17.06.11 - 4-бет:
  Тактеке

КТРК кимдин куурчагы, АКШнынбы же Россиянынбы?

Өткөн жумада парламентте "Коомдук телерадокорпорациясы жөнүндө" мыйзам экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынган. Эгер ал мыйзам президент тарабынан жактырылса, ага ылайык апрель окуясынан кийин убактылуу өкмөттүн Байкоочу кеңешти түзүү боюнча декрети жокко чыгарылат.
Эртеси эле "Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору парламент кабыл алган КТРК жана анын Байкоочу кеңеши жөнүндө мыйзамды сындаган билдирүү таратты. Президентке жөнөтүлгөн кайрылууда КТРК тууралуу мыйзамды кабыл алууда ал жөнүндө коомчулукта жүрүп жаткан талкууга көңүл бурулбаганы, медиа адистердин пикири эске алынбаганы жазылган. ЖКнын мыйзамды экинчи, үчүнчү окууда дароо кабыл алганы шашылыш аракет катары сыпатталган. Ага улай ММК боюнча Коомдук палата да президенттен ЖК тарабынан кабыл алынган Коомдук телеканал тууралуу мыйзамды кайтарууну талап кылган кайрылуу жолдоду. Азырынча бул кайрылуулар жоопсуз туру.
Ошол эле учурда коомчулукта "апрель окуясынан кийин коомдук деген атка жамынган КТРдин абалы АКШнын биздин руханий дүйнөгө кийлигишүүсү, алардын глобалдуу программасынын бир бөлүгү деп эсептөөгө болот. Мунун артында алардын биздин жерибизди биротоло ээлеп калуу аракети тургандыгы айдан ачык. Ошондуктан бул канал коомдук болгондон бери АКШ жыттанган "ата мекенчилердин" трибунасына айланды" деген пикирлер байма-бай айтылып келет.
Маалымат коопсуздугун, улуттук идеологияны, мамлекеттик кызыкчылыкты, ошол эле учурда элдин максат-мүдөөсүн эске алганда эки тарапта тең чындыктын үлүшү бар. Маселе анын өзөгүн таба билүүдө. Эмнеси болсо да эми кеп президентте калды. Анткен менен бул маселенин президенттик шайлоонун алдында көтөрүлгөнүнөн улам дагы эле болсо кандайдыр бир күчтөр парламенттеги жана сырттагы куурчактарын ойнотуп жатса керек деген шек туулат.


  Он жылдык отуруш

ШКУ төрагалыгы Казакстандан Кытайга өттү

15- июнда Астанада Шанхай кызматташтык уюмунун он жылдык маараке саммити өттү. Саммитке уюмга мүчө Кыргызстан, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай президенттеринен башка, Иран, Пакистан, Ооганстан мамлекет башчылары катышты.
Президент Роза Отунбаева саммиттин алдында Астанада Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев жана Кытайдын мамлекет башчысы Ху Цзинтао менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Ху Цзинтао кыргыз президенти менен жолугушууда Кытай бардык тармактар боюнча кызматташууларды бекемдөөгө, өз ара мамилени жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгын билдирди. Н.Назарбаев менен Р.Отунбаеванын жолугушуусунда Кыргызстан экономикасына инвестиция сала турган фонд жөнүндө сөз болду. Эстесек, Кыргызстандын мурдагы бийлиги учурунда 100 млн. доллар каражаты бар инвестициялык фонд түзүү демилгеси көтөрүлгөн. Бирок ал ушул кезге чейин ишке аша элек.
Жыйында сүйлөгөн сөзүндө президент Роза Отунбаева Кыргызстандагы июнь каргашасына көңүл буруп, ШКУда мына ушундай чатактарда кандай реакция жасоонун жол-жобосу аныктала электигин, ошондой эле Шанхай кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосунда такталбаган чек ара, суу маселелери турганын айтып, уюм мына ушул маселелерди чечүүнүн механизмдерин иштеп чыгууга карай багыт алса деген оюн билдирди. Бирок серепчилердин айтуусу боюнча ШКУ аркылуу Р.Отунбаева айткан механизмди иштеп чыгуу кыйын. Анткени Кытайдын тышкы саясатта беш принциби бар. Алардын бири - башка мамлекеттердин ички ишине кийлигишпөө. Бир четинен ал деле туура. Эгер Кытай ички ишибизге кирише баштаса, ошо бойдон чыкпай калышы мүмкүн.
Астана саммитинин соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Алардын ичинде баңгизаттарына каршы стратегия жана ШКУга мүчө болууга арыз берген мамлекеттердин милдеттери тууралуу меморандум болду. Казак президенти Нурсултан Назарбаев саммитте террорчулар, жикчилдер, баңгизат ташуучулар интернетти ийгиликтүү пайдаланып жатканын, ошондуктан электрондук эгемендүүлүктү аныктоо жана киберполиция түзүүгө мезгил жеткенин билдирди. Бул демилгени эми Кытай өкмөтү аткарууга аракет жасары күтүлөт. Анткени ШКУга төрагалык кезеги эми Кытайга өттү.


  Мүрзөгүл

Кыргыздын дагы бир кылычы сынды, аскасы кулады

Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Төлөгөн Касымбеков кечээ бул дүйнө менен коштошту. Ал 10-июнда оор абалда ооруканага жаткырылып, дарыгерлердин аныктамасы боюнча инсульт болгон. Тилекке каршы, өткөн жумадан бери күнү-түнү жанында чарк айланып жүргөн ак халатчандар залкар жазуучунун өмүрүн сактай алышкан жок.
Маркум Төлөгөн Касымбеков өзүнүн "Сынган кылыч", "Келкел", "Баскын", "Чапкын" аттуу тарыхый романдары менен Кыргызстан эле эмес, бүтүндөй Орто Азиядагы бирден бир жазуучу эле. Ушул убакка чейин бүтүндөй бир доорду камтыган, андагы окуяларды ийине жеткире иштеп чыккан "Сынган кылыч", "Келкел" сыяктуу бир да чыгарма жарала элек. Жаралышы да күмөн. Төлөгөн Касымбеков өз эмгектери менен XVIII-XIX кылымдагы кыргыз тарыхын толуктап, ал доордогу инсандардын мүнөзүн, дүйнө таанымын ачып берген. Биз Курманжан датканы Төлөгөн Касымбековдун чыгармасы аркылуу гана тааныйбыз. Ал аны тирилтип, түбөлүк өлбөй турган кылып кайра жараткан.
Быйыл Курманжан датканын жылы деп жарыяланганын билебиз. Күзүндө датка энебизге арналып күркүрөтө той берилгени турган. Төлөгөн Касымбеков бул жылдын эң кадырлуу адамы, ал тойдун бирден бир сыйлуу коногу болууга тийиш эле. Анүстүнө Т.Касымбеков быйыл 80 жашка толгон. 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү үчүн өкмөт тараптан даярдык көрүлүп жаткан. Бирок кылымдарды тизмектеп, шурудай тизген улуу жазуучунун жүрөгү ал жакшылыктарды көрбөй калды.
"Жаңы Агым" гезитинин жамааты залкар жазуучунун жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын бөлүшөт. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Төлөгөн аба!
Зайырбек АЖЫМАТОВ





(Уландысы. Башы 2-бетте)
Асанкожоева оңой "акула" эмес
РИОнун "подружкеси" саналган Бактыгүл Жээнбаева Улуттук банк (УБ) төрайым-дыгынан ыргып, анын ордун коомчулукка азырынча кеңири белгисиз Зина Асанкожоева ээледи. Зина айым 46 жашта, Көлдөн болот. Борбордогу элиталык мектепте окуган бир кызы бар. Бакиевдин тушунда өкмөттө биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабанов болуп турганда Зина айым өкмөт аппаратында иштеген. Бабанов менен пикири келишпей калып, ага Улуттук банк төрагасынын орунбасары болуу сунушу түшкөндө ошо жакка баса берген. Банкирлердин айтымында, өз ишин жакшы билет, позициясын оңой менен алдырбайт. Эми Бактыгүл айымдын "бардагын" тазалайт дешет билгендер.

