presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сагыныч
Көптөн бери сени менен көрүшпөй көңүлүм суз. Мага сенин мээримиң, жылуулугуң, жагымдуу жылмайганың, төшөктөгү кумарга баткан учуруң жагат. Ойго батып, көз алдыма кайра-кайра элесиңди келтирип бөлмөмдө жалгыз отурам. Эшик акырын тыкылдаганда жүрөгүм сен экенин сезгендей туйлап алды. Мен ордуман тургуча эле кирип келдиң. Сенин жагымдуу, делебемди козгогон жытыңды сагынган элем. Дароо мойнуңа оролдум. Экөөбүз биртопко өбүшүп турдук. Ушул мүнөттөр таптакыр бүтпөсө кана. Аттиң...
Бирок... Бирок сен кайра үй-бүлөңө, аялыңа, балдарыңа кетесиң. Мени менен төшөк кумарына гана батуу үчүн келсең да, ушунчалык кыска убакытта өзүмдү дүйнөдөгү чексиз бактылуу аялзаты сезем. Экөөбүздүн төшөктөгү кумарыбызды эч нерсеге теңегим келбейт, сен да ушинтип айтасың. Өмүр бою сенин койнуңда жаткан аялың болуп калсам не. Анткен менен бул оюмдан баш тарткым келет. Себеби сен өтө аяр, аялдардын көз жаздымында калбаган жылдыздуу, сулуу жансың. Анда эле сенден биротоло кол жууп, азабыңды тартып, аялдардан кызганып жүрүп өтмөкмүн. Азыр сени менен анда-санда жолугуп, жалгыздыктын кучагында төрт дубалды тиктеп жаткан күндөрүм артык эмеспи деп кетем.
Шашып келиптирсиң адатыңча. Экөөбүз чай ичип, шашпай сүйлөшкөнгө да үлгүргөн жокпуз. Дароо эле дивандын үстүнө жаттык. Сени ушунчалык сагыныптырмын. Айттырбай туйгандай болдуң. Сени менен төшөк кумарына баткан ар бир секунд мен үчүн майрам экенин кайдан түшүнөсүң. Кээде отуруп сенден биротоло кол үзгүм келет. Бирок сендей өнөктөштү кайдан табам? Сенден балалуу да болгум келет, бирок сен менден балалуу болгуң келбесин айтканда бул ойдон баш тарттым. Баламды атасыз өстүргүм келбейт дедиң. Ага да макул болдум. Качанкыга чейин сени чеңгелимен чыгарбай кармап турат болдум экен, кызык. Мен сыяктуу үй-бүлөлүү эркектерди сүйгөн жаш кыздар көп болсо керек. Бирок алардын сезими менен эсептешип, түшүнгөн жандар аз. Баары бир экөөбүздүн жолубуз эки башка. Азыр да кетип атасың. Жандүйнөмдөгү уйгу-туйгу сезимдерди кантип сездирем...
Келем дегенсиң, азыр да күтүп отурам. Күтпөйүн, башкага алаксыйын дейм, анте албайм. Оюмда сенсиң. Сен гана мени жашоодо кармап тургандайсың. А сен...
Сезим, Бишкек шаары





Эротикалык эзилмелер
- Кечээ офицер ойношум келип кумарга катуу берилип кеткен экенбиз, аңгыча ал чыдай албай кыймылдаган сайын "раз-два... раз-два" деп кирсе болобу. Аркы үйдө жаткан кайненем угат деп менде жан жок. Же тиги анысын токтотсочу, хи-хи-хи...
Элвиранын аяшына айтканы

Өңү жакшы болгону менен буту ийри, ичке экен деп коем келесоо жаным. Деле майга жетпеген мышыктаймын. Болбосо отузга чыкканча эчак эле бир аял албайт белем десең.
Ары жок эркектин ою
Кайсы келесоолор эле айтат билбейм, "түн катып көчөдө жүрбө, тентек балдар жолукса зордуктап кетпесин" деп. Төрт жылдан бери жумуштан кеч чыкканда, кээде атайын күтсөм дагы кана ошондой тентек "зордукчунун" жолукканы.
Кара далынын кыялы





Справочный бүйрө
Жыныстык катнашта жугабы?
С.: - Герпес деген оору жыныстык катнаштан жугабы, же?..
Жаркынбек, 19 жашта
"П": - Герпес - бул вирустуу дарт. Башкача айтканда, суук тийүүдөн сезгенип да пайда болот. Ошондуктан жыныстык катнашта бирөөнөн бирөөнө жугушу мүмкүн. Албетте өтө коркунучтуу дарт болбосо да сөзсүз дарыгерге кайрылып кеңеш алган дурус.
Эмне кылам?
С.: - Жыныс мүчөм абдан кичине, ошондуктан аялдарга жологондон уялам. Мүчөнү чоңойтчу дарылар бар деп угам, анын зыяны жокпу?
Калдар, 21 жашта
"П": - Чындыгында жыныс мүчөнү жасалма жол менен чоңойтуп алса болот. Бирок бул убактылуу гана жарайт. Ар дайым жасалма жол менен чоңойто берип ошого көнүп калса, ансыз жыныстык катнашка жарай албай калышыңыз мүмкүн. Ошондуктан жыныстык мүчөнүн табигый абалынан өтөрү жок. Эң негизгиси, аялды дүүлүктүрө билип, сексуалдык канааттануу бералсаң чоң-кичине айырмасы билинбей деле калат.
Мастурбация көп кылам...
С.: - Дайыма жыныстык катнашта болчу өнөктөшүм жок болгондуктан мастурбация көп кылам. Бирок оргазмга жеткенден кийин денем кычышып чыкчу болду. Бул эмнеси?
Тургунбек, 28 жашта
"П": - Табигый жыныстык катнашта болбой мастурбация кылган үчүн оргазмга жеткенде терс реакция болуп атышы мүмкүн. Андыктан дарыгердин кеңешин алганың оң. Анын зыяны - импотенцияга алып келиши ыктымал.
Чалкандын ширеси пайдалуубу?
С.: - Бойго бүтүрбөө үчүн эркек чалкандын ширесин ичсе болот деп атышат, ушул чынбы?
Надира, 22 жашта
"П": - Жыныстык катнаш болор алдында эркек чалкандын жалбырагын сыгып согунан ичип алса сперматозоиддер алсыз болуп, активдүүлүгүн жоготот. Бирок бул бойго бүтүрбөөгө 100 пайыз кепилдик бербейт. Учурда бойго бүтүрбөөчү заманбап дары-дармектер көп. Андыктан адистен кеңеш алып, ишенимдүү каражат колдонгонуңуз оң.
Эркекке эңсөөмдү кантем?
С.: - Эрте жесир калып, эки жылдан бери эркекке жолой элекмин. Акыркы күндөрү белим, табарсыгым көп ооручу болду. Бул эмнеси?
Жанара, 37 жашта
"П": - Көпкө чейин жыныстык катнашта болбой калган аялзатынын эңсөөсү, дүүлүгүүсү канбагандыктан фрустрацияга кабылышы мүмкүн. Фрустрация башталганда белинен ылдый ооруй баштайт. Ошондой эле көңүлү чөгүп, ачуулуу болуп, өзүн начар сезе баштайт. Жок дегенде жумасына бир-эки жолу жыныстык катышууда мындай нерсе жоголот. Андыктан сексуалдык канааттанууңузду кандырбасаңыз башка ооруларга да чалдыгып, бат улгаярыңызды унутпаңыз.






Айымдарга аста кеңеш
Т
өшөк кумарына батып аткан кезде мырзаларга айымдардын кайсы кылыгы жакпай турганын сексопатологдор изилдеп чыгышкан. Андыктан мырзаларга жаккыңыз келсе төшөк кумарында төмөндөгүлөргө көңүл буруңуз.

1. Төшөктө кыймылсыз, көзүн жумуп, аракети жок аялдарды эркектер жек көрүшөт. Өтө аша чаап онтогон аялдарды да жактырышпайт. Андыктан сүйүктүү мырза менен жатканда аны кандай каалап атканыңызды жагымдуу жеткириңиз.

2. Кумарга батып жатканда көп сүйлөгөн аялдарды жактырышпайт. Ошондуктан бүтпөгөн сөздү секске чейин же андан кийин айтканыңыз оң. Сүйүү кумарында башка темада сүйлөгөн аялдарды эркектер кемсинтип аткандай туюшат.

3. Аялдардын чачынын жасалгасы, макияжы бузулуп калат деп сактанганы, жанында жаткан мырзанын жасаган эротикалык аракетине кош көңүл карагандай таасир калтырат. Сүйүү кумарга канган аялдын жүзү канчалык сулуу болорун билиңиз.

4. Мырзалардын эрогендик зоналарын билбей, анын денесин ирээтсиз сыйпалай берүү эркектердин кыжырын кайнатат. Алар мындан канааттануу албайт. Ошондуктан анын жыныс мүчөсүнө дароо эле кол салбай, башка зоналарын акырындан сылап билишиң керек.

5. Төшөктө соодалашып, сен тигини сатып берсең, мен сага укмуш секс көргөзөм дегендерди эркектер жек көрүшөт. Башка учурда соодалашса болот, бирок секске келгенде андайды токтотконуң дурус.

6. Абдан уялчаак, тартынчаак өспүрүм кыздардай кылыктанган аялдар эркектерге анча жага бербейт. Мырзалар айымдан сексуалдуу канааттанууну кысынбай алгысы келет. Эгер эркек айымдын көзүнөн уялчаактыкты көрсө, баарын калтырып кетип калышы да ыктымал.

7. Чоң энеңдин ыштанындай калың ич кийим кийүүдөн кач. Аялдагы ич кийим оңой чечүүгө ыңгайлуу жана сексуалдуу болушу шарт.

8. Эч кандай демилге көтөрбөй, төшөктө кайсы ыкма жагып атат, кайсы жакпайт, кыймылдабай сулк жата берген аялдарды жыгачка теңешет.

9. Мурунку өнөктөштөрү жөнүндө төшөк маалында айымдар ооз ачпашы керек. Антпесе эркектин каалоосу төмөндөп, кызганычы күчөп, сексти аягына чыгарбай басып кетиши мүмкүн. Айымдар кандай гана учур болбосун дайыма сырдуу, табышмактуу көрүнгөнү оң.

10. Тилекке каршы, эркектердин көбү оралдык сексти каалашат. Ушул ыкманы аткарбаган айымдарды да мырзалар анча жактыра беришпейт экен.


Даярдаган Жамал МАЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??