presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жолбундардан алыс кач


Акыркы кезде малдан, ит, мышыктан адамдарга жуккан оорулар көбөйүп кетти. Бул боюнча мамлекеттик ветеринардык департаментинин көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ОСМОНАЛИЕВ төмөнкүлөрдү айтат.
Мал-жаныңар аманбы?
- Быйыл Кыргызстан боюнча жыл башынан бери 316 адам малдан, иттен жуккан эхинококкоз оорусу менен ооруптур. Былтыр бул көрсөткүч 294кө жеткен. Ооруну алдын алуу үчүн жыл сайын жандыктарды эмдөөгө дарылар берилет. Мындай дарыларды мамлекет каржылайт, андан тышкары, бардык ветеринардык аптекаларда сатылат.
- Бишкекте үйүнө ит-мышык кармагандар ооруну алдын алуу үчүн атайын эмдөөдөн өткөргөнүн көрүп жүрөбүз. А айыл жергесиндегилер кантишет?
- Алар деле ветеринардык аптекалардан сатып алышат, кээси бекер келген дарыларды колдонушат. Жандыктарды эмдөөнү мамлекет ар бир айыл өкмөттөгү жеке менчик ветврачтарга милдеттендирген. Быйыл мамлекет жандыктарды эмдөө үчүн 100 миңден ашуун дарыларды айылдарга бекер таратты. Учурда Кыргызстанда 477 миң ит, 270 миң мышык бар экен.
- Бул ээси бар ит-мышыктардын саныбы же жолбундары да киреби?
- Негизинен ээси бар ит-мышыктардын саны ушунча. Жыл башында малдын санын тактаганда ит-мышыкты да кошо киргизгенбиз. Бирок учурда жолбун иттер канча экени белгисиз. Анткени менен айыл өкмөт, райадминистрациялар оору таратуучу жолбун иттер менен күрөшүүгө милдеттүү. Биздин ветеринарияда аларды жок кылуу деген маселе каралган эмес. Биз жергиликтүү бийликтерге жолбун иттерди жок кылуу боюнча жолдомо гана бералабыз.
- Эхинококкоз менен ооруган жандыктар көз жумушу мүмкүнбү, алардын белгилери кандай?
- Ооба, бул ооруга чалдыккан жандыктар деле көз жумушу мүмкүн. Бирок иттер бул ооруну алып жүргөнү менен оорушпайт, алар башкаларга таркатат. Негизи эхиноккокоз менен мал, анан адам көп ооруйт. Оорунун белгилери өпкөсүндө, боорунда ыйлаакчага окшогон суюктугу бар жара болот. Бул операция жолу менен гана алынышы керек, болбосо дарыланбайт. Өткөрүп жиберсе мерт болуп калышы мүмкүн. Бул оору менен ооругандар быйыл Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында көп катталды. Негизи дарт ветврачтардын жасаган иштерине байланыштуу. Андыктан элге алдын ала маалымат берип окутуп, үйрөтүп турушу керек. Өзгөчө жолбун иттерден сак болуу жөнүндө дайыма айтып турушубуз керек.
- Иттердин эхинококкоздон бөлөк кутурма оорусу бар. Буга кандай чара көрөсүздөр?
- Кутурма ит, мышык жана жапайы жаныбарлардын шилекейи, алардын тиштеген жери аркылуу адамга жугушу мүмкүн. Бул өтө коркунучтуу дарт. Кутурманы алдын алуу үчүн ит менен мышыкка жыл сайын эмдөө жүргүзүлөт. Эгер бул оору ит, мышыктан чыкса, ошол аймактагы башка малдарды да эмдөөгө туура келет. Кутурма тийген жандыктын басканы олдоксон болуп, оозунан шилекей агып, агрессивдүү абалга келип, суудан корко баштайт. Адамды көргөндө тиштөөгө аракет кылып, өзүнө ээ боло албай калат. Эгер ал адамды тиштесе, кутурма сөзсүз жугат. Ал эми кутурма жуккан адам деле суудан коркуп, оозунан шилекей агып, өзүн психологиялык жактан жөндөй албай, эмоциялуу, агрессивдүү болуп кетет. Адамды тиштегенде дароо медициналык жардамга кайрылып, убагында дарыланышы керек. Эгер убагы өтүп кетсе аны айыктырыш кыйын, өлүмгө алып келиши мүмкүн. Малдыкы деле ошондой. Мындай малды өлтүрүп, өрттөп көмүп салыш керек. Негизи малдан адамга жугуучу оорулар көп. Мисалы, сибирь кулгунасы, бруцеллез, шарп сыяктуу оорулар жугат. Өзгөчө сибирь кулгунасынын бактериясы өтө коркунучтуу. Аны 100 градуста кайнатып, ууландыруучу дары-дармек менен да өлтүрө албайбыз. Себеби бул бактериянын сыртында капсуласы бар. Ал жүз жылдап өлбөй жата берет. Качан гана мал адам менен контакт болгон учурда капсуласынан ажырап, аларды жуктуруп, жабыркатат. Бул илдетке кабылган жандыктар, адам тез эле көз жумат. Бизде тери формасында жуккан сибирь кулгунасы боюнча былтыр бешөө катталган. Териге жуккандарды айыктырса болот. Негизи бул оору чыккан жерди атайын белгилеп, тегерегин курчап, ортосуна бул жерде сибирь кулгунасы мынчанчы жылы болгон деп жазып карантин белгисин коюп, жылына эки жолу дезинфекция жасап туруу керек. Бирок мурунку убакта коюлган белгилердин көбү билинбей, мал оттоп жүрүп жуктуруп алып, андан адамга өткөн учурлар болуп атат.
- Малдын дени сак болуш үчүн жылына канча жолу эмдөө алып турушу керек?
- Мисалы, мүйүздүү мал жылына төрт жолу, ал эми койлор беш жолу эмдөөдөн өтөт. Ит, мышык эки жолу эмделиши шарт. Эмделген иттер башка жолбун иттер менен контактта болсо да аларга оору жукпайт. Жапайы жаныбарларды эмдөө кыйын. Чет мамлекеттерде приманка деп атайын таштап кетет. Аны жеген жапайы жандык эмдөө алгандай болот. Кээ бир мамлекеттерде токойдун үстүнөн дарыны атайын самолет менен чачышат экен.
Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу жана өкмөттүн жардамы менен Айыл чарба министрлигинде малдын ылаңдарын алдын алуу үчүн улуттук программа кабыл алып, жакында Кыргызстан боюнча бруцеллезго каршы бекер эмдөө жүргүзө баштадык. Малдан жуккан бруцеллез дарты да абдан жаман илдет. Бул оорунун кесепетинен адам майып, тукумсуз болуп калышы мүмкүн. Эң биринчи эмдөөнү жолу 2008-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районунан баштаганбыз. 2009-жылы Нарын облусунун 1 млн. 50 миң баш майда жандыктарынын ургаачыларын толугу менен эмдедик. Себеби, эл эркек малды көп кармашпайт экен. 2010-жылы бул программаны Ысык-Көл, Чүй облусуна киргизгенбиз. Быйыл бүт республика боюнча ушундай ооруларга каршы эмдөө башталды.
Назгүл
КАЛМАМБЕТОВА




