тыгыз кызматташып атабыз. Учурда бул компаниялардын баасы өсүп, рейтинги жогорулап, инвестиция тартуусу көбөйдү. Мындан сырткары, учурда КБ долбоору боюнча айрым мамлекеттик структуралар менен, айрыкча Борбордук банк, Баалуу кагаздар боюнча комитети жана Экономикалык өнүгүү министрлиги менен тыгыз иштешип келатабыз" дейт Анар Алиев.
Баку шаарынын тургуну Расмина Гурбатованын айтымында, 6 жыл мурун корпоративдик башкаруу дегенди көпчүлүк азербайжандыктар түшүнүшпөсө, азыр КБ жогорку окуу жайларга сабак катары киргизилген. "КБ долбоору башталганда биз компанияларга бекер консультацияларды, семинарларды өткөрүп жүрдүк. Агезде көбү мунун бизге канчалык зарылчылыгы бар дешкен. Азыр компания жетекчилери КБ канчалык натыйжалуу экенин түшүнүшүп, консультативдик кызмат үчүн чын ыкластан акча төлөп иштешип жатышат. Азыр акчалуу адамдарды, инвесторлорду компаниялардын жаман-жакшысы эмес, алардын башкаруусунун туура, мыйзамдуу, натыйжалуу экени кызыктырат. Ошондуктан учурда биз мамлекеттик мекемелер, билим берүү институттары, инвестор, донорлор жана ММКлар менен да иштешип атабыз. Кыскача айтканда, Азербайжанда корпоративдик башкарууну жайылтуу жакшы ишке ашып, байкаларлык экономикалык жылыштар болуп жатат" дейт Расмина айым.
Албетте, КБ азыр Кыргызстанда өтө популярдуу тема эмес. Бирок КБ менеджмент тобокелчилиги, айкындуулук, акционерлердин укугу, баалуу кагаздар рыногу, ишкердиктин натыйжалуулугу, ички көзөмөл, финансылык отчеттуулук жана инвестиция тарта билүү сыяктуу биртоп темаларды өзүнө камтыйт. Бул жагынан алганда корпоративдик башкаруу кыргызстандык бизнесмендерди, жеке ишкерлерди кайдыгер калтырбашы керек. Башкасын айтпаганда да, айрым өлкөлөрдө корпоративдик башкарууну мыкты өздөштүргөн жеке компанияларга инвесторлор кошумча акча сала башташканы кимди болбосун ойлондурбай койбойт. Алсак, учурда Германияда мындай жеке компанияларга кошумча инвестиция салуу 13 пайызга, АКШда 14, Бразилияда 24, Кытайда 25, Россияда 35 пайызга өскөн. Мунун өзү ачык, таза, туура башкарылып, ички, сырткы көзөмөл жакшы болуп, акционерлердин укуктары бирдей сакталган компанияларга каражат, инвестиция өзү агып келерин көрсөтүп турат. Ал эми Кыргызстанда болсо азыр жеке компания, ишкана, фирмаларга инвестиция тартуу чоң көйгөйгө айланган. Анткени биринчиден, бизде стабилдүүлүк жок, экинчиден, инвесторлор компаниялардын директорлор кеңешине, байкоочу кеңешине ишенишпейт. Көпчүлүк ишкерлер ачык иш жүргүзүүдөн коркушса, айрымдары директорлор кеңешине жакындарын, үй-бүлө мүчөлөрүн коюп алышкан. Кайсы бир маанилүү чечимди кабыл алууда акционерлердин айрымдары ордунда жок. Баалуу кагаздар менен иштөөгө ишкана, банк ээлери көп кызыгышпайт. Айрым компанияларда байкоочулар кеңеши менен менеджменттин ыйгарым укуктары аралашып кеткен. Ушундай маселелерден улам Кыргызстанда коррупция күч алып, мамлекет менен жеке компаниялардын ортосунда талаш-тартыш дайыма болуп келатат.
1920-жылы Владимир Ленин "эмне үчүн ар ким гезит-журнал сатып алып, мамлекетти кыйратуучу маалыматты тарата алат?" деген суроо койгон экен. Буга жооп катары 2004-жылы Дүйнөлүк банктын экс-президенти "оңой эле. Эгер адамдар компания башчысы уурдап атат деп эсептешсе, аны эч качан каржылашпайт" деп айткан экен. Ал эми Бакудагы сапарыбызда мага IFCнин башкы менеджери Эдвард Стродермандын "корпоративдик башкаруу бул - маданият, маданияттуу башкаруу" деп айтканы жакты. Балким, бизде маданияттуу башкаруу жоктугунан, уурдоолордун көптүгүнөн "Азияуниверсалбанк", Мегаком өңдүү толтура башкатырмалар болуп аткандыр. Укушмай-чукушмайды азайтып, ушуну ойлонуп көрбөйлүбү.
Мелис СОВЕТ уулу




  Жаңырык

"Өзбек театры
менен иштешип турабыз"
Ош шаарында кандай гана маданий иш-чаралар болбосун, бардык оюн-зоок программалар Султан Ибраимов атындагы кыргыз улуттук драма театрынын имаратында, анын гүлзарга айланган короосунда өтөт. Түштүк жергесине маданий азык тартуулаган бул театр тууралуу театрдын директорунун биринчи орунбасары Шералы БЕКТАШОВду кепке тарттык.

