presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кырдаал

Сыры ачылган элчи, сындырган комиссия
АКШнын жаңы элчиси Памела Спратлен кыргыз жерине бутун коюп кое элегинде Киммо Кильюнендин эл аралык комиссиясын жактап түштү. Мындай комиссия түзүп туура кылгансыңар, анан алар "тердеп-кургап" 750дөн ашык документти карап чыгышпадыбы, кандуу окуянын чоо-жайын сурабаган да кишиси калбаптыр, демек комиссиянын жыйынтыгы абдан так экенине ишенип турабыз деди. АКШнын чиновниктери сөзүн талаага чачпайт. Дайыма алысты көздөп сүйлөйт. Ошону менен Кыргызстанга келип жаткан жаңы элчи сырын алдырып койду. Кандай болсо да жүргөн жерине чөп чыкпаган Киммо Кильюнендин эл аралык комиссиясын колдоорун ачык айтып алды. Бул түпкүлүгү АКШнын позициясы экендиги да анык.

Ырас, Кыргызстан эл аралык комиссияны өзү чакырган. Дүйнөлүк цивилизациялуу коомчулукка кайрылып бул ишке өзүңөрдүн бааңарды бергиле деген. Кашайганда ушу кең ааламда киши калбай калгансып, жер куруткан Киммо Кильюненди жиберип жатышпайбы. Жогоруда жаңы элчи келе элек жатып аначы болуп жаткан Киммо Кильюнен кезегинде Югославияны да "жиликтегенге" аттанып түшкөнүн, бул өлкөнү АКШ баштаган "улуу күчтөр" асмандан бомба ыргытып жатып, аягында "алтыга" бөлүп тынганын жакшы билебиз. Киммо Кильюнендин ким экендигин, анын ошол учурдагы иш-аракетин, адамдык чыныгы жүзүн журналист Алым Токтомушев "Жаңы Агымдын" өткөн санындагы "Дөшү" аталган макаласында жакшылап "жанчып" элге айтып берген. Алыке айтмакчы кеп Киммо Кильюненде деле эмес. Кыргызстандын түбөлүгүнө кыйшык караган күчтөрдүн эл аралык комиссиянын оозу менен айттырган позициясында болууда. Июнь окуяларын өз башынан өткөрүп, анын келип чыгыш себептерин ийне-жибине чейин жакшы билген кыргыз коомчулугу Кильюнен комиссиясынын жыйынтыгын кабыл алалбай турат. Кырдаал ушундай. Муну кыргыз босогосун аттаган АКШнын жаңы элчиси билбейт дегенге болбойт. Балээдей эле билет. Кеп жогоруда айтканымдай, элчи Памела Спратлен эмнени көздөөрүн билгизип койгонунда.
Кыргызстан мындай шарттарда июнь окуялары боюнча түзүлгөн парламенттик комиссияга чоң үмүт артып турган. Айныгыс фактылары, сепаратисттерди былк эткенге алын келтирбей турган далилдери менен эл аралык комиссиянын жаагын жап кылат деп күткөн. Тескерисинче андай болбоду. Бир эле комиссия үчкө бөлүнүп, комиссияга кирген депутаттар үч башка сүйлөп, натыйжада үч баштуу жыйынтык чыкты. Кайсы башын кесе чаап, кайсы башын угаарыңды билбейсиң.
Кыргызстан парламенттик башкаруудагы өлкө. Андыктан тарых, дүйнөлүк коомчулук алдында парламент комиссиясынын жыйынтыгынын саясый мааниси, сабак алчу жагдайлары чоң эле. Бирок арманга жараша кыргыз саясатчыларына мүнөздүү "сен кыйын, мен кыйын" же эптеп эле өзүн көрсөтүп калуу, саясый жоопкерчиликти сайга ыргытып жиберип, ошол эле учурда саясый утушка ээ болууну көздөө, жалпы мамлекеттик кызыкчылыкты унутуп, жалгыз атын камчылоо, улуттун келечегине тийчү кесепетин ойлобоо өңдүү "оорудан" арыла алышпады. Эң негизгиси, июнь окуялары боюнча парламенттин, кыргыз мамлекетинин туруктуу позициясын иштеп чыга алышкан жок.