Бейшебай Усубалиев
Кашык
(аңгеме)
...а без чистого сердце - полного,
правильного сознания не будет.
(Ф. Достоевский)

- Ой, баягы Макем жүрөт! - деди бир кезде ала күү болуп калган Кадыралы бакылдап капысынан эле. - Жүрөт, атасынын көрү...
- Кайсы Маке? - дедим мен түшүнө бербей.
- Ой баягычы, Маматкадырчы. Экөөңөр бир орус кемпирдин үйүндө квартирада чогуу турбадыңар беле. Ошол. Жүрөт, атасынын көрү... Бутунда килейген кара өтүк, үстүндө килейген упайке. Жүрөт. Нефтебазада иштейм дейт. Мугалимчиликти таштаган... - Олуттуу тарта түштү. - Туура кылган...
Мага туура кылган дегени негедир өзгөчө таасир калтырды. Башымды ийкедим, Макемдин бир кылыгы эсиме түшүп, өзүмчө бир жылмайып алдым. Анда бешинчи курстабыз. Өндүрүштүк практикада шаардын бир мектебинде жүргөнбүз. Макем экөөбүз өнөктөшпүз, 9-класска сабак беребиз. Бир күнү Макем "Олжобай менен Кишимжан" эпосун өтүп калды. Бир мезгилде чочугандай эле "уруулук, патриархалдык коом деген эмне?" деген суроо таштап калды. Эч ким жооп бербеди. Анда Макем өзүнүн киркиреген үнү менен "ай!" деп колун бир шилтеп алды да:
- Мен муну өзүм деле жакшы билбейм, - деди эч бир камаарабай. - Ошон үчүн силерден сурап жатпаймынбы...
Класс кыймылдагандан корккондой дымый эле түштү. Артта отурган предметчи мугалим экөөбүз эмне дээрибизди билбей бири-бирибизди суроолуу томсоро карап калдык. Мен азыр ошону ойлоп куду ошондогудай томсоро түштүм.
- Ошол. Макем жүрөт, атасынын көрү!.. - деди аңгыча Кадыралы кайра бакылдап. - Кез-кезде жолугушуп калабыз. Жолугушканда эмне, ичишмей да. Кайран Макем ичип-ичпей жатып эле үстөлдүн үстүндөгү кашыктарга асыла баштайт. Колуна илинген кашыкты алат да, теше тиктеп туруп анан өйдө көтөрүп жарыкка айландырып карай баштайт. Тегеретип карай берет, карай берет. Дайыма. - Кашыкка эмне мынча өчсүң?- деп биз да дайыма оозубузду ачабыз. Ал "ай!" деп бир киркиреп алат да, колун шилтеп коёт. Кызык...
Кашык...
Макем экөөбүз шаардын четиндеги орус кемпирдин бир бөлмөсүндө чогуу жашачубуз. Кийинчерээк курсташыбыз Самат да кошулду. Макем үйлүү-жайлуу болуп калган. Бир баласы бар болчу. Аялы Макемдин ата-энеси менен бирге Ошто турчу. Орус кожейкебизди бабушка дечүбүз. (Ошондуктан мындан ары деле бабушка дей берейин.) Ошол бабушкабыздын үйүндө Макем бизден мурда бир жыл жашаптыр. Мени бул үйгө Макем ээрчитип келген. Бабушка Макемди өзгөчө көрөр эле, аны жакын сезчү, куду баласындай тилдей берчү. "Миша таза бала, - дечү Макем жокто мага, - куулук-шумдукту таптакыр билбейт, - башын нукуй кетчү да. - Бул жеринде анча-мынча бирдемеси бар дечи, бирок чын эле таптаза бала. А силер баарыңар куусуңар, түлкүсүңөр..." "Силер" деп бабушка кимди айтып жатканын мен билчү эмесмин.
