кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї


Отунбаеваны Ошко айдашты

Кечээ депутаттардын канын геосаясый маселелер кызытып, көпчүлүгү министрликтер менен ведомстволорду Ош шаарына көчүрүүнү катуу талкуулашты. Жыйынтыгында депутаттар борбордогу бардык министрлик, ведомстволорду бир добуштан эле түштүккө көчүрө башташты. Бир кезде спикер Акматбек Келдибеков бардык мамлекеттик структураларды дүңүнөн Ошко көчүрүү маселесин көтөрдү эле, буга тиешелүү добуш жетпей калды. Айласы кеткен спикер ведомстволорду түштүккө көчүрүүнүн жакшы жактарын саймедиреп келип, ар бир министрликти өзүнчө добушка коюп кирди. Ошентип кезек парламентти көчүрүүгө жеткенде эмоциясына ээ боло албай аткандардын шаабайлары сууп, жарымы макул болсо, жарымы каршы добуш беришти. Кезек президенттин резиденциясы менен УКМКга жетип, депутаттардын 86сы буларды көчүрүүгө макулдугун берип жиберишти.
Кызыгы, депутаттардын бири да муну ишке ашырууга канча убакыт, каражат керек болот деген суроону көтөрүшкөн жок. Канайым болсо мындан кабары жок Австрияда жүргөндө депутаттардын президентке жасаган "белеги" болду.










??.??