presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Оп, майда

Адылдын аты унутулбайт
Кечээ Кара-Суу районундагы Каратай айылындагы орто мектепке райондук милициянын башчысы, маркум Адыл Султановдун ысмы ыйгарылды. Адыл Султанов жана анын айдоочусу Уран Шамурзаев Нариман айылынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү деп кармалгандын бешөө түбөлүк түрмөгө кесилип, бирөө 25 жылга, үчөө 8 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот төмөнкү эки соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырып, бир гана Дилшодбек Ахроровдун ишин райондук сотко кайра кароого жиберген.

Өкмөт өзүн да күзгүдөн караса
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев түштүктөгү "Кристалл" заводуна немец ишкерлери кызыгып жатканын, алардын 4 млрд. доллар инвестиция салууга ниети барлыгын, ошондой эле бизнеске, инвесторлорго "мишайт" этпесек ички дүң продукция 40-50 пайызга өсүп, 4 жылда ИДПны эки эсеге көтөрө аларыбызды айтып өттү. Бирок бул үчүн туруктуулук керек дейт премьер мырза. Бул сөзү дурус го, бирок ошол саясый, экономикалык туруктуулукту камсыздоо баарыдан мурда өкмөттүн милдети эмеспи.

Геноцид болгон эмес
"Эгалита" аталган коомдук фонддун башкы директору Татьяна Выговская июнь окуяларында геноцид болгон эмес деп билдирди. Ал мындай жыйынтыкка 3 миңден ашык алгачкы документтерди иликтеп, ар кандай сурамжылоолорду жүргүзгөндөн кийин келгендигин айтып отурат.

"Маданият" журналы маңыздуу
Кыргызстан маданият министрлигинин "Маданият" журналынын ?1 саны жарыкка чыгыптыр. Анын башкы редактору, белгилүү журналист, жазуучу Памирбек Казыбаевдин айтымында, журнал жалпы окурман журтуна, ошондой эле маданият кызматкерлерине арналган. Журналдан Манастан баштап, кечээки залкарлар Ысмайыл, Калмурат, Асекке чейин сонун-сорпо сөздөрдү, ар тараптуу маданий жаңылыктарды таба аласың. Учурда кийинки саны басмага даярдалып жатат.

"Эңсеген менин обонум"
Кыргызстандын жазуучулар, сүрөтчүлөр, журналисттер уюмунун мүчөсү, кесиби сүрөтчү Үсөн Сарыбаев айтылуу обончу Рыспай Абдыкадыров жөнүндө жазылган "Эңсеген менин обонум" аттуу китебин толуктап кайра бастырды. Китепте улуу ырчынын чыгармачылык жолу ынанымдуу берилген. Ошондой эле автор өзү тарткан сүрөттөр менен шөкөттөлгөн.

Туңгуч элчиге китеп
1758-жылы кыргыз элчилери Кытайга барган эле. Алардын арасында солтонун асылбаш уруусунан чыккан Нышаа баатыр да болгон. Учурда урпактары бул окуяны кытай, орус булактарынан такташып, ошондой эле Нышаа баатырдын басып өткөн жолуна байланышкан жаңы фактыларды таап китеп кылып чыгарды. Тарыхый-маданий мааниси бар "Нышаа жана анын доору" аталган бул китеп окурмандардын кеңири чөйрөсүнө багытталган.

Кимдердин кулагы?
Бишкек шаардык прокуратурасы "Ататүрк" сейил багынын 5 гектары ОсОО "Ю-Ти-Ай Глобал" аталган ишканага мыйзамсыз берилип кеткендигин чукулап көрсө, Бишкек мэриясынын жана Октябрь райондук администрациясынын айрым кызматкерлеринин кызарган кулагы чыгууда. Прокуратура булардын кулагын түбүнөн жулганы калды окшойт.