Акыркы курстабыз. Баарыбыз жанталашып дипломдук иш жазуу менен алекпиз. Бир-бирибиз менен анча деле ишибиз жок. Мен бир күнү кечинде үчүнчү главага киришейин деп жатканымда Самат бир кызды ээрчитип эдиреңдеп кирип келди. Кетирейген кара тору кыз экен. Айылдан шаарга жаңы эле келгени көрүнүп турат. Cамат аңды-дөңдү карабаган өңгүл-дөңгүл жигит эле.
- Таанышып ал, - деди мага буйра. - Келечектеги аяшың болот. - Мени карап көзүн кысып койду.
Кыз атын айтты, мен да айттым окшойт.
- Агасы гезиттин редактору болуп иштейт экен, - деди Самат дердеңдей.
- Редактору эмес, - деди кыз кысынгандай, - анын замы, орунбасары.
Самат колун шилтеди
- Баары бир да!
Самат кызга буйрук бере баштады: нанды үстөлдүн үстүнө кой, кызылчаны туурап салат жасап жибер...
- Мен азыр - деди акырын мени карап сырдуу жылмая. Анан көзүн дагы кысып койду да эшикке чыгып кетти. Көп өтпөй жадырап кирип келди. Колунда эки чоң бөтөлкө кыпкызыл вино. (Биз мындай бөтөлкөнү зомкара деп койчубуз.) Тоону томкоруп келгенсип баягы бөтөлкөлөрдү үстөлдүн үстүнө тарс эттире бир койду да, сыймыктангандай мени карап калды. Мен түшүндүм. Кыжырым келди. Ишти баштай албастыгымды ойлоп ичим ачышты. Турдум да кагаздарымды жыйыштыра баштадым. Көп өтпөй жөнөп калдым.
- Ой, эмне, кетесиңби? - деди Самат чочумуш болуп калп эле.
Мен үндөбөстөн башымды ийкедим да чыгып кеттим.
Эртеси кечинде келсем бабушка дарбазанын алдында мени атайы күтүп отуруптур. Корккон түрү бар. Өң-алеттен кеткен. Эки көзү тим эле чакчаят.
- Иш чатак, Борис (мени Борис дечү), - деди үрпөйүп, - абдан чатак.
Тиги досуңар (Саматты ушинтип атачу, аны менен сүйлөшчү да эмес) келесоо, жинди эле эмес, жырткыч да турбайбы... - чыдай албай башын чайкап кирди. - Ой, ой, ой. Жырткыч. Чын эле жырткыч...
Бир нерсени сезгендей менин жүрөгүм да бир болк этип алды. Бабушканы үрпөйө карап калдым.
- Башында жакшы эле отурушкан. (Кемпир берки бөлмөдө жашачу, баскан-турганыбыз ага даана угулуп турчу.) Анан эле бир маалда... Ой, ой. Тарелка, чынылар ары-бери ыргытылып быркырай баштады. Тарса-түрс. Кыз ыйлады. Жалынып-жалбарды окшойт. Кыргызча түшүнбөсөм да үнүнөн билдим. Ой ушунчалык жалынды дейсиң. Ой, ой,ой. Жырткыч. Жырткыч. Тарс-түрс... Жалынган сайын ого бетер күчөйт. Жанчты окшойт. Урганы эчтеке эмес, үнүчү. Ачуулугу тим эле. Ой, ой, ой. Жырткыч... - Бабушканын көзүнөн жаш тегеренип калчылдай кетти. Өзүн токтотуп. - Өнүчү. Сыягы чечин деп айкырып жатты окшойт...
- Чечин... Эмнеге чечинет?
- А-ай! - бабушка биресе нааразы болгондой, биресе ичи жылыгандай колун шилтеди. - Борис, сен дале бала бойдонсуң да. Эчтекени билбейсиң, эчтеке менен ишиң да жок. Борис. Борис...

(Уландысы бар)






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??