presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 "Саяктар":

"Кыргызга эт кандай жакса,
эт жөнүндөгү тамашалар ошондой жагат"

Кыргыз сахнасын эстраданын жаңы толкуну каптап киргенде биртоп концерттер аншлаг менен өтүп, акчаны кырып атат деп койчунун баары ырчы болуп кетпеди беле. Ошентип атып эл да концерттерге кыйратып барбай калды. Ошол учурда орус КВНшиктеринин жолун улай кыргыз тилинде тамаша созуп, тамашоу лигасы ачылды. Тез убактын ичинде эле калың журттун сүймөнчүгүнө айланган жаш куудулдар элге таанымал боло калышты. Базарларда тамашоунун дисктери "ходовой" товар болсо, алардын концерттерине туруп көргөнгө да ыраазы болгондор чекеден чыгат. Ошол арада 2-сезондо катышкан жылы эле чемпион болушуп, тамашоунун эрежеси боюнча лиганын жеңүүчүсү катары оюндан четтегени менен өздөрүнүн популярдуулугун жоготпой жеке концерт берип жүргөн нарындык жаш таланттардын капитаны Калдыбаев Азаматты кепке тарттык.

- "Саяктар" командасы качан түзүлдү эле? Демилгечи ким жана кандай шарттарда пайда болгон?
- Саяктар командасы 2009-жылы 8-октябрь күнү капысынан эле пайда болгон. Ага чейин ушул эле курам "Нарынский вариант" деген ат менен орусча күлкү тартуулачу. Анан тамашоунун 2-сезонуна Эрмек Нурбаев жана Арслан Ибрагимовдон чакыруу келип, жаңы кыргызча ат коюу зарылдыгы чыккан. Ал кездеги Нарын мамлекеттик университетинин ректору Алмаз Акматалиев "Саяктар" деген атты сунуштады. Анткени нарындыкмын десе эле, "а-а, саяк турбайсыңбы" деген стереотип негиз болду. Ошол эле учурда "Нарынский вариант" атыбыз менен орус тилинде "KG клабдын" "Азия Микс" лигасына катыша баштадык. Тамашоунун экинчи сезонунда чемпиондук наамга, жайкы фестивалда "эң мыкты команда" жана "эң мыкты оюнчу" деген наамдарга жетиштик. Ал эми "Азия Микста" вице-чемпион болдук.
- "Саяктардын" башка командалардан өзгөчөлүгү?
- "Саяктар" бул негизи эле өзгөчө команда. Анткени орусча ойноп жүрүп кыргыз тилине секирик жасоо оңой эмес болсо да өзүнүн өзгөчөлүгүн кармап калды. Албетте бизге башында оор болбой койгон жок. Мурда орус тилдүү аудиторияны күлдүрөбүз деп орусча ойлонсок, кийин кыргызча иш алып барууга туура келди. Кыргыз тилдүү көрүүчүлөр тамаша өтө күчтүү болсо гана күлүшөт. Ал эми орустар кичине эле жылмая турган нерсеге деле каткыра беришет. Ошол себептен кыргызча тамаша ойлоп табуу оор. Анан биздин эл аябай сынчы. Чекеден Толубайларды көрөсүң. Ушунун айынан куудулдар башка элдердикиндей көп чыкпайт. Эми азыр кыргызча тамашаларды тартуулоого көнүп алдык. Дагы бир өзгөчөлүгү - балдардын жашында. Анткени көбүбүз жогорку окуу жайларды бүтүп, иштеп, үйлүү-жайлуу болуп калгандар. Бөлөк командалардан чоңдорчо ой жүгүрткөнүбүз менен өзгөчөлөнүп турсак керек. Анан биздин өзүбүздүн фишкаларыбыз бар. Ошол күйөрмандарга аябай жагат. Мисалы, орусча кыйратпаган блондинка саячкаларды аткарсак, эл парик кийип, кызча кийинип алган жигиттерди көргөндө эле боору эзилип калат. Анан кыргызга эттен жасалган тамактар кандай жакса, эт жөнүндөгү тамашалар ошондой жагат. А "Саяктар" ар бир оюнда эт жөнүндө тамашалабаса гимн ойнолбогон салтанаттай жетим калабыз.
- Тамашалар кантип пайда болот? Бир оюнга даярданууга канча убакыт кетет?
- Тамашалар негизи жашоодон алынат. Болгон окуяга таянып чыгат. Бирок көбүнчө "мозговой штурм" жана мимикалык пародияларды аткарууга умтулабыз. Бир оюнга бир жума, кээде андан дагы аз убакыт сарпталат. Биздин команданын жеке рекорду катары оюн башталаарга 7 мүнөт калганда даярданып чыкканыбызды айтсак болот.
- Тамашачы (КВНчи) болгондун жакшы жана жаман жактары?
- КВНчи деген ат бул жалаң гана жакшы жактары менен өзгөчөлөнөт. Көп учурда жардам да берет. Жашоодо да эч качан кайгырбай күлүп-жайнап турасың. Көп нерсеге шайыр мамиле жасап, ойлоруңду да тамашалуу айтканга көнүп аласың. Бул элдин маанайын көтөрүп, сергек жүрүүгө шарт түзөт. Бирок чеги да болот. Эгер сен ал чектен чыгып кетсең, ошондо КВНчинин жаман жактары башталат. Биз азырынча жаман жагын көрө элекпиз. Тфү-тфү…
- Чемпион болгондон кийин эмне менен алек боло баштадыңар?
- "Тамашоу" лигасынын 2-сезонунда чемпион болгондон кийин көрүүчүлөр концертке караганда күлкүгө көп келерин байкап, өз алдыбызча гастролдоону чечтик. Адегенде спорт ордосунда жеке концерт бердик. Ошондой эле жеке концерттер Нарында жана Караколдо өттү. Андан соң скетч-шоу тарта баштадык. Социалдык ролик, чакан кинолорду жана башка кызыктуу долбоорлорго кадам таштадык.
- Тамашоучулардын жашы чектелеби? Деги эле кандай адам тамашоучу боло алат?
- Тамашоучулардын жашы чектелбейт. Ал ошол адамдын өзүнүн каалоосунан жана күйөрмандардан болот. Эгер 1-класста же чоң киши болсо деле элге жакса сахнага чыга берет. Сахнанын талабы биз үчүн курак эмес, эң негизгиси эл күлсө болду.
- Алдыда кандай командалык максаттарыңар бар?
- Жайкысын скетч-шоуларды (кыска тамашалуу видео роликтер) бүтүрүп, жаңы фильм тартуу кылабыз. Буюрса, азыркы кезде сценарийин жазып жатабыз. Июлдун башында кино тарта баштасак, күзүндө эс алуудан келген эл "Саяктардын" комедия тасмасы менен дагы бир жолу эс алып алат деп ишенебиз.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




