presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Орус мушкер уктата чапты
Москва шаарынын "Динамо" жабык стадионунда эки континенттин албан мушкерлери рингге чыкты. Орустардан Денис Лебедев, Америкадан Рой Жонстун кичүүсү. 10 раунд бою былчылдашты. Бирде Денис, бирде Рой үстөмдүк кылып атканы спорт ышкыбоздордун бүйүрүн абдан кызытты. 9-раунддун этегинде 42 жаштагы каратору мушкердин чарчаганы билинип, бурчка кептелип атканын байкаган Денис удаа-удаа чабуулга өтө баштады. 10-раунддун башында орус мушкеринин чыкыйга, андан ары ээк талаштыра жиберген соккусу таамай тийип, Рой коргоно албай калды. Талталаңдап баратканда дагы бир жолу кулак түпкө жеди. Ошону менен каратору мушкер эки мүнөттөй эсине келе албай рингде "уктап" калды. Догдурлар келип ойготту. Бу маалда рингдеги рефери Денистин колун көтөрүп, жеңишти ыйгарып аткан кез эле.

Бразилиянын курамынан Роналдо кетет
34 жаштагы Роналдо июнь айынын жетисинде топ менен коштошот. Футболчу Бразилиянын курамы менен румындардын жолдоштук беттешүүсүндө акыркы жолу жашыл майсаңга чыгарын айткан. Биринчи таймда толугу менен ойноп, тыныгуу маалында коштошуу аземи болот. Эскерте кетсек, Роналдо Бразилиянын курамында 97 жолу оюн талаага чыккан. Атаандаштын дарбазасына 67 топ киргизген.

Мария Шарапованы эч ким токтото албайбы?
Чоң теннис боюнча Франциянын ачык турнири уланып атат. Дүйнөнүн мурунку биринчи ракеткачы айымы Мария Шарапова биринчи оюнун утуп алып, эми кийинкисин да "жайлайм" деп чамынып аткандагы кези. "Бул турнирди өлсөм-талсам да утам" деп аткан имиш. Чынында эле "Чоң шлем" турнирине катуу даярданганы көрүнүп турат. Хорват айымы Мирьяны Лучич менен болгон таймашта 6:3, 6:0 эсептеринде утуп алганы азырынча дем берип тургансыйт. Марияны эч ким токтото албайбы, же чындап эле Франциянын ачык турниринин жеңүүчүсү болобу?..





  KYRGYZSPORT

Эки балбан эки коло жеңип
Ташкент шаарында кезектеги Азия биринчилиги өттү. Эркин күрөш жаатынан төмөндөгү балбандар тапталып барган. Нурлан Макеналиев биринчи эле таймашында корей балбанына алдырып ийген. Каныбек Кадыркулов биринчи турда 3 балбан менен алышып жеңишке жетишкени менен чейрек финалда сириялыкка жеңилип калган. Ильгиз Жакыпбеков эки жолу күрөшүп, анын бирөөсүн уткан. Бирөөндө казакка алдырып ийген. Данияр Самсалиев чейрек финалга чейин жетип, андан ары өтө алган эмес. Дагы бир балбаныбыз Лазарев коло медаль үчүн болгон таймашта казак балбанына утулуп калган. Эркин күрөштө Иннокентий Иннокентьев (66 кг) менен Айбек Усупов (84 кг) Азия биринчилигинен байгелүү 3-орунду жеңип, коло медалдуу болуп кайтышты.

Азия чемпионуна Арсен жетти
Ташкенттеги жалпы күрөштөн Азия чемипионатынан грек-рим балбандары эки медалдуу болуп кайтышты. Анын ичинен коло медалды Мурат Рамонов оор салмак боюнча жеңип алган. Мелдеш учурунда жарым финалдык таймашка чейин барып, ал жерде тажикке упай боюнча уттуруп ийген. Кийин коло медаль үчүн болгон күч сынашууда казак балбанын 5:0 эсебинде уткан. Экинчи балбаныбыз Арсен Эралиев 55 килограмм салмак ченинде Азия чемпиондугун жеңип алды. Чемпиондук такка кетчү жолдо индиялык, ирандык жана финалда өзбек балбанын утуп алган. Күн мурун кыздардын күрөшү болуп, Мехринсо Нурматова кызыбыз коло медалды багынткан эле. Ошентип, Ташкентте болгон Азия биринчилигинде кыргыз балбандары кур кол кайткан жок. Бир алтын, төрт коло медалдуу болушту.

"Нефтчи" командасы алдыда
АФК президентинин кубогуна арналган футбол боюнча мелдештин алгачкы таймаштары болду. Былтыр өлкө чемпиону болгон Кочкор-Атанын "Нефтчи" командасы бир жума мурун Камбоджа өлкөсүнө учуп кеткен эле. Ал жерде эки өлкөнүн чемпиондорун жеңип алып, күздө боло турган финалдык таймаштарга жол ачып койду. Алсак, "Дон Боско" (Шри-Ланка) командасын 2:0 менен, "Абахани" (Бангладеш) курамын да 2:0 эсебинде утуп алган.

Олимпиада баатырларынын ысымында
Чүй облусунун Кичи-Кемин айылында жаңы спорт жай курулуп, ачылуу аземине өлкө президенти Роза Отунбаева катышып келди. Ушундай эле спорт жай Талас облусунун Өзгөрүш айылында былтыркы жылдын күз айларында ачылып, Бээжин олимпиадасынын күмүш медалын жеңип алган грек-рим күрөшүнүн балбаны Канат Бегалиевдин ысымы ыйгарылган эле. Кичи-Кеминдеги спорттук жайга Москва олимпиадасынын чемпиону, 7 жолу дүйнөнү оор атлетика боюнча багындырган Каныбек Осмоналиев менен Бээжин олимпиадасында коло медалдын ээси болгон Руслан Түмөнбаевдин ысымы берилди.

Өлкө чемпиондору аныкталды
Кожомкул атындагы спорт ордодо Кыргызстандын биринчилиги өттү. 250гө жакын атлеттер республиканын булуң-бурчтарынан келип күч сынашты. Эки күнкү таймашта жеке салмак чендери жана курактары боюнча өлкөнүн чемпиондору аныкталды. Жалал-Абаддан келген Адилет Абиков (50 кг) менен Хусанбай уулу Момунжан (57 кг), Жети-Өгүздөн келген Шамыркул уулу Таалайбек (85 кг) жана Чүйдөн Назира Утешова.

Зайландын шарлары заңкылдап
Казакстанда бильярддын шайкеш түрүнөн эл аралык мелдеш болуп өттү. Кыргыз балдарынан төртөө аттанып, анын бирөө чоң керекке жарады. Зайлан Адамов коло медаль үчүн болгон таймашта атаандашын утуп алган. Жердешибиздин ошо күнкү аткан шарлары уяга шаңкылдап түшүп атты. А Каныбек Сагынбаев 5-орун менен марага келди.

Талас курамы баарын "талкалады"
Баткенде республика алкагында айыл жаштары арасында чоң мелдеш өттү. Улуттук оюн болгон ордо, күрөш боюнча атаандаштык күч болуп, жалпы жыйынтыгында Таластын айыл жаштары биринчиликти жеңип кетишти. Нарын жаштары экинчи орунду камсыз кылды. Үчүнчү тепкичке Ысык-Көл облусу көтөрүлдү. Мындай саамалыкты КР дене тарбия агенттиги колдоого алды.

Бетти даярдаган
Кудрет ТАЙЧАБАРОВ



кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??