17.06.11 - 28-бет:
  Өнөрман

Тырышып жүрүп тактыга чыккан
Рафаэль Надаль

Кыргыздар балалуу болгондо эмне болсо да аман эле болсунчу деген тилекти айтып, анын келечеги, нан тапчу кесиби тууралуу жашынан ойлонушпайт. Европада андай эмес. Болгондо да көп акча таба турган бала болсун деп, тамтаңдап баса баштаганда эле 3-4 жашынан спорттун бир түрүнө байлашат тура. Ошондой жолдун туткуну болуп жүрүп, учурда дүйнөдөгү эң кыйын делген бай спортчулардын бири болгон Рафаэль Надалдын чейрек кылымдык өмүрүнө кыскача көз жүгүрттүк. Мунун себеби да бар. Кыргызстанда оңой менен спорттун командалык түрү өнүкпөйт. Ошол себептен жекелик түрдө балдарыбызды жашынан тарбияласак, бир турнирден 5 миллион доллар алган, бир рекламага 10 миллионго тартылган спорт жылдызы чыгат деген үмүттө сандан-санга сиз экөөбүздөн эч нерсеси менен айырмаланбаган, карапайым элдин арасынан чыккан спорт кыйындарын жазып келе жатабыз. Бүгүнкү коногубуз дүйнөдөгү номер биринчи теннисчи - Рафаэль Надаль.

Толук аты-жөнү: Рафаэль Надаль Парера
Туулган күнү: 06.03.1986-жыл
Кичи мекени: Мальорка, Испания
Бою, салмагы: 185 см, 85 кг
Бут кийими: Nike
Ракеткасы: Babolat
Кийген кийимдери: Nike
Хоббиси: Музыка
Артыкчылыгы: тубаса оң кол болсо да сол колу менен күчтүү ойнойт
Жетишкендиктери: Учурдагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы, он жолку "Чоң шлемдин" жеңүүчүсү, олимпиаданын алтын медалынын ээси, бир нече рекорддордун жаңыртуучусу
Алдына койгон максаты: тарыхта анын ийгилигин кайра кайталай албай турган бийиктикти багынтуу


25 жашка араң эле чыгып жаткан Рафаэль Надаль жаш экенине карабай чоң бийиктиктерди багынтып салды. Ал 1986-жылы Мальорканын Манакоре аттуу шаарында туулган. Анын аталаш агасы Мигель Анхель "Барселона" футбол клубунун оюнчусу болгон. Кыйын спортчулар көп акча табарын көргөн Рафанын туугандары 3 жашынан баштап келечектеги чемпионду футболчу кылууну туура көрүшөт. Рафаэль жалгыздыкты сүйгөн түнт бала болгондуктан, ага командалык оюндар анча жага бербеген. Ошентсе да жаш балдардын турниринде өзү ойногон команда үчүн 100 гол жаратканга жетишкен. Рафа бир эле убакта футболго да, тенниске да машыгууга бара берчү. Ал эки жактан берилген кыйын көнүгүүлөрдү жасагандыктан, такыр чарчабас адамга айланган. 12ге чыкканда же теннисти же футболду танда деген талапты койгондо жалгыздыкты сүйгөн спортчуну байкаган дагы бир аталаш агасы Тони Надаль мага бергиле, мен муну мыкты теннисчи кылам деп сунуш киргизет. Ким кылсаң да көп акча тапкан спортчу болсун деп аны ата-энеси Тониге тапшырышат. Ошол күндөн тартып Рафаэль Надаль деген ат теннис дүйнөсүн эле эмес, дүйнө жүзүн дүңгүрөтө баштайт. Анткени 12 жаштагы Рафа өзүнөн 7-8 жаш чоңдордун турнирине катышып, аларды жаш баладай чуркатып утуп алганы журналисттердин көңүлүн бурган. Ага алгач калем кыйындары "Айбан" ("Зверь") деген ат коюшса, кийинчерээк "Ураган", "Бука" жана "Өлтүргүч" деген лакап аттарды коюшкан. Анткени Рафага каршы чыккан оюнчу беттеш бүткүчө ары-бери чуркай берип өлүк болуп калат экен.
Рафа жөнүндө кызыктуу фактылар:
Дүйнөдө сологой теннисчилер аз. Аларга каршы ойноо да кыйын. Күчтүү теннисчи болуу үчүн сол кол менен ойноп көн деп Тони байкеси жалаң сол кол менен ойноткон. Бирок мушташканда Рафа оң колу менен катуураак берип калат. Анткени ал тубаса сологой эмес.
2008-жылы эң абройлуу болуп эсептелген Франциянын ачык турнири "Ролан Гарросто" Надаль менен Федерердин беттеши 4 саат 48 мүнөткө созулуп, теннистин тарыхындагы эң кызыктуу жана эң узакка созулган беттеш деп табылып, 6-4 6-4 6-7(5) 6-7(6) 9-7 эсебинде Надалдын пайдасына чечилген. Бирок, кийинчерээк булардын беттешинен узун болгон, эки күнгө созулган оюн да болгон. Ал "Санта-Барбара" деген атка конгон беттеште Николас Маю менен Дэвид Иснер жолугушкан.
Көпчүлүк теннисчилер утулганда, жинденгенде ракеткасын сындыра чабышат. Надаль эч качан мындай кадамга барбайт. Анткени аны кичинесинен ар бир буюм акчага келерин, акча мээнет менен табыларын кулагына куюшкандыктан, ал бул жагынан мыкты тарбияланган.
Надаль жыл сайын Монте-Карлодо өтүүчү турнирде 7 жыл катары менен жеңе берип, уюштуруучулардын шаштысын алып келет.
Надаль миллиардерге жетейин деген бай болсо да, өзүнчө үй сатып алып чыгып кетпей, үй-бүлөсү менен чогуу жашайт. Биринчи кабатта чоң ата, чоң энеси, экинчи кабатта ата-энеси, үчүнчү кабатта байкелери жашаса, төртүнчү кабатта карындашы менен жашайт.
Үйдө эч ким жок болсо Надаль жарыкты өчүрбөй, музыканы коюп алып уктабай жатат. Ал чоңойсо да жалгыз жаткандан коркот.
Кымбат баалуу машинелерге көп деле кызыга бербейт. Анын "Киа" үлгүсүндөгү унаасы болсо, жакында достору кой, уят деп спорттук машине белек кылышкан.
Өзү Испаниянын "Мальорка" клубунун акцияларын сатып алганы менен "Реалдын" бүт оюндарын калтырбай көргөнгө аракет кылат. Бул клубдун оюнчуларынын көбү менен дос.
Машыктыруучусу болгон Тони байкесине айына 250 миң евро айлык берет. Кээде байкеси өз ишин аткара албай баратса, жумуштан айдап ийем деп да айтат. Футболист агасы Мигель Анхель Рафанын фитнестен машыктыруучусу жана анын күлдүргүчү болуп иштейт. Ал ага машыгуу бүткүчө жаңы анекдотторду айтып турат.
Жетишкендиктери:
Франциянын ачык турниринин алты жолку чемпиону (2005, 2006, 2007, 2008, 2010, 2011).
Уимблдондун эки жолку чемпиону (2008, 2010).
Австралиянын ачык чемпионатынын чемпиону (2009).
АКШнын ачык чемпионатынын чемпиону (2010).
Испания курама командасынын катарында үч жолу Дэвис Кубогун жеңип алган (2004, 2008, 2009).
АТРнин мыкты оюнчусу (2008, 2010)
2010-жылы эң абройлуу уюм эл аралык журналисттер федерациясы тарабынан жылдын мыкты спортчусу деп табылган.