кыргыз тилиндеги гезит "Агым"


  Жума каарманы

Болот Шер "Ата мекенден" кетти, кол тийбестигин тапшырды
Кечээ Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шер парламентте күтүлбөгөн билдирүү жасады.

Июнь окуясынын чыгышына кимдер күнөөлүү экенин иликтеген депутаттарга кайрылып, "мен күнөөлүүлөрдүн биримин, анткени ошогезде Ички иштер министри болуп тургам. Мен 447 өлгөн адамдардын туугандарынан, 2 миң жараат алган адамдардан, жалпы кыргыз элинен кечирим сурайм" деди. Депутаттык комиссиянын отчетунда ага берилген аскердик наам жөнүндө айтылууда. Ошого байланыштуу ал "генерал-лейтенант" деген наамды кайрып алуу боюнча жазган арызын президент Роза Отунбаевага тапшырды. Болот Шер андан ары Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибековго депутаттык иммунитеттен убактылуу ажыратууну суранып, жана Өмүрбек Текебаевге "Ата мекен" партиясынын мүчөлүгүнөн, жетекчи органынан чыкканын жарыялап, арыздарын тапшырды. Өткөн жылдын апрель айынан июнь айынын аралыгындагы анын ишмердүүлүгүн Башкы прокуратура иликтеп чыгуусун суранды..
Болот Шердин мындай кадамын түшүнсө болот. Июнь окуясында генерал экендигине карабай үй күчүк болуп отурган адамдар азыр ошо окуяга күнөөлүүлөрдү оңой таап, аларды кандай жазалоо керектиги боюнча акыл үйрөтүп отурганы, окуялар, ошогездеги жогорку кызматтагы адамдардын иштери калыс каралбай атканы негизги себеп болсо керек. Болор иш болду, бирок кандай болгон күндө да июнь окуясы саналуу күндөрдө басылганы неге эске алынбайт?
Ал эми Болот Шердин "Ата мекенден" чыгышы өзгөчө сөзгө арзыйт. Бирдиктүү партиялык идеологиянын жоктугу, айрыкча Манас боюнча бул партия мүчөлөрүнүн чырга аралашканы Болот мырзаны жетээр жерине жеткирди өңдөнөт.
Атайын кабарчы




Баары эле танып жатышат

Июнь окуяларына байланышкан кечээки парламенттик угууда бул маселелер боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жетекчиси Токон Мамытов Азимжан Акбаров деген ала допубуздун наамына Кадыржан Батыров тарабынан БТА банк аркылуу 100 миң доллар которулганын тастыктады. Бул каражаттар июнь коогалаңын уюштурууга жумшалган дейт эл депутаты.
Белгилүү болгондой буга чейин УКМК, Башпрокуратура, ИИМ, финансы чалгыны аталган фактыны болгон эмес деп бир ооздон танып чыгышкан. Акыры депутаттык комиссия кайра-кайра териштирип атып тастыктап отурат. Кызыгы, гезит чыгып жатканда БТА банктын жетекчилиги "мындай факты болгон эмес" деп кызылдай актанган билдирүүсүн таратты. Эми балээ болбодубу, кимисине ишенебиз?
Баса, өткөн саныбызда "АзияУниверсалБанктын" мурдагы жетекчиси Михаил Надель Улуттук банктын жетекчилигине алыстан салам дубай жолдоп, анда аталган банктын мамлекет алдындагы милдеттенмелерин толук аткарып берерин, ал үчүн анын объектилерине тийбей эле коюусун өтүнгөндүгүн жазган элек. Бирок муну Улуттук банктын жетекчилиги каакы ордуна көрбөй койгондугунан улам М.Надель В.Белоконь менен шыбырашып туруп, Улуттук банкты сотко бериптир дегенбиз. Буга чычалаган УБ М.Наделден эч кандай кат алышпагандыгын, эч ким аларды эл аралык сотторго бербегендигин шашылыш кабарлашты. Кыскасы, баары эле танып атышат. Капка шибеге катылчу эмес эле. Көрөбүз го акыры.
"Жаңы-Агым" - пресс








Яндекс.Метрика