presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Баягы эле Бакиев менен Акаевдин "кол-буттары"
Өткөн эки режимдин камчысын катыра чапкан, айрыкча Кыргызстандын финансы тармагын мыкчыган билермандар "ат айланып казыгын табат" дегендей, жылуу орундарына кайтып келишти. Маселен, маркум Медет Садыркуловдун күйөө баласы Мелис Мамбетжанов Бакиев доорунда финансы министрлигинде статс-катчылыкты аркаласа, эми аталган мекеменин "королуна" айланган. Анын орунбасары Арзыбек Кожошев академик Акаевдин сүймөнчүк кадры. Ал эми финансы министрлигинде бюджет башкы башкармалыгынын ачендиги Канат Асанкулов экс-ханзаада, айтылуу ЦАРИИнин төрагасы Максим Бакиевдин орунбасары болгону коомчулукка дайын. Мынакей, качкан эки бийликтин "эркелерин" курама өкмөт кантип "эркелеткенин" көрүп ал.


Бактыгүл айымдын "баатырлыгы"
"Жаназасы" окулган "Азияуниверсалбанктын" кожоюну Михаил Надель үч-төрт ай мурда Улуттук банктын (УБ) төрайымы Бактыгүл Жээнбаевага салам дубай жолдогону каңкууланууда. Ал катта Михаил Надель аталган банктын мамлекет алдындагы милдеттенмелерин толук аткарып берерин, анүчүн анын объектилерине тийбей турууну өтүнүптүр. Бирок муну Жээнбаева айым чымын чакканчалык көрбөгөндүгүнө жинденген Надель Валерий Белоконь менен биригип УБны эл аралык сотко бериптир дейт. Кыргыз "кыңыр иш кырк жылда билинет" дечү эле, бул окуянын учугу качан чубалып чыгарын мезгил көрсөтөр.

Кильюнен комиссиясы канайымдыкыбы?
Мурдагы башпрокурор Кубатбек Байболов орус тилдүү басылмалардын бирине курган маегинде июнь коогалаңын иликтеген Эл аралык комиссия тууралуу ооз ачырган маалыматын ортого салды. Байболов ал макалада ЭАКты өлкө президенти Роза Отунбаеванын комиссиясы атап, комиссия мүчөлөрү менен канайымдын ортосунда кандай байланыш болгондугу боюнча кызыктуу "версиясы" бар экенин "балп" эткизди. Жарыктык кишинин 1-апрелде парламентте "жардырган" "бомбасы" өз башына түшкөнү белгилүү. Бу саам ошол көрүнүш кайрадан кайталанбас бекен?

Макстын 600 миң долларын "жеген" ким?
Былтыр 8-апрелде Максим Бакиевдин Жибек Жолу көчөсүндөгү "особнягын" басып алган мародерлордун бири "куттуу үйдөн куру чыкпай" экс-ханзааданын 600 миң долларын бөктөрө кеткен экен. Муну Ички иштер министрлигинин эки опери далилдеп, бирок аны коомчулукка жарыялабай, жайнаган "жашылбайларды" өздөрү тартып алышкан. Бүгүнкү күндө бул иштин да бети ачылып, эки опер акчанын 175 миң долларын кайсы бир шефине бергенин айтканы тууралуу аңыз тарады.

Ишенгенибиз Исаков эле да
Эл өкүлү Исмаил Исаков июнь окуясын изилдеген Улуттук комиссиянын отчетуна чычалап сотко чуркаган. Андан кийинки Эл аралык комиссиянын жыйынтыгына да ызаланып жер тепкилеген. Эми өзү кошулуп иштеген парламенттик комиссиянын жыйынтыгына каршы чыгып, өзү справка жазып, өзүн сүттөй ак кылып отчетту оңдотконго жетишиптир. Болбосо, улуттар аралык жаңжалды иликтеген төрт комиссия тең агездеги Коргоо министри катары Исмаил Исаков одоно катачылык кетиргенин тастыкташкан. Чунак киши дагы тынч жатпастан "июнь окуясына "Ак жол" партиясы күнөлүү" деп айкырып атпайбы. Пай-пай, ишенген кишибиз ушу болсо…

Базар менен аэропорттун айырмасы бар эй!
Мурун базарда иштеген Сулайман Караев аттуу эрен эл аралык Ош аэропортунун президенттигине "конгон". Ал креслого көчүк басары менен учуп- конуп жаткан самолеттун командирлери эмнеге "отмечаться" этпейт деп жаңжал чыгарыптыр. Ага таң калган кызматкерлер аэропортто андай жок, бул жер базар эмес да дешсе, Караев баарыбир "отметка" кылышсын, антпесе мындан ары учуп келишпесин таризинде карайыптыр. Өмүр бою "базарчылаган" Сулайман аэропортту да базардай элестетип алган го…

Биймырза эмне кылышты биле-ет
Экологияны коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин деректирлигине Азимбек Бекназаровдун көздөй адамы Биймырза Токторалиев дайындалганы коррупция эселеп күчөдү дешет. Маселен, эски бийлик учурунда аңчылык жеке чарбалары бир аркар-кулжаны атууга лицензия алыш үчүн расмий акы төлөөдөн сырткары агенттиктин башчысынын чөнтөгүнө 1000 доллардан "чайлык" пул салышчу. Апрель окуясынан кийин пара деген балээден кутулдук го деп кубанышкан аңчылар азыр оозун ачып, каякка барып арызданарын билбей отурушат. Көрсө, токой чарбасынын революциячыл жетекчилиги ар кулжанын башы үчүн 2000 доллар сурап атыптыр. Талапка ылайык, аталган агенттик 70 кулжаны атууга гана уруксат берет. Ошондо мындан эле канча каражат жыйналарын эсептей бергиле. Андан башка да тоо теке, элик, каман сыяктуу жаныбарларга каралчу лицензияларды кошо эсептегенде Токторалиев төрагалык кылган "конторанын" көмүскө экономикасынын көлөмү миллиондорду чапчыбайбы? Кайраң Азике каерге кандай кадрды отургузуш керектигин илгиртпей түшүнөт тура.

Ашировду ким алып түшөт?
Салык кызматынын төрагасы Бактыбек Ашировго карата "чабуул" башталды. Бактыбектин башынан бакыт кушун учурууну көздөгөндөрдүн тизмесин карасаң Мисиркул Сулайманов , Керим Сарбашев сындуу фигуралар көзгө чалдыгат. А булар спикер Ахматбек Келдибековдун ишенимдүү кишилери экени маалым. Айрыкча Сарбашев Келдибеков дегенде жанын бергенге да даяр. Мындан улам спикер мырза Б.Ашировду ээрден оодаруучулардын көч башында турабы деген ойго жетеленет экенсиң.

Исаев деген ийкемдүү жигит
"Республика" фракциясынын лидери Канатбек Исаев өзүнүн жакын адамын үлкөн креслого отургуза албай шайы ооду. Анын бул максаты жүзөгө ашуусу арсар. Себеби, Кедейкан атанын уулу мелжеген орун премьер Алмазбек Атамбаевдин командасындагы үлкөн фигурага таандык.

Өмүрбектен кеттиби, же…
Манас бабабызды бандитке, маркум кримавторитет Рыспек Акматбаевге теңей коем деп кутулбас куяга калган "ата мекенчи" депутат Өмүрбек Абдрахмановдун айласы кетип атыр. Анткени Манасты жактоочулар Абдрахмановдун бүгүн эл астында кечирим сурашын талап кылышкан. Арийне, ал Манасты сөкпөгөнүн айтып, андыктан эч кимден кечирим сурабасын билдирген. Өмүкени жөн эле күйгүзүп атышабы же жарыктык киши байкабай сүйлөп жибергенби?

"Жаңы Агым" - пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??