24.06.11 - 11-бет:
  Көңүл чордонунда

Ачык жана айкын
Кен казып алуучу компанияларынын кирешелери жана салыктары ачык-айкын болуу маселелери экинчи ирет Ысык-Көлдө эл аралык деңгээлде талкууланды.
"Валидациядан кийин: КТАДдын келечегине карай" деген ат менен өтүп, 2009-жылкы конференцияда белгиленген иш-чаралардын кандай аткарылганы, демилгеге кошулууда кандай кыйынчылыктар пайда болгону жана келечекте кайсы багытта иш алпаруу керектиги каралды. Конференцияга Азербайжан, Монголия, Казакстан өлкөлөрүнөн делегациялар, биздин мамлекеттик структуралардан, эл аралык уюмдардан жана жарандык коомдон өкүлдөр катышып, байкоочу катары Тажикстандан адистер келишти.


Эске сала кетсек, бул демилге 2002-жылы Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр тарабынан көтөрүлүп, компаниялар кен казып жаткан өлкөлөрдүн өкмөтүнө жасаган төлөмдөрдү ачыкка чыгарууну көздөйт. Учурда КТАД эл аралык стандартын карманган 11 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал эми демилгени киргизип жаткан өлкөлөр 35. Ал үчүн валидациядан - КТАДды ишке киргизүүнүн прогрессине баа берүүдөн өтүш керек. Биздин республика 2004-жылы демилгеге кошулуп, валидациядан өттү. Азырынча бизде бардык ишканалар отчетторун ачык жарыялаша элек. Башында "Кумтөр Голд Компани" менен "Кыргызалтын" эки ишканасы гана отчетторун берип келишсе, 2008-жылы тизме 27 ири ишкана, 2010-жылы 46 кен иштетүүчү компанияга жеткен. Демилгенин аткарылышында компания берген отчет менен мамлекеттик органдардын отчеттору салыштырылып, алардын айырмасы көрсөтүлөт. Ошондон улам коомчулук кайсы ишкана кандай жана канча төлөм жасаганы, мамлекетке кандай киреше алып келгени, социалдык багытта кандайча долбоорлорду аткарып жатканын көрсө болот. Бардык компаниялар отчетторун өз ыктыяры менен ачыкка чыгарышууда. Аларга милдет катары талап коюуга азырынча укуктук негиз жана мыйзам бизде жок.
КТАД тараган өлкөлөр арасында кандай ийгиликке жетишкендери тууралуу КТАДдын эл аралык секретариатынын регионалдык директору Франсиско Пэрис баяндап берди.
- Демилге негизинен кен казып алуу тармагында иштеп жатат, бирок аны андан ары да кеңейтүү максаты коюлууда. Ар бир өлкөнүн жеке өзгөчөлүктөрү бар, бир жерде алмаз же алтын казылса, башкасында нефть менен табигый газ алынат. Андыктан кандайдыр бир жалпы өлчөм бирдиги жок. Ар кандай бейөкмөт уюмдар түркүн долбоорлорду сунушташууда, маселен алардын бири бюджеттин ачыктык индекси аттуу өзүнчө демилге көтөрүп жатат. Ийгиликтүү деп Норвегияны айтсак болот. Жалпысынан Скандинавия өлкөлөрү бул жаатта чоң жетишкендиктерге ээ. Бардык отчеттор ар бир өлкөнүн секретариаттарынын сайттарында жеткиликтүү. Албетте, коммерциялык купуя сыр маалыматтарды эч ким талап кылганы жок. Болгону салыктар, социалдык фонд төлөмдөрү сыяктуу маалыматтар гана каралат. Аудиттин жыйынтыктары менен компания берген отчеттун жыйынтыктары дал келбей калган учурда секретариат чара көрүүчү уюм эмес. Андайда ар бир компания иш алпарган өлкөнүн мыйзамына жана шарттарына жараша отчетторун тактап же өзгөртүү киргизиши мүмкүн. Мисалга Нигерияда ири өлчөмдөрдө нефть алынат жана татаалдыктар абдан көп. Ал жерде ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мүчүлүштүктөр министрликтер, бейөкмөт уюмдар жана компаниялардын катышуусу менен чечилет.
Конференцияда башкы маселелердин бири катары КТАД боюнча мыйзам иштеп чыгуу зарылдыгы. Азербайжандан келген БӨУ КТАД боюнча каолициясынын координатору Губад Ибадоглу валидациядан кийин сөзсүз мыйзамдык негиз керектигин айтты. Анткени өз ыктыяры менен ачыкка чыгууга ишканалар анча ашыкканы жок. "Тараптар арасында конфликттерди болтурбас үчүн Либерия, Нигерия сыяктуу өлкөлөрдөн үлгү алып, атайын мыйзам кабыл алышыбыз керек болуп турат. Биз мыйзамды иштеп чыктык, бирок аны кабыл алууда тоскоолдуктар көп. Мамлекеттик нефть фонду президенттин нормативдик актысы менен башкарылат, андыктан мыйзамды кабыл алууда парламентте кыйынчылыктар бар" деп билдирди. Кыргызстанда болсо президент Р.Отунбаеванын энергетика комплексине КТАДды киргизүү тууралуу указы бар. Аны ишке ашыруу да тоскоолдуктарсыз болгон жок. Ал боюнча суу-энергетикалык жөнгө салуу бөлүмүнүн жетекчисинин ишин аткаруучу Надежда Давлеталиева маалымат берди:
- Өткөн жылы чыккан указ боюнча алгылыктуу иштер жасалып жатканына жарым жыл гана болду. Ачыктык демилгесин энергетикага киргизүү үчүн атайы программа иштеп чыгып, эми аны өкмөттүн токтому менен бекитүүбүз зарыл. Программада экспорттон түшкөн каражат атайы эсепке түшүрүлүп, аны энергетиканы өнүктүрүүгө жумшоо каралган. Бирок акционердик коомдор боюнча мыйзамдын негизинде биз компаниялардын ишине кийлигишүүгө укугубуз жок болуп, акча кайда кетип жатканын сурай албай калган учурга такалганбыз. Бирок ачыктык демилгесин ишке ашыруу үчүн эки тарап макулдашуу кабыл алды. Эми компаниялардын же байкоочу кеңештин сайттарында андай маалымат бардык кызыкдар тараптарга жеткиликтүү болмокчу. Азыр энергосектордун иши катуу сынга алынып, маселелер көшөгө артында талкуулангандыктан фактылар элге туура эмес тарап жатат. Андыктан ачык болуу энергия чыгаруучу, жеткирүүчү жана таратуучу компаниялардын өздөрү үчүн пайдалуу болуп калды. Мыйзам боюнча карасак биздин жетишкендигибиз энергияны товар катары таанылгандыгы. Ал эми башкы көйгөй коммерциялык жоготуулар. Биздин энергияны иштеп чыгууга кеткен чыгымдар, тарифтер эмнеден куралары, Казакстан менен Өзбекстанга канча электр энергиясы кандай суммага экспорттолгону жана ал акчалар кайда кетип жатканын эл билсе деген биздин максатыбыз.
Кыргызстан ачыктык жолуна түштү деп айтпасак да багытты туура алып, жетишкендиктери да бар. Алар боюнча Дүйнөлүк банктын энергетика жана тоо-кен өндүрүшү боюнча адиси Александра Пугачевская айтып берди: "Март айында Парижде өткөн КТАДдын бешинчи глобалдык конференциясында демилгени орундатуу жыйынтыктары боюнча Кыргызстан атайы сыйлыкка ээ болду. Учурда поствалидациялык фазада отчетторду ачыкка чыгаруу жана жарандык сектор менен иш алып баруу улантылат. Дүйнөлүк банк 50 өлкөдө КТАДды орундатууда техникалык жардам көрсөтүп келет. Анын алкагында Кыргызстан 205 миң доллар алды. Андан сырткары DFID уюму 60 миң доллар грант берген. Эми экинчи фазага жаңы гранттар каралууда. Өлкөдө жарандык коом абдан активдүү иштегени маалым. Эми валидациядан кийин маалыматты алыскы аймактарга чейин жеткиликтүү, карапайым элге түшүнүктүү кылууга аракеттер көрүлмөкчү ".
