presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  МИҢ ТҮРКҮН АДАМ

Роналдо
Бир убакта жаш балдар чачын кырдырып, көкүл калтырып мен Роналдомун деп жүрүшпөдү беле? Дал ошол Роналдо 34 жашында футбол менен кош айтышты. Өлгөн жок. Ашыкча салмак кошо берип топко буту тийбей калганда абийирим барда эс алайын деп Бразилия курама командасына акыркы беттешин өткөрдү. Румыния менен болгон достук беттеште оюндун 30-мүнөтүндө талаага чыгып, 15 мүнөт колунан келишинче өнөрүн көрсөттү. Биринчи тайм бүткөндө Румыния менен Бразилиянын футболчулары легендарлуу спорт жылдызын тирүү коридор кылып узаталы десе, көзүнө жаш алган Роналдо Бразилиянын желегин жамынып, стадионду айлана чуркап күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.
Роналдо - 2 жолку дүйнө чемпиону, дүйнөлүк биринчиликтеги беттештерде киргизген голдун саны боюнча бомбардир. Бразилия курамасына 98 оюн өткөрүп, 62 гол жараткан. 1996, 1997, 2002-жылдары дүйнөнүн "мыкты футболчусу" болуп табылган. Ал атактуу "Барселона", "Интер", "Милан" жана "Реал" клубдарында мыктылыгын далилдеген.

Мэри Пончин
"Кары келсе ашка, жаш келсе ишке" деп коюшат кыргыздар. Америкалыктар антип ойлошпойт тура. Аларда "иштеген тиштейт" деген мыйзам күчүндө экен. Род-Айленд штатынын Уорик шаарында медициналык борбордун сурап-билүү бөлүмүнө 97 жаштагы Мэри Пончин аттуу кемпир ишке орношту. Ал талапкерлердин ичинен өзүнүн кругозорунун кенендиги менен айырмаланып тандалып алынган. Биринчи жолу 1930-жылы официанттык кызматка кирген Мэри кесибин алмаштырып отуруп, акыры ооруканага да жетти.

Кит Уилан
Дүйнөдөгү болгон ири сууларды сүзүп өтүп жүрүп атагы чыккан деңиз саякатчысы Инди океанынын ортосуна келгенде толкунга башы менен урулуп, катуу жаракат алгандыгын билдирип, Австралиянын куткаруучулары тарабынан кургакка чыгарылды. Рекорд кое албаган Кит мырзанын бул жоругу атына заты жарашпай калгандан кабар берди. Ошентсе да 29 жаштагы рекордчу жээктен 600 километр алыстап кеткени аныкталып, баарыбир рекорд койгону айтылды.

Алекс Пеллинг
Британиялык жазуучу Алекс Пеллинг менен жубайы Лиза Грант дүйнөнүн 30 өлкөсүндө ошол жактын салты боюнча той өткөрөбүз деп жатышат. Бул үчүн Алекс мырза өзүнүн бизнесин сатып, эки жыл короторун айтты. Жөн эле үйлөнүп албайлыбы десе Лиза тылтыңдаган экен, мына сага деп туруп ушундай сүйрүприз кылып жатыптыр. Азырынча Кытай, Түштүк Африка, Марокко, Таити жана Канадага барышары белгилүү болду. Калган өлкөлөрдү саякаттын жүрүшүндө кокусунан барып аныктайбыз дейт. Кытайга келгенде Кыргызстанга башбагып калып, сүйгөнүнө калың төлөп, жеңелерге акча кыстарып той өткөрүп калышса, "атаң барбы, апаң барбы, айтып койчу танцага" деп уят кыла көрбөгүлө. Себеби, алар экөө эле дүйнө кыдырып жүрүшөт. Баса, барган жеринен кайната, кайын журтту, конокторду жалдап алат имиш.




  ДҮЙНӨКҮН


БЕТДҮЙНӨ. Учурда социалдык желелер аябай популярдуулукка ээ боло баштады. Дүйнөдө эң көп интернеттеги достору менен Израилдин тургундары сүйлөшүп отурса, экинчи орунга окемдер чыгышты. Окемдерди туураганды жакшы көргөн кыкемдер бул тизмеде артта эмес. Айтчу сөз башкада. Улам бири-бирине атаандашып өздөрүнүн сайттарын кооздоп жатышкан социалдык желелерде күн сайын ачылыш. Эми Фейсбуктун колдонуучулары кандай гана сүрөт жүктөшпөсүн компьютер өзү эле бул баланча деп таанып коет экен. Сүрөттө тааныш үчүн албетте адамдын бети болуш керек тура.

ЖҮНДҮЙНӨ. Денесиндеги жүндөрү менен атагы чыккан жаңы-зеландиялык меринос породасындагы Шрек аттуу кой 16 жашында о дүйнө кетти. Жүрөгү кармап калган атактуу койдун жылдыз сааты 2004-жылга туш келет. Ал мезгилде короодон кетип калган кой бир нече жыл тоодо жүрүп, болуп көрбөгөндөй жүнгө ээ болуп, кайра адам баласынын колуна түшкөн. Ошол учурда Шректен 27 килограмм жүн алынып, аны кыркуу борбордук канал аркылуу көрсөтүлгөн. Эң кызыгы, бул койду кадимки адамдарды түбөлүк сапарга узаткандай иш-чара менен көмүшөт экен.

СҮЙДҮЙНӨ. Малайзиянын Куала-Лумпурунда тил алчаак аялдардын клубу ачылды. Алар бул клубда бири-бирине сырлары менен бөлүшүп, ар кандай ашкана, сулуулук, төшөк сырларын үйрөнүшүп, күйөөсүнө жага турган аял болуу үчүн болушунча аракет көрүшөт. Алардын ою боюнча аялдар өздөрүн тарбиялабаса, эч ким жакшы күйөөсүн бербейт экен. Бул жакка жазылган кожойкелердин күйөөлөрү өздөрүн бактылуу сезишип калганын айтышты. "Жакшы аял жаман эркекти жакшы кылып, жакшыны хан кылат" деп илгери эле ата-бабаларыбыз малайзиялыктар эсине келгиче эле айтып кеткен. Ошону эске алып кыргыз аялдары да күйөөлөрүнө жага турган аракетти көрүшсө, ажырашуулар азаят беле деген суроо туулат.

САНДҮЙНӨ. 22 жаштагы АКШнын тургуну Стэйша Рэндалл Гиннестин рекорддор китебине кирүү үчүн денесин 3200 жерден тештирип, пирсинг жасатты. Алгач бу сулуу 3600 жолу тештиргенге макул болгон экен, кийин чыдабай баратканын айтып 3200 деген санга токтогон. Анткени буга чейинки рекорд 3100 деген санда токтоп туруптур. Пирсингдин мындай түрү плей-пирсинг деп аталып, атайын жасалганы тагынуу үчүн эмес, тырыктын саны менен бааланат экен.

ОДҮЙНӨ. Калифорниянын 41 жаштагы тургуну жашоодон ушунчалык түңүлүптүр, эй. Ал Дуэрти шаарындагы эстокада-көпүрөдөн 10 жолу секирип түшүп өлбөй калган. Бул аракети үчүн ооруканадан ары камакка алып барышкан полисайлар Соломон Санчести жакшы таанып калышкан. 2003-жылдан бери 210-шоссенин бул көпүрөсүнөн жашоодон түңүлгөндө эле ылдый карай боюн таштаган жигиттин акыры планы ишке ашып, 11-жолкусунда көпүрөнүн астынан өтүп бараткан машинеге туш келип жан берди. Полисайлар келип эле дароо "а, бул баягы Соломон турбайбы" деп калчылдап турган айдоочуну сооротуп киришкен.

