presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 …Тил кесмей жок

Эмне үчүн эл менен кеңешпейсиз?
Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага
Ачык кат
Урматтуу Президент айым
Роза Исаковна!
Колума калем кармап сизге ачык кат жазуума көкүрөктө кайнап, көөдөндү жарып чыккан көптөгөн көйгөйлөр себеп болду.
Кыргызстан эгемендүү, бакубат, экономикалык жактан кубаттуу эркин өлкө болушун, кыргыз тили мамлекеттик тил болушун 1989-90-жж. калың топ улуу-кичүү мекендештерим менен бирге талап кылып, Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) деген уюм да түзгөн элек. Ал убактагы жаштык жигер, таза, аруу тилек менен алдыга коюлган ал максаттан бүгүн да кайтканым жок. Болгону желдей жылып өткөн 20 жылда эмнеге жетиштик, эмне кемчиликтерди кетирдик, буга 5 млн. элдин акыл-эстүү бөлүгү баарыбыз жоопкербиз.
Айрыкча атпай журттун тагдырын өз моюндарына алышкан аткаминерлер, өзгөчө сиз жана сизге чейин журт башында болушкан А.Акаев, К.Бакиев баш болуп кыйраган экономика, чаржайыт идеология, туташ коррупциялашкан коомдук түзүлүш, бийик руханий наркынан адашкан улуттук менталитет эбак турмуштан орун-очок тапкан кемпир-чалдар, кароосуз калган жаштар, келечекке үмүтсүз караган жыйырма жылдык соңку тарыхтын күзгүсүнөн өзүңүздөрдү карап, колду көкүрөккө коюп калыс сөздү айтууга кимиңиздердин эркиңиздер жетет?!
Сизди мен кыргыздын ак элечегин кийип алып элчи, тышкы иштер министри болуп иштеп жүргөн мезгилиңизде дүйнөлүк чоң трибунадан сүйлөгөнүңүздү көрүп, сыртыңыздан сыймыктануу менен сыйлачумун. Кийин Кыргызстанга келип "Асаба" улуттук кайра жаралуу партиясын жетектеп, укугу тебеленип кыйроого бараткан кыргыз улутунун маселесин чечүүгө киришкениңизде накта элибиздин мекенчил, намыскөй кызы катары ансайын сый-урматым арткан.
Калыстык үчүн айтып коюш керек, өткөн жылы ыңкылаптан кийин өлкөнү өрт каптап кетерде аял башыңыз менен саясый туруктуулукту сактап кала алдыңыз. Колунда бийлиги бар адамга бул иш албетте аздык кылат. Согуштан кийинки талаадай чачылып жаткан Кыргызстандын бир да тармагын иретке сала албадыңыз. Конституциялык реформа бийлик бутактарынын тирешүүсүн күчөттү. Экономиканы көтөрүүнү ойлогон жетекчи да, ишенимдүү программа да жок. Батышка ыктаган, кыргызга зыяндан башка пайдасы жок идеология сиздин учуруңузда гүлдөп өнүктү. Бийлик структураларын, укук коргоо тармагын реформалоону эл менен кеңешпей, НПОлор менен, батыштын идеологдору менен, ОБСЭ, БУУ ж.б. уюмдар менен кеңешип чечүүгө кириштиңиз. Кыргызстанды талкалоого чоң салым кошкон Эл аралык валюта фонду, Бүткүл Дүйнөлүк банк сыяктуу жемге кошуп бомба салынган торболордон дале көңүлүңүз калбай, биротоло капканга экинчи бутту салып бергенге даяр турасыз. Алар болсо ашкере акылдуусунуп дүйнөлүк коомчулукка 2010-жылдагы апрель, июнь окуяларын иликтемиш болуп кыргыздарды күнөөлөп, жыйырма жылдык даярдыктан соң коогалаңды биринчи баштаган өзбектерди жабырлануучу кылып жыйынтык чыгарышты. Бизге чала. Кандай ойдо экенине карабай келген конокторду төргө өткөрө бердик эле, жаман үйдү коногу бийлейт болууда.
Жок дегенде батыш кеңеш-чилери менен акылдашып жазылган, азыр биз жашап жаткан Текебаевдин Башмыйзамындагы "Президент мамлекет башчысы болуп саналат. Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин көрсөтүп турат" деген 60-беренедеги укугуңузду колдонуп, Акаев айткан жалпыбыздын үйүбүз болгон Кыргызстандын да ээси, президенти бар экендигин билгизип үн катып койсоңуз боло, жарыктык.
Дагы бир маселе, ошол эле Башмыйзамдын 52-беренесинде "Жарандар мамлекеттик жана коомдук мааниси бар маселелер боюнча Элдик курултайды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечими сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет" деп жазылган. Ушул укугунан пайдаланып, кыргыз жарандары Элдик курултай өткөрүү боюнча демилгелүү топ түзүп, ашуу ашып, суу кечип, өз чөнтөгүнөн каражат таап, облустарда элдик жыйындарды өткөрүштү.