Бакиевдин башы баталгада
Бишкек шаарында Аксы окуясына байланышкан сот иштери кайра башталып уланууда. Жабырлануучулар ал кезде премьер-министр болуп турган К.Бакиевдин бул иштен колу таза эмес, андыктан ар бирибизге 1 миллион сомдон төлөсүн деген талабын коюшууда. Ушу тапта Аксы окуясын 7-апрель окуясы боюнча сот иштери менен биргеликте кароо айтылууда. Кыязы, ушуну менен биротоло баарын Курманбек Бакиевге байлаганы калышты окшойт.

Каяктасың, Хайрулло?
Түштүктөгү июнь окуяларына катыштыгы бар деген шек менен Орусиянын Түмөн облусуна кире качкан Хайрулло Абдрасулов деген кыраан кармалды. Ага улутту кайраштырган, укук коргоо кызматкерлерине "тишин" көрсөткөн деген айып тагылууда. Сыягы, жакында бул жакка өткөрүлүп берилет окшойт.

Күйдүргү
"20 жыл мурда биз бирге элек" деп өксүгөн орус шовинисттери дагы деле Кыргызстанды баш көтөртпөй башкаргылары бар. Кыргызстан Россиясыз экономикасын өнүктүрмөк турсун, өз алдынча дем ала албайт деген ойду билдирген Георгий Александров аттуу бирөө "Аргументы и факты" гезитинин ?21 (1593) санына "Киргизия рожденная в СССР" деген макаласын чыгарды. Анда СССРге болгон арман күү, Ленин ойлоп таап картасын Сталин чийген Кыргызстан, эшектерге чегилген арабалар, жолдордо "Москвич" менен "копейкадан" башка машинелердин жоктугу жөнүндө айтылат. Аягында Кыргызстан Россия менен гана өнүгүп бизнес жасай алары, ошон үчүн Калининград облусу сыяктуу Россияга кошулгусу келгендер бар экени, дегеле жакында кыргыз бийлиги Москва менен көп миллиарддуу кредиттер жөнүндө сүйлөшкөнү менен аяктайт.
Орустардын мындай басмырлаганына татыктуу жооп берчүлөр барбы? Шовинизмге, анык улутчулдукка жыш бул макаланы биздеги кыя өтпөстөр неге байкашпайт?

Тилиң менен улутсуң
15-июнда Токтогул атындагы улуттук филармонияда республикалык кыргыз тил коому атайын марафон өткөрөт. Аты эле айтып тургандай, коом кыргыз тили үчүн чындап күйгөндөрдү филармонияга чакырып, өз эне тилине кам көргүсү келгендерге мүмкүнчүлүк түзүп беришет. Азыр бийлик жалаң эле өз улуту үчүн бир нерсе жасагандарды көзүнүн төбөсү менен карай баштады. Бирок улуттун учугун улаар мекендештерибиз баарыбир жардамын аянбайт деп ойлойбуз.

Төрөлө электерге да 473 доллар
Финансы министринин орунбасары Мирлан Байгөнчөков кечээ ойлонто турган маалымат таратты. Анын айтымында, азыр Кыргызстандын тышкы карызы 2,6 млрд. доллар. Аны 5,5 млн. адамга бөлө келгенде киши башына 473 доллардан "үлүш" тиет. Билерман экономисттерибиз болсо кыргыз өкмөтү 2050-жылга чейин тыштан карыз албаса, карызыбыздан толук кутулабыз деп отурушат. Азыркыдай ооз менен орок оруп отура берсек дагы 39 жылда кутулбай эле тутуларыбыз турган иш.

Бурканов бурк этпеди
Жакында harakat.net. маалымат булагы Баткен облусунун губернатору Арзыбек Буркановдун менчик кирпич заводу өзбек газ түтүгүнө туташканын жазып чыккан. Маалыматта жумасына 60 миң бышкан кыш чыгарган завод Бүргөндү айылында 18-апрелде ачылганы айтылган. "24 kg" маалымат агенттигине бул боюнча губернатор жооп берүүдөн баш тартып, анын ордуна жардамчысы жооп кылган. Анын билдиришинче, завод газ менен эмес көмүр менен иштейт.

Кара-Кечени "каралар""саап" атат
Жума башында "Ата мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов Кара-Кече көмүр кенин криминал "саап" жатканын кабарлады. Анын айтымында, кенден түшкөн кирешенин 40 пайызы "общакка" кетет. Андыктан мамлекеттик "Кыргызкөмүр" ишканасына кырдаал боюнча иликтөө жүргүзүп, өлкөнүн көмүр тармагын жакшыртуу тапшырмасы берилиши керектигин айтат депутат. Эске салсак, буга чейин да ушундай маалыматтар болуп, өкмөт мүчөлөрү Кара-Кечеде "каралар" жок деп чыгышкан.

Бакырган Байболовду текшерүү керек
Экс-башпрокурор Кубатбек Байболовдун жооп берүү убактысы келди. Кечээ Бишкек шаардык прокуратурасынын мурдагы прокурорлору ушундай билдирүү менен маалымат жыйын өткөрүштү. Көрсө, аларда Кубатбек мырзага карата кат-катталган аргументтүү айыптары бар экен. Ошол себептен алар жакында президентке, парламентке жана өкмөткө өздөрү берген фактылар боюнча текшерүү комиссиясын түзүп, Байболовдун ишине укуктук баа берүүнү суранышмакчы. Кызыгы, буларды кезинде Байболов мырза кызматтарынан шыпырган экен.

"Жаңы Агым" - пресс




"Жаңы Агым" жазгандан кийин
Саматовдун тагдыры чечиле элек…
Гезитибиздин өткөн санында "ата журтчу" депутат Жыргалбек Саматовдун чындап эле Россия жарандыгын алгандыгы туурасында документтин көчүрмөсүн басканбыз. Буга карата Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев редакцияга кат жөнөтүптүр.
Анда "Жаңы Агым" гезитинин 2011-жылдын 20-майында ?20 (046) санында "Депутаттык мандат 100 миң долларбы?" аттуу макалада Жогорку Кеңештин депутаты Саматов Жыргалбек Алимбаевич Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариевге жана Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге 100 миң доллар берип, ошону менен аты аталган депутаттын жарандыгы тууралуу маселе жабылды маанисинде ой айтылган. Бул маселе боюнча төмөнкү маалыматты билдирем: "Депутат Ж.Саматовдун жарандыгы тууралуу маселе Боршайкомдун жыйынында көтөрүлүп, депутаттын өзүнө жана КР Тышкы иштер министри Р.Казакбаевге, КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы К.Дүйшөбаевге, РФ Тышкы иштер министри С.Лавровго, РФ Федералдык миграция кызматынын Татарстан республикасы боюнча башкармалыгына, РФнын Кыргыз Республикасындагы элчилигине депутаттын жарандыгы тууралуу тиешелүү документтерди расмий түрдө сурап кайрылганбыз. Азыркы күндө материалдар толук топтоло элек. Ошондуктан депутат Ж.Саматов өзү убада кылгандай, анын Россия Федерациясынын жараны эместигин тастыктаган документтер жана жогоруда аталган органдардан материалдар Боршайкомго келип түшөрү менен Боршайком бул маселени өзүнүн жыйынына чыгарат. Ушуну менен Ж.Саматовдун жарандыгы тууралуу маселе күн тартибинен алына электигин дагы бир ирет маалымдап, "Жаңы Агым" гезитинин 2011-жылдын 20-майында ?20 (046) санында жарыяланган "Депутаттык мандат 100 миң долларбы?" деген макаладагы менин атыма байланыштуу маалымат чындыкка жатпайт деп билдирем" дейт Акылбек мырза.
Ал ортодо Ж.Саматов дагы байланышка чыгып, азыр Ошто иштер менен жүргөндүгүн, борборго барары менен "илибой" суроого жооп берүүгө даяр экендигин билдирди. "Ата журтчу" депутат эмнени айтарын күтө туралы...





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??