БИЛДҮЙНӨ. 81 жаштагы Феофил Дорошенко Одессанын Христиан гуманитардык-экономикалык университетинин теология академиясында магистрдик диссертациясын жактады. Дорошенко биринчи жолу 1981-жылы билим алууну максат кылып окууга тапшырып өтпөй калган. Экинчи аракетин 2003-жылы 74 жашында көрүп, ал да оңунан чыккан эмес. Быйыл бир да кишинин жардамы жок окуусун аяктаган абышка, мен окугандан башка эч нерсеге жарабай калдым да деп, дагы бир жогорку билим алууга ниеттенип жатканын айтты.



Пакистан . Кечээ эки күн катары менен АКШнын учкучу жок бомбалоочу учактары Афганистандын чек арасына жакын аймактагы террористтердин машыгуу базасын бомбалады. Ракеталык соккулардын жыйынтыгында алгачкы күнү 18, экинчи күнү 20 автомат кармаган сакалчан жок кылынды. Террористтердин жайгашкан жерин жана канча адам көз жумганын ошол аймакта жашаган жергиликтүү тургундар акча үчүн айтып жатышканы белгилүү болду. Айрым соккулар бейкүнөө карапайым адамдарга тийип жатканын расмий Исламабад айтып жатса да, АКШга тили өтпөгөнүн моюнга алууда.
Ливия. 7-июнда жеңилбес полковник Муаммар Каддафи өзүнүн 69-туулган күнүн белгилеп жатканда АКШнын учактары Триполидеги Каддафинин резиденциясына туулган күнү менен куттуктап 69 жолу авиасокку узатты. Жыйынтыгында 31 адам о дүйнө көздөй кете берсе, Муаммар Каддафи өзүнүн мамлекеттик телеканалы аркылуу "Батыш эч качан ливиялыктарды жеңе албайт. Келгиле мекендештер, "Баб аль-Азизия" резиденциясынын жанына чогулуп, тирүү дубал курабыз. Бейкүнөө адамдарды эч ким өлтүрө албайт" деп коргонуу аракетин көрдү. Ал учурда ливиялык Муаммардын каршылаштары ээлеп алган нефти базалардан АКШга алгачкы өзүнүн продукциясын сатууга жиберишти. Каддафи болсо тынч жаткан өлкөнү козуткандыгы үчүн жатып өлгүчө АКШны атып өлөм дегендей кептерин чыгарып атыр.
Германия. Аял киши башкарса ушул экен да. Өкмөт да аял кишидей коркок болуп калыптыр. Япониядагы кырсыктан кийинки радиациялык уулануу немистердин канцлери Ангела Мэркелдин жүрөгүнүн үшүн алган экен, 2022-жылга чейин өлкөдө бир да атомдук электрстанциялар калбасын деген тапшырмасын аткарууга киришти. Мунун алкагында өкмөт шашылыш жыйын өткөрүп, бул программаны тезинен ишке ашыруу чараларын баштоону талкуулады. Учурда 17 АЭСтин тогузу башка энергия булагы менен алмаштырылды. Калгандары 2023-жылга чейин орду түбү менен жок калат экен.
Россия. Санкт-Петербургда жол көзөмөлдөө кызматынын инспектору Ички иштер башкармалыгынын кызматкерин машинеси менен коюп кетип чоң ызы-чуу көтөрүлдү. Кызыл шапкечендер карга карганын көзүн чукубайт кылып койбойлубу деп жатышкан экен, андай болбоду. Анткени бул аймакта жол кырсыктарын дал ошол коюп кеткен 26 жаштагы ага лейтенант тергесе, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалангандарды берки жабыр тартканы тергечү экен. Ушул жерден бир табышмак эске түшпөй койбоду: эки инкассаторчу акча салынган сумкаларды көтөрүп качып баратса, артынан милиция кийимин кийген адамдар кууп баратышат. Бул жерден "кимиси кылмышкер?" деген суроо берилет.
www булактарынан даярдаган Кудрет ТАЙЧАБАРОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??