Комиссиянын жетекчиси Токон Мамытов , мүчөсү Исмаил Исаков биз үч башка пикирди бириктире алабыз деп чыкты. Буларды буга чейин эле бирикпегиле, үч башка сүйлөгүлө деп ким айтыптыр. Ким кой дептир. Жалаң видеодокументтер менен куралданган Жылдызкан Жолдошева да өз алдынча чыкты. Эми көрсөтөөрүн көрсөтүп алып, мени кайтаргыла, үй-бүлөмө коркунуч келип жатат деп мамлекетке милдет кылып отурат. Албетте, өз жаранын коргоого мамлекет милдеттүү. Ансыз деле Ж.Жолдошеванын депутат катары иммунитети бар. Эч ким чекеге черте албайт. Эгерде комиссия бир пикирге келип, Ж.Жолдошеванын "бомбасы" комиссиянын атынан көрсөтүлсө ага бирөө бирдеме дей алмак эмес.
Комиссия мүчөлөрүнүн бир пикирге келбеген себеби эле ушул окуяларга байлап айрым саясый каршылаштарын аттан алып түшүү, ошол кезде убактылуу өкмөттө болгон, азыркы бийликте да иштеп жаткандарды жакадан алып ыргытуу, же тескерисинче берки тарабынын андай эмес, мындай деп актануусу болуп жатканы көрүнүп турбайбы. Бул жерде үч комиссиянын тигиниси тигинтип, мунусу минтип деп айтуу али эртелик кылат. Парламент бул маселеге чекит кое элек. Кийинки жумада каралат. Андыктан комиссиялардын жыйынтыгы боюнча узун сөздү кое туралы. Ушуну менен июнь окуялары боюнча баш-аягы алты отчет колубузда. Ага парламент кандай саясый баа берет, кандай чараларды көрүүнү сунуштайт, көрө жатарбыз. Кандай болгондо да июнь окуяларынын келип чыгыш себептери, кылымдан бери бир-бирине каш кайтарбаган эки элдин ортосуна от жаккандардын кимдиги, максаты, мындан алчу сабагыбыз, кийинки кадамдарыбыз ачык айтылышы керек. Саясый баа берилиши керек. Антпесек эл аралык коомчулуктун алдында кепке сынаарыбыз турган иш. Ошону эле акыйып күткөндөрдү да сезип турабыз.
Сөзүбүздүн аягында дегеле парламенттик комиссиянын табияты боюнча бир- эки ооз сөз. Айтайын дегенибиз, буга чейин тигил же бул маселе боюнча түзүлгөн комиссиялардын бир пикирге келе албай, уй бөйрөк болуп турушу. Буга Ө.Бабановдун иши боюнча түзүлгөн комиссиянын төрткө бөлүнүп кетишин мисалга тартсак. Бул парламенттин ичиндеги фракциялык интригалардын анык күзгүсү. Натыйжада, төрткө бөлүнгөн комиссиянын бир башы эрте ойгонуп кетип, анын жыйынтыгы менен Ө.Бабанов кызматына кайра келди. Өзгөчө пикири бар Ө.Абдырахмановду уккан киши болбоду. Ааламды алты айлансаң да кыргыз парламентиндегидей кызыкты эч жерден таппайсың. Арты кандай болот айтыш кыйын.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,
тел.: 38-67-13



