17.06.11 - 26-бет:
  Айымай

Ак көйнөк, аялдын жаны жана ашказандын эңсегени

Ысыгы көңүлгө тийген, адамдарды ыкшоо кылган жайдын кучагында турабыз. Бу мезгилде айымдар үчүн кандай кийим, сумка, аксессуарлар өзгөчөлүү деген ой ар бир аялдын оюнда болуш керек. "Жаңы Агымга" практикага келген студент кыздардын бул боюнча алгачкы эмгектерине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Балким биз дагы алар айткандай кийинсек, башкача болорбуз.

Ажарды ачкан ак көйнөктөр
Жайында гардеробуңузда ак түстөгү көйнөк болбосо дагы жок дегенде ушул түстөгү сумка же туфли болуусу зарыл. Ак түс жөн гана көзгө жакшы көрүнбөстөн башка да бардык өңдөр менен төп келишет. Мисалы, ак көйнөк менен ачык түстөгү куртка же ар түрдүү түстөгү моюн орогуч тагынсаңыз жарашат. Түстөрдүн кошулушунун эң модалуусу болуп ак менен алтындын, агыш менен күмүштүн, ачык менен боз эсептелет.
Кийинки модага айланып бараткан өң - nude. Бул өңдөгү кийимди кийген айым өтө назик, жагымдуу сезилет.
Быйылкы жылы сөзсүз эле кандайдыр бир так аныкталган же ачык модалуу түстөр үстөмдүк кылбайт. Ошондуктан ак же nude түсүндөгү көйнөк менен ачык аксессуарларды колдонууга болот.
Жылдын эң модалуу сүрөтү болуп гүлдөр эсептелет. Демек, гүл жандуу айымдар үчүн жакшы шарт түзүлдү. Себеби гүлдүү буюмдар ар дайым позитивдүү маанай тартуулайт.


Өтүгүңдүн өкчөсү мындай экен, сардал кыз…
Ушул жайда классикалык бут кийимдер модада. Өзгөчө шиштакага жана анын оригиналдуу үлгүсүнө көңүл бурулат. Ачык түстөгү жана гүлдүү ачык бут кийимдер моданын туу чокусунда десек жаңылышпайбыз. Бир өңчөй туфлилерди саймалуу колготкилер менен кийсеңиз, өзүңүздү аялзатынын алдыңкы сабындамын дей берсеңиз болот.
Жайдын негизги хити болуп грек стилиндеги боолуу ачык, же Chiristian Dior, Donna Karan коллекциясындагы калың боолуу бут кийимдер саналат. Мындай модалуу бут кийимдер шым, юбка же көйнөк менен ыңгайлуу жана актуалдуу эсептелинет.
Кандай кийим болсо да жарашыктуу кийим гана ар дайым модада!



