presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Элге кебин айтпаса эрендерден не пайда?

Замир Бекбоев:
"Тынчтык болсо, "шапке" алмай токтосо курулуш да арзан, бат жүрөт"

Акыркы кезде борбордо курулуш иштери жандуу жүрүүдө. Бирок көйгөй быякта да көп. Эмне үчүн жер алуучулар менен үй алуучулардын проблемаларын бирдикте чечүүгө болбойт, курулушчулар өз иштеринде коопсуздуктун бардык эрежелерин сактап жатышабы, жер титирөөгө Бишкектеги курулуштардын канча пайызы туруштук берет деген маселелердин тегерегинде Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, КР курулушчулар союзунун президиумунун мүчөсү Замир Бекбоев мырза биз менен ой бөлүштү.

Үйүң барбы, үлүл?
- Замир мырза, адегенде көп адамдарды түйшөлдүрүп жаткан үй маселеси боюнча сүйлөшсөк. Эмне үчүн ушу кезге чейин үй алуучулардын аягы суюлбай, тескерисинче көбөйүп келет? Же акыркы 20 жылда курулуш тармагы ордунан такыр жылбадыбы?
- Мен сөздү ушу тармакта болуп өткөн бир мисал менен баштайын. Бишкекте Арстанбек Ногоев мэр болуп турган кезде Араб Эмираттарынан ислам дүйнөсүндө таанымал, кадыр-барктуу бай адам атайын келген. Ал силерге жардам катары бир кичирайон куруп берейин, каражатты мага 15 жылдын ичинде 8 пайыз менен кайрып бергиле, өтө зарыл болсо мындан төмөнкү пайызга деле түшөйүн деп келген. Анан ал ушу сунушу менен биздин Ак үйгө кирип чыккандан кийин көңүлү үч көчкөн журттай калып кетип калган. Менин укканыма караганда, Ак үйдөгү жогорку кызматта турган бирөө тигинден 10 пайыз "шапке" сураптыр. Муну уккан тиги киши силердин жүзүңөр курусун, мен силерге бүтүндөй бир кичирайонду мектеби, бала бакчасы, оорукана, дүкөнү, айтор, бардыгы бар кылып жакшынакай куруп берейин десем, ушундан 10 пайыз сурайсыңар деп тескери бурулуп басып кетиптир. Ошо киши менен жарым жыл мурда жолугуп, заман өзгөрдү, бийлик алмашты келбейсизби десем, өзүңөр тынчыгыла, бийлигиңер чын эле өзгөргөнүн көрсөтсүн, ошондо балким барармын деди. Көрдүңүзбү, курулушка ушундай мамиле болуп келсе, анан кантип ал эл каалагандай өнүксүн? Бирок турмуш деген токтоп калган жок, курулуш тармагы өз алдынча өнүгүп келатат.
- Азыр Бишкектин төрт районунда жер участогун алуучулар кезекте турат. Мэрия андай участок берүүнү такыр токтотуп, 4 сотых жер алып ага беш жылда бир кепе тургузгандан көрө, кезекке турсаң беш жылда бардык шарты бар квартира аласың десе болбойбу?
- Жакшы суроо койдуңуз. Чындыгында Бишкекте участок деген жок. Ал эмес көп кабаттуу үйлөрдү курууга жер жок. Акыркы кезде мэрия айласы кеткенде Ак-Ордо, Тунгуч жаңы конуштарындагы жерлерди Чүй облусу менен алмашканга аракет кылып жатышат. Негизи Бишкек шаары өз чегин аныктап, Чүй облусунан алчусун алып, берчүсүн берип, өкмөттүн токтому менен өз чегарасын бекиттирип алышы керек. Экинчиден, ырас жер жок болгондон кийин өкмөт өз каражатына эч кимге үй салып бере албайт. Азыр үлүштүк ыкма менен (долевое участие) биртоп үйлөр курулуп жатат. Мисалы, азыр коммерциялык, ичи бүтпөгөн үйлөрдүн 1 кв/м 580-600 доллар турса, Бишкек шаарынын мэриясы 1 кв/м 550-570 долларга толугу менен бүткөн үйлөрдү салып атат. Андан да жакшысы, шаар мэри мындай сунуш айтып жатат: көп кабаттуу үйдү тургузуп, коммуникацияларын киргизип, терезелерин, сырткы эшигин коюп, бир сыйра шыбап анан ээлерине берип, үйдү мындан да арзандаталы дейт. Ал эми үйдүн ичин ар ким каалаганындай бүтүрүп алса болот. Үйдү арзандатуунун дагы бир жолу - материалдардын көпчүлүгү өзүбүздөн болуш керек. Бүгүнкү күндө мурдагы кезге караганда үйлөр биринин артынан бири бүтүп жатат. Мэрия ошол үйлөрдүн 10 пайызын алып, аларды майыптарга, кезекте тургандарга бекер берип жатат.