Анан жакындан бери сиздин оң колуңуз болгон Э.Каптагаевдин демилгеси, сиздин колдооңуз менен Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын курултайы өтмөкчү болуп жатканын угуп, сиздин аппаратыңызда курултай маселеси боюнча азыраак убакыт иштеп калган мезгилде Эмил мырзанын мага айткан "курултай эле дейсиңер, керек болсо колот колоттон курултай деп чурулдатып чыгарып, Курултай дегенде элдин кускусун келтиргендей кылабыз" деген сөзүн эстеп, анчейин таң калбай, баягы айтканын жасап жаткан экен деп түшүндүм. (Ушул көңүлдү кайт кылган сөз жана сизге кирүүгө болгон үч жолку аракетим майнапсыз аяктаган соң, президенттик аппараттан өз каалоом менен кетүүгө аргасыз болгом).
Жыйырма жылдан бери А.Акаевдин, К.Бакиевдин учурунда бийликти сактап, же бекемдеш үчүн калкан катары пайдаланып келген бул жорукту мындан ары элдин кыжырын келтирбей токтотуш керек. Анткени түпкүлүктүү эл болгон кыргыздар демилге көтөрүп, Кыргызстандын жалпы элинин өкүлдөрү катышкан, улуттук улуу курултай өткөрөлү деп жатса, 30% башка улуттардын кызыкчылыгын коргогон ассамблеянын курултайын бюджеттен акча бөлдүрүп өткөрүү чоң жаңылыш кадам.
Кыргыздардын эл, улут катары өнүгө турган бир эле мекени бар. Ал Кыргызстан. Ал эми Кыргызстанда жашаган башка улуттардын көпчүлүгүнүн дүйнөдө өз өлкөлөрү бар. Туура, мамлекеттик идеологиянын жоктугунан алар Кыргызстанды өз мекени катары сезишпей, көпчүлүгү конок каадасын күтүшөт. Алар үчүн Кыргызстандын паспорту, абасы, суусу, керемет жери эле керек. Болбосо 7-апрелдеги Кыргызстандын келечеги, адилет коом үчүн курман болгон 87 адамдын канчасы башка улуттан экен...
Урматтуу президент Роза Исаковна! Кеңпейилдиктин, меймандостуктун да чеги болот эмеспи. Сиз Кыргызстанда жашаган башка улуттардын эле эмес, эң оболу 70% түпкүлүктүү кыргыз элинин, жалпы Кыргызстандын президенти болгондон кийин өзүңүз катышып сөз сүйлөгөн аксакалдардын республикалык жыйынында (2011.09.02.) кабыл алынган үндөөгө ылайык бөлүнүп-жарылбай бир эле республикалык курултай өткөрсөк болбойт беле?!
Абалдан чыгуунун жалгыз жолу катары эл үмүт байлап турган ыйык курултайды дисскритациялап талкалоого батынгандык кыргыздын душманынын гана колунан келет.
Оңдолгон ката ката эмес. Кеч болуп кала электе бул жаңылыштыкты оңдоп, жок дегенде ассамблеянын жыйыны өткөн күндө да республикалык элдик курултайга делегат шайлоо менен гана чектелип, бизге "акыл-кеңеш" айтканын токтото туруш керек.
Ал эми Кыргызстандын жалпы улуттук улуу курултайы (же КР элдик курултайы) гана өлкө тагдырына тиешелүү маселени кароого жана тийиштүү чечим чыгарууга акылуу.
Курултай - бул бийлик бутактарын элдин атынан көзөмөлдөп, адилет коом куруунун, чыныгы элдик бийликти орнотуунун жолу.
Курултай - бул кан төгүүнүн, жол тосуунун, пикет-митингдин, ыңкылаптын жолу эмес, кеңешип-акылдашып абалдан чыгуунун куралсыз тынчтык жолу.
Курултай - бул төрөлөрдүн, бийлердин (аткаминерлердин), билермандардын, даанышмандардын арай көз чарай маселе чечүүчү кут түшкөн орток жайы.
Курултай - бул кыргыз демократиясынын үлгүсү эле эмес, бүтүндөй көчмөн цивилизациянын тарыхый табериги, даанышман табылгасы.
Урматтуу президент Роза Исаковна!
Конституциялык укугуңуздан пайдаланып, өлкө башчысы катары курултай демилгесин көтөрүп жатышкан бардык тараптардын өкүлдөрүн кабыл алып, бийлик бутактарынын, элдик демилгечилердин, оппозициянын, аксакалдардын, илимий-чыгармачыл интеллегенциянын, жаштардын өкүлдөрү кирген уюштуруу комитетин түзүп, республикалык элдик курултайды калыс өткөрүүнү өз колуңузга аласыз деп күтөбүз. Айланаңызда жүргөн кыргыздын душмандары туура эмес кеңеш берип, Сизди элге жек көрсөтүүдө.
Сиз көп жылдык тажрыйбасы бар саясатчысыз, ак-караны ажырата билген энесиз, эл аралык мамилени түшүнгөн дипломатсыз, коомдук өнүгүүнү байкай билген илимпозсуз. Демек, тарыхта жаманатты болбой, кайра эл жаңыланууну самап турган мезгилде улуу иш жасап кетүү мүмкүнчүлүгү колуңузда турат.
Ачык катка жооп күтүп, замандашыңыз
Кадыр КОШАЛИЕВ, республикалык элдик курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топтун төрагасы




  Май айы "махабатым"

Артисттер Атамбаевге нааразы

Өкмөт быйыл иштегендердин айлыгы эки-үч эсе көтөрүлөт деп элди абдан кубанткан. Эми жаңы эсептөөлөр боюнча маянасын алып-албай жатып мугалимдер менен маданият кызматкерлери нааразы боло башташты.
Редакцияга кечээ Кыргыз улуттук Т.Абдымомунов атындагы драмтеатрынын, Б.Кыдыкеева атындагы жаштар жана "Учур" театрынын жамааттарынын бийлик башындагыларга кайрылуусу түштү. Кайрылууну карап чыгып, көргөн көзүбүзгө ишенбей өкмөт өзү көрсүн деп гезитке ток этер жерин берүүнү эп көрдүк. Кайрылгандардын жазганына таянсак, аталган театрларда иштеген эл артисттеринин маянасы көбөйбөй эле, тескерисинче 1200 сомдон 1800 сомго дейре азайыптыр. Ал эми катардагы жөнөкөй артисттердин маянасына болгону 620-750 сом гана кошулган. Жаштар театрынын эл артисттеринин айлыгы 1176 сомго азайса, "Учур" театрынын жогорку категориядагы артистинин маянасы 376 сомго азайган. Айлыгы көбөйгөн айрым артисттердин деле кошумча акчасы чеке жылытарлык сумма эмес экен. Артисттердин айлыгына аң-таң болуп атсак, КСДП партиясынан депутат Бахтияр Кадыров көпчүлүк мугалимдердин маянасы реформага чейинки алганынан бир кыйла азайып калганын билдирди. Дагы бир ксдпчы депутат Чыныбай Турсунбековдун айтымында, Нарында жаңы маяна алган 500 мугалим өкмөткө нааразы.




