presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сот оңолбосо өлкө эгерим оңолбойт

Кыргызстанда кыргыздар гана ушундай кордолот!
(Уландысы. Башы 10-бетте)
Сатылгыч сотторго сурак болобу?
Албетте арам ой менен кызга кол көтөргөн Гюнеш Йылмаз өз жазасын алышы керек. Гюнеш Йылмазга жан тарткан Бишкек шаардык сотунун туура эмес чечимине нааразы болгон Чолпон КР Жогорку сотуна арыз жазган эле. 7-июнь күнү Жогорку сот бул ишти карап чыгып, Биринчи май райондук сотунун чыгарган токтому күчүндө калып, түрк жараны Гюнеш Йылмазды убактылуу кармоочу жайда отурууга чечим чыгарды. Ошол күнү Жогорку соттун жанына бир нече жаштар уюму атайын акция өткөрүп, журналисттер да чогулушту. Эмне үчүн кыргыз кызды уруп, денесине залака келтирген кылмышкерди боштондукка чыгарып жиберет деп "Л.Нарынбаева, Ж.Калыбекова, М.Бейшеновалар сатылган соттор", "Акыйкаттык барбы?" "Абийирибизди акчага сатпайбыз!" деп жазылган плакаттарды көтөргөн жаштар нааразычылыгын билдирип турушту. "Жаштар кеңеши" коомдук бирикмесинин өкүлү Мавлян АСКАРБЕКОВ буларды айтты:
- Кыргыз кыздын денесине оор залака келтирген түрк жаранынын кылмышына карабай, Бишкек шаардык сотунда иштеген биздин сатылма соттор Л.Нарынбаева, Ж.Калыбекова, М.Бейшенова эмне себептен мыйзамсыз боштондукка чыгарып жибергенин түшүндүрүп беришсин. Бул иш акыйкат каралсын деп акция өткөрүп атабыз. Ушу сыяктуу иштен былтыр Искра, Петровка айылдарында кандай ызы-чуу башталды эле. Улуттар аралык ызы-чуунун негизги себептери биздин ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана биздин сатылма соттордун иш аракеттери болгон. Ошондой эле көрүнүш ушул жерде да кайталанып жатат.
Чолпон Орозбаеванын жактоочусу Кантемир ТУРДАЛИЕВ:
- Жогорку соттун чечими менен Бишкек шаардык сотунун 10-майдагы аныктамасы алынып салынды. Кылмышкер эмнегедир өзү бул процесске келбей жактоочусун эле жиберген экен. Бул жарандык эмес кылмыш иши болуп айыпталып аткандан кийин Гюнеш Йылмаз өзү келиш керек болчу. КР Кылмыш-Жаза кодексинин 104-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык, мындай кылмыш жасаган күнөөкөр беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы керек.
Кылмышкер качса соттор жооп берсин
Бишкек шаардык сотунун чечими боюнча боштондукка чыккан күнөөкөр эми өз өлкөсүнө качып кетсе эмне болот деп акция уюштурган жаштар нааразы болушту.
Эгер Гюнеш Йылмаз сыртка чыгып кеткен болсо, Бишкек шаардык сотунун соттору Нарынбаева, Калыбекова, Бейшенова сыяктуу соттордун кызматтарына туура келери аныкталып, мыйзам бузулса прокуратура тарабынан текшертип, ушул үч сотту жоопко тартыш керек дейт акцияны уюштуруучулар.
Бул иштерге аралашып жүргөн адамдардын айтуусунда, Гюнеш Йылмаз өлкөсүнө качып кетиптир.
Биринчи май райондук сотунун судьясы Кымбат Аркарова:
- Бул иштин санкциясын карап, күнөөкөрдү СИЗОдо отуруу боюнча токтом чыгаргам. Бирок бул токтомго нааразы болгон күнөөкөр Гюнеш Йылмаз Бишкек шаардык сотуна арыз жазып, үй камагына чыгып кеткен. Бул 104-беренеге ылайык оор кылмыш болуп эсептелинет. Андыктан күнөөкөрдү үй камагына чыгарып жибербеш керек эле. Бишкек шаардык соту аны үй камагына кайсы мыйзамдын негизинде чыгарып жибергенин билбейм. Анүстүнө ал башка өлкөнүн жараны болгондуктан туруктуу жашаган жери да жок экен.
Министрден, шаардык соттон жооп күтөбүз
Ушулардан соң биз Биринчи май районуна караштуу №7 шаардык милиция бөлүмүнүн (ГОМ) жетекчиси Нурлан Сагыналиевге байланышууга аракет жасадык. Бирок Нурлан мырза журналисттердин берген суроосунан тажаганбы же айыпкер түрк жигитке жан тартканынын артында өзгөчө сыры барбы, айтор, бизге байланышкандан качты.
Бишкек шаардык сотундагы сот айым Людмила Нарынбаевага байланышканыбызда, "ушул журналисттердики өттү, эч кимге эч кандай маалымат бералбайм" деп телефондун ары жагынан кыйкырып жооп берди. Ал эми ошол процесске катышып, Гюнеш Йылмазды боштондукка чыгарып жиберген соттор Калыбекова эс алууда болсо, Бейшенова да журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартып, кечирээк чалгыла деп телефонду коюуга шашылды.
Биз Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев, Бишкек шаардык сотунун төрагасы жогоруда аты-жөндөрү аталган кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап, бул боюнча коомчулукка далилдүү маалымат берет деп ишене туралы. Ушу жерден КР президенти Роза Отунбаеванын журналисттерге жасаган кайрылуусу эске түшөт. Президент Кыргызстанда 450гө жакын сот бар экенин, азыр сот системасында реформалар жүрүп жаткандыгын, анүчүн кесибинде да, абийиринде да таза сотторду кызматка тартууга, абийири да, кесиби да ашмалтайы чыккандардын бетпардасын фактылар менен коомчулукка ачып берүүнү суранган. Биз президенттин өтүнүчүн аткарып жатабыз жана бул иштин акырына чейин өзүбүз да, окурмандар да бирге болуусуна убада беребиз.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА,
сүрөттөр автордуку

