presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Мухтардын аманаты аткарылды
Эгер "Замандаш" партиясынын төрагасы Мухтар Өмүракуновдун көзү тирүү болгондо бул иштерди өзү жасамак. Жакында партиялаштары анын аткаралбай кеткен аманатын аткарышып, түштүктү түрө кыдырып былтыр курман болгондорго куран окутуп чыгышты. Партиянын теңтөрагасы Сапарбек Асанов Кара-Суу РИИБнин мурдагы башчысы Адылбек Султановдун ага-тууган, үй-бүлөсүнө, анын айдоочусу маркум Уран Шамурзаевдин да үй-бүлөсүнө өзгөчө көңүл бөлүштү. Андан кийин Оштогу "Ак-Ордо" кафесине өлгөндөрдүн 400дөй жакын адамдары чакырылып куран окутулуп, мындан ары элди ынтымакка, сабырдуулукка үндөштү.
Жалал-Абад шаарындагы "Ак-Ниет" кафесинде да ушундай иш-чара өткөрүлдү. Буга КР Ички иштер министринин орунбасары Мелис Турганбаев да катышты.


АШАны кимдер чана башташты…
Жакында "Нур" аталыштагы либерал-демократиялык партиясы "көз жарат". "Ымыркай" партиянын төрайымдыгын Элиза Саяк кызы аркаламакчы. "Нурдун" негиздөөчүлөрүнүн 80%ы КСДП өкүлдөрү экени эмнени билдирет? Алар лидери Алмазбек Атамбаевге катуу нааразы болгондон улам минтип өз алдынча партия түптөп, президенттик шайлоодо ага каршы турууну пландашыптыр. Санаалаштарынын жолбашчысынан көңүлү үч көчкөн журттай калганына караганда кайран АША "косяк" кетирген окшобойбу.

Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт
Математика илиминде ушинтип айтылат. Мындай аныктама бүгүнкү бийликтин кадр саясатына куп жарашчудай. Дегенибиз, жакын арада Социалдык фонд төрагалыгына аталган мекеменин мурдагы жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакиевдин "кол баласы" Таалайбек Таткулов ат айланып казыгын тапкандай кайтып келери байкалып калды. Эгер ал "ээрге" минсе, азыркы төраганын орунбасары Теңизбек Абжапаровдун багы бажырайып ачылат экен. Себеби Теңизбек мырзаны тээ илгери Соцфондго Таалайбек агасы жетелеп келип отургузган дешет. Ошол күндөн бери ага-инилик мамиленин ысыгы сууй элек. Ал ортодо Мухаммедкалый Абулгазиевдин мурдагы 1-орунбасары Нусупбек Кылычбеков шефин "соцфонддун пенсияны борборлоштуруп дайындоо башкармалыгынын эки тизгин, бир чылбырын карматпасаң "кашаңды чыгарам" деп коркутуп туру. Мындай орун алмашуудан эгерим эч нерсе оңолбосу турулуу иш эмеспи.

Кыңыр иш кырк эле күндө
Өткөн айда "Бактыгүл айымдын "баатырлыгы" аттуу куш тилиндей кабар жарыялаганбыз. Ага Улуттук банк (УБ) төрайымы Бактыгүл Жээнбаева чычалап редакциябызга алакандай кат жөнөтүптүр. Анда Бактыгүл айым Михаил Наделден эч кандай доо арыз түшпөгөнүн баяндайт. Макул, муну азырынча төгүнгө чыгардыңыз дейли, бирок Наделдин "УБ калп айтмай боюнча дүйнө чемпиондугуна талапкерлигин койсо болот. Банк жетекчиси дайыма "Азияуниверсалбанкынан" акча чыгарылып кеткендигин көп айтат. Арийне, бир да жолу акча эмне үчүн, кайда чыгарылып кеткенин анын оозунан уга алган жокмун" дегенине кандай жооп узатасыз? Михаил мырзанын салам дубайы жеке гана сизге эмес, Ак үйдүн 7-кабатындагы "подружкеңизге" жолдонгону тар чөйрөдөгүлөргө дайын. Андыктан азырынча акыйнек айтышпайлы, чыркыраган чындык чыгарына аз калды, урматтуу Бактыгүл Жаныбековна. Баса, "Жаңы Агымдын" башредактору мырза эмес, айым экенин эсиңизге салып коелу.

Ак үй акча жасаганды билет
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакчиев менен спикер Ахматбек Келдибековдун Москвага жасаган жашыруун сапарынын сырын ачканга аракеттендик. Жеке булактан алынган маалыматка таянсак, кыргыз аткаминерлери Россиядагы үлкөн фирмалардын бири менен көшөгө артынан соодалашып, паспорт жасоо укугун ошол компанияга ыйгарышы мүмкүн. Ал эми адистер паспорт бизнесинен миллиондогон "жашылбайлар" түшөрүн эбак эсептеп чыгышкан. Көрдүш, Ак үй, Көк үйдөгүлөр кай жерден акча жасашты мыкты билишет.

