27.05.11 - 11-бет:
  Өз жерим өлөң төшөгүм

Көкүрөктөгү жараттын дабасы убакыт
Июнь окуясы болгондон тарта кызматтык иш сапар менен түштүктөгү жабырлануучулардын ал-абалын гезит бетине чагылдыруу үчүн беш жолу сапар тарттым. Ага чейин Ош, Жалал-Абад шаарынын гүлдөп, берекесин төгүп, тынчтыкта жашап аткан учурун да көрүп келген элем. Албетте, түштүктөгү июнь айында болгон окуя ар бир кыргызстандыктын жүрөгүн ооруткан учурдагы эң көйгөйлүү маселе.

Өткөн жылдын июль айынын башында коогалаңдан кийин биринчи жолу Ош, Жалал-Абад шаарынын абалын көрүп, жашоочулары менен кездешкенибиз эсимде. Агезде коменданттык саат иштеп, тогуздан кийин шаар ичинде кыбыраган жан жок, баардыгы коркунучтун кучагынан чыгалбай үйлөрүндө камалып отурушкан. Ал жакка барган журналисттерди сак болбосоңор силерди да койчо мууздап салышы ыктымал деп жүрөк үшүн алган жергиликтүү тартип сакчылары да болгон. Атүгүл жалаң өзбек улутундагылар жашаган махаллаларга барганыбызда кыргыз экенибизди көрүп, силер баарыбир өзүңөргө тартасыңар деген ала допучандар окуяны бизге айтуудан баш тартышкан. Айлабыз кеткенде Казакстандан келдик деп алдоого да туура келди. Казакстандан келген журналисттерге оюн ачык айткан Кара-Суу районунун Шарк айылында жашаган Мархаба аттуу өзбек аялдын айтканы аргасыз эсиме түштү: "Мындай болоорун деле билген эмеспиз. Үйлөрүбүз өрттөнүп, эки улут уруша баштаганда Өзбекстандагы тагаларыбыздын үйүнө бала-чакабыз менен көчүп бардык. Ал жакка жеткенче чегарадан биртоп баалуу буюмдарыбызды, акчаларыбызды алдырдык. Анысы аз келгенсип, өзбек туугандарыбыз бизди ачык эле кодулап, ысыктын күнү эртеден-кечке талаа жумуштарына салышты" дейт. "Өзбекстандагы туугандарыңыз Кыргызстандагы кырдаалды кандай баалап атышат" деген суроомо: "Чындыгында силерде демократия деген бар, бизде президент Каримовдун атын ашыкча айтуудан айбыгабыз. Эгерде анын ысымына карата жаман сөз айтыла турган болсо күнүңдүн бүткөнү дешти. Анүстүнө Кыргызстанда жашаган өзбектердин тилдери бурулуп калыптыр. Биз алардын, алар биздин кээ бир сөздөрүбүзгө түшүнбөй аттык. Биздин сүйлөгөн сөзүбүзгө кыжырданып, кыргыздашып кетиптирсиңер дегендер да болду" деген эле Мархаба. Дагы бир Мухамаджан деген өзбек кишиге "бул жерди өзүнчө автономия кылабыз деген ой болгон экен, түштүктү бөлүп Өзбекстанга кошулууга макулсуңарбы?" деген сурообузга асман-айдан кетип, ал жерде мыйзам катуу экенин, андай кысымга чыдап жашай албасын ачык айтты. Эгерде түштүктү автономия кылса, өзүнүн президенти, башкаруучу бийлиги болсо анда бир жөн деген оюн кыйытып кетти.
Июнь окуясынан кийин түштүктө өзбек улутундагылар баштарын көтөрө албай, кыргыздын көзүн карап калды деген кептерге кошулбайт элем. Акыркы жолу Ош-Жалал-Абад шаарларындагы курулуп аткан үйлөрдү көрүү үчүн барган иш сапарыбызда ала допучан туугандардын кыргыздардан калышпай мурдагыдай эле тирлик өткөрүп, кээси талаачылыкта иштешсе, кээси жылдагыдай эле мөмө-жемиштерин базарга алпарып сатып, ээн-эркин басып жүргөндөрүн көрдүк. Албетте, бардык эле кыргыз-өзбек мурдагыдай бир тууган болуп жашап калыптыр дегенден алысмын. Сыртынан сыр бербей бири-бирине аргасыз жылмайып сый болуп көрүнүшкөнү менен, мунун ичинде кандай арам ой бар болду экен деп күмөн санагандар бар. Анткени Ош шаарындагы 75 батирлүү үйдүн курулушу эки ай мурун бүтүп, ал июнь окуясында жакындарын жоготкон эки улуттун өкүлдөрүнө бекер берилген. Ал жерде беш өзбек улутундагы үй-бүлө, бир орус, калгандары кыргыз экен. Кыргыз-өзбек кошуна жашагандары менен бири-биринен шек санап, алардыкына келген бейтааныш адамдарды көрсө булар соо эле келиштиби, же дагы бир жамандык жасаганы жатышабы деп аңдыгандар да жок эмес. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет болуп, ар биринин кадамын аңдып, атүгүл үйлөрүнө жаш балдарын жалгыз-жарым калтыргандан өзбеги да, кыргызы да чочулаарын жашырышкан жок. Ошентсе да жыйырма жылдан бери курулбай токтоп турган курулуш иштери бир жылдын ичинде жанданып, көп кабат үйлөр көбөйүп, жолдор оңдолгону ал жерде башкача жашоо башталганынан кабар берет.
Ушул жерден дагы бир айта турган нерсе, биз менен түштүккө биринчи жолу барган кыргызстандык башка улуттагы журналисттин "өзбектер ушинтип калган турбайбы, эмне үчүн беш эле өзбек батир алышты, калгандарына үйдүн кереги жок бекен?" деген суроосуна Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси Жантөрө Сатыбалдиев "берилген батирден баш тарткандар да болду" деп жооп берди.
Албетте, ал жерде кырдаал азыр деле оор. Жакында каргашалуу июнь окуясынын бир жылдыгы болот. Эки элдин тең көкүрөк жараты оңой менен айыкпайт. Бирок колдон келишинче достошуп кетпесе да сабырдуу болууга аракет кылып, бардыгы Кыргызстандын жараны катары жашаган жеринин тынчтыгын көздөшпөсө абал көпкө чейин жеңилдебейт. Өзбекстанга баш калкалап качып барган кыргызстандык карапайым ала допучандар деле ал жакка баргылары келбейт экен. Болбосо Өзбекстан аларды кучак жайып тосуп алып, Кыргызстандыкындай бейиштин төрүн берген болсо, өрттөнүп, күйүп, кан төгүлүп аткан бул жакка кайтып келишпейт болчу.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА




  Карызга алынган билимдин кайрымы

Окутканы жакшы,
бирок пайдасы канча?
Айыл жергесинен борборду көздөй келип билим алууга ар кимдин эле чолосу, шарты туура келбесе керек. Жумушсуздук күч алып турганда региондордон агылып келген жаштардын саны аз да болсо кыскарып, тоолуу аймак экенине карабай өзү жашаган айылда тирилик кылып, күн кечиргенинен өтөөрү жок. Ага Хан фонду тоолуу региондорду колдоо программасын иштеп чыгып, анын негизинде алыскы аймактарда жайгашкан айыл-шаарларга колдоо көрсөтүп келет. Фонд жакында Нарын шаарындагы кесиптик мектепти ачты.

Жардамга муктаж, эң тоолуу регион деп табылган Нарын облусунан сырткары мындай мектеп Ош облусунда жана Бишкек шаарында бар. Жаңы ачылган кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби борбордогу окуу жайлардын бирине караштуу. Имарат 3000 чарчы метр аянтты ээлейт. Үч кабаттан турган имаратта эки компьютердик бөлмө, китепкана, бардык шарттар менен жабдылган окуу залдары студенттердин ыңгайына жараша жасалыптыр. Салтанаттуу ачылышка жогорку окуу жайдын директору Богдан Кравченко, депутат Акылбек Жапаров, Нарын облусунун губернаторунун биринчи орунбасары Эмилбек Алымкулов жана Ага Хан өнүктүрүү тармагынын Кыргызстандагы өкүлү Нуржахан Мавани катышты.
Мектептен билим алууну каалагандар жаш куракты ылгабайт, кааласаң отуз жаштагысы же он эки жаштагы окуучусу деле келип каалаган бөлүмгө тапшыра берет экен. Бухгалтердик эсептин технологиясы, компьютердик курстар, англис тили, гиддерди окутуу боюнча программалар бар. Алгач келишимдик негизде билим алуунун наркы он беш миңден сомдон жогору экенин укканыбызда, айыл жергеси үчүн кымбат эмеспи деп ойлодук.
Көрсө, бул сумманы окууну бүткөндөн кийин иштеп тапкан айлыгыңдын кайсы бир ченемдүү бөлүгүнөн төлөп кутулсаң болчудай. Кыскасы, шартың жок болсо насыяга билим алууга болот. Ушундай билим алып, азыр кыш кыноочу болуп иштеп жаткан Улан Нарынбеков менен тааныштык. Келишимдик негизде бир жылга отуз миң сомдун тегерегиндеги каражатты төлөгөн. Март айынан бери жумушта иштеп, ай сайын он миң сомдун тегерегинде айлык алат. Анын он пайызы окуганы үчүн төлөнсө калган акчаны үй-бүлөсүнө жумшайт. Улан окууга кеткен отуз миң сомду төлөп бүтмөйүн окуу жайдын сертификатын колуна ала албасын кошумчалады.
Айыл жергесинде мал, жер иштетүү менен алек болгон жаштарга бухгалтердик эсеп менен компьютердик курстарга караганда мал доктур, же жер иштетүү боюнча программалар ылайык эмеспи деген суроого мектептин директору Гүлнара Жунушалиева жооп берди. Мунун да бир көйгөйү бар экен, мындай мектеп бизде эле эмес алыскы Тажикстан, коңшу Казакстанда да бар болгондуктан окуу программасы үч мамлекетке бирдей жазылган. Кыргызстанда жер иштетүү, мал чарбачылык боюнча окуу жок болсо да боз үй жасоо, кымыз жасоо боюнча атайын курстарды иштеп чыгышкан. Сабакты көп жылдан бери боз үй жасап, кымыз жасап жүргөн дасыккан адистер келип өтүшөт.
Жакынкы арада малды дарылоо, чарбаны иштетүү боюнча кошумча курстар ачылаарын эшиттик. Буга чейин мектепти бүткөндөр Кыргызстандын ар кайсы бурчунда алган кесиби менен иштеп жүрсө, айрымдары мектепте орун алышып калган экен. Мектептин шаар жергеси үчүн канчалык пайдасы бар деп ойлойсуз деген сурообузга жергиликтүү тургундар Бишкекке агылып баргандан көрө пайдалуу болду дешсе, кээ бирлери бекер жүрүп көчө таптагандан көрө бир нерсе менен алек болгон жакшы деген жообун узатышты.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА