17.06.11 - 6-бет:
  Жем талаш

"Телефонгейттерди" Өмүрбек Абдрахманов уюштуруп жүргөнбү?

Абдрахманов-Бабанов тиреши бир туруп анча деле маани бербей турган маселедей сезилет. Себеби мээңе шарт эле экөө тең биттин ичегисине кан куйган ишкерлер. Андыктан булар саясат, элдин кызыкчылыгы деген жарнактарды жамынып бийлик бутагында отурушканынан пайдаланып, бири-биринен көроокат талашып атат да деген ой келет. Бирок акчасы да, папкасы да бар чиновниктердин атаандаштыгы кызыктуу болот окшойт.
25-майда айрым интернет сайттарга Өмүрбек Бабанов менен Максим Бакиевдин сүйлөшүүсү деген үн жазуу чыгарылган. Муну Бабанов ошол замат жасалма жана саясый атаандаштардын кылганы деп кыйкырып чыккан болчу. 14-июнда "Ата мекен" фракциясынын депутаты Ө.Абдрахманов Бабановго байланыштуу чуулгандуу аудио боюнча ага УКМК кызматкери келип бир катар суроолорду бергенин, буга чейин ушундай эле мазмундагы суракка жардамчысы Урмат Иманалиев да дуушар болгонун айтып, "телефондук сүйлөшүүлөрдү тыңшоо мүмкүнчүлүгү бир гана УКМКда бар" деп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин соңку аракеттери саясый куугунтук жыттанат деген.
Буга жооп катары УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев ММКга ЖоКенин "Ата мекен" фракциясынын депутаты Өмүрбек Абдрахмановдун жардамчысы Урмат Иманалиев интернеттеги Ө.Бабанов менен М.Бакиевдин телефон сүйлөшүүлөрүн жайгаштырууну өз мойнуна алып, бул боюнча тиешелүү көрсөтмө берди деп билдирди. Kloop.kg сайтына берген интервьюсунда К.Дүйшөбаев ал телефон сүйлөшүүлөр интернетке "Абдрахмановдун көрсөтмөсү менен" жайгаштырылгандыгын айтты деп кошумчалаган.
Эмнегедир кийинчерээк башкаларга салыштырмалуу таза деп эсептелип келген "ата мекенчилер" ушуну менен экинчи жолу жаза басты. Жакында эле Абдрахманов Манасты бандит деп айткан деп бүтүндөй журт жинденип чыкты. Таластан биртоп адамдар келип Абдрахмановду парламенттен кетириш керек деп да талап кылышкан. Эгер антип айтканы чын болсо, анда Абдрахмановго парламентте гана эмес Кыргызстанда да орун жок. Эми минтип Бабановду Максим Бакиев менен "сүйлөштүрө коебуз" деп УКМК кылтагына чалынды. Эми булар үчүнчү жолу жаза басса оңко түшөт го, абайлашпаса…


  Шылкылдама

Кокту-колот коомуна
кош келгиле

Башкы прокуратура өзүнүн фракциялашы Бахадыр Сулеймановго кол көтөргөндүгү үчүн Камчыбек Ташиевди депутаттык кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча парламентке өтүнүч жөнөткөн. Анын эртеси эле "Ата журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев парламент жыйынында жер-жерлердеги жактоочуларын аны коргоп нааразылык жыйындарды уюштурбоого чакырганын айтты. Өзүнүн айтымында, мындай топтор аны колдоп чыкканга даяр туруптур.
Ал ортодо Ошто Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошеваны колдоо тобу журналисттер үчүн атайын маалымат жыйын өткөрүп, депутаттын ишмердүүлүгү кайсы бир тараптардан кысмакка алынып, анын жарандык ишине сын айткандар көбөйгөнүн айтып чыгышты. Себеби былтыркы июнь коогалаңын иликтөө боюнча депутаттык билдирүүдө Ж.Жолдошева 2010-жылдын 6-апрелинде М.Конгантиевди сабагандар боюнча "Фашисттер колго түшкөн генералга да мындай мамиле кылышкан эмес" деп айтып, ага нааразы болгон таластыктар 13-июнда пикет уюштурушуп, аты аталган депутатты мандатынан ажыратуу талабын коюшкан.
Аңгыча Тосор айылынын тургуну Болот Асаналиев "Alamankg.org" сайтына "Атамбаев көлдүктөрдөн кечирим сурасын" деген маек берип, эми биз Атамбаевди Көлгө киргизбейбиз деп чыкты. Ушу кантип болсун. Алар, же Атамбаев Кыргыз Республикасынын жараны эмеспи?
Ошол эле учурда азыр террорчу же кримавторитет деп кармалып же издөөдө жүргөн жарандардын тууган-уругу да алардын укугун коргоп чыга калышчу болуп алды. Мындай аң-сезим менен бара берсек, совет өкмөтүнүн жардамы менен Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов сыяктуу агаларыбыз эптеп түптөп берген мамлекетти чачыратып, мыйзамды тепселеп, түндүк-түштүк болуп бөлүнгөндү мындай кой, кокту-колот, керек болсо үй-бүлө болуп бөлүнүп алып, кеңкелес балдарыбыз күнөө кетирсе да коргоп чыга беребиз го.
Негизи биз парламенттик республикабыз деп жар салбадык беле. 90го жакын жигит адилеттик, акыйкаттык үчүн, өз пикирин коркпой айта турган система түзүш үчүн курман болгон. Анан эмне үчүн, мисалы, Жолдошева өз оюн айта албаш керек? Парламенттик республикада жашап жатып жеке бир депутаттын кызыкчылыгын коргоп, же бир депутаттын мандатына асылып кысым жасаган кайсы мыйзамга сыят? Ар бир атуул колу менен кылганды мойну менен тартсын. Ага жардамдашыштын кереги не?




  Курулдак

Курултай кумары башталды

18- июнь күнү Кыргызстан эл ассамблеясынын кезексиз чакырылган 7-курултайы өтөт. Уюштуруучулар бул иш-чараны өлкөдө улут аралык ынтымакты чыңдоонун тажрыйбасы катары карап атышат.
Курултайдын күн тартибинде жаңы жетекчини шайлоо, ошондой эле этностор аралык мамилелер боюнча жаңы концепцияны кароо бар. Муну менен бирге өткөн жылдагы улут аралык кагылыштын себептери жана сабактары айтылып, мындан ары кантип ынтымакка келебиз деген маселе талкууланат дейт уюштуруучулар.
Буга чейинки президенттер Акаев менен Бакиев шайлоолор алдында ассамблея аркылуу улуттук азчылыктардын колдоосун алып келген. Ассамблеянын буга чейинки курултайы 2009-жылы Курманбек Бакиев жеңишке жеткен президенттик шайлоонун алдында өткөрүлгөн. Ошондон улам бул сапар да курултай күздө болуучу президенттик шайлоону утурлай уюштурулуп жатат дегендер да бар.
Ал ортодо Кыргызстанда башка да курултай өткөрүү демилгеси көтөрүлүүдө. Маселен, республикалык Элдик курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топтун төрагасы Кадыр Кошалиевдин жалпы өлкө үчүн бир гана курултай болсо деген ою бар.
Кыргызстанда 80ден ашык улуттун өкүлү жашаары айтылып жүрөт. Алардын негизги диаспоралары ассамблеяга бириккен. Курултайга жер-жерлерден 800дөй делегат чакырылган. 17-июнда делегаттар президент, премьер-министр жана Жогорку Кеңештин төрагасы менен жолугушат. Ал эми 18-июнда филармонияда курултайдын негизги бөлүгү өтмөкчү.





