presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Парламент президентке "пас" берди
ЖоКенин кечээги отурумунда "2010-жылдын апрелинде, июнунда республикада болуп өткөн кайгылуу окуяларга алып келген жагдайлар менен шарттарды иликтөө жана изилдөө, аларга саясый баа берүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө" токтом кабыл алынды. Мындан сырткары бир катар мыйзам долбоору эл өкүлдөрүнүн элегинен өттү.


Токтомдо отуздан ашуун маанилүү пункт камтылган. Депутаттар алардын ар бирин талкуулап, айрымдарын колдошкон жок. Маселен, парламентти Ошко көчүрүү демилгеси көпчүлүктүн колдоосуна татыбады. Спикер Ахматбек Келдибековдун айтымында, ЖК жайгашкан азыркы имаратты (Ак үй - Н.К. ) оңдоп түзөөгө эле 350 млн. сом өлчөмүндө каражат сарпталган. Ал эми президенттин резиденциясын Ошко көчүрүү сунушу эки жолу добушка коюлуп, экинчисинде 86 депутат макулдугун билдирди. Ага улай Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик, маңзатты көзөмөлдөө агенттиги, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча улуттук агенттик сындуу мекемелерди экинчи борбордо жайгаштыруу демилгеси жактырылды.
Парламенттин бу токтому гезит басууга даярдалып аткан маалда кабыл алынды. Андыктан ушул темага гезитибиздин келерки санында кенен токтолобуз. Азырынча баса белгилей кетүүчү жагдай, ЖоКе жогорудагыдай демилгелердин аткарылышына үч айлык мөөнөт берди. Бул аралыкта өкмөт сунуш-пикирлерди жүзөгө ашыруу үчүн атайын программа иштеп чыгышы керек.

Майда бирок маанилүү
Июнь коогалаңын алдын албаганы үчүн убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсүнө укуктук баа берүү тапшырмасы Башпрокуратурага жүктөлдү. Ошондой эле кыргыз-өзбек кыргынынын негизги күнөөкөрлөрү катары Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Карамат Абдуллаева, Жалалидин Салахуддиновдун ысымы аталды;
Ошто милиционерлерди даярдоочу орто мектеп ачылат;
Жалал-Абад губернатору Бектур Асановдун маселеси кызуу талаш жаратты. Акырында аны кызматынан четтетүү сунушун көпчүлүк колдоду.

КТРК "кара жащикке" айланабы?

Апрель окуясынан кийин убактылуу өкмөт тарабынан КТР коомдук канал болуп өзгөрүлдү. Анын негизинде атайын декрет чыгып, КТРКнын Байкоочу Кеңеши (БК) түзүлгөн. Ал эми парламенттин кечээги отурумунда "Коомдук телерадиокорпорация жөнүндөгү" мыйзам экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды. Ага ылайык, утурумдук өкмөттүн декрети жокко чыгарылат. Эл өкүлү Каныбек Осмоналиевдин айтымында, президент бу мыйзамга кол койсо, анда БКнын азыркы курамы отставкага айдалып, ордуна жаңысы шайланышы зарыл. Натыйжада президент сунуштаган беш адам, парламенттен беш, жарандык коомдун беш өкүлү Байкоочу Кеңештин курамын түзүп, бир ай аралыгында КТРКнын башкы деректирин дайындашат.
Буга байланыштуу коомдук каналдын жетекчиси Кубат Оторбаев биздин гезитке төмөнкүдөй оюн билдирди:
- "Коомдук телерадиокорпорация жөнүндөгү" мыйзамдын кабыл алынганы жакшы көрүнүш. Бул сөз эркиндигине карата жасалган алгылыктуу кадам. Бирок ошол эле маалда БКны таратыш керек деген маселе турат. Ал тескерисинче сөз эркиндигине каршы урулган сокку болуп саналат.
Мыйзам боюнча Байкоочу Кеңештин беш мүчөсү парламент тарабынан сунушталат. А жаңы Башмыйзамда Жогорку Кеңеш өз өкүлүн Байкоочу Кеңеш курамына жөнөтүшүнө бөгөт коюлган. Муну парламенттеги Конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрайымы Галина Скрипкина менен Башмыйзамдын авторлорунун бири Өмүрбек Текебаев айткан болчу. Менимче президент бу мыйзамга кол койбойт. Анткени жогоруда айткандай, Конституцияга караманча каршы келет деп ойлойм.
- Байкоочу Кеңештин таркатылышына неге каршы болуп атасыз?
- Мындай шартта БКнын кабыл алган башка чечимдери эмне болот? Бул мыйзам боюнча туура эмес. Менимче Байкоочу Кеңештин чечимдери күчүндө. БК чечими менен КТРК гендеректири беш жылга шайланган.
Бетти даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ




 10.06.2010. 23:50

Жүрөктү тилген күндөр

Бүгүн июнь коогалаңына туура бир жыл толот. Бул каргашалуу окуяны иликтөө максатында үч комиссия (улуттук, парламенттик, эл аралык) түзүлгөнү белгилүү. Тилекке каршы, үчөө тең коомчулуктун купулуна толбоду. Биз ага учурунда кенен токтолгонбуз. Бу саам улуттар аралык жаңжал маалындагы жана андан кийинки көрүнүштөрдүн урунттуу учурларын тизмектейбиз.

Каргашанын хронологиясы.
Отко чулганган Ош
10-июнь. Болжол менен кечки саат 23:20 чамасында "24 часа" аталыштагы оюн залында кыргыз-өзбек жаштарынын ортосунда уруш чыккан. Андан соң 500-2000 чакты өзбек улутундагы адам чогулуп, коогалаңдын башталышына өбөлгө болгон.
11-июнь. Убактылуу өкмөттүн (УӨ) декретине ылайык Ош шаары, Кара-Суу, Араван жана Өзгөн районунда өзгөчө абал киргизилип, кечки саат сегизден таңкы алтыга чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынган. Коменданттыкка ички иштер министринин орунбасары Бакыт Алымбеков дайындалган.
Алыскы жана жакынкы мамлекет жетекчилеринин ичинен алгачкылардан болуп Дмитрий Медведев үн катып, Россия Кыргызстандагы кырдаалды жөндөөгө дараметинин жетишинче көмөк көрсөтөрүн кабарлады.
12-июнь. УӨ төрайымы Роза Отунбаева кырдаал оорлоп баратканын, андыктан кыргыз өкмөтү сырткы күчтөрдүн колдоосуна муктаж экендигин ачык айтты.
Жаңжал оту Жалал-Абад облусуна да жетип, жыйынтыгында Сузак районуна коменданттык саат киргизилди. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, Жалал-Абадда 50 адам жабыркап, алтоо курман болгон.
Ушул эле күнү Ошко Бишкектен 300 аскер келген.
Түштүктөгү күч түзүмдөрүнүн жетекчилигине Өмүрбек Суваналиев (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы) менен Кубатбек Байболов (УКМК төрага орунбасары, Жалал-Абад шаарынын коменданты) дайындалды. Ал ортодо "Мухаммед Умар - Ош" коомдук уюмунун башчысы Улукбек Өмүрзаков каршылашкан тараптарды элдештирүү демилгесин көтөрдү.
13-июнь. Орус президенти Дмитрий Медведев кесиптеши Ислам Каримов менен ЖККУ (Жамааттык коопсуздук келишим уюму) алкагында Кыргызстандын түштүгүндөгү абалды талкуулашкан. Бирок жардам көрсөтүү туурасында конкреттүү чечим кабыл алынган эмес.
Европа Биримдиги биздин өлкөгө эксперттерин жөнөтөрүн жарыялады.
14-июнь. Экс-президент Курманбек Бакиев Минскиде жатып алып ЖККУ күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү зарылдыгын айтып акыл үйрөттү.
Ичтен да, сырттан да агылып келген жардамдарга карабастан түштүктө азык-түлүк каатчылыгы башталды.
15-июнь. Эл аралык "Кызыл крест" уюмунун аймактык жетекчиси Паскаль Вагнердин кабарлашынча, Өзбекстанга качкан ала допучандардын саны 80 миңге чамалаган жана 15 миңдей жаран чегарага топтолгон.
16-июнь. Коргоо министрлигинин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун "Азаттык" үналгысына курган маегине караганда, кыргыз-өзбек кыргыны атайын уюштурулган.
17-июнь. Президент Ислам Каримов БУУ башкатчысы Пан Ги Мунга жолдогон кайрылуусунда Кыргызстандан келген качкындарга гуманитардык жардамдарды тезирээк жеткиртүүсүн өтүнгөн.
18-июнь. Утурумдук өкмөт тынчтык күчтөрүн жөнөтүү боюнча Россияга жасаган кайрылуусун артка кайтарып алганын Дмитрий Медведев "Wall Street Journal" басылмасына курган маегинде билдирди.
Өлкө башчысы Роза Отунбаева согуштан кийин алгачкы ирет ордолуу Оштун босогосун аттады.
19- июнь. АКШ мамкатчысынын Борбор жана Түштүк Азия аймагы боюнча жардамчысы Роберт Блэйк УӨ төрайымы Роза Отунбаева менен жолугушканда Америка өкмөтү Кыргызстанга 32 млн. доллар өлчөмүндө жардам бөлөрүн айткан.
20-июнь. Рим папасы Бенедикт XVI да биздеги абалга тынчсызданып, тараптар элдешүүсү керектигин жар салды. Ал Ватикандагы ыйык Петр аянтында зыяратчылардын алдында сүйлөгөн сөзүндө: "Кыргызстандын түштүгүндөгү улут аралык жаңжалды токтотуп, мүмкүн болушунча эртерээк тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга чакырам" деген.





Коогалаңдын "куну"
4 миллиардбы?
Улуттар аралык жаңжалдын кесепетинен өлкө экономикасы канча зыянга учураганы тууралуу так маалымат жок. Ал эми Абдыганы Эркебаев төрагалык кылган улуттук комиссия (УК) буга жооп тапканга аракет жасаган. УК отчетуна ылайык, июнь коогалаңынын "куну" 3 млрд. 757 млн. 661 миң 429 сомду түзөт. Мунун 1 млрд. 1 млн. 419 миң 654 сому калыбына келтирилген. Ошондой эле түштүк чөлкөмүндө ички дүң жыйым (ИДЖ) 8,9%га төмөндөгөн;
талкаланган буюм-тайымдардын (автоунаа, мамлекеттик имарат, кафе-ресторан ж.б.) саны 3671ге жеткени улуттук комиссиянын тыянагында жазылган;
жаңжал учурунда 75 миң ала допучан коңшу мамлекетке кире качса, 38 миң 213 киши аргасыздан Россияга журт которгон. Натыйжада 84 миң 289 жумушчу орду жок болгон;
коогалаңдан канча адамдын өмүрү кыйылганын эч ким так кесе айта албайт. Ошентсе да УК жана эл аралык комиссия кыргындан өзбек улутундагы жарандар көп өлүмгө дуушар болгонун ырастайт. Маселен, А.Эркебаев улуттар аралык жаңжалда жалпысынан 426 адам өлгөнүн, анын ичинен 271и өзбек экенин расмий жарыялаган;
улуттук комиссия да, парламенттик комиссия да июнь коогалаңын Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Карамат Абдуллаева, Жалалидин Салахуддинов сындуу өзбек тыңчыкмалары уюштурганын баса белгилейт.






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??