presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Бүлбүл жана коломто

Кудайга, абийирге ишенүү жакшы,
бирок мыйзам андан да жакшы

Биртоп убакыттан бери Кыргызстандагы үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү депутаттар талкуулап жатышат. Чындыгында өзгөргөн дүйнө, башка нукка өткөн үй-бүлөлүк баалуулуктар, мамилелерге мезгилдин талабына жараша оңдоолорду киргизүү туура эле. Жогорку Кеңештин адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер комитети бир аз мурда ушу маселелерди карашты. Эгер алар сунуш кылган мыйзам кабыл алынса, жаштар канча жаштан тарта үй-бүлө курса болот, үй-бүлө күтүү, кокус ажырашкандан кийин бала үчүн ата-эне жоопкерчилиги ушу мыйзам аркылуу жөнгө салынат. Биз бул боюнча мыйзамчылардын да, дин өкүлдөрүнүн да ойлорун угуп көрдүк.

Ушу тапта баш кошуп, турмуш жолуна аттангандардын көбү жарандык никеде жашаары сыр деле эмес. Алардын көпчүлүгүнүн оту күйүшпөй ажырашып, бир ооз "талак" деген сөз менен үй-бүлөнүн жоопкерчилигин мойнунан алып салган учурда ортодогу баланын тагдыры эмне болуп атканына эч ким кызыкпайт. Ушул маселе Жогорку Кеңештин аял депутаттарын көбүрөөк түйшөлткөн өңдөнөт, азыр жарандык никенин санын кескин кыскартуунун камын көрүп жатышат. Тактап айтканда, мындан ары (эгер мыйзам күчүнө кирсе) мыйзамдуу түрдө нике каттоочу жайдан өтмөйүн молдолорго түгөйлөрдүн никесин кыюуга тыюу салынат. Болбой эле мыйзамды аттап ЗАГСка турбай никесин кыйдырган жаштарга да, алардын никесин кыйган молдого да акчалай миң сом айып салынары маалым болду.
Статистикага таянсак, үй-бүлө курган түгөйлөрдүн 67 пайызы жарандык никеде жашап келишсе, алардын 80 пайызы ала качуунун курмандыгы болгондор. Борбордогу бакыт өргөсүнүн директорунун орунбасары Айнура Чыныбаеванын айтуусунда, жарандык никеде жашагандардын көбү айыл тургундары. Шаарда жашагандардын кээ бири эки ай мурда келип арыз жазгандан эрингендер же болбосо чыгынбай жүрө бергендер экен. Расмий каттоодон өтпөй жашоонун дагы бир кемчилиги - жубайлардын ортосунда бала төрөлгөндө экөөнүн никесин тастыктай турган документ жок болсо ымыркайды энесинин атына каттатып коюшат. Бул тууралуу ?2 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу Элмира Исмаилова оюн мындайча билдирди: "Көп энелердин нике кагазы жок экенин ымыркай төрөлгөндө билебиз. Баланын атасы экенин далилдей турган кагаз жок болгон соң биз наристени эненин атына жаздырабыз. Ошондо күйөөсү бар болгон күндө да ал жалгыз бой эне болуп калат" дейт. Жарандык никенин курмандыгы көбүнчө аялдар болууда. Эркектин сыноосунан өтпөй, же өз кызыгы тараганда төрт тарабым кыбыла деген түшүнүк менен баса беришет.
Аялдардын укугу тебеленип жатканын мындан билиңиз, азыр чет жактарга иш менен жыл сайын жыйырма миңдей эмгек мигранттар кетет. Анын жетимиш пайызы эркектер, жаш курагы орто эсеп менен он жети жаштан отуз беш жашка чейинкилер. Көбү үй-бүлөсүн багуунун аракети менен чет жакка кетип, кийинчерээк балдары менен калган аялына телефондон талак берип тим болушууда. Мындай факт тилекке каршы, мигранттар арасында кеңири тараганы өкүндүрөт. Учурда иштелип жаткан мыйзам күчүнө кирсе ушундай ээнбаштыкты аз да болсо ооздуктап, эркектерди жоопкерчиликке өз эрки менен болбосо да мыйзам чегинде чакырууга үндөөр эле.