  Көңүл чордонунда

Бишкек шаардык соту:
Penwell компаниясынын уюлдук операторго жөнөтүлгөн дооматы негизсиз деп далилдеп чыкты

Бишкек шаардык соту үстүбүздөгү жылдын 9-июнунда Penwell компаниясынын пайдасына кабыл алынган кыргыз сотторунун чечимин жокко чыгарып, Penwell Business Limited компаниясы ЖЧК "БиМоКом Лтд" компаниясынын үлүшүнө талапкер болууга эч укугу жок деп токтом чыгарды.
Penwell "Fronteck Enterprises Limited" компаниясынын пайдасына чечилгендиктен ЖЧК "БиМоКом Лтд" ("MegaComдун" соода бренди) компаниясынан 51%нан ажыраган Бишкек шаардык сотунун 2008-жылы 19-майдагы чечимин жокко чыгаруусун талап кылды. Мындай мүмкүнчүлүк "MegaComдун" өнөктөштөрүнөн кошумча келишимди бузгандыгы, башкача айтканда өзүнүн үлүшүн башка компанияга макулдашуусуз өткөрүп бергендиги үчүн келип чыккан.
Ошондой эле кассациялык инстанция да Бишкек шаардык район аралык соттун 2010-жылы 5-августтагы чечимин жокко чыгарган токтом алып, анда кошумча келишимдин жараксыз экендиги жана "MegaComго" кайтуусу айтылган. Шаардык соттун ою боюнча бул чечим процессуалдык тартиптин одоно бузулушу менен кабыл алынган.
Эскерте кетсек, Бишкек шаардык соту 22-апрелде ОАО "Ermen TOO Resourses" компаниясы (Serpeus Inc. холдингинин контролундагы компания - автордун эскертүүсү) ОсОО "БиМоКом Лтд" компаниясынын 100 пайыз ак ниет сатып алуучу деген чечим кабыл алган
Анастасия Бакурина




  Кылтылдама

Көчмөн экенибиз анык, бирок чөнтөктү карап иш кылбайлыбы?

ЖК өткөн жумада туруп туруп эле башка маселе түгөнүп калгансып, мамлекеттик мекемелерди жапырт Ошко көчүрүү боюнча маселе көтөрүп чыкты. Эргип кеткен эл өкүлдөрү ошол учурда сыртта жүргөн президентти да резиденциясы менен кошо Кыргызстандын экинчи борбору болгон Ошко "көчүрүп ийди". Борборду Ошко көчүрүү чек ара жайгашкан аймактарды бекемдөө үчүн аябай туура чечим. Бирок чөнтөгүбүздү карап иш кылганыбыз туура го.
Биринчи радиого берген маегинде президент Роза Отунбаева "президенттин резиденциясы Ошко көчсүн деген маселе боюнча айтсам, депутаттардын "президенттин Бишкектен ошол жакка эле жайгашсын" дегенинин өзү тексиз саясат. Президенттин резиденциясын президент өзү чечет. Мен болсо кетип жаткан кишимин. Бирок бул чечим президенттин өзүнүн укугунда. Ошто президенттин резиденциясы бар. Ал жерде иштегенге да, жашаганда да толук мүмкүнчүлүгү бар. ЖК ага убара болбой эле койсун. Жагдайга жараша иш тартибинде борбордо, Ысык-Көлдө же Ошто иштей турган чечим мурда эле чыккан. Эгер "жок, борбордон качырабыз" дешсе, анда мен мындай саясатты, Кыргызстандын пайдубалын жоготуу, бөлүү, жаруу деген саясат деп эсептейт элем" деп жооп берди.
Ал эми ЖКнын министрликтер көчсүн деген чечимин карап көрсөк бир жагынан олуттуу эле чечимдей. Анүстүнө дүйнө жүзүндө мындай практика бар. Министрликтер борбор калаадан башка жактарда жайгашса болот. Бирок бул иш-чарага кеткен чыгымдарды да эске алуу зарыл. Мисалы, Россия биртоп министрликтерин Санкт-Петербургга көчүрөбүз деп чоң аракеттерди жасашты. Бирок 20 жыл ичинде колунан келгени бир гана Конституциялык сотту көчүрүштү. Ошондо да бул 8 млрд. АКШ долларына турган.

Зайырбек АЖЫМАТОВ