  Кесиптеш кеп

"Жетиген" журналы канат жайды

Кыргызстанда парламенттик шайлоо болобу, президенттик шайлоо болобу, үгүттөө иштери жакындаганда эле козу карындай жайнап гезиттер чыгып калат. Убактылуу жашаган мындай маалымат каражаттары шайлоо шарапаты бүтөр замат кумга сиңген суудай жок болоору айтпасак да белгилүү.
Алардан өзгөчөлөнүп "Жетиген" деген ат менен сапаты мыкты түстүү журнал чыга баштаганы кубандырат. Журналдын негиздөөчүсү жана башредактору Абдиламит Жумашевдин айтымында, учурда Кыргызстанда эл аралык талапка жооп бергидей гезит-журнал жок экен. "Ошону эске алып, бүт тарапты чагылдырган калыс журнал бололу деп ишке киришип жатабыз. Журналда буюрса, спорт, саясат, экономика, искусство, маданият, ар түркүн маалыматтар жана окурманга жакшы маанай тартуулоочу кабарлар болот. Кыскасы, маанай көтөрүүчү оптимисттик багыттагы маалымат каражаты болобуз деп аракет жасап жатабыз. Учурда журналдын биринчи саны чыгып коомчулук жакшы кабыл алды. Алдыга койгон чоң максаттарыбыз ишке ашып журнал бутуна туруп кетсе, "Жетиген" телеканалын жана башка бир нече башка багыттагы ишканаларды ачуу ниетибиз бар" дейт Абдиламит мырза.


  Оомал-төкмөлү көп 10-июнь

Чыңгыз Айтматовду татыктуу эскердикпи?

10- июнь кыргыз элинин тарыхындагы эң оор, эң кайгылуу күндөрдүн бирине айланды. Туура үч жыл мурун, тактап айтканда, 2008-жылы 10-июнда кыргыз атын дүйнөгө тааныткан, улуу жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматов дүйнө салган. А 2010-жылы ушул күнү түштүк окуясы башталып, бейкүнөө мекендештерибиздин каны төгүлдү.
Ошол себептен жакында өкмөт бул күндү "Бүткүл элдик каргашалуу окуяда курман болгондорду эскерүү күнү" деп токтом чыгарганы колдоорлук иш болду. Бүгүн бул токтомго ылайык республиканын бардык аймактарында мамлекеттик желектер түшүрүлүп, облустук, райондук администрацияларда, мэрия, айыл өкмөттөрүндө бул окуяга байланыштуу иш-чаралар өткөрүлөт. Албетте июнь коогалаңында курман болгондорду эскерүү, алардын арбагына таазим кылып мамлекеттик деңгээлде аларды эскерүү биздин адамдык, боордоштук ыйык милдетибиз. Бул күнгө өкмөттүн маани берип, атайын эскерүү күнү кылганы да туура.
Бирок биз бул күнү дүйнө эли кайгырып узаткан улуу адамыбызды унутуп калгандайбыз. Үч жылдан бери Бишкектин бир көчөсүнө атын ыйгара албай, эстелигин тургуза албай келаткан Чыкебизди Татарстан эли баалап Казань шаарынын көчөсүнө атын берсе, түркиялыктар анын атынан эбак эле парк ачышкан. Буларды эске албаганда да көп өлкөлөрдө Чыкебиз тиешелүү деңгээлде эскерилип, даңазаланып келатат. А эмне үчүн биз, кыргыз эли, улуу инсаныбызды 10-июнда татыктуу эскере албайбыз? Кайран Чыкебиз тирүү болгондо быйыл 83 жашта болмок.
Мелис СОВЕТ уулу,
тел.: 38-67-73







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??