presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Дүйшөмбү күнү кечинде


Көпчүлүк Токтобек Асаналиевдин үнүнө суктанып, ырларын сүйүп угушат. Чыгармачылык жолдо жүргөнүнө биртоп жыл болсо да жеке концертин буга чейин бере элек болчу. Өзүнүн туулган күнүнө туштап отчеттук концертин даярдап жаткан кези.

Токтобек АСАНАЛИЕВ:
"Өзүмө, элиме отчет берейин дедим"
- Жеке концертке камынып жүрүптүрсүз, концертиңиз элдин эсинде эмнеси менен калгыдай?
- Концерт коет десе эле эл акча табыш үчүн коюп жатат деп ойлошот. Биринчиден, 6-июнь туулган күнүм, мүчөл жашым. Отуз алтыга чыккыча эмне иш кылдым, же жөн эле басып жүрдүмбү, дегеле эмне жасай алдым деп өзүмө, элге отчеттук концерт берүүнү туура көрдүм. Азыр болгон күчүмдү үрөп бапыраңдап даярданып жаткан кезим. Концерттин алдында компакт-диск чыгарып жатам. Анан көбү фольклордук ырчы десе эле колунда комузунан башка эч нерсени элестетишпейт эмеспи. Бирок буюрса концерттен кийин көпчүлүгү бул оюнан кайтат болуш керек. Башкалардан кем калбай өзгөчөлүк киргизейин деп жатам. Бөлөк ырчылар артына алтымыш кишини тизип ырдатып коюшса, мен эмне кылып элди таң калтыра алам? Акыл калчап көрүп, чыгармалардын кээ бирин "Манас" оркестринин коштоосунда аткара турган болдум. Комуздун коштоосунда да ырларым аткарылат. Концертти ашар кылбай өзүм тынбай бир жарым саат ырдайт экенмин. Орто жолдон тыныгып, костюм которгондо келген коноктор элдин көңүлүн көтөрөт. Кыргызга таанымал Улукмырза Полотов, комузчу Намазбек Уралиев, Аскат Мусабеков, ырчы агам Дүйшөнбек Үкүев, жаш ырчылардан Алтынбек менен Кундузду чакырдым. Комузчу, кыл кыякчыларды да унутта калтырбай концерттин ортосуна камтый кеттим. Дагы бир өзгөчөлүк, залда отурган эл менен ырчынын ортосунда байланыш түзүп, көрүүчүлөр менен да ырдайм. Албетте тапырап кетпей өз үнүнө ишенгендер чыгып ырдашса болот. Концерттин болгон сырын төгүп салсаң кызыгы кетип калат го, калган фантазияма келген коноктор өз көзү менен күбө болсун.
- Бул канчанчы концертиңиз?
- Буга чейин дуэт, трио концерттерди уюштуруп жүргөнбүз. Бул менин биринчи жеке концертим болуп жатат. Байкап көрсөм, элдин концертин уюштуруп жүрүп өзүм тууралуу ойлонбоптурмун деле. Менин эмнем кем, эмне үчүн концерт бере албайм деп ойлондум. Кыштан бери өзгөчө маанайдагы концерт берсем деген идея мээмде уялап келди. Былтыркыга пландаштыргам, бирок элдин башына кара түн түшүп, зар какшап турганда чамынбайын дедим. Ошол учурда эл концерт көрмөк тургай жылмайган кишини көргөндө кыжыры кайнап калбады беле.
- Буга чейин трио, дуэт концерттерди өткөрүп жүрсөңүз, анда концерт уюштуруу жагынан такшалып эле калыптырсыз да?
- Баары бир өзүңдүкүн уюштурганда кыйын эле да. Жалгыз дарак эч качан токой болбойт экен. Чатырдын бир жагын жапсаң экинчи жагына күн тийген сыяктуу улам бир маселени чечсем кайра экинчиси чыгат. Жакшы санаалаштарым колдон-буттан алып жардам бере башташты. Буюрса, концерт мен пландагандан да жогорку деңгээлде өтөт окшойт. Өзүм чыгармачылык жагынан даярданып жатам. Сахнанын жасалгасын, уюштуруу иштерин досторум өз мойнуна алышты.
- Концерт уюштуруу түйшүктөн мурда чоң каражатты талап кылаары маалым. Финансы жагынан колдоо көрсөткөндөр барбы?
- Башынан эле жалдырап бирөөлөргө көз каранды болгонду жаман көрөм. Эч кимден акча сураган жокмун. Минип жүргөн менчик машинемди саттым. Буга чейин кашыктап чогулткан акчамды сарптап жатам. Сахнанын жасалгасы үч миң долларга жакындап барды. Бирөө бир тыйын салым кошсо мурдумду кыя кесип берейин. Телерадиодон кеткен жарнаманын баары биртоп акча. Билетти бастырып, афиша чыгаруу да чоң каражатты талап кылат. Билетинин баасы беш жүз сом экен, берген концерти ушубу дебегидей кылып өткөрсөм жакшы да. Азыр кеткен чыгымдар мени ойлонткон жок. Эң негизгиси, элдин эсинен чыккыс болуп, көрүүчүлөрдүн жайдары маанайын көрсөм болду. Келген эл ыраазы болуп, дагы ушундай концерт болсо экен деп кетишсе - ошол менин жеңишим.




  Кыргыздын Гиннес китебинен

Көпчүлүктөн көзгө түшкөндөр

Дүйнө жүзүндөгү оригиналдуу, башкаларга окшобогон өзгөчө адамдар кылган иши же таңкаларлык дене түзүлүшү менен Гиннес китебине кирип, анысы менен сыймыктанып келишет. Дүйнө жүзүнө тараган китепке кире албасак да кыргыз элинин андай адамдардан уучу куру эмес.

Жеңишке жетчү азыр жок
Кыргызстандагы бою эң узун адам Жеңишбек Райымбаев 1979-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылында төрөлгөн. Башында башка балдар сыяктуу эле болсо, сегизинчи класстан тартып бою тез өсө баштаган. Онунчу класста боюнун узундугунун айынан партага батпай, кийими тар болуп орто мектепти аяктабай калган. Анын боюнун узундугу 2 метр 30 сантиметрди түзсө, салмагы 160 килограммга жетет. Бут кийимдин 56-өлчөмүн кийгендиктен атайын заказ менен тиктирүүгө туура келет. Жеңишке тамакка караганда кийим табуу оорчулук жаратат экен. Анткени бир сыйра кийим тиктирүүгө алты-жети миң сом сарпталса, бут кийимди эле беш миң сомго жасатышат. Тоолуу райондун климаты анын ден соолугуна ого бетер залакасын тийгизип жатканын доктурлар айткандан кийин ага борбордон үй берилген. Мурдагыдай кара жумушту катыра жасаганга кубаты жок болгондуктан, азыр убактысын үйдө жатып телевизор көрүү менен өткөрөт экен.


Сеңселген Сейнелов
Рыскул Сейнеловдун салмагы 38 килограмм. Башкалардан арыктыгы, кичинекейлиги менен айырмаланат. Бою 164 сантиметр болгону менен арыктыгы жагынан алдына киши чыгарбайт. Мурда айыл жергесинде жашап жүрсө, азыр үй-бүлөсү менен шаарга келген кези. Өзү чыгармачылыкка кызыгып, студияда комуздан сабак берет. Мындан сырткары, Рыскул Сейнеловдун акындык да таланты бар.


Салмактуу болсо да шамдагай
Ырчы Бакыт Мамаевдин "Бойдоктор" деген ыры аркылуу өлкөдөгү салмактуу адамдардын бири аныкталган эле. 1996-жылдары тартылган клиптеги башкы каармандын бири Турусбек аттуу адам азыр Ак-Кыяда жашайт. Салмагы 152 килограммды түзгөн алп кишини бир жерден экинчи жерге алып баруу үчүн машине оңой-олтоң эле чыга бербейт. Жеңил машинеге түшсө амортизатору талкаланат экен. Ошол учурда клипке тартуу үчүн атайын бышык деп эсептелинген "Москвичке" салып эки жакка ташыганга туура келген. Машиненин асты көтөрүлүп, айдоодо кыйла эле ыңгайсыздык жараткан. Күнүмдүк тиричилигинде Турусбек байке унаага түшкөнгө караганда көбүрөөк жөө басканды жакшы көрөт. Жумушу РТС айылында болсо ошондон бери беш километр жолду жөө басып үйүнө келет. Салмагы оор болгону менен өзү шамдагай экен. Күлдүрүп сүйлөгөндү, тамашалаганды жакшы көрөт. Сыртынан сүрдүү көрүнгөнү менен сүйлөшө келсең бала мүнөз.


Акылы да, чачы да узун
Балыкчыдан чыккан сулуунун узун чачына куудул Борончу Кудайбергенов аркылуу күбө болгонбуз. Чачынын узундугу 2 метр 21 сантиметр болгон Бактыгүл биринчи орунга чыгып, башбайгеге коюлган муздаткычка ээ болгон. Бактыгүлдүн жашы отуздан өтсө да согончогуна жеткен чачын эс тарткандан бери кастарлап өстүрүп келет. Чачын ушул кезге чейин шампунь колдонбой элдик ыкма менен жууйт. Айран, чөп менен чайкап, өрүп же түйүп жүргөндү жактырат. Медайым болуп иштеген Бактыгүл жакында эле уулун жарык дүйнөгө алып келди.


Сакадай бою сары алтын
Он төрт жаштагы Таңсулуу Кыргызстанда сейрек кездешүүчү адамдардын катарына кирет. Бою 89 сантиметр, бутуна жыйырма тогузунчу өлчөмдөгү бут кийим кийет. Кичинекей бою менен кантип окумак эле, көргөндөр басынтат деп ата-энеси алгачкы жылдары мектепке берген эмес. Кийинки жылы мектептин директору өзү суранып келгенде окууга жиберишкен экен. Азыр Таңсулуу жалаң "4", "5ке" окуйт. Доктурларга кайрылганда сөөктүн чучугу тубаса өспөй калган деген жыйынтыкка келишип, операция жасатуу керектигин айтышкан. Эгер операция ийгиликтүү өтсө Таңсулуунун бою дагы отуз сантиметрге өсөрүн белгилешкен. Азыр Таңсулуунун жакындары операцияга жардам бере турган адамдарга кайрылып жүргөн кездери. Мектепке барчу сумкасын көтөрүүгө каруусу келбегендиктен иниси дайым жанында болот. Бош убактысында телевизордон түрдүү берүүлөрдү көрүп, телефондогу оюндарды ойногонду жакшы көрөт.
Бетти дакярдаган Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??