27.05.11 - 19-бет:
  Жунгли токоюнда


Кыргызстандан бакыт издеп Россия, Казакстанга кеткен жарандарыбыз жылдан жылга күч алууда. Россия, Казакстанга барсак эле жайыл дасторкон даяр сыяктуу сезилет. Бирок ар бир иштин өз түйшүгү бар дегендей, ал жерде иштеп кээси ирденип байып кетсе, кээси ошол жердеги кулга айланып карыздан башы чыкпайт. Бөлөк элде жүрүп такырбаштардын курмандыгына айланып кээси майып болсо, кээси өмүрү менен коштошкондор да аз эмес.

Акчанын азы да, көбү да азап
Мындан бир нече жыл мурун Россиянын Бурятиясындагы Закаменск шаарында бизнес иштери менен шугулданып жүргөн кыргыздар жергиликтүү базардагы соодагерлерден биртоп алдыга озуп кеткен эле. Өткөн жылдын башында Закаменск-Петропавловск автожолунда кичиавтобус менен Иркутск шаарына товарга келаткан жети кыргызстандык ишкерди белгисиз кылмышкерлер мыкаачылык менен мууздап өлтүрүп кетишкен. Булардын сөөгүн үч күндөн кийин гана капысынан өтүп бараткан адамдар жолдун обочороок жеринде жашырылып койгон кичиавтобустун ичинен табышкан. Бул кичиавтобустун ичинде жети кыргыздын бешөө аял, экөө эркек эле. Ошол кезде бул шумдуктуу үрөй учурган окуя Бурятиянын биртоп ишкерлерин чочуткан.
Кан кое бермек беле, арадан көп өтпөй Россияда уюшкан кылмыш тобу тез эле кармалды. Кылмышкерлердин атаманы жыйырма эки жаштагы Андрей Поличев, анын 18 жаштагы иниси Анатолий жана анын классташы Иван Туркин үчөө бизнесмен кыргыздарды өлтүрүп, алардын соодага деген акчасын тоноп, сайрандап жүрүшкөн экен. Аларды колго түшүргөндө бул кандуу кылмышты окуя болордон төрт-беш ай мурун эле пландагандыгын моюндарына алышты. Көрсө, кылмышкерлер да кыргыздар соода жасаган жерде алар менен атаандашып, Иркутскиден товар ташып иштешчү экен. Кыргыздардын ити чөп жеп, соодасы жакшы жүрүшкөнүн көргөндө аларда ичкүйдүлүк, көралбастык, атаандашуу пайда болгон. Алар кыргыз ишкерлер кайсы күнү кайсы убакта Иркутскиге товарга барарын күн мурунтан билишкен. Ошол убакытты болжоп, жолдун боюнан уюлдук телефон тартпай турган жерди тандап, кыргыз ишкерлери келаткан унааны токтотуп, эңгезердей болгон үчөө мурунтан даярдалган бычак, арматура менен аларга кол салышкан.
Бир жылдан ашуун убакыт бою Бурятиянын прокуратурасы кылмышкерлердин ишин тергеп, алардын тагдырына жакында эле чекит койду. Алар буга чейин да колдорун канга боегон кылмыштарды жасашкан экен. Банданын атаманы аталган Андрей Поличев өмүр бою түрмөдө отурууга өкүм кылынды, анын иниси Анатолий менен классташы Иван Туркин он жылдан эркинен ажыратылды. Ал эми алардын кандуу колунан ажал тапкан бир туугандар Захарбек менен Алибек Жакыповдордун артында жаш балдары калса, кылмышкерлер өлтүргөн беш аялдын алты баласы энесиз жетим калышты. Жетим калган алты баланын экөө майып экен.
Кылмышкерлер го өз жазасын алышты, бирок адам өмүрүн, жетим калган жаш балдардын ата-энесинин ордун ким толтурат?..

Назира Кулматова




  Милицияга ишенгиче эки босогоңо ишен

Амалдуу Автандил жоош Жолдошбекти кантип кордоду

"Жаңы Агымга" башбаккан Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын тургуну Жолдошбек Исаковго милиция кызматкери эч себепсиз ок атып майып кылгандыгын, эми жасаган күнөөсүн тартпай, берген убадасын аткарбай атканын айтып, акыйкат издеп келиптир. Негизи ушул сыяктуу ишенчээктиктин айынан өз укугун коргой албай, айлалары куруп редакцияга башбаккандар көп.

Кандуу түн
- Үстүбүздөгү жылдын 8-апрелинен тогузуна караган түнү кайним Дамир кызуу абалында эшиктеги машинесин айдап чыгып кеткен. Арадан жарым саат убакыт өтпөй бизге телефон чалып, бир машинени сүзүп алганын кабарлады. Мен кичүү кайнимди ээрчитип Дамир турган жерге барсак жол жээгиндеги машинени кичине чийип, дөңгөлөгү чыгып кетиптир. Машиненин ичинде бир милиция, бир курсант жигит бар экен. Биз үйдөн баргыча алар Дамирди сабап жиберишиптир. Алардын анча-мынча жабыркаган машинесин эртең жасап берели десек, ага макул болбой азыр 30 миң сом таап бересиңер деп сөгүнүп-сагынып коркутуп киришти. Ал машинени оңдотуу 30 миң эмес, ашып кетсе 2000 сом болмок. Бул "Фольксваген-Пассат" машинеси Сокулук РИИБинде иштеген Автандил Момбеков деген милицияга таандык, ал келсе баарыңарды соо койбойт деп коркута башташты. Акыры МАИ чакырттык. Алар тиги милиционерлерди таанышат экен, машинени көрүп, өзүңөрчө бүтүргүлө деп отуруп алышты. Мен тааныштардан акча сурап, телефон менен сүйлөшүп ары басып кеткем, Автандил деген милиция келип кайнимди башка-көзгө койгулап, аеосуз тепкилей баштады. Каршылык көрсөткөндөн айбыгып, корголоп жерде жаткан кайнимдин жанына келип, Автандилге "кой эми, сабыр кыл, эртең машинеңди оңдотуп беребиз, баланы өлтүрүп коесуң" деп арачага түшөйүн десем, чөнтөгүнөн пистолетин алып чыгып мени атып жиберди. Ок акырегиме тийип, шок болуп калдым. Сол колум ысып, чымырап эч нерсени сезбей чыкты. Башым деңгиреп, кийимим канга чыланып, дем жетишпей баштады. Арадан он мүнөткө жетпей эки милиционер жаныма келип, менин канжалаган акырегимди көрүп №4 шаардык ооруканага алпарышты. Ок акырегиме тийип, артыман чыгыптыр. Ооруканадан мага үч жарым саат оор операция жасалып, эки жарым сутка реанимацияда жаттым. Сол колумдун булчуңдарынын нервдери жулунуп, кан тамырлары үзүлүп кетиптир.

Апасын аяп, аны кечирген элем
Мен реанимациядан палатага чыкканда Автандилдин апасы менен туугандары ыйлап-сыктап кечирим сурап келишиптир. Автандил мага ок атканда мас абалында болгондуктан ал да ооруканага жатып алыптыр. Кийинчерээк Автандил өзү келип кечирим сурап, эми өз ара тынышалы, бардык чыгымын көтөрөйүн милицияга арыз жазбай эле коюңуз деди. Бирок келинчегим мен ооруканага жатканда эле прокуратурага арыз жазган экен. Прокуратурадан тергөөчүлөр келип, ага иш козгойлу дегенде "биз өз ара чечишмей болдук, мага чыгымдарын төлөп берем деди" десем, "сен кызыксың го, ал сенин үстүңөн арыз жазып, өзү күнөөлүү болчу, колунда бычагы менен бизге кол салганда эки жолу асманга эскертүү үчүн атып, үчүнчүсүн аргасыз өзүнө аткам" деп айтпадыбы деди. Бирок мен ага анча деле маани бербей, Автандилдин ыйлап келген апасын аяп, өзү да жардам берем деп жалдырап аткандыктан ага иш козготкон жокмун. Адегенде Автандил дары-дармектерин алып берип, операцияга кеткен чыгымдарды төлөп атты. Ооруканадан чыккандан кийин ал жердеги врачтар, сөзсүз невропатологго алпарыш керектигин айтышкан. Аны уккан Автандил менин тааныш врачтарыма көрсөтөйүн, антпесе башкалар жакшы карабай коюшат деди. Ошол учурда силердин прокуратурага жазган арызыңар жумушума жолтоо болуп атат, бардык чыгымыңарды төлөп, дарыгерлер эмне десе ошонун баарын аткарам деп биздин ичи-койнубузга кирип, нотариусту ээрчитип келип арызды алдыртып, элдештик деп жаздырган. Бирок жаңылганыбызды кийинчерээк гана билдик.

Мени туура эмес дарылатыптыр
Автандил менин тааныш врачым деп ооруканага жаткырды. Ал жерде жалаң инсульт болгондор жатат экен. Арадан сегиз күн өткөндөн кийин ооруканадан чыгышың керек дегенде колумду эч нерсе кылбасаңар, бул кандай десем, микрохирургга баруумду айтышты. Микрохирургга көрүнсөм, алар таң калып, сени ал жакка ким жаткырган, акырегиңди тез арада операция жасатпасаң, колуң кургап, арыктап, жыгачтай катып калат да кесүүгө туура келет деди. Көрсө, Автандил мени алдап, таанышы аркылуу мага тиешеси жок неврологияга эле жаткырып коюптур.

Жоо аяган жаралуу
Ооруканадан чыккандан кийин Автандилге колумду тез арада операция жасаш керектигин, ага дарыгерлер айткан 40-50 миң сом каражат керектигин айтсам, мен мынча чыгымды төлөй албайм, андан көрө жумуштан чыгып кеткеним жакшы, мындан кийин менин адвокатым менен сүйлөшкүлө деп басып кетти. Биз анын үстүнөн козголгон ишти жаптырып, өз ара кечиришебиз дегенден кийин ал таптакыр өзгөрүп, карабай, артынан чуркатып калган эле. Эми эшеги ылайдан өткөндөн кийин колуңардан эмне келет дегендей мамиле кылып калды. Айлабыз кетип Автандилдин үстүнөн Сокулук прокуратурасына арыз жазганбыз. Андан бери биртоп убакыт өттү, алардан деле дайын жок. Ал эми кайним Дамир да Автандилдин тепкисинен башынан жаракат алып ооруканага жатып чыкты. Жакында адвокат жалдадым. Бул иштин аягына чыгууга болгон аракетимди жумшайм. Аны аяп кылмыш ишин кыскартсам, ал мени аяган жок. Эмне үчүн ага ишендим экен деп өзүмдү да күнөөлөйм.

Р. S. Адамдардын ишенчээктигине таңгаласың. Айрыкча кылмыш иштеринде кыргызчылык кылгандарга бир чети сооп болуптур дегиң келет. Эми мындан аркысы мыйзам чегинде жүрсө болду. Баса, бул ишти ИИМ билбейт экен. Билгенден кийин редакцияга кабарлап коер деп ойлойбуз.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА, тел.: 38-67-13