presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кайрымдуулук

Ойноп-ойноп алгыла

Балыкчы шаарында балдарды коргоо күнү жылдагыдан өзгөчө шаңдуу белгиленди. Бөбөктөр ойноочу аянтчанын ачылышына белек ээлери гана эмес, ата-энелер, шаардын аксакалдары, Балыкчынын "Next мууну" жаштар кыймылынын тобу, борбордук маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чогулду. 15 сотых жердеги чакан аянтчанын мындай шаң менен ачылышы эмнеде? Албетте мындай жаңылык Балыкчыда көп жылдан бери боло элегинде. Биз да ал аянтчаны көрүп келип, ойлорубуз бир өңчөй эмес.
Кичине балдар боз көчөлөрдө кыялындагы ааламдар менен ойношуп, бала бакчалардагы ата-энеси тепкен моралдык эскилиги жеткен селкинчекте. Теледен көргөн жомоктогудай кооз ойноочу аянтчалар шаарда жок. Ошон үчүн бул кичинекей аянтчаны балдар курулуп баштаганда эле чыдамсыздык менен күтө баштаган. Шаардын мэриясы бир жыл мурда балдарга арналган курулушка жардам сурап "Кумтөр Оперейтинг Компаниге" кайрылган. Ысык-Көл облусунда көп жылдан бери социалдык муктаждыктарды чечүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып келаткан ишкана аянтча курууга 1,7 млн. сом бөлгөн. Биздин эсеп менен бул сумма 37 миң АКШ долларына чамалайт. КОК президенти Андрей Сазановдун айтымында, акча толугу менен шаардын бюджетине которулган. Мыйзамга ылайык андан ары мэрия кандайча иштеткенин шаардык кеңеш алдында, башкача айтканда, тургундарга отчет берет.
Ачылыш аземиндеги элдин маанайы отчетторсуз эле бардыгы сонун болгонун көрсөтүп турду. Бир тарабы жер үйлөр, экинчиси кичирайон, орто мектеп жана бала бакчалар турган Юрий Гагарин көчөсүнүн жогору жагындагы аянтча балдарды коргоо күнүнө мыкты белек болду. Ачылышында бөбөктөр балалык жөнүндө ыр созуп, бийлешип, чоңдорго ыракматын айтышты. Салтанаттуу кызыл лента кесилип, бала бакчалардан чогулган бөбөктөр селкинчек, сыйгалак, темир айлампаларга жабыла киришти. Урунулган кейиптенген темир айлампа балдардын кысымына чыдабай беш мүнөттө өзөгү сынып кыйшайып калды. Сыйгаланган жолчолору бар кооз желим үйлөр жаңы болуп эле үймөлөктөшкөн балдарга түттү окшоду. Ал аңгыча улуураак балдар концерттик программаны аянтчанын сыртында улантып жатышты. Башталгыч класстардын окуучулары канчалык ойногулары келсе да, программасынын аягына чейин каз катар тизилип, жаш болсо да жоопкерчиликтен баш тартпаарын көрсөтүп турушту. Дегеним, 37 миң долларга Бишкекте 100 селкинчек койсо болорун ошол эле 1-июнда кичирайондордун биринде тааныш журналист өз үй-бүлөсүнүн атынан 370 долларга бир селкинчек орнотуп бергенинен тыянак чыгардык. Көргөнүбүз укканыбызга туура келбегендей сезилди. Бул жердеги сыйгалагы бар желимден жасалган оюнчук эки үй, үч селкинчек, эки жыгач беседка, бир темир айлампа (дароо сынып калды), үч желим кичине оюнчук жана кум салынган жыгач тосмо - бардыгы болуп он бешке жетпеген оюн шайманы. Өтө эле кымбат эмеспи?
Шектенүүлөрүбүздү дароо мэрге билдирдик. Мирлан Бообеков бизге аянтча дагы толук бүтө элегин, дагы бир нече оюн шаймандары орнотуларын айтып, 1,7 млн сом тургай, шаардын бюджетинен 400 миң сом кошумча кароолчунун бөлмөсү менен туалет курганга кеткенин кошумчалады. Ким билет, жанагы бүтө элек жерине укмуш батут, же дагы бир кызыктуу шайман коюлаттыр. Аны дагы көрө жатарбыз.