Алма менен тоок кошулса эмне болот?
Жай мезгили. Бардыгы эс алуу үчүн жайкы үйлөрүнө, абасы таза айылдарга, бакчаларга барып энергия топтоп келүүнү каалашат. Ошондой мезгилдерде жашылча, жер-жемиштерди жөн гана жегенден тажасаңыз, түрдүү жайкы салаттар менен жайыл дасторконуңуздун көркүн ачсаңыз болот. Эң негизгиси, табитиңизге жараша көркөмдөө өз колуңузда экенин унутпаңыз.
Оригиналдуу даам, өзгөчө кошулма, пайдалуу витаминдер - мунун бардыгы бир салаттын ичинде.
Бул кайсы салат болду экен деп турасызбы? Эмесе көңүл буруңуз, алдыңызга селдерей менен алмадан жасалуучу салатты сунуштайбыз:
Керектелүүчү азыктар:
селдерейдин 3 сабагы, таттуу калемпир, 100 гр бышырылган тооктун эти, алма, пияз, майонез, туз.
Даярдоо ыкмасы: майда тууралган пиязды беш мүнөт кайнаган сууга салып демдеп коюп, бышырылган тооктун этин туурап алуу керек. Тооктун тууралган этине жуулган селдерейди туурап аралаштырасыз. Андан соң пияздын суусун төгүп, туурап, төрт чарчы формасында тууралган калемпирди жана ушундай эле формадагы алманы салатка кошуу керек. Татымына жараша туз, майонез кошуп аралаштырсаңыз оригиналдуу салат дасторконго даяр болот.
Кутман таңың менен!
Аты айтып тугандай эле бул салатты эртең мененки тамактанууга даярдаса болот. Бул салатты жасоодо эң жөнөкөй кошулмалар колдонулуп, өзгөчө даярдоо ыкмасы менен даярдалгандыктан таңдайыңыз такылдаса тимелеби, кайра-кайра жасагыңыз келет. Эмесе көңүл буруңуз:
Керектелүүчү азыктар: бадыраң, эки орточо помидор, алма, консервадагы жашыл буурчак, үч аш кашык айран, бир чай кашык горчица, бир чай кашык шекер, жарым чай кашык туз, лимондун төрттөн бир бөлүгүнүн ширеси, ашкөк.
Даярдоо ыкмасы: алгач айранды, лимондун ширесин, шекер, туз менен аралаштырып, майда тууралган ашкөктү кошуу керек. Бул кошулманын бөлүгүн буурчакка аралаштырып тарелканын ортосуна үйүп коюу керек. Ал эми бадыраңды тегерек формасында кесип, үйүлгөн буурчактын четине ирээти менен тизип чыгасыз. Андан соң помидорду жарым тоголок туурап тарелканын эң четине тизип, үстүнө жогоруда даярдалган кошулманы шыбап, алманы сүрөттө көрсөтүлгөндөй туурап, соуска малып помидордун үстүнө тизесиз. Ушинтип "Кутман таңың менен" салаты даяр болот.
Өзүм да, конок да ыраазы
Оригиналдуу, жаңы жана даамдуу капуста салатына колдонулуучу кошулмалар: капуста, бир кызыл таттуу калемпир, бир бадыраң, лимондун ? бөлүгү, пияз, үч аш кашык оливка же күнкарама майы, чеснок, татымына жараша туз, калемпир, шекер.
Даярдоо ыкмасы: капустаны ичке, узун формада туурап, туз, шекер кошуп, капуста жумшак жана суусу чыккыча кол менен аралаштыруу керек. Андан соң бадыраңды тоголок, калемпирди ичке, узун кылып туурап болгон соң, бардык азыктарды аралаштырып, лимондун ширесин, калемпир жана майдаланган чеснокту кошуп 15 мүнөт коюп коесуз. Андан кийин дасторконго койсоңуз, өзүңүз да, коногуңуз да ыраазы болот.
Тамагыңар таттуу болсун!
Бетти даярдагандар: Гүлжамал КЫДЫК кызы, Перизат ИБРАИМОВА, Айдина АБИКОВА, Перизат ЖУСУП кызы, Кыргыз улуттук университетинин алдындагы ИИМОПтун чыгыш таануу факультетинин I курсунун студенттери


Аялдын экинчи жаны сумкада
Ар бир кийимди модалуу сумка аркылуу көркүнө чыгарууга болот. Сумканын кайсы түрү быйылкы жайда актуалдуу? Бирок качан болбосун "хобо" сумкасы ар убак модада. Ал көлөмдүү болгондуктан айымдар өзүнө керектүү буюмдарынын бардыгын салып алууга абдан ыңгайлуу.
Мезгилдин хити - самсаалаган сумка. Самсаалаган сумканы тандоодо көп деле кыйналбайсыз. Дизайнерлер бул сумканын ар түрдүү моделдерин кийимдердин бардык стили менен колдонууну сунуштайт. Ар дайым кийинүү стилиңе жараша сумка көтөрсөң эч качан көмүскөдө калбайсың.
Кичине сумканы көтөрүүнүн да өз адеби бар. Мындай сумканы сүрөттөгүдөй колго кармап, асылмасын билерикке кыстарып кой. Ал эми жаркыраган узун асылмалуу сумка көйнөк менен мыкты көрүнөт.