presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сая-саалы

Талант Мамытов элге курал тараткан
"Кылым шамы" коомдук уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова кечээ дагы бир фактынын башын кылтыйтты. Анын айтымында, 2010-жылдын 13-июнунда Майлуу-Суу шаарынан азыркы "ата-журтчул" депутат Талант Мамытов 200 адамга курал тараткан. "Бүгүн ал депутат болуп отурат. Бул кишини кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек" дейт Азиза айым. Коргоо министринин орунбасары Таалайбек Өмүралиевдин билдирүүсүнө караганда, агезде куралдар аргасыз таратылган. Чогулган эл складында 5 миңдей курал бар аскер бөлүгүнүн командири Бактыбек Орозалиевди барымтага алышкан. "Ошол себептен куралдарды ишеним кат менен элди коргоо үчүн берүүгө аргасыз болгонбуз" дейт министрдин орунбасары. Анын айтымында, бүгүн ал куралдардын баары кайтарылган.

Чоң муштумдарды тапкыла!
Шаршемби күнү Кыргызстан медиа уюмдары журналисттер акыркы убакта көп коркутууларга, кол салууларга кабылып жатканын билдирип көчөгө чыгышты. Алар жыл башынан бери Назгүл Кушназарова, Элмира Токтогулова, Жылдыз Бекбаева, Самат Асипов жана Кеңеш Жумабаев токмоктолгонун айтышып, 45 журналист кол койгон кайрылууну бийликке жолдошорун билдиришти. Кайрылууда сөз эркиндигин камсыздоодо жылыштар бар делгени менен журналисттерге кол салуулардын биринин да бети ачылбаганы сынга алынмакчы.

Бабанов баурдастар менен баш тырмашты
Жума ортосунда биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов Астанада "Самрук-Казына" улуттук жыргалчылык фонду" акционердик коомунун жетекчилиги менен жолугушту. Жолугушууда капиталы 100 млн. долларлык кыргыз-казак биргелешкен инвестициялык фондун түзүү чечими кабыл алынды. Бул макулдашуунун негизинде казак тарап он күн ичинде тиешелүү маселелерди иштеп чыгуу боюнча өз эксперттерин жөнөтмөкчү. Белгилей кетсек, бул фонд келечекте энергетика, телекоммуникация, транспорттук инфраструктура, кайра иштетүү өндүрүшү жана туризм боюнча бизнес-долбоорлорду каржылайт. Эң жакшысы фонддун офиси Бишкекте жайгашат.

Кытай кыйноосуна неге чыдайсыңар?
Кечээ Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоп жаткан кытай ишканасынын кызматкерлери эгер жумуш берүүчү алардын талаптарын он күн ичинде аткарбаса жол тосушарын билдиришти. Кемин районунун акими Бекжан Асановдун билдиришинче, ага кайрылган жолчулар жумуш берүүчүлөр Кыргызстандын Эмгек кодексине ылайык жумуш убактысын сактап, эмгектик эс алууларды төлөп берүүсүн талап кылышкан. Дегеле адамды улутуна карата басмырлоо бул кытай компаниясында күчтүү экенин нааразы болгондор айтып жатышат. Эмгек инспекциясы ушуну иликтесе болоор эле.

Жанынан аша кечкендер чыкпас
Ички иштер министринин биринчи орунбасары Бакыт Алымбековдун билдиргенине караганда, массалык кагылыштарда күч структураларына курал колдонууга уруксат берилди. Кокус Ош, Жалал-Абадда башаламандык болсо укук коргоо, күч структураларынын кызматкерлери Бишкектин чечимин күтпөй эле ок чыгарууга укуктуу. Мындан сырткары, чагымчылардын ар кандай аракеттерине бөгөт коюу үчүн Ошто 15 блокпост коюлган. Координациялык штабда болсо кокус бир нерсе болсо жарандар кайрылыш үчүн атайын күнү-түнү иштөөчү телефон коюлган.




  Крим-аалы

Эмне өчү бар эле?
Тогуз-Торо районунун Казарман айылындагы 9-класстын окуучусу Бегалы уулу Калысбекке ошол эле айылдык Жылдызбек Аттокуров эч себепсиз эле бычак сайган. Өспүрүмгө бычак сайган кылмышкерди изкубарлар алыс узатпады, ал эми жабырланган бала ооруканага жеткирилди.

Армандуу өлүм
Жалал-Абад шаарындагы "Абил" ЖЧКда кароолчу болуп иштеген 79 жаштагы Ибрагим Эсеналиевди кимдир бирөө мыкаачылык менен өлтүрүп кеткен. Анын сөөгү 5-июнда табылды. Кылмышкерлер карыяга төрт жолу бычак сайып, бетин таанылгыс кылып тилип кетишкен. Карыяны өлтүргөн канкорлор издөөгө алынды.

"Кара" суу
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы асфальт-бетон чыгарчу Ташрабат заводуна тиешелүү Т-130 трактору Каракуюн суусуна кулап кеткен. Трактордун айдоочулары В.Карташов менен Т.Чатаев унаадан чыгалбай көз жумушкан.

Екатеринбургга эмнеге барасың?
Жайкы каникулда энесин ээрчип Екатеринбургга эс алууга барган кыргызстандык тогуз жашар баланы машине коюп кеткен. Айылда өскөн бала чоң көчөдөн курбусу менен чуркап өтөм деп аракет жасаган. "Мерседес А-170" унаасынын айдоочусу капыстан чыккан баланы уруп албоо үчүн бардык аракетти жумшаган. Кыргызстандык өспүрүмдүн баш мээси чайкалап, желкесинен жабыр тартып ооруканага жеткирилди.

Күлгө айланган өмүрлөр
Сокулук районунун Шопоков айылындагы Школьный көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үй ээси кошо өрттөнүп кеткен. Ал эми Ош облусундагы Араван районунан чыккан тилсиз жоо он беш жашар кыздын өмүрүн алды. Ушул сыяктуу окуя Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында да кайталанды.

Милицияга кол салган "борзыйлар" ким?
Бишкек шаарынын ?7 шаардык ички иштер бөлүмүнүн төрт милиция кызматкерине белгисиз бирөөлөр кол салып, денелерине жаракат келтиришкен. Тартип сакчылары улуттук госпиталга жеткирилип, алардын биринин мээси чайкалса, экинчисинин кабыргасы жабыркаган, үчүнчүсүнүн жыныстык мүчөсүнө доо кеткен. Ал эми милицияларды ур-тепкиге алган ээнбаштар кармала элек. Төрт милициянын бири ошол кезде мас абалында болгон.




  И-тагдаалы

Түктүү курт кайдан чыкты?
Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун айылдарын кара курт (түктүү турт) каптоодо. Айыл тургундары үйүндөгү огородду дарылаганга эле эки миң сомдон ашык каражат жумшоодо. Талаада өскөн бак-дарактар куртка желип керектен чыгууда. Бакты каптаган түктүү курт эч нерсесин калтырбай жалбырактардан бери жеп салгандыктан алардын мөмөсүн алуу мүмкүн эмес. Өрүк, алма бышкан кезде, түшүм алаар маалда айыл тургундарынын амалы кетип турат.
"Биз биргебиз!
Биз кыргызстандыкпыз!"
деген аталыштагы акцияны Жаштар министрлиги бүгүн борбор шаарда өткөрүшөт. Улут аралык ынтымакты бекемдөөнү максат кылып жаткандар акциянын алкагында баракчаларды таратып, ага катышкан жаштар өлкөнү биримдикте, ынтымакта кармайбыз деген ишеним менен жыйынтыкташат.
Күлүйпа ападан бата
15-июнда борбордогу улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын легендарлуу маданият министри, ушу тапта токсондон ашкан Күлүйпа Кондучалова жөнүндө жазылган автобиографиялык китептин бетачары өтөт. Китепти белгилүү журналист, жазуучу Мундузбек Тентимишов жазган. Ал "Легендарлуу өмүр: Күлүйпа Кондучалова" деп аталат.
Жок дегенде жайында жанды бак
Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министрлиги жайкы эс алууда жаштарды жумушка тартуу менен алек. Жаштардын эмгек биржасы сегиз жүз жумуш орун менен камсыз кыла алат. Анын арасында беш жүз орун туризм тармагында. Көлдөгү пансионаттарга кардарларды тейлөө кызматына жаштарды кабыл алышууда. Иш мөөнөтү июнь айынан сентябрдын башына чейин созулат.
"Аалам эргүүсү"
Абдылас Малдыбаев атындагы опера-балет театрында "Аалам эргүүсү" деген аталыштагы концерт уюшулууда. Концерт театрдын солисттери С.Жумашев, Т.Орозбаев, Т.Жакшылыковдун катышуусу менен өтөт. Конок катары Казакстандын Абай атындагы академиялык театрынын артисттери Ж.Габдулина менен М.Чотбаевалар чакырылган. Кыргыз эстрадасынан Ы.Осмонкулов, Б.Шатенов, Ч.Төрөбеков катышмакчы.
Өзү да, каармандары да тирүү
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы каармандарга арналган эстелик тургузуу боюнча конкурс жарыяланды. Айтматов атындагы фонддун президенти Элдар Айтматов сынактын негизги талаптары менен тааныштырды. Сынак 15-июндан баштап 1-сентябрга чейин болот. Тандалган эмгектер калыстар курамынан кийин элдик добуш берүүгө коюлат.
"Тумарга" ак жол!
Социалдык коргоо министрлиги "Тумар" бий тобуна демөөрчүлүк көрсөтөт. Австриянын Вена шаарында өтө турган "Минута славы" берүүсүнө барууга жол киресин төлөп берүү толугу менен министрликтин мойнуна жүктөлдү. Буга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар Москвада өткөн берүүгө катышкысы келип жүрүшкөн. Бирок каттоодон өтпөй, каражаттын жетишсиздигинен улам максаттары ишке ашпай калган эле. Москвага бара албаса да "Тумар" үчүн андан бийик ашууну багындырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??