presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Дадил иштеген Дел Боске
Испания курама командасынын баш бапкери Висенте Дель Боске да өзүнүн рекорддук жетишкендигин көрсөттү. Ал испандыктар менен биргеликте 44 оюнда 39 жеңишке жетишип, өлкө курама командасы менен жетишкен жеңиштердин саны боюнча ага чейин Испанияны жетектеген Луис Арагонестен ашты. Луис Арагонес 2008-жылга чейин бул команданы жетектеп, 54 беттештин 38ин майрам менен жыйынтыктаган. Королдун жигиттери 39-жеңишин кече Венесуэла менен болгон достук беттеште майрамдашты. Маракаибо шаарында өткөн оюндагы жоопсуз 3 голду испандыктардын футбол жылдыздары Давид Вилья, Педро Родригес жана Хаби Алонсолор киргизишти.

Ар бирине бир тешик
2012-жылы Лондондо өтчү дүйнөлүк олимпиаданын уюштуруучулары олимпиада мекени болгон Грециядан отту жеткирүүчү факелди өзгөчө кылып жасашты. Факелде 8 миң тешик жасалып, ал ошол факелди 8 миң километр аралыкты басып, 8 миң киши көтөргөндүгүнө арнашса, 3 бурчтуу, формасы Лондондо 3-жолу олимпиада өтүп жатканын билгизет. Эске сала кетсек, буга чейин Улуу Британиянын борборунда 1908 жана 1948-жылдары дүйнөлүк спорт майрамы болуп өткөн. Бир жыл бою жол жүргөн факель 2012-жылы 27-июлда Лондондо олимпиаданын ачылыш аземиндеги алп факелди күйгүзөт.

Чалажан баатыр чарт-чурт деп…
АКШда улуттук баскетбол ассоциациясынын биринчилиги дүйнөдөгү эң абройлуу турнир болуп эсептелет. Бир жыл бою салгылашкан командалар улам ыргып отуруп, финалда 2 эле клуб калды. Алар "Даллас Маверикс" менен "Майами Хит". Финалдык беттеш 4 жеңишке чейин болуп, кезек менен атаандаштардын үйлөрүндө өткөрүлүп турат. 2:1 эсебинде утулуп жаткан далластыктар өз үйүндө жеңишти алдырып ийип, эсеп 3:1 болуп калса кыйын болот деп кыжаалат болуп жатышкан. Анткени алардын ишенген оюнчусу Дирк Новицки катуу ооруп ооруканага түшүп калган эле. Беттеш күнү 38,3 градус ысытмасы менен залга кийинип чыккан Диркти көргөндөр бир чети кубанышса, бир чети боору ооруп, урушушкан. Көгөрүп отуруп Дирк аянтка чыгып, командасына жеңиш алып келип, жалпы эсепти теңеп койду. Бул оюнда Дирк баатыр аянтта 39 мүнөт болуп, 86 упайдын 21ин топтой алган. Жарымжан Дирк мындай ойносо, командасын финалга ушул эле сүйрөп келген турбайбы деп таң калгандар чекеден чыга баштады.

Экинчи раунд эриктирбейт
НХЛдин финалы да бир нече сериядан тураарын билесиздер. Буга чейинки 2 беттешти катары менен утуп алган "Ванкувер Кэнакс" "Бостон Брюинстин" үйүнө кыйын болуп келишти эле, аянт ээси ачуусунун болушунча катуу ойноп, 8:1 эсебинде конокторду талкалап салышты. 60 мүнөттүк оюндун аяк жагында, тагыраак айтканда, 52-мүнөтүндө ызасына чыдабаган ванкуверликтер уялган бала уйпалайт болуп, мушташ чыгарып ийишет. 5 мүнөттө араң ажыраткан калыстар Александр Берроуз, Райан Кеслер, Милан Лючич жана Деннис Сайденбергди аянттан кууп чыгып, ызы-чууну токтотушту. Ошентип голу да, мушташы да көп беттеш кийинкиси мындан да кызык болоорунан кабар берди. Анткени эсеп 2:1 болуп турганы бир болсо, хоккейде таяк жеп калган тарап, экинчи жолу беттешкенде сөзсүз өчүн алмай жазылбаган мыйзамы бар. Болбосо башка хоккейчилер юбка кийип алгыла деп шылдыңдашат.

Башы иштеген бир жигит
Көпчүлүк голдорун башы менен киргизген Германия курама командасынын чабуулчусу, Мюнхендин "Бавария" клубунун оюнчусу Мирослав Клозе 30-июндан баштап жумушу жок калат. Анткени анын клуб менен түзгөн келишими аягына чыгып, жаңы келишимге отурганда баасы жагынан макулдаша албай, кетем деп көгөрүп туруп алды. Бир болсо эрден чыккан катындай кылып Клозени Испаниянын "Валенсия" клубу алганы калды. Мюнхендик клуб менен Клозе Германиянын чемпиону, кубоктун жана супер кубоктун ээси болуп, Чемпиондор Лигасынын финалына да чыккан.

Футболдогу кызыктар
Июндун биринчи он күндүгүндө мамлекеттер арасында бир катар достук беттештер өткөрүлүп, анда атактуу командалар өз күчтөрүн сынап көрүштү. Алсак, Россия менен футбол жылдызы Самуэль Это жетектеген Камерун командасы беттешип, оюн эсеби ачылбай эки тарапка шалпыйып кетишти. Кызыгы, беттеш учурунда эки орус мадырабаш (күйөрмандар) талаага чуркап чыгып, футболчулардан топту талашып алып барып, Камерундун дарбазасына гол согуп ийгенинде болду. 90 мүнөттө гол киргизе албаган окемдерге журналисттер ошол 9 секундда гол соккон жаш балдарды футболго тартпайсыңарбы деп кеңеш берип жатышат.
Дагы бир кызык окуя Украина-Франция беттешинде болду. СССРдин легендарлуу оюнчусу Олег Блохин жетектеген хохолдордун командасы оюндун 87-мүнөтүнө чейин 1:1 эсебинде тең тайлашып турушкан. Оюн бүтүп калды, терге батып суу болуп калган футболкамды алмаштырып келейинчи азыр журналисттерге интервью берем деп кийим алмаштыруу үчүн ичкери кирип кеткен Блохин, кайра чыкса эле жардамчылары шалпайып турган болот. Эмне болду деп эсеп тактасын караса балтайган 1:4 деген жазуу турат. 5 мүнөттө кантип 3 гол кое беришти деп таң калган Олег мырза өзүнүн футболчуларына карап кол шилтеп кетти. Көрсө, француздардын футболчулары дароо алмаштырууларды жүргүзүп, "сипсвежий" күч менен Украинаны талкалап ийишиптир.




  KYRGYZSPORT

Башы иштеген балакайлар
Өткөн аптада жеткинчектердин республикалык олимпиадага даярдоочу мектебинде 3 категориядан турган шахматтык мелдеш болуп өттү. Мадырабаштар кимдин башы кыйын иштейт деген жарышта улам бири-бирин ойго салып отурушуп, кыйындарын аныктап алышты. Жыйынтыгында 8 жаштан 10 жашка чейин балдар арасында 1-орунга Алмаз Байгазиев чыкса, күмүштү Байэл Темирланов тагынып, коло Кутман Султановго буйруду. Ал эми кыздар арасында Дария Ли алтын тагынып, 2-3-орундарга Надира Даутова менен Даяна Эшимкулова ээ болушту. 10 жаштан 12 жашка чейин:
1-орун: Руслан Байгазиев,
2-орун: Нурсултан Мейманалиев,
3-орун: Эвр Олжобай, ал эми кыздар арасында:
1-орун: Айдана Токталиева,
2-орун: Айпери Майрамбекова,
3-орун: Муратбековага буйруса, 12 жаштан 14 жашка чейин:
1-орун: Акыл Кыялбек уулу,
2-орун: Алмаз Садыбакунов,
3-орун: Дооронбек Курманбек уулуна тийсе, кыздардан:
1-орунга: Алиса Олжобай,
2-орунга: Назира Аскарова татыды.
Бизде күчтүү балбандар
Биз кыргыздар саясат айдыңында бири-бирибиз менен кыйын күрөшүп жүрсөк, биздин самбочуларыбыз да галстукчан агаларынан үлгү алып, килем үстүндө өзүнүкүн беришпейт экен. Буга Өзбекстанда өткөн Азия биринчилиги күбө болду. Анда кыкемдер 5 алтын, 5 күмүш, 13 коло алып дүйнөдөгү эң күчтүү 5 өлкөнүн катарына кошулду. Бали, балбандар, билегиңерден күч кетпесин. Куруңарды кургатпагыла!
Айбек деген азамат
тура!
КР футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев ФИФАнын штаб-квартирасында дүйнө футболунун чоңу Йозеф Блаттер менен жолукту. Жолугушууда "Гол-3" долбоорунун алкагында Кыргызстанга футболду өнүктүрүүгө ФИФА аябай жардам берээри айтылды. ФИФА чоңуна жолуккан Айбек мырза итибиз чөп жеп жатканда УЕФАнын чоңунун да эшигин кагып көрөйүнчү деп, анын жетекчиси, атактуу француз футбол жылдызы Мишель Платиниге кирип, анын колдоосуна да татып чыкты.
Жаман үйдү коногу бийлейт
Бишкекте чоң теннистен "Sunrise Open" аттуу эл аралык турнир өткөрүлдү эле, ага Россия, Казакстан, Өзбекстандан теннисчилер келишип, кызуу оюн куруп беришти. Беришти дейм да, бүгүн деле болуп атат. Өткөн чакта айтканымды себеби, кыргыздар жекелик түрдө да, жуптук түрдө да турнирден ыргып кетишти. Ошол себептен тааныбаган спортчулардын кимиси кандай ойногонун жазбадык. Ийгилик жаратса анан гезиттен орун беребиз.
Кылчайнашкан кыз-келиндер
Кыргызстандын айымдар арасындагы III чемпионаты учурда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп атыр. 12-июнга чейин күн төбөгө тийип калган учурда ошол тарапка басып барсаңыз топ чапкыч сулуулардын өнөрүнө күбө болосуз. Кээ бир кыздар эркектерден кем калышпай даңкылдатып чапканын көргөндө же сүйүнүштү же уялышты билбей каласыз. Кыздарда атаандашуу укмуш болот эмеспи, ошол себептен ар бир беттеш кызуу өтүп, күйөрмандардын купулуна толуп атыр. Учурда жеңилгенди жаман көргөн "Салам-Алик", орустардын сулууларын чогулткан КРСУ, жана Нарындан чыккан "Улар" командалары мыктылыгын көрсөтүп жатат.
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??