presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жаңырык

Рахат Аксултанова:
"Тандап жүрүп тазга жолугуудан корком"
Талас-Бишкек каттамы боюнча иштеген таксисттер "ушундай ат менен тартылган тасмадагы Лоланын образын жараткан Рахат аттуу кыздан интервью алып, ал жөнүндө кененирээк маалымат бересиздерби. Биз бир гана анын бойдок экенин, жакында 26га чыгарын жана турмушту жакшы билген тарбиялуу кыз экенинен кабар алдык. Жаңыдан жылдызы жанып келе жаткан жаш талант жөнүндө узакка созулган Талас-Бишкек каттамында жүргүнчүлөр менен сөз кылганда айтаар сөзүбүз аз болуп калып жатат. Телевизору бар машинелер бул тасманы сөзсүз сапарлаштарына коюп беришет. Алты сааттык жолду арбытуу үчүн көбүнчө айдоочу сөз баштап, эл улап турчу эле, акыркы күндөрү кызуу талкууга алынган тасмада ушул кыз эмнегедир жаш жигиттердин жүрөгүнө чок салып жатат" дегенинен Рахат айымды таап, аны менен жакындан тааныштык.

- Рахат, "Талас-Бишкек" тасмасында жигиттерди кафеге "сындырган", бетине маска жасап өзүн аябай караган шаардык эрке кыздын образын жараткансыз. Бул тасмага, деги эле кино тармагына кантип келип калдыңыз?
- Башында мен Лоланын курбу кызы Элизанын ролун аткарышым керек эле. Анан бир кадрда ич кийимчен көрүнө турган жери болгондо мен дароо баш тарттым. Анткени мени тарбиялап жүргөн адамдардын алдында өзүмдү ыңгайсыз сезеримди ойлодум. Анүстүнө Лоланын ролу кичине шогураак кыздыкы болгондуктан, мен аткарып көрсөм эле режиссерго жага түштү. Негизи терс каармандын же элге жакпай турган адамдын ролун аткаруу баарынан оор. Ошол себептен тасманы жакшы түшүнгөндөр талантың бар экен деп көңүлүмдү көтөрүп коюшту. Алгачкы жолу киного "Аят" тасмасы тартылганда кадам таштагам. 300 кишилик кастингден өтүп, эпизоддук роль болсо да бала кезден киного тартылсам деген кыялымдын орундалганына кубанып ушуну менен болду го деп жүрсөм, бир күнү "Кыргызфильмден" "Талас-Бишкектин" уюштуруучулары телефон чалып калышты. Сизди "Аят" тасмасынан көрдүк эле, эпизоддук роль болсо да мыкты аткарыптырсыз, биздин тасмага тартылуу ниетиңиз болсо видеопробага келиңиз дешти. Ошентип белгилүү адамдардан кыскача мастер класстарды алып жүрүп актриса деген атка кондум. Бирок баарыбир бир тармакты катыра билиш үчүн толук билим алыш керек экен деген ойго келдим.
- Сизге ашык болгондор көп экен. Жашыңыз деле ойлоно турган куракка келип калыптыр. Кандай сапаттагы жигитти кезиктире албай жүрөсүз?
- Мен негизи кичине эле жактыруу сезими пайда болсо сүйдүм-күйдүм деп турмушка чыгып кеткен кыздардын катарына кирбейм. Курбуларым да сен сүйүү эмне экенин билбейсиң деп калышат. Мен сүйүүнү жакшы билем. Ошол себептен сүйүүнү биринчи орунга койгон адамдарды баалайм. Мисалы, Алыкул Осмоновдой сүйүүнүн баркына жеткен инсандарга таазим этем. Ошентсе да биртоп жылга алдыга көз жүгүртүп, ушул жигит менен турмуш курсам мындай учурда кандай болот деп анализ жүгүртүп, ушунчалык сүйүп турсам да бекем үй-бүлө курууга көзүм жетпесе дароо ал адамдан кол үзгөнгө аракет кылам. Буюрса, турмушка чыкканымда ошол адам менен өмүр бою бирге болууга көзүм жетип туруп, анан кол кармашам. Бирок балдар үчүн, анан эл сөз кылат деген шылтоо менен эмес, канча жыл өтсө да бири-бириңсиз тура албаган сезим менен бирге болгум келет. Ошол себептен тандап жүрүп тазга жолугуудан корком.
Ал эми жигиттер жөнүндө айтсам, мага эң биринчи орунда анын тарбиясы маанилүү. Жакындарын, өзгөчө аялзатын, апасын, карындашын, эжесин, жеңесин сыйлап турган мырза гана өзүнүн өмүрлүк жубайын сыйлап өтө алат. Жараткан ар бир адамды көөп кетпесин деп бирден кемчилиги менен жаратат экен. Ошол кемчилигинин үстүнөн иштеп, аны оңдогонго же жаап-жашырганга аракет кылган адамды сыйлайм. Айрым адамдардын тышы сулуу, ал эми ичи андай эмес. Башкача айтканда, кыялы өтө начар. Бирок ошондой адамдар да өзүн кармап жүрө алат. Күнөөсүн моюнга алгандарды сыйлайм.
- Татынакай жаш кыздар белгилүү болуп чыга келгенде эле байлар, саясатчылар тузак жая башташат. Сизге да кызыккандар болсо керек?
- Биринчиден, мен өзүмдү азыр белгилүү деп эсептебейм. Анткени мен катышкан тасмаларды көргөн адам эле тааныбаса, эч ким көңүл деле бурбайт. Бирок сиз айткандай жашы улуу, өзүнө ишенгендер сөз айтып, таанышканга аракет жасап калышат. Мен кичине эркек мүнөз болгондуктан дароо эле кагып коем. Мен үчүн көпчүлүк кыздар кыялдангандай бай күйөө, "особняк" үй, кымбат баалуу машине, жеке сулуулук салону эмес, сүйүү, бактылуу үй-бүлө биринчи орунда турат. Эки бөлмөлүү үйдө жашасам да жүрөгүмө тили өткөн, көңүлүм каалап турган адам менен өмүр сүрсөм, бала-чакага курчалып, бири-бирибизди сүйүп турсак, мага ошол бакыт. Адамдын ырыскысы өлгөндө түгөнөт. Тирүү адам эч убакта ач калбайт. Андыктан байлыгы менен мени эч ким сүйдүрүп ала албайт деп ишендире айта алам.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




Бейшебай Усубалиев
Кашык
(аңгеме)
...а без чистого сердце - полного, правильного сознания не будет.

(Ф. Достоевский)

(Башы өткөн санда)
- Ой, кашыгың эмне дейм!
- Эх... билбейсиң да... Кашык менен эле... Биз деле кашык менен эле... - Макем чочугандай тып токтоду да, үндөбөй калды.
- Кашыгың эмне? - дедим мен кайра.
Макем кыйлага үндөбөй ойлонуп жатты да:
- Эх! - деп алып чечилип сүйлөп кирди. - Анда үчүнчү курста болчумун. Окуу баштала элек. Августтун аягы. Үйдөн шаарга жаңы эле келгем. Рабочий городокто Мелис деген классташым экөөбүз квартирада турчубуз. Орустун бир комнат бөлмөсү. Тоокканадай эле. Бир күнү эртең менен чай ичип отурсак эле классташыбыз Азамат кирип келбеспи. Колунда жип сетка, ичинде шагыраган винолор. Ичтик. Бүткөндөн кийин эле Азамат айтып калды: "Жүргүлө, кеттик, атасынын көрү". "Кайда?" дедик биз. "Балыкка..." "Кайсы балыкка? Азыр кайдагы балык?" "Келесоолор, - деди Азамат. - Кыздарга дейм, кыздарга... - Азыр окууга жаңы кыздар келишти. Онду жаңы эле бүткөндөр. Кайырмакка оңой эле илинет" Жөнөп калдык, Азаматты ээрчип. Шыдыр эле он жетинчи училищеге келдик. Жанагы кийим тиккендерди окуткан училищечи, ошого... Тим эле жайнайт, кыздардан баш адашат. Азамат желмогуз да, карт бөрү да... Мен азыр деп коюп жөнөп кетти да, заматта үч кызды ээрчитип жетип келди. Кантип таанышканыбызды билбейм, иши кылып тааныштык окшойт. Киного кирдик. Азамат билдирбей улам-улам бизди карап көзүн кысып коёт. Кинодон чыккандан кийин кыздар кетебиз, кечиксек, жатаканага киргизбей коёт деп туйлай башташты. Кайран Азамат бал тилге салып чайкап жатат, чайкап жатат: "Эмне, азыр эрте эле да. Биз анан өзүбүз жеткирип коёбуз. Эч бир коркпогула. Биздин деле силердей карындаштарыбыз бар. Жүргүлө, ыр угабыз. Жаңы эле магнитофон сатып алганбыз. "Алтын шакекти" угабыз. Ой сонун ыр да!.." Дагы, дагы... Айтор, акыры көндүрдү кайран желмогуз. Үйгө келдик, баягы тоокканабызга. Үйүбүздүн кейпин көрүп эле кыздар кайрадан кетебиз дей баштады. Коркушту окшойт. Анын үстүнө биздин үйдө магнитофон эмес ташбалакет жок да. Магнитофонубуз болсо ошол орустун жаман сасыган кепесинде кор болуп жүрмөк белек. Кайран Азамат эрди эрдине тийбей жайкап жүрөт: "Магнитофонубузду коңшу балдар сурап кетти эле, азыр келип калат. Биз чай ичип бүткөнчө..." Бизде кайдагы чай, чай түгүл чайнегибиз да жок... Жаман куудураган дасторконубузду жая салдык да, катыган наныбызды үстүнө коё койдук. Анан вино... Калган эчтекебиз жок. Канчалык кыйнасак да кыздарыбыз ичпей коюшту. Атасынын көрү, биз өкүртүп жатабыз. Кыздар "кетебиз, кеч кирип кетти" дешет чыйылдашып. Азамат болбойт: "Бышып жаткан тамакты таштап кеткен болбойт, мына, азыр даяр болуп калат." Кайсы тамагын айтып жатат деп Мелис экөөбүз бири-бирибизди суроолуу карап коёбуз. Винолор да бүтөйүн деп калды. Кыздар да кеткени ордуларынан тура башташты. Азамат: "Биз азыр... - деди аларга, - силерди узатып коёбуз... Биз азыр..." Анан бизди карап жүргүлө дегендей эшикке башын жаңсай, көз ымдады. Жабыла эшикке жөнөдүк. Чыктык. Биртоп эле барбыз. Абдан эле мас болсок керек. "Кыласыңар!.. - деди ал шыдыр эле. - Ким кылбаса ал эркек эмес, катын! Сүйлөштүкпү, келе колуңарды..." Кол алыша кеттик. "Ким кылбаса... - деди ал кайра, - ал катын! Жигит эмес. Анын бетин экинчи карамай жок..." "Болбой коюшсачы?" деди Мелис. "Болтурабыз!" деп өкүрдү Азамат. Анан бөлүшө баштадык. Кыздардычы. Мага Айшакемди беришти.
- Айшакең ким?
- Айшачы. Менин аялымчы.
Сөзсүз кылабыз деп дагы бир жолу кол алыштык да үйгө кирдик. "Кыздар, - деди Азамат үйгө кирери менен эле өкүм. - кетпейсиңер! Кетпейсиңер дедимби, кетпейсиңер!.. Анүстүнө автобус да токтоп калды... Рабочий городоктон жатаканаңарга жеткенче..." "Жөө деле кете беребиз" деп чуулдашты кыздар. "Кетпейсиңер дебедимби, кетпейсиңер, - деп ого бетер өкүрдү Азамат. - Эмнеге келдиңер эле, ыя, эмнеге дейм! - Өзүнө келе калды да кичине жумшара. - Бу жерди билесиңерби, бу жер орустардын уюгу. Орустар бизге күн көрсөтпөйт. Азыр алардын балдары көчөдө самсып жүрүшөт. Мындай чыгарыңар менен эле алардын колуна түшөсүңөр. Анан белгилүү да. Зордукташат... Бирдеме деп каяша кылып көргүлөчү, кескилеп салышат. Кескилеп дейм! Андан көрө..." Муну укканда кыздар үрпөйүп коркуп калышты. Мостоюп эле бири-бирин карашат байкуштар. Тим эле кыймылдагандан корккондой. Бир маалда бышактап ыйлай башташты. "Ыйлабагыла!..- дейм деди Азамат жаман үстөлбүздү болгон күчү менен бир муштап. - Үнүңөрдү чыгарбагыла дейм... Болбосо баарыбызды үйдөн кубалап чыгат. Жети түндө темселеп кайда барабыз анан... Орустарга жем болобуз да, ыя..." - деди да Мелис экөөбүзгө суроолуу карады, биз үндөбөй баш ийкедик. Азамат мага буйра кетти. - Сен төшөктү салгының, жанагыдай салгының, уктуңбу, жанагыдай. Биз кыздарды эшикке чыгарып келебиз.
Алар чыгып кетишти. Бизде кайсы ырыстуу төшөк бар дейсиң, бир-эки төшөктү астыбызга жая салдым да, үстүнө жыртылайын деп калган шейшептерди ыргытып койдум. Колхоз төшөк болуп эле жатып калды. Аңгыча тигилер киришти шагырашып. Азамат менен Мелис эшиктен эле сүйлөшүп келишкенби, өз кыздарын шап колдон алышты да, ай-буйга келтирбей эле чогуу жатып алышты. Шыдыр эле будалай кетишти. Кокоюп Айшакем экөөбүз калдык. Эмне турасыңар! - деп кыйкырды мага Азамат. - Өчүрбөйсүңөрбү да жатпайсыңарбы, мышайт этпей. Мен басып барып светти өчүрдүм. Айшакем каршылык деле көрсөткөн жок. Жаттык. Ал денесин жыйрып жатканын гана даана сезип турдум. Анан... Убада бар да... Кылабыз дегенчи... Сөзсүз. Асыла баштадык. Эмне деп сүйлөп атышты, жалынып жатышты, ыйлап жатышты, билбейм, айтор, так түйүлүп болбой коюшту. Бир маалда шак эле дей түштү, Азамат кызды бир салды окшойт. Анан ордунан шак туруп светти күйгүздү. "Тургула!.." деп айкырды дейсиң, кыздар ордуларынан атып эле турушту. Мелис экөөбүз да атып турдук.

(Уландысы бар)







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??