- Театрда ремонт иштери жүрүп жатыптыр. Жамаат мындай учурда эмне кылат?
- Ремонт этап менен башталды. Адегенде административдик бөлүмдөр, артисттердин гриммдөөчү бөлмөлөрүн оңдодук. Жакында артисттер эс алууга кетишет, ошондо театрдын сахнасы оңдолот. Бул иш үч айга созулат. Бирок бир да спектаклди үзгүлтүккө учураткан жокпуз. Артисттер да иштерин токтоткон жок. Учурда эки спектаклдин бетачарына даярданып атабыз. Биринчиси, ушул театрда өмүр бою иштеп көзү өтүп кеткен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Надыр Шамырзаевдин "Күн тоскон" деген чыгармасын даярдадык. Экинчиси, тажик драматургунун калеминен жаралган "Кан оюну" деген чыгармасын чыгарабыз деп турабыз. Жакында бул эки оюндун бетачары болот. Театрдагы ремонт иштерине карабай жазында "Курманжан" спектаклин даярдап, март айында Бишкекке фестивалга барып, ийгиликтүү кайттык. Бул спектаклде ошол мезгилдеги өзбек менен кыргыздын кандай ынтымакта экени, биримдиги мыкты чагылдырылган. Биздин театр даярдаган "Курманжан" спектакли эң жакшы деп бааланды. Спектакль КР эл баатыры Сооронбай Жусуевдин ыр менен жазылган чыгармасынын негизинде коюлду.
- Театрларга эл келбейт деген маселе курч. Бул боюнча уюштуруу иштери кандай?
- Бизде көрүүчү келбейт деген маселе жок. Мисалы, бир спектаклди даярдасак, бир жума, кээде он чакты күн катары менен коюлат. Азыр Оштогу шартка байланыштуу коопсуздукту сактоо үчүн көрүүчүлөр күндүзгү саат үч-төрттө келишет. Эң негизгиси, Оштогу бардык окуу жайлардан студенттерди уюштурабыз. Анткени окуу жайлар менен биздин театрдын атайын келишими бар. Чындыгында бизде деле көрүүчүлөрдү тарталбай кыйналган убак болгон. Бирок студенттер спектаклдин кандай экенин көрүп-билгенден кийин өзүлөрү эле келип атышат.
- Бабур атындагы өзбек театры менен мамилеңер кандай?
- Жакында өзбек театрынын артисттери менен "Туңгуч" театрынын артисттери биргеликте "Курманжан" спектаклин чыгарышты. Мурда өзбек театрынын артисттери менен биздин артисттер биргеликте оюн коюп калчубуз. Биз "Алымбек датка" спектаклин даярдаганда өзбек улутундагы артисттер өздөрүнүн улутундагы кишилерди ойноп беришкен. Ал эми өзбек театры деле бизди чакырып турушат.
- Кыргыз драма театрына караганда өзбек драмтеатрындагы артисттер наамды көбүрөөк алышат деген маалымат алдык эле?..
- Мен бул маалыматка толук кошулам. Себеби биздин театр боюнча Ташы Кудайбердиев деген бир эле КР эл артисти бар. КР эмгек сиңирген беш артистибиз, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмерден экөө бар. Чындыгында Оштогу өзбек драма театрынын тарыхы өтө чоң. Бул театр 1917-жылы Октябрь революциясы жаңы орногондо эле уюштурулган. Ошондо театр тарыхы боюнча Кыргызстандагы эң алгачкы театрлардын бири болуп эсептелет. Ал эми биздин театр 1972-жылы гана уюшулган. Ошто кыргыз драма театры ачылганга чейин эле өзбек театрында эл артисттери, эмгек сиңирген артисттер, эмгек сиңирген ишмерлер, белгилүү чыгармачыл инсандар чыккан. Алар ошол эстафета менен келатышат. Ал эми кийинки убакта деле биздикине караганда буларда наам алгандар көп. Чындыгында биздин театр башка театрларга салыштырмалуу жаңы спектаклдер менен чет мамлекеттерге көп чыгат. Мисалы, былтыр түрк мамлекеттеринин театралдык фестивалы болуп, Кыргызстан боюнча биздин театр мыкты деп табылган. Андан мурун Алматыда өткөн фестивалда да биздин театр гран-прини жеңип келди. Бул жактагы өзбек театры менен биздин мамилебиз жакшы. Бири-бирибизди жаңы оюндун бетачарына чакырып, чыгармачылык пикир алмашып турабыз.
- Май айынан баштап айлыгыңар кандай болду?
- Театрдагы техникалык кызматкерлердин маянасы көбөйгөнү кубандырды. Мисалы, өрт коопсуздугун сактагандар, электриктер, сантехниктер, кароолдогулар күнү-түнү театрдын имаратында күзөттө турушат. Алардын алган маянасы мурда 1500 сомдон ашчу эмес. Азыр алар 5000 сомдон айлык алып атышат. Ал эми наамдары бар артисттерге мурда маянасынын үстүнө наамдарына жараша кошумча акча төлөнчү. Кошумча акчаларды жоюп, бардыгына тегиз кылып коюшуптур. Ошондо алардын маянасы мурдагыдай эле, кемиген да, кошулган да жок. Чындыгында театрдагы чыгармачыл жамаатты мамлекет колдогону жакшы жөрөлгө. Себеби биздин театрда акыркы эки-үч жыл ичинде эле биртоп артисттерибиз дүйнө салып кетти. Артисттер бир ролду жаратыш үчүн жүрөгү менен берилип ойноп, ошондон улам көбүнүн жүрөгү оорукчан болуп калат. Эми эң негизгиси, түштүк жергесинде тынчтык орносо ыр да, бий да болот деп мекенибиздеги туруктуулукту эңсеп калдык.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА