27.05.11 - 10-бет:
  Көңүл чордонунда

Эски жомок, жаңы жагдай
Таза тамаша болбодубу. Мегаком операторунун 51 пайызы меники, андыктан төшөгүмө өткөргүлө деп күйөөлүк жайын айтып жүрчү "Penwell Business Limited" компаниясын Кыргызстандын Минюсту 2010-жылдын 13-декабрында ОсОО "БиМоКоМдун" жогорку акцияларынын мыйзамдуу ээси катары каттап жибериптир. "Penwellчилер" буга соттун чечиминен кийин жетиштик деп жар салышты. Бирок эрте сүйүнүшүптүр. Анткени азыркы Мегаком брендин алып жүрүүчү "Альфа Телекомго" булардын кайнаса каны кошулбаган жагдайлары бар.

Булар бир кездеги банкрот болгон "БиМоКоМду" иштеткени ырас. Өздөрү М.Бакиев жасалма банкрот кылуу менен жайлап кетти деп жүрүшөт. Сооп болуптур. Арыз-армандарын ошол Максимге айтышса болмок. Бирок Кыргызстанда муңубузду укчу сот жок болгондуктан эл аралык сотторго берип, М.Бакиев и К командасы менен эңишкенге жарап жүрчүбүз деп жатпайбы уялбай. Буларды кайран Максим 2009-жылы банкротко учуратып, анын үстүнө көп эрге тийген немече кожоюнун алмаштырып ийгени үчүн (бул компаниянын бир атасы Г.Огнянников. Анан Л.Рейман дечү жер куруткурдун да уругу аралашып кеткен дешет. Айтор, тегин териштирсең акылыңдан айныйсың. Андыктан тереңдебей эле коелу) сөөктөй эле ыргытып жиберген.
Кыргызстандан калыстык таба албадык дечү "Penwellчилер" буга чейин эл аралык сотторго "көрүнүп" жүрчүбүз дегени менен алар тарабынан коюлган так "диагнозун" көрсөтө алган эмес. Революциядан кийин келе калышып, канчалык сыласаң ошончолук эрип турчу биздин сотторго эле кайрылышып, жаңылбасам бир эмес эки жолу утуп жиберишкен. Эптеп атып тизгинин тартып, Мегакомдун талаш болгон 51 пайызына Кыргызстан тарабынан арест коюлган. Азыр ушуга жетсек дегенде эки көздөрү сегиз болуп жүрбөйбү.
Мегаком Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Пайдасы жагынан "Кумтөрдөй" эле бар. Жыл сайын бюджетке 1,5 миллиард сом салык төлөп турат. Былтыр эле 23 миллион доллар таза киреше менен чыккан. Мамлекет тарабынан киргизилген тышкы башкаруучулар быйыл бул көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтөбүз деп турат. Анан мындай жерден бирдеме тийип калабы деп үмүтөткөн, кайсы бир заманда "БиМоКоМдун" чайын ичип калганын милдет кылган компаниялар үйүр тобу менен Кыргызстанды каптап кетишти. Айрымдарын өзүбүздүн соттордун колу менен Мегакомдун ысык "койнуна" жакындатып алдык.
Мегаком бул бренд. "Альфа Телеком" компаниясынын соода маркасы. