27.05.11 - 22-бет: Анекдоттор
Эки жаңы кыргыз сүйлөшүп отурушат. Бири экинчисине:
- Эрктүүлүк деген эмне, дос?
- Эрктүүлүкпү? Эрктүүлүк - бул компьютерди эми өчүрөрдө агенттен бирөө сага жазып калып, аны сен окубай өчүрүп салуу.
* * *
Он жашар бала атасынан:
- Ата, мен чоңойгондо каалаганымды жасайм да ээ? - дейт.
Анда атасы оор улутунуп:
- Жок, балам, ал убакта сенин аялың болот… - дептир.
* * *
Тамеки чегип отурган атасына 5 жашар баласы:
- Ата, берчи мен да соруп көрөйүн?
- Кой, балам, муну жаман балдар сорот.
- Анда эмне, сен жаман баласыңбы?
* * *
Мончодон келаткан дүлөй менен мончого бараткан дүлөй жолугуп калып, баратканы:
- Оо кошуна, сен мончодон келатасыңбы?
- Жо-ок ой, мончодон эле келатам.
- Аа, мен сени мончодон келаткан экен десе.
* * *
Үч эркек сүйлөшүп отурушат. Биринчиси:
- Менин кайненем күнүгө келип тажатты, - десе, экинчиси:
- А меники ай сайын эле келе берет, бышырып койгонсуп, - дейт. Анда ойлуу отурган үчүнчүсү:
- Менин кайненем биздикине он жыл илгери бир эле жолу келген... Ошо боюнча кете элек. - дейт имиш.
* * *
Убактылуу өкмөттүн декретинен: "Пенсияга чыккандан кийин үч жылдан ашык жашабаган пенсионерлердин акчасы 10 эсеге көбөйтүлөт".
* * *
Быйыл КР чемпиону болбой калган "Дордой" футбол клубунун күйөрмандары жаңы ураан ойлоп табышты. "Өзүң гол киргизе албайсыңбы, командалашыңа да пас бер. Ал да бир жолу болсо да кыйшык тээп алсын".
* * *
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Түркияга конокко барып калат. Кыргызстанга шашкан Алмаз Шаршеновичти түрк туугандар:
- Ой, шашпай эле коюңуз. Дагы бир-эки күн конок болуп кетиңиз. Сизсиз деле Кыргызстан өз жашоосун уланта берет.
- Ой, билем уланта берерин. Бирок, аны эч ким байкап калбаса экен деп атпаймбы, - дептир кабатырланган премьер.