presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Көңүл чордонунда

Кыргызстан: мыйзам баарына бирөө гана

Бишкек райондор аралык соту "Penwell" компаниясынын "БиМоКом Лтд" ЖЧКсынын азыркы ээси "Serpeus Inc" компаниясына каршы доо арызын кароодон баш тартканы, сот бийлиги мындан ары "чоңдордун" басымына карабастан мыйзамды кыйшаюсуз аткарууну көздөгөнү айкындалды. Мамлекет инвестор менен биргеликте өлкөдөгү дагы бир "алтын тамырды" - телекоммуникация тармагын өнүктүрүүнү жана анын ички потенциалын ишке ашырууну пландаштырып жатат.

"Penwell" компаниясынын өлкөдөгү ири Мегаком уюлдук операторун дагы бир жолу соттун кайырмагына илүүгө болгон аракети, Бакиевдер жана алардын жан- жөкөрлөрү үчүн киргил суудан балык кармаган көнүмүш адаты десек жарашат. Адилет министрлигинин "БиМоКом Лтд" ЖЧКсын кайра каттоо чечимин токтотуу жөнүндө Бишкек райондор аралык сотунун дарегине жиберген өтүнүчү, кассациялык орган болгон Бишкек шаардык сотунун "Serpeus" компаниясынын уюлдук оператордон ак ниет сатып алуучу укугун бекитүү жана "БиМоКомдогу" Мегакомдун мүлкүн жана жыштыгын кайра берүү жөнүндөгү токтомун жокко чыгарууну көздөгөнү бештен белгилүү. Бул өз учурунда компания үчүн ар түрдүү коррупциялык технологияларды пайдаланган шектүү талаш-тартышка алып келет эле.
Заманбап дүйнөдө телекоммуникация менен бирдей эле IT-технологиясы бизнестин динамикалуу жактан өнүккөн тармагы деп эсептелерин баса белгилеп айтуу керек. Кыргыз Республикасында мына ушул процесске активдүү киришүү жана мындан элдин жана мамлекеттин бюджети түздөн-түз кандай дивиденддерди алат, ал мамлекеттик органдардын позициясына көз каранды.
Өткөн жылда эле өлкөдөгү уюлдук байланыштын абоненттери 10%га көбөйүп, 4 миллион 949 миң 532 адамды түзгөн.Өкмөт алдындагы мамлекеттик байланыш агенттигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күндө республикада телекоммуникация рыногундагы кызмат көрсөтүү ИДПнын жалпы көлөмүнүн 8%ын түзүп, а жеке көлөмдөгү индекс 115,7%ды түзгөн. Бул көрсөткүчтөр экономиканын башка тармактарына караганда жогору турат. Ошондуктан рыноктогу эрежелерди так сактоо мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү. Эгер ушул пайыздык көрсөткүчтөрдү акчалай түргө айландырсак, анда мындай шартта Мегаком жыл сайын 30 миллион доллар киреше алып келгендиги жөнүндө сөз жүрүшү керек. Мегакомго мыйзамдуу кожоюн бекитилгенден кийин телекоммуникациялык компанияны өнүктүрүүнүн келечеги, республикага кандайдыр бир үлүш тийиштүү болгондуктан, өлкөнүн бюджетин толтуруу үчүн кирешеден үлүш алуу жөнүндө ачык-айрым сүйлөшүүгө мамлекетте мүмкүнчүлүк пайда болду.
Мурда "питердик инвесторлордун" "натыйжалуу" менеджменти тарабынан мамлекеттик бюджетке кирешелер түшпөй жана тийиштүү дивиденддер чегерилбей өлкө миллиарддаган сомдон кур жалак калган. 2011-жылдын 14-майында Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы жалпы суммасы 143 миллион сомду түзгөн акча каражатын уурдоо фактылары боюнча "Альфа Телеком" ЖАКына мамлекеттик финансы полициясы кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишин КР Башкы прокуратурасы негизсиз жапкан деген тыянагын билдиришкенин эсиңиздерге салабыз.
Сот органдары тарабынан алардын дооматтары юридикалык жактан негизсиз аргументтер экенин толук тааныганды, ошондой эле алар "Serpeus Inc" компаниясынан экономикалык мүнөздө алып караганда деле бизнес жүргүзүү жана ишкердүүлүк образында өтө айрымаланып турганы талашсыз.
Жакында "Serpeus" компаниясы жалпы суммасы 250 миллион долларды түзгөн инвестициялык старт жөнүндө жарыя кылды. Бул сумманын бир бөлүгү - 50 миллион доллары кийинки үч жылда салык катары Кыргызстандын бюджетине түшүп турмакчы. Калган каражат негизги фондду жаңылоо жана оператордун инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшалат. Инвестициялык келишимди аткаруу миңдеген жумушчу орундарын түзүүнү шарттайт. Заманбап технологияларды киргизүү менен абоненттик базаны кеңейтип, акырындык менен Кыргызстандын калкы үчүн мобилдик байланыштын акысын арзандатууга өбөлгө түзүлөт. Бул инвестициялык программа Мегаком түзүлгөндөн бери жумшалган каражаттын эки эсе көп өлчөмүн түзгөнү кызык.
Бул иште акыркы жылдарда биртоп эмоция, коррупция, оффшордогу эсептерди толтуруп туруу үчүн киреше булагынан ажырап калбоо жана киргил суудан өзүнүн энчисин алууга болгон аракеттер көп болбодубу. Бирок мыйзам бар, мына ушуга ылайык чечимдер кабыл алынды. Конструктивдүү иш аракеттер "эски жыргал мезгилдегидей" кайсы бир адамдын керектөөсүнө көз каранды болбош керек. Турмуш ырастагандай, мезгил өзгөрүп жатат, албетте жакшы жагына…