Сиз айткандай жер участогун бергенди такыр токтотуш керек, жер эле алгың келсе бирөөнүкүн сатып ал деш керек. Келечекте шаар туурасынан эмес, бийиктикке өссө жакшы болор эле. Бүгүнкү шаар жетекчилигинин артыкчылыгы - жер басып алабыз, тартып алабыз дегендердин бардыгына тең жер жок деп кесе эле айтып келатат. Каалайсыңбы, кезекке туруп үлүштүк ыкма менен салынган үйлөрдөн алгыла дебатат. (Үлүштүк ыкмада 30 пайызын адегенде төлөйсүң, 30 пайызын үйгө киргенде, калган 40 пайызын беш жыл аралыгында төлөө жолу менен үйгө ээ болосуң.)
- Курулушчулар өзүңөрчө чогулуп бүгүнкү борбор шаардын абалы, курулуштардын сапаты жөнүндө пикир алышасыңарбы?
- Жакында мамлекеттик курулуш агенттигинде куруучулар жана архитекторлор союздарынын адистери чогулуп, курулуштардын сапаты, ага көзөмөлдүк кылуу, архитектура маселелери жөнүндө оюбузду ортого салдык. Курулуш жаатында кандай мыйзамдарды сунуш кылуу жөнүндө сүйлөштүк. Бүгүн Бишкектегидей абал дүйнөдөгү башка борбор шаарларда жок. Бишкекти үстүнөн карасаңыз, чоң кыштакка айланып калган. Эртеби-кечпи, акыркы 20 жыл ичинде курулган кепелерден арылып, көп нерселерди кайра курууга туура келет. Бүгүнкү күндө жаңы конуштардагы курулуштун сапатын шаардык турак-жай курулуш департаменти текшерип келген. Биз сунуш кыла турган мыйзамда бардык курулуштарды, көпүрөбү, бала бакчабы, үйбү, айтор бардыгын бир мекеме текшерсин деп атабыз. Ал эми уруксатты, кийин кабыл алуу архитектура мекемесине берилсе дейбиз. Азыр ким көп кабаттуу үй салгысы келсе, ал шаардык курулуш кеңешинен өтүшү керек. Иштин натыйжалары жөнүндө айта турган болсок, биздин эле ишкана бир поликлиника, 960 орундуу Ак-Өргө орто мектебин, көп кабаттуу үйлөрдү куруп пайдаланууга берди. Бул мен жетектеген "Каганат-курулуш" ишканасынын гана иштери. Андан башка канча көп кабаттуу үйлөр бүткөрүлүп, канча жолдор капиталдык ремонттон өткөрүлдү.
- Замир мырза, көпчүлүктүн көзүн кычыштырып, көңүлүн өйүткөн дагы бир суроо. Эмне үчүн азыр борбордун так орто чендеринде курулуп бүткөн элитардык үйлөр өтпөй турат? Элитардуу үйлөргө караганда, эконом-класстагы үйлөр курулганда тиги үйлөр бош турбайт эле да.
- Базар экономикасынын өзүнүн мыйзамы бар. Андай үйлөрдү алчулар эбак үйлүү болушкан. Элитардык үйлөр керек болсо да аз санда керек. Андан көрө орто катмарга эсептелген эконом-класс үйлөр салынса, курулуштар биртоп тез жүрмөк. Үйдү бат салса, бат да сатат. Тигиндей үйлөрдүн баасы айла жок түшө баштайт. Азыр курулушчулардын бардыгы тең арзан үйлөрдү салуу жөнүндө айтып да, аткарып да атышат. Арзан десе, конструкциясы эртең кулап кала турган эмес, сапаттуу конструкциядагы үйлөр болушу керек.
- Баса, жер алып, курулушту баштоодон мурда курулуш материалдарын кандайдыр бир текшерүүдөн өткөрөсүңөрбү?
- Үйдүн конструкциясы сапаттуу болуш үчүн ага керектелчү бетон, кирпич, арматуранын бардыгы лабораториядан текшерүүдөн өтөт. Ушу тапта биз курган курулуштарда Кытайдын эмес, Украинанын арматураларынын сапаты жарабай калды. Курулушта катардагы жумушчудан жетекчилерине чейин жоопкерчиликтүү болбосо иш жүрүшпөйт.
