presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Сот оңолбосо өлкө эгерим оңолбойт

Кыргызстанда кыргыздар гана ушундай кордолот!

Улут аралык жаңжал эмнеден чыгат? Көбүнесе укук коргоо кызматкерлеринин, өзгөчө сот системасында иштегендердин өз кызматына жоопкерчиликтүү мамиле жасабагандыгынан же болбосо "бармак басты, көз кысты" кылып укук бузулган ишти пара аркылуу өз ара бүтүргөндүгүнөн келип чыгат. Биз төмөндө кенен баяндай турган окуя коомдогу дал ушундай көрүнүштү кашкайта көрсөтүп турат. Борбордогу "Бета Сторес-3" соода борборунда сатуучу болуп иштеген Чолпон ОРОЗБАЕВАнын ошо жерде иштеген 35 жаштагы Гюнеш Йылмаздан көргөн кордугу, денесине келтирилген жарааты эч кимди кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз. Анда эмесе Чолпондун өзүнө сөз берели.

Ою арам, чоң муштум Йылмаз
"Бета Сторес-3" соода түйүнүндө таттуу азыктарды сатып иштегениме бир жыл болгон. Эки ай мурун биз иштеген жерге Гюнеш Йылмаз деген технолог келген эле. Анын ордунда мурда Уста деген технолог иштечү. Ал кыргыз кыздарга тийишип, сауна, мейманканага чакырып, баш тарткандарды кызматтан кетирем деп коркутуп, акыры биздин маркеттин директоруна көп арыз түшүп жумуштан айдалган. Уста бизди дүкөндөгү таттуу азыктар мөөнөтүнөн өтсө да саткыла деп кыйначу. Негизи таттуу азыктар ашып кетсе үч күн сакталышы керек. Бизден алган таттуулардан ууланып, ызы-чуу салган кардарлар да далай болгон. Ошол Устанын ордуна келген Гюнеш Йылмаз да кыргыз кыздарга тийишкен адат таап алды. Акыркы күндөрү ал мага тийишип, саунага чакырып ою бузула баштаган. Мен аны эки-үч жолу кагып салгам.
16-апрель күнү таң атпай жумушка келсем Гюнеш "эмне үчүн эски булочкаларды сатпайсың" деп ашата сөгүп, урушуп, сыртка чык, иштебейсиң деп сүйрөй баштады. Буйрукту директор чыгарат, мен кетпейм десем, ал күтүүсүздөн сол жаакка катуу чаап жиберди. Түшүнбөй калдым, эмне чабасың дегиче болбой кайра башка катуу чапты. Эсимди жоготуп коюптурмун. Эсиме келсем, колумду толгоп лифтти көздөй сүйрөп келатыптыр. Лифтте эч ким жок болгондуктан ал жакка алпарып мени зордуктаганга аракет кылды. Мен бошонууга аракет кылсам, ичке бир нече жолу катуу тээп жиберди. Ичим түйүлүп кетти. Андан эптеп бошонуп, күзөтчүгө жардам сурап чуркадым. Гюнешти тиги арачаласа да болбой мага жулунуп, сөгүнүп, сабаганга аракет жасады. Күзөтчү маркеттин директорун, дүкөндүн ичин көзөмөлгө алып камерада отурган начальникти чакырды. Камерадан Гюнеш Йылмаздын мени сабап атканын көрүп унчукпай карап отурган начальникке таң калдым. Ошол кезде кыйкырып жардам сурасам да эч ким басып келген эмес. Кийин Гюнеш Йылмаздын мени сабап аткан жерин камерадан өчүрүп, телефон менен сүйлөшүп жай басып келатканымды эле калтырып коюптур.

Ишти көмүскө бүтүргөн ГОМдун начальниги
Маркеттин директору, көзөмөл бөлүмүнүн начальниги келип мени сабаган Гюнеш Йылмазга унчугушкан жок. Мени көзөмөл бөлүмүнүн начальниги кабинетине киргизгенде Гюнеш артыман кирип, сени жоготом деп арыздана баштады. Начальник ага эч нерсе дебестен мени ордуңа барып иштей бер деп койду. Ал күнөөлүү болсо да ага эч кандай чара колдонбогонуна жиним келип "102 ге" чалып милиция чакырдым. Он беш мүнөттөн кийин милиция келип, бизди Биринчи май райондук ?7 ГОМго алып барышты. Мен жаңыдан арыз жаза баштаганда эле Гюнеш Йылмаз маркеттин башкы директоруна телефон чалды эле, ал тез эле жетип келди. Бирок милиционерлер аларды киргизбей койгон. Сыртта турган директор ошол ГОМдун начальниги Нурлан Сагыналиевди тааныйт экен, ага телефон чалып чакырса дароо келди. Нурлан Сагыналиев келип башкы директор экөө эски тааныштардай кучакташып көрүштү да, мен жазып аткан арызды алып берки милиция балдарга өзүм карайм деп кабинетке кирип кетип, экөө биртопко сүйлөшүштү. Андан кийин сыртта күтүп турган Гюнеш менен мени чакырып, Нурлан Сагыналиев мага: "Чолпон, арыз жазбай эле кой. Чогуу иштеп аткандан кийин кечиримдүү болбойсуңарбы. Көп болсо бетиң кичине шишип калгандыр. Андан башка эч жериң деле жабыркабаптыр. Сени зордуктаган жокпу, бычак сайган жокпу, денеңе оор жаракат келбептир, арызыңды кайра ал да ордуңа барып иштей бер. Мындай 7500 сомдук жумушту кайдан табасың? Бул арызың менен башка жакка барсаң деле эч ким карабайт. Биздин милиционерлер, мен да мындай майда иштерди караганга убактым жок" деп койду. Эмне кыларымды билбей арызымды алдым да, кайра жумуш ордума келдим. Анан директор кабинетине чакырып, бизди милицияга берип уят кылдың, эми сен иштебейсиң деп урушту.

