presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Курсакты эмес, ден соолукту кара

Таман алдындагы таза алтын

Биз, кыргызстандыктар, кайда барбайлы, кайсы өлкөдө болбойлу, дайыма жерибиз, жаратылышыбыз менен мактанарыбыз анык. Албетте жаратылышыбыздын, мекенибиздин кооздугуна чек жок. Бирок колдо бар алтындын баркы жок болуп ушундай жерибиз, короо толо малыбыз туруп чет өлкөлөрдөн химиялык жер семирткич, дары-дармек менен өндүрүлгөн жер-жемиш, тамак-аштарды сатып жеп келебиз. Мындай азык-түлүк эң алды ден соолукка, экинчиден, карапайым калктын капчыгына, атургай айыл чарбасына, экономикага чоң зыян экенин да эстен чыгарганбыз. Көрсө, кептин баары өзүбүздө экен.

Европа өлкөлөрүндө жыл санап органикалык азык-түлүккө болгон суроо-талап өсүп, бул Борбор Азия дыйкан-фермерлерине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бере баштаганын айтышат айыл чарба адистери. Алардын айтымында, учурда көпчүлүк борборазиялык компаниялар органикалык азык-түлүктөрдү өндүрүп, эл аралык базарларга алып чыга башташыптыр. Тиешелүү сертификаты бар, товардын таңгагына, баштыгына болгон талаптарды туура сактаган компанияларга таза экология, органикалык жер семирткичтер (малдын кыгы, өсүмдүк чириндилери) ири кирешелерди алып келет дейт эксперттер.
Жакында Эл аралык ишкердик кеңеши ЮСАИДдин сооданы либералдаштыруу жана бажы реформасы долбоорунун көмөгү менен "Кыргызстандагы органикалык айыл чарбаны өнүктүрүү" темасында жыйын өткөрдү. Ага органикалык өндүрүш менен көптөн бери алектенип келаткан адистер катышып, омоктуу, дыйкан-фермерлерге өтө пайдалуу ойлорун, кеп-кеңештерин ортого салышты. Жалал-Абаддан келген "Био Сервис" коомдук фондунун аткаруучу директору Сапарбек Алымкулов буларды айтып берди:
- Биздин уюм 2007-жылы уюшулган. Ошондон бери биз органикалык чарбаны өнүктүрүш үчүн дыйкандарга окутууларды уюштуруп келатабыз. Буга улай алардын иштеткен жерине, өндүргөн продукциясына эл аралык стандартка жооп берген сертификация алып берип, чет өлкөлөргө түшүмдөрүн сатканга жардам беребиз. Буга чейин биз эч кандай химикат, пестицидсиз органикалык таза пахтаны өндүрүп келдик. Дыйкандар азыр минералдык жер семирткичтерди сатып албай, өз үйүндөгү малдын, үй канаттууларынын кыгы, өсүмдүк чириндилеринин, жер кыртышын байытуу технологиясынын жардамы менен жерлерин оңдой башташты. Бул биринчиден, жерге, экинчиден, ден соолукка пайдалуу экенин түшүнүшкөндүктөн азыр алардын органикалык айыл чарбаны өнүктүрүүгө болгон кызыгуусу жогору. Алсак, биз азыр Жалал-Абад, Баткен, Талас облусунан жалпы 1200 фермер-дыйкандар менен иштешип атабыз. Алардын органикалык жер семирткич менен кыртышын оңдогон айдоо аянттары 3000 гектарга жетип калды. Ал эми түндүктө болсо "Агрардык платформа" эксперттик уюму иштеп, келечекте Кыргызстанды экологиялык жактан өнүктүрүүгө зор аракеттерди көрүп атат. Жакында кооператив ачкан бул уюм эл аралык сертификаттарга жетишип, продукцияларын сыртка чыгарууга аракет кылып атат.
Түштүктө болсо, дыйкан-фермерлерибиз Европа өлкөлөрүнө, Германия, Швейцарияга органикалык таза, натуралдык продуктуларын сатышып, жерлеринин түшүмдүүлүгү артып, өздөрү да табигый жер семирткичтер менен өндүрүлгөн пайдалуу азыктарды жеп атышат. Ошол себептен, биз жакында өкмөткө сырттан кирип аткан зыяндуу, генетикалык жактан өзгөртүлгөн тамакка тыюу салуу боюнча кайрылдык. Муну тез арада чечпесек, келечегибизге, укум-тукумубузга чоң зыяны тийип калышы мүмкүн. Ушуну элибиз, өкмөт түшүнсө.