Ал эми КТАДдын Кыргызстандагы секретариатынын жетекчиси Карыбек Ибраевдин айтымында, жакында кен иштетүүгө лицензиясы бар бардык ишканалар отчетторун бере тургандай шарт түзүлөт. "Учурда бир миллион доллардан жогору киреше алган бардык ишканалардын отчеттору каралууда. Алардын ичинде алтын, көмүр, курулуш материалдарын чыгарган ишканалар бар. Толук тизме табигый ресурстар министрлигинде бар. КТАД жаңы иштеп баштаган эки гана ишкананын отчеттору каралганын белгилей кетиш керек. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 46. Биздин байкоочу кеңешке мамлекеттик органдардан, бейөкмөт уюмдардан жана компаниялардан ар биринен бештен өкүл кирип, тең салмактуулукта демилгени орундатуудабыз " деп билдирди.
"БӨУ ролу абдан жогору. Сентябрдан баштап Дүйнөлүк банк жаңы уюмдарды тартуу боюнча иш баштаганы турат" деп кошумчалады А. Пугачевская.
Ибраевдин айтымында, конференциянын жүрүшүндө Монголиянын жетишкендиктери бардыгынан артык болуптур. Алардын отчетторунда ар бир компания жана салыктын ар бир түрү боюнча өзүнчө маалыматтар келтирилген. Казакстан менен Кыргызстанда салык боюнча мыйзамдын негизинде андай толук маалыматтарды көрсөтүү мүмкүн эмес. Казакстандын өкүлдөрү ишканалардын контракттары жабык түрдө болгондуктан КТАДды орундатуу, ал тургай ишкана кандайча иштегенин барып көрүү дээрлик мүмкүн эмес болуп жатканын айтышты.
ФОАТ бейөкмөт уюмунун жетекчиси Тургунбек Атабеков КТАДдын эл үчүн пайдасы маанилүү экенин баса белгиледи. "Уюм иш алпарган Чаткал жергесинде кен иштетүүчү компаниялардын саны 20га жакын, жана алардын чандасы гана ачыктык демилгесине кошулган. "Геоэксплорер" деген кытай компаниясы дарыянын жээгинде иш алпарып, КР мыйзамын бузуп жатышат. Бирок ал Ала-Бука менен Чаткалдын ортосундагы нейтралдык аймакта болгондуктан аларга чара колдонуу кыйын болуп жатат. Суунун нугун бузуп жатышса да Бишкектен аларга лицензияны берип коюшкан. Дагы бир кытайлык "Жустлер" компаниясы боюнча асма көпүрө жасап беребиз деп иштеп баштаганда убада кылып, кийин аткарбай коюшкан. Учурда эл каршы чыгып алардын ишин токтотуп койдук" деп көйгөйлөрүн айтып берди. "Өткөн жылы Монголияга барып, Чаткалдагыдай алтын чайкаган жерлерде болдум. Алардын жанында мамлекеттик лабораториялар жайгашып, элдин чайкаган алтынын текшерип, ошол жерден дароо дүйнөлүк баада сатып алышат экен. Бизде болсо ким каалагандай чайкап, алтын туш келди баада ортомчуларга сатылып жатат. Ошондой тартипти бизге да киргизсе алтындын эсеби так болуп, эл казынага салык да төлөп турушмак" деген ойлорун айтышты.
Конференцияда мамлекеттик финансылардын ачыктыгы тууралуу да сөз козголду. Анткени ачыктык бир тараптуу болбошу керек. Ишканалардын төлөгөн салыктары кандайча жумшалып жатканы да элге маалым болуш керек деген талкуулар жүрдү. Үч күн ичинде ачыктык маселеси ар тараптуу каралып жатты. Соңунда меймандар Кумтөр ишканасына экскурсияга чыгышты. Кыргызстан үчүн бул ачыктыктын дагы бир көрсөткүчү болду. Анткени коңшу мамлекеттерде кен казган жерлерге чанда гана адамдар бара алышат экен. Экскурсиянын дагы бир артыкчылыгы - биздин ишкананын бийик тоолуу аймакта жайгашканы, Көлдүн жээгиндеги жайдан мөңгүлүү тоонун арасындагы кышка баруу, ал жерден ири масштабдагы ишкананын жогорку деңгээлде уюштурулганы болду.

Нуржан АЛЫМКАНОВА, сүрөттөр
Эрмек КОЗУБЕКОВдуку