Пикирлерди мына биерге жазгыла >>>



  Жолтикен

Кызганычтан кыйылган өмүр

Үстүбүздөгү жылдын 31-майында таламандын тал түшүндө Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка айылынын жашоочулары оор кылмыш жасаган Володя Дворядкин тууралуу кабарлашкан. Окуя болгон жерге келген тартип сакчылары канга боелуп, эчак эле о дүйнөгө кеткен жашы элүүлөргө чамалап калган аялды көрүштү.

Володя менен анын жарандык никеде жашаган аялы Татьянын чогуу түтүн булатканына 12 жыл болгон. Ортолорунда баласы жок. Өзүнөн он жаш кичүү эрин Татьяна деле кызганчу эмес. Бирок эч жерде иштебейт, аялынын тапкан ташыганын жеп жаткан Володя анын ар бир баскан кадамын кызганып, бир нерседен шектене берчү. Кылдан кыйкым таап, кээде кер-мур айтышып гана тим болбостон мушташкан учурлар да болгон. Татьяна айылдагы бирөөлөрдүн үйүн актап, жыйнап таап келген акчаны эрди-катын чогуу отуруп ичимдик ичишчү.
Ошол каргашалуу күнү Татьянанын өз энеси да алардын үйүндө эле. Эртеден кечке үчөө арак ичип, Володя мас болуп уктап жаткан. Ичкен арак аздык кылдыбы, айтор Татьяна менен энеси экөө дагы бир бөтөлкөнү жайлашат. Үйдө уктап жаткан Володянын сыртынан жаап аялы көчөгө чыкса, арыраак жакта бейтааныш киши отурган экен. Ичиндеги арактын шарапаты мененби, айтор Татьяна ошол кишинин жанына барып экөө кыналыша отуруп сүйлөшүп калышат. Аңгыча үйдө уктап жаткан Володя ойгонуп сыртка чыгып аялынын чоочун эркек менен отурганын көрүп жини шакардай кайнайт. Колунан келсе азыр эле барып экөөнү тең бычактап өлтүргүсү келет. Анүстүнө эртеден бери ичкен арак тарабай Володя кызуу абалында эле. Үйүнө шарт кирет да ашканадан чоң ашбычакты алып, аялы менен кошуп бейтааныш эркекти бычактайын деп сыртка жулунуп чыгат. Чыкса аялына кыналышып отурган эркектен дайын жок болчу.
Бейкапар отурган Татьянанын жанына келип:
- Кана, жанагы ойношуң! - деп кыйкырат. Эринин колундагы бычактан айбыгып эмне дээрин билбей, кекечтенип туруп калган аялына Володя ого бетер жини келди. Бул эркек менен соо эмес турбайбы деген кызганычтан Володя кеп-сөзгө келбей эле аялын далыга эки жолу бычак менен саят. Татьянанын ачуу кыйкырыгын угуп, кан шорголоп акканын көргөн ал токтоп калуунун ордуна кайра көкүрөгүнө эки жолу бычакты матырып алат. Денеси канга боелгон Татьяна сүйлөөгө алы келбей ошол жерден жан берет. Качан гана аялынын кыймылсыз канга боелуп жатканын көргөн Володя эмне иш кылганын түшүнөт. Качып кетейин десе жанына топтолгон кошуналардан кутулалбас эле. Жанатан үйдө мас болуп уктап жаткан кайненеси да бир заматта кызынан айрылганына ач айкырыкты салып кое берди.
Милиция келген учурда Володянын масы дале тарай элек болчу. Ал күнөөнү аракка шылтады. Бирок аялын ушунчалык сүйөөрүн, ошондон улам кызганычтан ага бычак сайганын айтып турду.
Эми ал канчалык актанбасын, он эки жыл чогуу жашаган аялынын өмүрүн кыйганы үчүн кылмыш жообуна тартылары шексиз.
Бул ишти Аламүдүн РИИБнин тергөөчүсү Начик АЛАКБАРОВ иликтөөгө алды. Анын айтымында, кызганычтан далай эле кылмыш иштери катталат. Бирок жыл башынан бери кызганычтан адам өмүрү кыйылган факты биринчи жолу болуп отурат дейт. Бир чети бул кылмыш жалаң эле кызганычтан эмес арактын айынан болгону айдан ачык. Тилекке каршы, адамча жашабай, күнүмдүк өмүрүн аракка арнаган үй-бүлөлөрдө оор кылмыштар көп катталат дейт милиция кызматкерлери.
Укугуңуз тебеленип атса ишеним телефондоруна чалыңыз!
Тартип сакчыларынын, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринен жабыркагандар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында орнотулган ишеним телефондоруна кайрылса болот. Антпесе укук коргоо кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери көбөйүп, карапайым калк кимге кайрылышты билбей калган учурлар көп. Эгер сиздин укугуңуз тартип сакчылары тарабынан корголбой атса төмөнкү ишеним телефондоруна кайрылыңыз.
КР Башкы прокуратурасы 59-10-11, 66-43-49, 66-33-73
Аскер прокуратурасы - 61-16-91
Транспорт прокуратурасы- 41-61-60
Түзөтүү мекемелериндеги мыйзамдуулукка көзөмөл жүргүзүү прокуратурасы - 43-11-64
Бишкек шаарынын прокуратурасы - 32-34-10
Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокуратурасы - 35-27-60
Бишкек шаарындагы Октябрь районунун прокуратурасы 54-58-65
Бишкек шаарындагы Свердлов районунун прокуратурасы - 62-12-54
Бишкек шаарындагы Биринчи май районунун прокуратурасы - 38-18-38
Чүй облусунун прокуратурасы - 60-31-10
Ош облусунун прокуратурасы - (03222) 5-78-05
Ош шаарынын прокуратурасы - (03222) 5-51-23
Баткен облусунун прокуратурасы - (03622) 5-00-23
Талас облусунун прокуратурасы - (03422) 5-22-06
Нарын облусунун прокуратурасы - (03222) 5-15-64
Жалал-Абад облусунун прокуратурасы - (03722) 5-30-29
Ысык-Көл облусунун прокуратурасы - (03922) 5-12-29

Даярдаган Назгүл КАЛМАМБЕТОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??