Малик Малабаев, БУУнун азык-түлүк, айыл чарба уюмунун консультанты:
"Органикалык тамак-аш - колдогу алтын"
- Органикалык жер иштетүү бул чоң бизнес, ири киреше булагы. Европада органикалык жер иштетүү менен алектенген атайын бизнес чөйрөлөр, органикалык продукцияны саткан атайын соода түйүндөрү бар. Бул тармакты колго алгандардын кирешелери да өтө чоң. Ал жакта көп айыл чарба продукцияларды минералдык жер семирткичтердин жардамы менен өндүрүлөт. Ошондуктан органикалык жер иштетүүгө өтүү да өтө кыйын. Ошого карабай Америка, Европада, Японияда малдын, тооктун кыгын, бак-дарактын чириндилерин, органикалык заттарды кайра иштетүүдөн чыккан калдыктарды колдонуу менен таза, табигый азык-түлүктү алууну көп жыл илгери эле колго алышкан. А бизде жер ал жактагыдай химикаттар менен анчалык ууланган эмес. Жер кыртышы азырынча таза. Малдын кыгы болсо айрым фермерлерде батпай атат. Ошондуктан жапырт оңдой албасак да эл аралык уюмдардын, өкмөттүн жардамы менен акырындап жер кыртышын оңдоого болот.
Азыр Батыш, Европа рынокторуна башка товар менен кирүү мүмкүн эмес. А органикалык, натуралдык жер-жемиш, эт менен ал жакка оңой кирсек болот. Анткени бай өлкөлөрдө азыр так ушул таза экологияда, органикалык азыктар менен өндүрүлгөн азык-түлүк баалуу. Албетте органикалык айыл чарбага өтүү өтө татаал. Ал көп убакытты, эмгекти талап кылат. Бирок органикалык жер иштетүүнү колго алган фермер анын көп жактан пайдалуу экенине көзү жетет. Биринчиден, жеринин кыртышы оңолот, экинчиден, түшүмү мол, таза, калориялуу болот жана эң негизгиси үй-бүлөсү, жакындары, мекендештери таза тамак-аш менен азыктанып, ден соолугу жакшырат.
Эгер Кыргызстанда органикалык тамак-аш өндүрүлсө аны экспорттоо деле кыйын болбойт. Анткени минералдык жер семирткич колдонулбаган жемиш сөзсүз түрдө дүйнөлүк талапка, стандартка жооп берет. А дүйнө калкынын көбү так ошондой нитрат, фосфаты жок жер-жемишти алууга аракет кылып калышты. Мындай адамдарды кулпунайдын, алма-өрүктүн көлөмүнүн чоңдугу, сыртынын сулуулугу кызыктырбайт. Анын ден соолукка пайдалуулугу, даамдуулугу кызыктырат. Мындайга алар акчасын аябайт.
Мелис СОВЕТ уулу




  Укпайт дебегиле

Элди сыйлабаган оозар чиновниктер

30- майда 2011-жылы Айыл чарба министри, мырза Төрөгул Беков өз жамаатына дүйшөмбү күнкү аппараттык жыйын өткөрүп жатып, өзүнөн өзү эле "биз дыйкандарга жазгы айдап-себүүгө үрөндөрдү берип жатсак, айрым адамдар өздөрүнө энчилеп жатышыптыр. Ошол үрөндү Ат-Башыда таратып жүргөндө ат-башылык бүкүр Арабаев, гестапо Оморов дегендер бар экен. Алар деле унчуккан жок" деген сөздү айтыптыр.

Мен, Арабаев Калыбек КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, айыл чарбасынын отличниги, Нарын облусунун ардактуу атуулу, персоналдык пенсионер болсом, менин адамдык турпатыма асылып, өз аппаратындагы жыйырмадай адамга ушундай сөздү айтып, мени кемсинткидей министрдин кандай укугу бар? Адамдын ким экенин билбеген, оозуна алы жетпеген, коомдук жайда жана министрликте кандай сүйлөөнү билбеген бул жетекчини кандай десем болот? Мен ушу сөзү үчүн Төрөгул Бековду кызматынан алуу жөнүндө премьер-министр Алмазбек Атамбаевден суранам жана министр мырзаны 1 миллион сом айып коюп сотко берем.
Оозуна алы жетпеген чиновниктерге дагы бир мисал. 2-июнда Бишкекте бир акыркы сапарга узатууда отурсак, урматтуу Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков келип калышты. Мен "уулум, мени тааныбай калдыңбы?" десем, көпчүлүк элдин көзүнчө Бекназаров "сени ит дагы тааныйт" дейт. Бекназаров бүт кыргыз элин итке теңеп калыптыр. Ардактуу элим, ушул өңдүү оозуна алы келбеген чиновниктер бүт кыргыз элин кууратып жатпайбы.
Калыбек АРАБАЕВ, КР айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??