Альбиондон сунулган муштум
Эркин басылмалардын биринде экс-ханзаада Максим Бакиев тууралуу үрөй учурган макалалар жарыяланып келаткан. Ал дагы көпкө созулмак. Бирок Макс тумандуу Альбиондон "заказчиктердин" сары изине түшүп, тынч жүрбөсөңөр көргүлүктү көрсөтөм деп опузалаган экен, ошону менен макала да токтоду.

Бакчиев-Бакиев баяны
Акаев заманында "алдамчылык", "жасалма документ жасаган" деген беренелердин негизинде түрмөдө отуруп чыккан, азыр Мамкаттоо мекемесинин жетекчилигин аркалап келаткан Жаныбек Бакчиев убагында абакта жөн жатпай, тирукмуш схемаларды ойлоп тапкан. Элде жок планын темир тор кучагынан бошонору менен экс-ханзаада Максим Бакиевге көрсөтүп, Ички иштер, Юстиция жана Айыл чарба министрликтерин, Мамлекеттик каттоо агенттигине караштуу айдоо күбөлүгүн, жарандарга күбөлүк, паспорт жазган, машинелерге номур берген, үйлөрдү, ишканаларды каттаган мекемелердин башын бириктирип бир кызмат түзүү сунушун киргизет. Мындай "гениалдуу схемщиктин" "табылгасына" сүйүнгөн Максим Курманбекович дароо Мамлекеттик каттоо кызматын (МКК) түзүп, анын жетекчилигине Бакчиевди отургузат. Атүгүл өткөн жылдын 6-апрелинде АКШга да кошо ала кетет. Бирок ал сапардан Макс кайтпай, а Жаныбек кайтып келери менен эски "тууруна" - МКК төрагалыгына "конду". Мунун сыры неде? Же ошол финансы агымдарынын сырларын жаңы бийликке үйрөттүбү?

Чолпонбаевдин адвокаттык чоору
Өз мезгилинде парламентти жетектеген, өлкөнүн эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаевди тааныбаган адам аз болсо керек. Ал акыркы кезде коомчулуктун көзүнө чалдыкпай, "чээнге" кирип кеткен. Көрсө, көнгөн адатына салып адвокаттык ишмердүүлүккө өтүптүр. Буга чейин биз далай кишини сызга отургузуп, акыры темир тор артына кеткен айтылуу "жер аферисти" Анвар Алдеков тууралуу жазган элек. Учурда дал ушул Алдековго Мукар Шалтакович адвокат болуп, жактоочусунун кылмыш ишинин мөөнөтү бүттү деген мыйзамга такап, жакында боштондукка чыгарганы жатыр.

Уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат
Кыргыз бекеринен минтип айтпаптыр. Апрель окуясынан кийин Азимбек Бекназаров баш болгон убактылуу өкмөт мүчөлөрү эл аралык "Манас" аэропортундагы учактарга күйүүчү май куя турган ишкананы мыйзамсыз сатканы үчүн аэропорттун президенти Бакыт Сыдыковго кылмыш ишин ачтык, кармасак эле камайбыз деп дардаңдашкан. Арадан жыл айланбай "карт бөрү" Үсөн акенин уулу кайтып келип, борбордо ээн-эркин жүрөт. Баягы "соттотобуз, жоготобуз" деген соттор бала Сыдыковду "сүттөн аппак" кылып чечим чыгарыптыр. Ал эми күнөөнүн баары Кыргызстанда жок, ошол кездеги "Манастын" директорлор кеңешинин төрагасы Равшан Жамгырчиевге оодарылып, 15 жылга сырттан кесилди дейт. Таңгөрү-ү!

"Жаңы Агым" - пресс