"Саяктардын" тамашаларынан
- Ата, инопланетяндар барбы?
- Жок, ал фантастика.
- Ата, албарстычы?
- Жок, ал дагы фантастика.
- Ата, а апам экөөңдүн керебетиңердин астындагы дискчи?
- Оо-о, ал деген дас ис фантастиш да.
***
Биздин кыздардын жашоосунда эки гана суроо бар:
Биринчиси, мен кантип күйөөгө чыгам.
Экинчиси, эми ушул сволочь менен кантип жашайм.
***
- Достор, мен жакында эле нукура кыргызча антирадар сатып алдым.
- И-и кандай экен?
- Сонун, МАИнин жанына келгенде "акчаңды даярда, акчаңды даярда" деп титилдеп турат экен.
"Саяктардын" макалдарынан
"Накта күчтүү кыз - азыркыга чейин кыз"
"Жакшы сөздөр калгыча, жаман агент айрылсын"






Ф.И.О.: Элебесов Рамиль
Лакап аты: Рама
Туулган күнү: күндө
Жаш курагы: динозавр
Кичи мекени:
Горький-Советский
Бою, салмагы: тоголок
Билими: высший
Хоббиси:
тамеки
Көп колдонгон сөзү:
закускачы?
Кыздарда баалаган сапаты:
аялы баалатпайт
Жакшы көргөн тасмасы:
домашнее видео
Баалаган саясатчысы:
Акаев
Бош убактысында: оюн ойнойт
Учурда:
красавчик
Алдыга койгон максаты:
айга учуу


Ф.И.О.: Жумабеков Камчыбек
Лакап аты: Кама
Туулган күнү: 23-сентябрга чейинки ай
Жаш курагы: пацан
Кичи мекени: Даллас
Бою, салмагы: чачы жок
Билими: алты
Хоббиси: кыздар
Көп колдонгон сөзү: кечке эле кыз боло беремби?
Кыздарда баалаган сапаты:
кыздык
Жакшы көргөн тасмасы: "Основной инстинкт"
Баалаган саясатчысы: Барак Обаманын аялы
Бош убактысында: машине айдайт
Учурда: бош, демек машине айдап жүрөт
Алдыга койгон максаты: үйлөнүү


Ф.И.О.: Калдыбаев Азамат
Лакап аты: Азаке
Туулган күнү:
9-десембре
Жаш курагы: абышка
Кичи мекени: Монако
Бою, салмагы: экөө тең бирдей
Билими: нармальный
Хоббиси: эт
Көп колдонгон сөзү: элестет
Кыздарда баалаган сапаты: май
Жакшы көргөн тасмасы: "Очкарик"
Баалаган саясатчысы: Н.Мотуев
Бош убактысында: ичет, жейт, уктайт, ичет, жейт, уктайт…
Учурда:
свитерчен
Алдыга койгон максаты: "Хонда Стрим"


Ф.И.О.: Калдыбаев Талант
Лакап аты: Такая Лайф
Туулган күнү: коньяк ичкен күнү туулат
Жаш курагы: эркек
Кичи мекени:
"Хонда CRV"
Бою, салмагы: 90-60-90
Билими: 3 кг
Хоббиси: маделька
Көп колдонгон сөзү: даярданбайлыбы?
Кыздарда баалаган сапаты: баарына макулдугу
Жакшы көргөн тасмасы: Текебаев
Баалаган саясатчысы: Текебаев
Бош убактысында: жылкы багат
Учурда:
медсестра
Алдыга койгон максаты: грандиозный


Ф.И.О.: Сакенов Дөөлөт
Лакап аты: звукач
Туулган күнү: жаңы мини диск сатып бергенде туулган
Жаш курагы: Мерген Тургандан жаш
Кичи мекени: подвал Арабаева
Бою, салмагы: арык
Билими: жок
Хоббиси: ксерокопия
Көп колдонгон сөзү: кайсы музыканы коем?
Кыздарда баалаган сапаты: сапожкасы
Жакшы көргөн тасмасы:
Жеки Чан
Баалаган саясатчысы: Отунбаева
Бош убактысында: реферат жасайт
Учурда: курсовой жазып атат
Алдыга койгон максаты: чоңураак ксерокопия алуу







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??