- Сизге кайсы курулуш ишканалары курган имараттар, үйлөр жагат?
- Мага "Авангард стиль", "Имаратстрой", "Бишкеккурулуш", "Юнис-Курулуш", "Орион ЛТД" курган имараттар, үйлөр жагат. Кыргызстандагы панелдүү үйлөрдү куруп келген "Азат" корпорациясынын иши да жаман эмес. Алар жаңы технологияны колдонуп, монолиттик - сбордук үйлөрдү курсакпы деп атышат. Эгер жерибизде тынччылык, коомдо стабилдүүлүк болсо, көп кабаттуу кооз жайларды, үйлөрдү салып, борбордун көркүн бат эле ачып коюуга болот. Бирок кыргыздар жалкоолуктан, кенебестиктен арылса жакшы болор эле. Азыр биздин чет өлкөлөрдө жүргөн жаштар алдыңкы илим, жакшы өнөрлөрдү үйрөнүп өз мекенине келишет деп ойлойм.
Жакында Шанхайга барып бир окумуштуу менен сүйлөшсөм ошол айтат, 1949-50-жылдары Кытай жаштарын дүйнө жүзүнө билим алууга, өнөр үйрөтүүгө жөнөткөн. 50-жылдарда кеткендер 1980-жылдан баштап Кытайга акча сала башташты, анан 1986-жылдан тарта өнүгүү башталган. Кытай эчен жыл башкалар жасаган буюмдарды көп санда, сапатсыз, бирок бат жасаганды гана өздөштүрүп келсе, эми сапатка басым кое баштадык дейт. Бүгүнкү күндө көп кабаттуу үйлөрдү абдан көп куруп салышып, азыр аны ала турган киши жок экен. Эски имараттарды бузуп, кайра курууну да аяктап баратышыптыр. Алар 2015-жылы дүйнөдөгү эң бай өлкө болобуз деп максат коюшса, 2013-жылы эле бул максатына жетишет экен. Кытайдын өнүккөн себеби, эли абдан эмгекчил. Биз да бала бакчадан тарта балдарга эмгек гана максатка жеткирерин сиңирсек жакшы болор эле.
Мени дагы бир кейиткен нерсе, Аскар Акаев учурунда бардык жерге жогорку окуу жайларын ачып салган. А биз бүгүн бардык тармактардагы жөнөкөй адистерге зар болуп отурабыз.
Кайсы үйлөр жер титирөөгө чыдайт?
- Замир мырза, эми кепти табияттын кырсыгына бурсак. Себеби жер титирөө менен курулуш бири-бирине тыгыз байланышкан. Акыркы кезде бизде жер титирөө көп боло баштады. Биздеги курулуштар канча баллдык жер титирөөгө чыдайт?
- Акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстанда эки чоң жер титирөө болду. Мындай кырсыктардан жыйынтык чыгаруу үчүн чоң каражат керек. Калыстык үчүн айта кетсек, куруучулар союзу, мамкурулуш агенттиги, сейсмология институту маселе койгондон кийин акыркы мезгилде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бу көйгөйдү мамлекеттик деңгээлге көтөрдү. Алар мектеп окуучуларына, ишкана-мекемелерге атайын сабактарды өтүп, алдын алуу иштерин масштабдуу башташты. Бирок акыркы 20 жылда же андан мурда салынган курулуштарды талкалай алышпайт, ага каражат жок.
Азыр Бишкекти курчап турган 48 жаңы конуш бар. Аларда салынган көпчүлүк үйлөр курулуш стандартына жооп бербейт. Курулуш сапаттуу болмоюн кандай гана кырсык болбосун каршы туруу мүмкүн эмес. Мамлекеттик курулуш агенттиги бул жаатта биртоп иштерди жасап жатат. Кокус жер титирөө болсо, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдөн чочулабайм, алар 7-7,5 баллдык жер титирөөгө чыдайт деп ишенем. Чет жакалардагы эптеп салынган үйлөр көбүрөөк коркунуч жаратат.
- Өз кесибиңиздин эмнеси менен сыймыктанасыз?
- Менин түшүнүгүмдө, жоктон бар кылып жакшы бир нерсе куруу - бул эрки күчтүү, оптимист адамдардын гана колунан келет. А турган нерсени кыйратууну көрүнгөн акмак да жасай алат. Ошондуктан куруучулук - бул коомго, адамдарга жакшылык жасаганы менен айырмаланган өзгөчө кесип.
Аскер САКЫБАЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??