presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Айлампа

"Импульстун" ити чөп жейт
Тынчтыкбек Кожобеков негиздеген "Импульс" тобунун курамы толугу менен жаңыланары буга чейин айтылып келген. 11-июнда саат 11де "Кыргызфильмдин" имаратында кыздарга кастинг өтөт. Жаш курагы он сегизден өткөн, мүчө-келбети келишкен, үнү мукам, таланттуу кыздар талантын сынап көрсө болот. Буга чейин "Импульс" тобунун кыздары жетекчиси менен тил табыша албай тарашты деген пикирди Тынчтыкбек Кожобеков жокко чыгарды. Топко "Виаграны" туурашат, сахнага жарым жылаңач чыгышат деген сын айтылып келди эле, эми жаңы курам кандай иш алып барарын күтө туралы.


Назира Таласты тамашага бөлөйт
Куудул Назира ЖЕТИГЕНОВА өз тобу менен алты күнгө Таласка аттанганы турат. 12-июнда Талас облусунда Роза Шакированын концерти өтөт, ал концертке катышып, андан аркы сапарын топтогу куудул балдары менен улантмакчы. Алты күндүн аралыгында жердештерине жакшы маанай тартуулап, эстен чыккыс концерт койгону камынып жаткан Назирага ак жол каалайлы.


Артисттер эмнесинен жазды?
Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрынын актрисасы, КР эл артисти Назира Мамбетова айлыгынын азайтып салганына нааразы болуп турган кези. Мурдакыга салыштырмалуу актерлордун айлыгы миң сомго чукул кыскарган. Эч себеби жок эле саясый оюндун курмандыгына айландык дейт актриса. Эгер кызматкерлердин ичкүптүсүнө жетекчилик кулак какпаса, анда коллектив чечкиндүү кадамдарга барышы күтүлөт.


Ысык-Көлгө ыр кесе
Расул Маматкулов "Жалал-Абад жылдыздары" деген аталыштагы кезектеги кайрымдуулук концертин өткөрүп, кезекти Ысык-Көл облусуна өткөрүп берген эле. Концертке конок катары чакыруу алган ырчы Элмира Кайып кызы азыртадан даярдык көрүп, өзү айтмакчы "артист көйнөгүн" камдап жаткан кези. Көптөн бери көрүнбөй калган ырчы күз айларына жеке концертин өткөрсөм деп тилек кылып турат.


Жер тамда жашагысы келген Таалайбек
Он эки жылдан бери көп кабаттуу үйдө жашап келген ырчы Таалайбек Турдубаев жашоо шартын өзгөртүүнүн камында. Жакында эле бир жарым кабаттуу үй салып баштады. Жылда үй-бүлөсү менен чет жактарга чыгып эс алып жүрчү ырчы быйыл жайлата тапкан-ташыганын үйүнө жумшап, эс алууну артка жылдырды.


Съездбектин "Чүрөгү"
Жеке концертин бергенден кийин чыгармачылыктан бир аз тыныгуу алган Съездбек Искеналиев жакында эле Шамшынын жайлоосунан келди. Бир жума эс алып келген ырчы азыр "Чүрөгүм" деген ырына клип тарттыруунун камын жеп жүрөт. Клип тартып бүткөндөн кийин үй-бүлөсү менен кичи мекени Кочкор районуна жайлоого барып эс алат.Концертине "Менин жерим" деген аталыштагы лицензияланган диск чыгарганга үлгүрбөй калган эле, аны жакында эле чыгарып, азыр сатыкка чыкты.


Энджей эңсеген Шакира
Шакираны кумир туткан ырчы жигит Энджей анын Москвада өткөн концертине катышууну самап жүргөн. Өзү да Россияга ошол концертке туштап барган экен, билеттин баасы 5800 рубль экенине карабай эки жума мурда барып алыптыр. Концертте алдыңкы орунда отуруп, кумирин жакындан көрүп бир сүйүнсө, кымбат баалуу фотоаппаратын жоготуп бир күйүндү. "Сүйүнүчтүү да, күйүнүчтүү да күн болду. Кыргыз ырчылары эле кечигет десек, Шакира деле бир жарым саат кечигип келди. Кыжырыбыз келсе да чыдап күтүп турдук" дейт Энджей. Учурда ал Москвадагы кафенин биринде музыкант болуп иштеп, окуп жатат. Күзүндө өзүнүн жеке концертине даярдык көрүү үчүн август айында Кыргызстанга келет.


Тып… тып… тып…
Актер Марат Жанталиев азыркы тапта жаштар театры менен Көл өрөөнүндө гастролдоп жүрөт. Жакшы киного сунуш түшүп жатканын айтып, жакында жаңы эмгегине күбө болорубузду сүйүнчүлөдү.
* * *
"Кыргызстан обондорунан" кеткен Чыңгыз Мырзаев азыр эс алып жүргөн кези. Үй тиричилиги менен алек болгон ди-джей күйөрман карындаштарын жеңелүү кылар күн деле алыс эмес окшойт.
* * *
"Эриндеги махабат" деген ырына клип тарттырууну пландаган Айгүл Чалова азыр режиссерду кармай албай жүргөн кези. Анын убактысы болсо Айгүлдүкү болбой, Айгүлдүн убактысы болсо режиссер колго тийбей дегендей. Өзү айтмакчы, жалкоолуктун торунан дале чыга албай жүрөт окшойт. Жакында өтчү туулган күнүн кайда, кантип белгилейм деген жагымдуу пландарга чөмүлүп жаткан кези.
Бегайым БАЙБОСУНОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??