03.06.11 - 21-бет: Шалпайта койду шапалак
Өткөндө футбол боюнча Германиянын Кубогу жыйынтыкталып, финалда "Шальке" "Дуйсбургду" 5:0 эсебинде айрып таштады. Мындай кооз жеңишке жетишкен клубдун оюнчулары өтө катуу майрамдап, үстү ачык машинада кубокту кучактап көчөдө күйөрмандарына ыраазычылык билдирип акырын баратышканда, Германия курама командасынын жана "Шалькенин" дарбазачысы Мануэль Нойерди бир кыз келип беттен ары шапалак менен берип калды. Түшүнбөй калган Нойер эмне үчүн десе, күйөрман кыз "сиз эмки жылдан баштап башка клубга ойнойт турбайсызбы. Саткындыгыңыз үчүн жаактан ары бир чаптым. Ал эми быйылкы ийгилигиңиз үчүн" деп туруп 25 жаштагы дарбазачыны оозунан помидор соргондой соруп салды эле, Мануэль ошол жерде эсин жоготуп катып калды. Командалаштарынын айтымында, 18 жаштагы кызды сүйүп калган футболчу аны издетип атыптыр. Чамамда чапканы жагып калса керек…

Арабдардын акчасы
Аргентинаны жетектеп, дүйнө биринчилигинде ийгилик жарата албай калган Диего Марадона акчага кызыгып, мээни кайнаткан ысыкка карабай арабдардын "Аль-Васль" клубун жетектеп Бириккен Араб Эмираттарына сапар алганын билебиз. Ал жакка жетээри менен команданы бир сыйра карап чыгып, силерге күчтүү оюнчу керек экен десе, арабдар дагы бир аргентиналык талантты чакырат окшойт десе, чоң футболдо карып бараткан, ошентсе да акыркы дүйнө биринчилигинин эң мыкты оюнчусу болуп табылган өзүнүн адашы Диего Форланды сатып алалы дептир. "Атлетико" клубун алга сүйрөп келген Форланга буга чейин ким гана куда түшпөдү, ынабай атты эле. Арабдардын жашылбайларын көргөндө ал жактын кыздары кандай экен деп Марадонанын жардамчысынан сураптыр. 19 турдан кийин өлкө биринчилигинде төртүнчү болуп бараткан клуб Форлан сыяктуу жылдыздарды ала берсе, жакында чемпиондукту эч кимге бербейт окшойт.




Бейшебай Усубалиев
Кашык
(аңгеме)
...а без чистого сердце - полного, правильного сознания не будет.
(Ф. Достоевский)
(Башы өткөн санда)
Бабушка сөзүн улабай башын чайкаган бойдон өзүнчө күбүрөнүп жөнөп калды. Мен артынан ээрчидим. Эшикти ачып үйгө кирсем... Кирсем... Айланайын... Аны жазыш да кыйын. Тим эле ботко. Салат чачылып жатат, дасторкон жарымына чейин түрүлгөн. Шып кыпкызыл. Сыягы кызылчанын салаты ага барып тийген окшойт. Эки бөтөлкө зом кара эки бурчта жатат. Төшөктөр будаланган... Ушулардын баарын карап туруп, менин кыжырым деле келген жок, атүгүл бул жерде эмне болгон деп да ойлободум, үйдөгү будуң-чаңды көргөндө эле башыма "Муну кантип жыйнайм?..." деген суроо шак дей түштү да, ойлонууга чамам келбей дел болуп катып калдым.
Аңгыча алактап-шалактап Макем да кирип келди. Аны да бабушкабыз тосуп чыгып, болгон жаңылыктардын баарын төкпөй-чачпай айтып берген көрүнөт, кирип келди да, "келесоо!.." деп бир чаңырып алып, ай-буйга келбей эле жууркан-төшөктөрдү апырып-сапырып кирди. Ар бир төшөктү жарымы түрүлгөн дасторкондун үстүнө жая салат да, көпкө чейин тигиле карап туруп, анан көргөн көзүнө ишенбегендей эки колу менен жанталаша сыйпалап кирет.
- Кайсалактап эмне эле издеп жатасың? - дедим мен, кашайып турган жаным ого бетер кашайып.
- Оюк... Тешик...
- Эмне болгон оюк, тешик?
- Тигиндей болсочу, - деди ал алактап. - Тигиндейчи. Ошонун ордун оюп, кесип кетишмек да... - Санаасы тынгандай, өзүнчө кобурай баштады. - Бүтүн. Тешик жок... - Мага суроолуу карады. - Же эмне, тигиндей болгон эмеспи?..
- Тигиндейиң эмне?
Макем жооп кайтарбастан, киркирей колун шилтеди:
- А - хх - ай!..
Кыжырым кайнап кетти:
- Тигиндей болсо дегениң эмне дейм!..
Макемдин жини оңой менен келчү эмес, деги эле мен анын чындап ачууланганын бир да жолу көргөн эмесмин. Бул жолу негедир жаны күйүп кетти:
- Эх - х - ээй!.. - деди мени акшырая карап киркирей. - Зордуктап салса дейм!..
Денем дүр-р дей түштү.
Экөөбүз үн-сөзсүз үйдү жыйнап кирдик. Макем үйдү жыйнап бүтөр- бүткөнчө эрдин кыбыратып, өзүнчө эле сүйлөнүп жүрдү. Саматты Макем ээрчитип келген болчу. "Биз менен жашай турсун байкуш, - деген мага күнөөлүүдөй. - Жатаканадан кууп чыгыптыр. Жашай турган жери жок экен..." Кыртышым сүйбөй турса да, мен үндөбөй башымды ийкегем. Эми ушуну эстеп, оозун кыбыратып үй жыйнап жаткан Макеме кыжынып отурам: "Жоктон тапкансып!.. Энеңди..."
"Иш чатак!.." - деп бабушкабыз чын эле туура айтыптыр. Макем экөөбүз жатууга кам уруп жатканыбызда, эшик кагылып, бир жигит элеңдеп кирип келди. Ал шаша-буша саламдашты да, Макемди мурунтан эле тааныйт окшойт, жүрчү дегендей башын жаңсап, аны ээрчитип эшикке чыгып кетишти. Кужулдашып көпкө турушту. Бир маалда Макем акырын кирип келди да, эки жагын элеңдей карап, мага акырын шыбырай баштады:
- Тигинин досу... Паспортуна келиптир... Тигиниңди жана түштө эле милийсалар кармап, түрмөгө тыгып салышыптыр,- деди. - Жыйналып турган төшөнчүлөргө колун жаңсай. - Кызык... Баары эле бүтүн... Тешиги деле жок... Анан...
- Тигиниң ким?
- А - х - аай!..- Макем нааразы болгондой, киркирей колун шилтеп алды. - Самат да... Аны камап салышыптыр. Эми...
Менин денем дагы дүр-р эте түштү.
Төшөк салдык да, жаттык. Сүйлөшпөдүк. Эмне жөнүндө сүйлөшүштү экөөбүз тең билбедик көрүнөт. Иши кылып кимибиз сөздү биринчи баштарды билбей, атүгүл баштоодон чочулагандай чайналып кыйлага жаттык окшойт. Бир мезгилде эле Макем өзүнчө кобуранып сүйлөнө баштады:
- Эх... 108 - статья дей бер, анын экинчи, жок, үчүнчү часты, ооба, ооба, үчүнчү... Алты жылдан он эки жылга чейин... Ооба, ооба он эки. Ушинтип айтпады беле... Он эки жыл берсе, эмне, жарымын кыскартып сала алмак беле... Он эки жыл берсе... - Дымып калды да. - Болуптур, сот менен сүйлөшүштү дейли. Сот, эмне, жарымын кыскартып сала алмак беле... Эмне, анын башы экөө эмес да, ыя?.. Ашып кетсе эки жылын. Ошондо деле он жылы калып жатпайбы, ыя?.. Ошондо он жыл алса... Самат канчада, ыя? Экөөбүз теңбиз, ооба, ооба, теңбиз. Мен мартта, ал январда. Ошондо январда болсо, менден канча ай... кана, январь, февраль, март... Менден ошондо эки ай, жок, үч ай, же эки айбы... Болуптур, эки ай деп коёюн, менден ошондо эки ай улуу экен. Мен мартта жыйырма экиге толдум, ал ошондо январда жыйырма экиге чыккан да, ыя... Ошондо азыр ал деле жыйырма экиде да, ыя, ооба, ооба, жыйырма экиде... Ошондо жыйырма экиде болсо, ага он экини, жок, онду дебедимби, ошондо жыйырма экиге онду кошсок, отуз эки болот да, ыя... Отуз экисинде чыгат экен да... Эх, келесоо... Жок, жок, отуз эки эмне, жаш эле да, ыя... Мына, Жаңыл эже деле биз менен окуп жүрбөйбү. Аның отузда экен... Жанагычы, Рысбек менен жүргөнчү, ошол отузда экен... Келесоомун да, мен аны биз менен эле тең деп жүрбөймүнбү, бая күнү араң билбедимби, отузда экенинчи... Ошондо отуз экисинде чыкса, эмне, жаш эле болот экен да, ыя... - Дагы кыйлага дымып калды да, чочугандай ордунан ыргып турду. - Келесоомун да, он жыл деп коём. Кызды тим эле жанчып салды деп жатпайбы бабушка. Буга да кошот да, ыя, жанчканы үчүнчү... Эх келесоо... Тепкилеп эмне кылат, жөн эле кашык менен, кашык менен эле... Эшикке алып чыгып эле, кашык менен эле...
Туталанып араң жаткан жаным ушул жерге келгенде чыдай албай кеттим:
- Эмне деп дөөрүп жатасың? 108иң эмне?.. Онуң эмне?.. Отуз экиң эмне?.. Кашыгың эмне?..
Макем өзүнө келе калды да, ордуна жата кетти.
- Эх... -деди анан нааразы болгондой. - Сен эчтеке билбейсиң да. Китептен башканы... Сага китеп эле болсо... Зордуктаганы үчүн он жыл береби - берет. Азыр жыйырма экидеби - жыйырма экиде. Ошондо он жылдан кийин түрмөдөн чыкса, ага жыйырма экини кошсок, отуз эки болобу - болот... Жок, коё тур, жанчып салды деп жатпайбы бабушка. Буга да кошот да, ыя... Ооба, кошот. Эх, келесоо, келесоо... Кашык менен эле, эшикке акырын алып чыгып, кашык менен эле...
(Уландысы бар)

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Накен Касиевге жана ага туугандарына, балдарына жубайы
МАРИПА АБАКИРОВАнын
62 жашында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтабыз. Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун. Белиңерди бекем бууп кайрат кылгыла.
Ж.Турсунов, Ш.Садыбакасова, Т.Ажимудинов,
А.Оморов, Ш.Дүйшеев, А.Салымбеков,
Ч.Арабаев, М.Темиров, А.Сакыбаева жана
"Ат-Башым" фондунун ордо кеңешинин мүчөлөрү