Доосун кайтарып беришти
"Penwell Busines Limited" компаниясы 20-майда Бишкек шаардык райондор аралык сотуна "Serpeus" компаниясынын Мегаком уюлдук байланыш операторунун активинин мыйзамдуу ээси деген чечимин жокко чыгаруу үчүн доо арызы менен кайрылган.

Сот органынын "Penwell Busines Limited" компаниясынын доо арызын кароодон баш тарткан себеби, Кыргыз Республикасынын Жарандык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, алардын талаптары негизсиз болгон.
2011-жылдын апрелинин орто ченинде Бишкек шаардык соту Мегакомдун мүлктүк укугунун ээси катары ак ниет инвестор "Serpeus Inc" компаниясын тааныган. "Serpeus Inc" 2008-жылы "БиМоКоМ Лтд" ЖЧКсын ("Мегаком" брендинин менчик ээси) 195 миллион долларга сатып алган.
Финансы полициясы кызматынын маалыматы боюнча алар жетектеп турган 2009-2010-жылдарда компаниядан жалган фирмалар аркылуу 143 миллион сом чыгарылып кеткен.
2011-жылдын 14-майында Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы, жалпы суммасы 143 миллион сомду түзгөн акча каражатын уурдоо фактылары боюнча "Альфа Телеком" ЖАКка мамлекеттик Финансы полициясы кызматы тарабынан козголгон кылмыш ишин КР Башкы прокуратурасы негизсиз жапкан деген тыянагын билдиришкенин эсиңиздерге салабыз.
Ошол эле учурда "Serpeus Inc" компаниясы мобилдик операторду өнүктүрүүгө 250 миллион доллар инвестиция жумшоого кызыкдар экенин билдирди. Бул каражат Мегаком уюшулгандан бери жумшалган капиталдык салымдардан эки эсе көп. Компанияны өнүктүрүүнүн негизги багыттары жакынкы үч жылда кызмат көрсөтүүнүн шартын көбөйтүү, байланыштын сапатын арттыруу жана компаниянын абоненттери үчүн наркынын арзандыгын камсыз кылуу болуп эсептелет.


Бетти даярдаган Эрмек ШЫГАЙБАЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??