Ошентип майрам уланып жатты. Кичинекей бөбөктөр аянтчада жыргап ойноп жатышты. Улуураактары, тактап айтканда, мектеп окуучулары 25-майдан атайы ушул күнгө жылдырылган белектерди тапшыруу аземине катышышты. Окуунун отличниктери, ударниктери жана башка ийгиликтерде жетишкен балдар-кыздар мэрдин колунан 200 сомдон 1000 сомго чейинки стипендияларды алышты. Капиталисттик агымдар күч алып бараткан заманда акчалай сыйлык окуучуларга абдан жакканы көрүнүп турду. Балыкчынын "Next мууну" жаштар кыймылы бардык мектептерден чогулган жогорку класстардын окуучулары ушундай эл чогулган майрамдарды уюштурууда жардам берерин байкадык. Алардын лидери 3-курстун студенти Азамат Жумакадыров бизге уюм тууралуу буларды баяндады:
- Мындан бир жыл мурда болгон 10 мектептин лидерлери менен жолугуп, жаштарды бириктирген "Поколение NEXT" же "Кийинки муун" деген кыймылга биригүүнү чечкенбиз. Башкы максатыбыз - жаштарды биримдикке, коомдун жашоосуна катышууга үйрөтүү. Азыр биз Балыкчы жөнүндө видеоклип тартып жатабыз. Бүгүн биздин кыймылдын өкүлдөрү оюн аянтчасынын ачылышына жардам беришти. Ал эми алардын кийип турган футболкалары апрель айында өткөргөн "ойгон жана жылмай" деген флэш-моб акциясынан калган.
Жалпысынан карасак кичине бөбөктөр аянтчада, жаштар өз уюмунда, аларга кам көрүп жаткан шаардын мэриясы менен демөөрчүлөр экен. Бөбөктөрдүн оюнчуктары алар чоңойгуча бүтүн болуп, алар үлгү алгыдай ишкерлер Балыкчыдан кыя өтпөсүн деп сөзүбүздү жыйынтыктамакчыбыз.
Нуржан АЛЫМКАНОВА,
сүрөттөр А.Федоровдуку




  Мугалим, дарыгерлерден отчет

Атамбаевдин өкмөтү айтканын аткардыбы?
Кыргызстанда канча миң адам май айын зарыга күтүштү. Себеби ушу айдын жыйынтыгы менен өкмөттүн ишине баа берилмек. Эмесе, мугалимдер менен дарыгерлердин отчету алдыңарда.
Ороз ОСУМБАЕВА, Нарын облусундагы Нарын районунун А.Тыныбек орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы:
- Май айына чейин алган маянам 7157 сом болсо, азыр 16000 сомго жетти. Мугалимдердин категориясы алынып салганы туура эмес болуп калды. Жыйырма беш жыл иштеген эмгек тажрыйбам менен мектепке кийин келген жаш мугалимдики деле бирдей болуп калды. Бизде жаңы иштеген мугалимдер 2500 сомдон алышчу, азыр алардын маянасы 7000 сомго жетиптир. Алардыкы үч эсе көбөйүптүр. Бизге да А.Атамбаев үч эсеге көбөйтөбүз деп айткан эле, бирок сөзүнө турган жок. 7500 сом алган мугалимдер 12500 сом алып калышты.
Мээрим КУЛМАМБЕТОВА, Ак-Суу районунун Челпек айылындагы М.Рахимов атындагы орто мектептин мугалими:
- Мектепте иштегениме беш жарым жыл болду. Буга чейин алган айлыгым 3000 сом болсо, май айында 6000 сом алдык. Ошондо эки эсеге көбөйүптүр. Бул жердеги мугалимдердин кээсинин айлыгы мурда 5000 сомду түзсө, азыр 8000 сом алгандар да бар. Албетте бул акча деле аз, бирок маянаны көбөйткөнү кубандырбай койгон жок.
Зейне КАЛЫЕВА, Бишкек шаарынын №64 гимназия мектебинин мугалими:
- Мектепте 20 жылдык эмгек тажрыйбам менен 5700 сом маяна алып иштеп жүрдүм. Май айынан баштап эмгек акыбыз 9300 сомго көбөйүптүр. Чындыгында бул акча реалдуу жашаганга аздык кылат. Мурда мугалимдердин категориясына жараша да кошумча акы төлөнчү. Азыр бул категорияны да алып салыптыр. Эми ушуга да шүгүрчүлүк кылышыбыз керек. Балким эмдиги окуу жылында да маяна көтөрүлөөр деген үмүттөбүз. Айыл жериндеги мугалимдердин 18-20 миң сом акча алганын угуп таң калдык. Мугалимдердин акчасын көбөйтүүгө аракет жасап, убадасына турган Алмазбек Атамбаевге да ыраазыбыз.