  Андай эмес, мындай

"Коомдук телерадиокорпорация жөнүндө" мыйзам долбоору коомчулуктун кызуу талкуусуна алынды. Көпчүлүгү "мунун артында чоң саясый оюндар жатат. Мыйзамдын автору Каныбек Иманалиев КТРК гендеректирлигин эңсөөдө" деген пикирде жүрөт. Ошол эле маалда "ар-намысчы" депутат мындай түкшүмөлдөргө негиз жоктугун, болгону коомдук каналга көмөк көрсөтүүнү максат кылганын биздин гезитке билдирди.

Каныбек ИМАНАЛИЕВ, ЖК депутаты, "Ар-намыс" фракциясы:
"Кааласам буга чейин эле
КТРге бармакмын"

- 2006- жылдагы ноябрь митингинде "Конституция өзгөрүлүп, үй-бүлөлүк башкаруу токтотулсун жана коомдук телеканал түптөлсүн" деген үч талап коюлган. Ошонун негизинде коомдук канал тууралуу атайын мыйзам жазганбыз. Тилекке каршы, ага агездеги президент кол койбой койгон. Андан көп өтпөй 2007-жылкы апрель митингинде коомчулуктун таасири менен бул мыйзамга кол коюуга аргасыз болгон. Аталган мыйзам июнь айында күчүнө кирип, сентябрда байкоочу кеңештин курамы түзүлө баштаган. Ара-чолодо парламент таркатылып, жаңы шайланып келген "ак жолчу" депутаттар адегенде эле "Коомдук канал жөнүндөгү" мыйзамды жокко чыгарды.
- Сиз сунуштаган мыйзамдын өзгөчөлүгү неде?
- Мыйзамдын философиясы ушунда: коомдук канал мамлекеттик бойдон кала берет. Тактап айтканда, ал өлкө бюджетинен каржыланат. Ал эми президент сунуштаган беш адам, парламенттен беш, жарандык коомдун беш өкүлү байкоочу кеңештин курамын түзөт. Алар өздөрүнө жетекчи шайлап, бир ай аралыгында башкы деректирди да дайындашат.
- Эмне үчүн президенттик шайлоо жакындаганда КТРК маселеси козголуп калды? Анүстүнө коомдук каналдын гендеректири Кубат Оторбаев менин ордумду К.Иманалиев аңдып атат дегендей тызылдап жиберди.
- Кимдин ким экени ушинтип бийликте турганда сыналат. Мага 1998-жылы, анан 2002-жылы КТРди жетектөө сунушу түшкөн. Кааласам ошондо эле бу кызматка бармакмын. Менин негизги багытым - саясат. Ушул мыйзам кабыл алынып калса, муну коомдук каналга көрсөткөн жардамым деп ойлойм. Ооба, Кубат мырза ошентип айтканын өзү теледен көрсөттү. Эми ВГТРКнын генералдык директору Олег Добродеев ошентип эфирге чыкканын элестетип көрүңүз. Ошол билдирүүдөн соң премьер-министрдин өзү сегиз депутат катышкан жерде Оторбаевге "Иманалиевден кечирим сурап кой" деп айттым деди.
Биз жеке кызыкчылыктан да мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгонду үйрөнө албай келе жатабыз. К.Оторбаев жалаң өзүн коргоо максатында ар бири жарым, кээде бир сааттык он бештей теле, радио берүү даярдатты. Бул кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу эмеспи? Анан кайдагы калыстык, объективдүү коомдук канал жөнүндө сөз кылса болот?
- Балким көздөй адамыңызды коомдук каналга таптап аткандырсыз?
- Мында чындыктын үлүшү такыр жок. Себеби мен ал комитетке мүчө эмесмин.
- КТРКнын байкоочу кеңеши дагы үч жыл иштеши керек дегенге кошуласызбы?
- Апрель окуясынан кийин бардык структуранын жетекчилери убактылуу өкмөт токуган декреттин негизинде дайындалган. Азыр заман башка, Кыргызстан укук талаасына түштү. Натыйжада легитимдүү парламент шайланып, мыйзамдуу өкмөт куралды. Буга улай Эсеп палатасы сындуу мекемелердин аудиторлору кайрадан бекиди. Кезекте Борбордук Шайлоо комиссиясынын курамын түптөө турат.
Өткөн жумада ЖКда "Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууланды. Демилгенин автору Өмүрбек Текебаев мыйзам кабыл алынса декреттин негизинде дайындалган акимдердин бардыгы ээлеген ордун бошотуусу керектигин ачык айтты. Анын сыңарындай, декрет менен келген коомдук каналдын байкоочу кеңеши кайрадан мыйзам чегинде тандалышы абзел. Парламент бир принциптин негизинде гана иштесе, эл да, коомчулук да сыйлайт.
- Бийлик алмашканы КТРКнын табияты өзгөрүлдү. Мурдагыга салыштырмалуу окуялар калыс чагылдырыла баштады. Жаңы жетекчиликтин келиши мындай саамалыктарга кедергисин тийгизбейби?
- Сиз айткан өзгөрүүлөрдүн баары декреттин негизинде жүзөгө ашууда. А мен аны мыйзамдуу жолго гана салып атам. Мунун эмнеси жаман.
- ЭлТР тууралуу да мыйзам жазып атыпсыз. Анын зарылчылыгы канчалык?
- Элеттиктер ЭлТРди көбүрөөк көрүшөт. Себеби, ал руханий турмушка өтүп, региондорду жакшы чагылдырып атат. Мындан улам, бизде ЭлТРди Россиянын "Культура" каналындай маданий улуттук телекорпорацияга айлантуу планы бар. Мыйзам долбоору боюнча саясат негизинен маалыматтык берүүлөрдө гана болсо, улуттук каада-салт, улуттук тарых, улуттук маданият, улуттук эпостор, улуттук тарыхый инсандар жана билим берүү туурасындагы берүүлөр каналдын өзөгүн түзөт.
Аталган телеканалдын байкоочу кеңешин премьер-министрден беш, парламенттен беш, чыгармачыл союздар жана илимий чөйрөнүн беш өкүлү түзөт. Мыйзам ишке кирсе ЭлТРдин техникалык базасын чыңдап, айлык акы өлчөмүн жогорулатабыз.
Элдик каналдын борбордук офиси Ош облусунда жайгашарын эске салайын. Келечекте облустук-аймактык телеканалдарды дагы ЭлТРдин курамына кошсок деген максат бар.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??