Л.Нарынбаева деген кайдан чыккан "кудай"?
Ордума келип иштейин десем этим ысып, башым айланып өзүмдү жаман сезе баштадым. Директорго ооруп турам, үйгө кетейин же ооруканага көрүнөйүн десем, анальгин же аспирин ичсең эле жакшы болуп каласың, эч жакка барба деди. Бирок болбой эле кетип калдым да, кайра эле ошол ?7 ГОМго барып Айбек деген тергөөчү жигитке арыз жазып кетип калдым. Үйгө келгенде абалым абдан начарлап, басалбай калганда эжем ооруканага алпарды. Борбордогу ?2 ооруканадан мени текшерип, ичегим айрылып ичинен кан сызылып ага берип уюп калыптыр деп айтышты. Мен шок болгондуктан убагында байкабай калыптырмын. Тез арада операция жасашты. Эки күн эсиме келалбай комада жаттым. Ооруканада он жети күн жатып дарыландым. Ушунча убакыттын ичинде тергөөчү да, Гюнеш Йылмаз да келип абалымды сурап коюшпады. 12-майда ооруканадан чыккандан кийин бул тергөө иши кандай жүрүп атат болду экен деп ?7 ГОМго барсам, Тимур Мажинов деген тергөөчү Гюнеш Йылмаз камактан 10-майда чыгарылгандыгын кабарлады. Тергөөчүнүн айтымында, Гюнешти 17-апрелде кармашып СИЗОго отургузуптур. Биринчи май райондук прокуратурасына барсам, ал жердегилер бул ишти билбейбиз деп шаардык сотко жиберишти. Шаардык сотко барсам, судья Л.Нарынбаева ошол сот процессине төрагалык кылып, М.Бейшенова, Ж.Калыбекова аттуу соттор 10-майда Гюнеш Йылмазды бошотуп жибериптир. Л.Нарынбаевага кирип, Гюнеш Йылмазды кандай себеп менен бошотуп жибергенин сурасам, "башымды оорутпай чыгып кет, сени менен сүйлөшүүгө убактым жок, каалаган жериңе арыздан" деп кыйкырып, кеп-сөзгө келбей кабинетинен кууп чыкты. Айлам кетип Гюнеш Йылмазды кайра камап, ишти иликтесин деп Бишкек шаардык сотко Л.Нарынбаеванын үстүнөн арыз жаздым. Бирок андан жыйынтык чыкпады.

Курандын кусуру урган акмак
Биздин мамлекетте акыйкат жок экенин ошондо билдим. Акыйкат издеп канча жерге барбадым. Бардыгы менин арызымды алып коюшат да, кайра жооп да беришпеди. Акыйкатчыбыз дегендер да мындай ишти карабайбыз деп ачык эле айтышты. Бул иш ызы-чууга айланганда "Бета Сторес-3" соода борбору дароо эле Гюнеш Йылмазды кызматтан кетирип, директор, жетекчилердин баары алмашыптыр. Дагы бир таң калычтуу нерсе, тергөөчү ооруканадан менин ооруган баракчамды алып экспертизага да жибербептир. Шаардык сот Гюнеш Йылмаздын үстүнөн Кылмыш-Жаза кодексинин бейбаштык кылгандыгы үчүн деп козголгон 104-беренесинин 1-бөлүгү менен карап, менин ден соолугума залака келтиргендиги тууралуу эч нерсе айтылбаптыр. Ооруканадан чыккандан кийин дарыгерлер мага үч айдан алты айга чейин оор жумуш жасаганга, машинеге түшкөнгө болбойт деп айтышты. Гюнеш Йылмаз кийинчерээк кечирим сурап тынчтаналы, арызыңды ал деп келиптир. Бирок ошондо да күбөлөрдүн көзүнчө Чолпон өзү мени чапкан, мен ага чыпалагымды да тийгизген эмесмин деп куран китепти кармап карганды.

(Уландысы 16-бетте)


Пикирлерди мына биерге жазгыла >>>

кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??