Мээрим УСУБАЛИЕВА, Нарын шаарындагы №8 орто мектептин мугалими :
- 2006-жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап 3200 сом айлык алып иштедим. Май айындагы маянам 6800 сом болду. 7-июнда Нарын шаарындагы агартуу өкүлдөрү чыгып Алмазбек Атамбаевге билдирүү жасадык. Себеби биз сыяктуу иштеген медайымдын айлык маянасы мурда 4200 сом болсо, азыр аныкы 12000 сомго чейин көбөйгөн. Ал эми биздин мугалимдердин 5000 сомдук маянасы 7000 сом, 6000 сом алгандар 8000 сом алып, болгону анча-мынча гана кошулган. Бул жерден мугалимдер менен медиктердин эмгеги бирдей бааланбай калганы өкүнүчтүү.
Сатина МАНАПОВА, Токтогул районундагы №4 Н.Биримкулов атындагы гимназия мектебинин мугалими:
- Мектепте 33 жыл иштеп, жогорку категориядагы мугалимдикке жеткем. Май айына чейин 8219 сом алсам, азыр 14769 сом алдым. Чындыгында мектеп боюнча эң көп маяна алган мен эле болдум. Мисалы, мурда 7400 сом алгандар 13295 сом, 6100 сом алгандар 10088 сом, 8000 сом алгандар 12477 сом алышыптыр. Биздин мугалимдер да нааразы болуп атышат. Башка аймактын мугалимдери 16-20 миң сом алганын уктук. Биз деле маянабыз ошончо көбөйөт го дегенбиз. Өзгөчө мугалимдердин категориясын алып салганы ишине болгон кызыгууну жоготуп койду десек болот.
Мамбет МАМАКЕЕВ, профессор, КР эл баатыры:
- Мага акчаны көбөйткөн жок. Академик, директор, илимий кызматкерлерге акча кошкон эмес го. Бирок биздин дарыгерлердин маянасы көбөйүптүр. Акчасын алышты. Илимий кызматкерлерге 20%дан кошуптур деп айтып атышат. Анысын тактай элекмин. Ал эми врач, медайымдардын кимиси канча алды билбейм, бирок түзүк эле кошуптур деп уктум.
Айнагүл НУРМАМБЕТОВА, Бишкек шаарындагы бейтапкананын биринин дарыгери:
- Медициналык тармакта иштеген эмгек тажрыйбам 34 жыл. Май айына чейин алган маянам 2500 сом болсо, кошулуп 5000 сом, андан тышкары дарыгерлердин категориясына жараша кошумча төлөмдөр бар экен. Бирок аймактык дарыгерлерге кошумча төлөмдү, Бишкек шаарынын мэриясынан берилчү акчаны кыскартып салышыптыр. Албетте социалдык кызматкерлердин маянасы көбөйгөнү жакшы, бирок базар баасы күндөн-күнгө өсүп, аны көзөмөлгө алып, тизгиндеген эч ким жок. Базар баасын тизгиндесе алган маянабыздын көбөйгөнү сезилмек. Мурдагы акча менен азыркы алган маянанын айырмасы деле байкалбайт.
Дамира Солтобаева, Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде жогорку категориядагы медайым:
- Мурда алган маянам 4500 сом болчу. Май айында алганым 12500 сомго жетти. Өмүрү он миң сомдон ашык маяна алып көрбөгөндүктөн, мынчалык каражат баарыбызды сүйүндүрдү. Бул биздин дарыгерлик категориябызга да кошумча болуптур. Кубанып атабыз.
Завида, борбордогу ооруканалардын биринде балдар бөлүмүнүн башчысы:
- Мен 4500 сом айлык алчумун, азыр 12500 сомго көбөйүптүр. Эмгек тажрыйбам 35 жыл. Эми менин үйүмдө жолдошум да иштейт, бул акча чындыгында жашоомо жетет. Эгер ушул сумманы бир үйдө жалгыз иштеген киши алса, албетте жетпейт.
Назгүл КАЛМАМБЕТОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??