Айнуру АЛТЫБАЕВА, ЖК депутаты:
"Аял менен баланын кызыкчылыгын ойлодук"
Үй-бүлө курарда жаштар никеден мурда мамлекеттик каттоодон өтүш керек деген мыйзамдын демилгечиси, "Ар-намыс" фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева төмөндөгүлөргө токтолду.
- Сиздер көтөргөн мыйзам долбоорунун үй-бүлө кургусу келгендерге канчалык зарылдыгы бар деп ойлойсуз?
- Үй-бүлө кодексинде турмуш куруу үчүн эң төмөнкү жаш курак он алты, эркектердики он сегиз жаш эмеспи. Биз ушул жерден кыз, эркек бала үчүн бирдей он жети жаш курак болсун деп жатабыз. Бул мыйзам ишке кирсе, эрте турмушка чыгуу, никесиз балдардын саны азаябы деген үмүттөбүз. Анткени ар бир үй-бүлө курган адамдын алдында жоопкерчилик болуу керек. Биздин Башмыйзамда нике мамлекет тарабынан катталыш керек деген нерсе бар. Муну менен биз диний тармакка тийишип, алардын укугун бузган жокпуз. Болгону биринчи орунга аял менен баланын кызыкчылыгын жылдырып жатабыз. Себеби, оту күйүшпөй ажырашып кеткендер кийин балдарына алимент кестире албай жалгыз бой кыйналышууда. Көбү же үйү жок, же жер тилкеси жок талаада эле калып жатышпайбы.
- Азыркы жашоо шартта бардык эле эркектердин мыйзамдуу алимент төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жетеби?
- Туура, ага баарынын эле чамасы чак келбейт. Бирок бул экинчи маселе. Үй-бүлө ээси кокус бир нерсе болсо мыйзамдын негизинде жооп бериши керек. Азыр көбү чет жакка иштегени кетип, аялын кемпир-чалдын маңдайына отуругузуп коюшат. Үй-бүлө пландаганды билбегендери үч-төрт балалуу болуп алышат. Айрымдар акчага көөп же аялынан тажап өзү чет мамлекетте жүрүп быяктагы аялына телефондон талак берип коюшат экен. Ал байкуш балдары менен эмне болот? Мына ушул учурда аял никесинен башка эч кандай каттоосу жок болсо эмне болот, анын укугун ким коргойт деген маселе жаралууда. Бир эле мисал, жакында эле жетинчи апрелде курман болгондорго үй берилди. Кээ бири мыйзамдуу аял алса, кээси жөн эле нике кыйдырып алгандары андан көп. Ортодо пикир келишпестиктер көп болуп, үйдү кимге беришерин билбей ара жолдо балдарды кыйнашты.
- Айрым мечиттерде нике кыйгандан кийин үйлөнгөндүгүн күбөлөй турган кагаз беришет экен го?
- Жазса жазып беришкендир, бирок ал кагаздын эч кандай юридикалык күчү жок. Кийин бир нерсе болуп соттошууга туура келсе, эч бир мекеме ал кагаз менен иш алып барбайт.
- Жаңы мыйзам долбоорун молдолор кандай кабыл алышты?
- Азирети муфтий комитеттин жыйынына катышканда макул экенин билдирди. Биз жоопкерчиликти жаштарга эле жүктөбөстөн диний кызматкерлерге да бөлүштүрүп жатабыз. Кимде ким каттоодон өтмөйүн жаш жубайларга нике кыйса, молдолор да жоопко тартылат. Эгер жаштар молдону кыйноого алса же акча сунуштаса мыйзам тарабынан чара колдонулат. Диний кызматкерлерден бир багытта иш алып баралы, Кудайга жакпаган иштерди чогуу кылбайлы деп сурандым. Макул дегендей кылышты, анан ичтеринде эмне ой менен кеткенин билбейм. Нике кыйып жатканда эки тараптын макулдугун, мамлекеттик каттоодон өткөн-өтпөгөнүн сурап койгондун эмне оорчулугу бар.

Айнуру Алтыбаева билдиргендей, дин башкармалыгы, азирети муфтий Чубак ажы Жалилов бул мыйзамга толугу менен кошула албайт. Анын пикиринде, кыргыз мамлекетинин 85%ы мусулмандардан турат. Диний эксперттер менен кеңешпестен ар бир мусулмандын жашоосуна тиешелүү маселе опурталдуу чечилбеши керек болчу. Нике менен жарандык никени бир катарга коюуга мүмкүн эмес. Жарандык нике эки ооз сөз макулдашуудан башка эч бир эрежеге баш ийбейт. Мыйзамдуу түрдө нике келишимин жаштар колуна албаган күндө деле шарият боюнча күйөөсү аялы менен балдарын нафакасыз (алиментсиз) таштап кетсе сот тарабынан биринчисинде эскертилет. Эгер ал эскертүүгө моюн сунбаса, нафакасын өтөп баштамайын капаска киргизилет. Аял киши балдарынын муктаждыгын чечүүгө күйөөсүнүн атынан карыз алганга укугу бар. Кеткен чыгымды төлөө күйөөнүн мойнунда болот. Эгер ал майып болуп же башка себептерге байланыштуу чыгымдарды төлөй албаса, чыгымды өтөө толугу менен күйөөнүн туугандарына жүктөлөт. Ток этерин айтканда, дин менен мыйзамдын айырмасы - ажырашып укугу тебеленген аял соттон сотко чуркап чындык издесе, динде бардык нерсе адамдын абийирине коюлат. Абийир сотуна ким канча туруштук берери ал адамдын өзүнөн болсо керек. Эмнеси болсо да мыйзамдуу никени да, шариятты да кошо ала жүрүү ашыкча болбос.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??