Наримандан "кош кулак"
Күнү кечээ жеке ишкер Гүллаб Шах Мухаммед Акбар мамлекеттик "Темир" ишканасында коррупция гүлдөп баратканын жар салды. Анын айтымында, "Темирдин" жетекчилиги кыбыр эткендин баарына эле оңбогондой каражат талап кыла берет экен. Директордун ишкананы каалагандай калчашына ЖоКедеги таасирдүү фигура шыкак берүүдө дешет билгендер. Ал ким десек, экс-президенттин "уулу", "ата журтчу" депутат Нариман Түлеевдин кулагы калдайып чыгып атпайбы…

Жээнбеков эл болбойбу?
Жалал-Абад шаардык кеңеши менен мэр Максат Жээнбековдун ортосундагы тиреш апогейине жетти. Жергиликтүү кеңештин депутаттары премьер-министрге жолдогон кайрылуусунда Жээнбековду кызматтан алуу сунушун айтышкан. Алардын бу аракети жүзөгө ашчудай. Себеби, шаар башчысынын кекиртегине тыгылган сөөктөй болгон үч кылмыш иши кайрадан жанданганын кулагыбыз чалды. Анын негизинде Максат мырза кызматынан кетип эле тим калбастан, эркиндигинен ажырашы толук ыктымал.

Садыков сага эмне кылды?
Жаңы коалиция түзүү процесси сагыздай чоюлуп баратыр. Анткени "республикачылар" менен "ата журтчулар" "Ар-намыс" фракциясынан чочулап мүмкүн болушунча "темир генералдын" командасын "үйүргө" кошпоого жандалбастоодо. Анүчүн КСДПдан көрсөтүлгөн министрлик, агенттик жетекчилерин кысмакка алышкан кербези. Маселен, "Республика" фракциясы билим берүү министри Канат Садыковду "пошел" кылууга катуу киришти. Минтип отурушса өкмөттү өргө эмес, көргө сүйрөшөт го.

Бектурда кайдагы "бомба"?
Июнь коогалаңын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу парламент жыйынында кызуу талкууланды. Айрым чиновниктер эмоцияга алдырып, "сен күнөөлүү, жок тигил күнөөлүү" деп бири-биринин былыгын чукуганга чейин барышты. Сөз арасында Жалал-Абад губернатору Бектур Асанов "менде "бомба" бар, азыр жардырам" деп атып эле кийинчерээк шалпайып отуруп калганы. Көрсө, башбакан Алмазбек Атамбаев менен УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев "бомбаңды" ката тур, болбосо өзүңдү "жардырып" коебуз таризинде Асановдун алласын оозунан түшүрүптүр.

Эркиндик баасы 400 миң доллар
Улуттар аралык жаңжалды уюштурду деп айыпталып, издөөдө жүргөн Жалаллидин Салахудинов эркиндиги үчүн кыргыз аткаминерлеринин бирине 400 миң доллар "белек" кылганы боюнча маалыматыбыз бар. 400 миң "жашылбай" кимдин алкымын "майлады" экен: экс-башпрокурор Байтемир Ибраевдинби же "үч тамга" лөгү Кеңешбек Дүйшөбаевдинби ?

Прокуратура силерсиз эле билет
"Жаңы Агымдын" 20-майдагы санында "Ататүрк" сейилбагына караштуу аймактан жер алган адамдар премьердин командасындагы таасирдүү адамдын тилин таап, ага 2 млн. доллар чогултуп бергени туурасында кеп кеткени кабарланган. Буга байланыштуу өкмөттүн басма сөз кызматы бизге кайрылып, 2 млн. долларды ким "жегенин" тактап бергиле, биз бул боюнча прокуратурага кайрылалы дейт. Биринчиден, "Ататүрк" сейилбагы, андагы особняктар тууралуу, ортодогу миллиондор тууралуу азыр бир нече сот инстанцияларында процесстер жүрүүдө. Экинчиден, өкмөттүн басма сөз кызматы көктөн түшкөнсүбөй, бул иштердин бардыгына мурдатан бийлик өкүлдөрү аралашкандыктан ушундай чууга айланганын билбейби. Айтмакчы, прокуратура органдары ансыз деле бул иштерге кийлигишип атканы жөнүндө кабарыбыз бар. Бизден кийин дагы биртоп маалымат каражаттары ушундай эле өңүттөгү маалыматтарды кеңири басты. Так что, тактоочу органдар силерди ортомчу кылбай эле өз ишин аткарышууда.

"Жаңы Агым" - пресс



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??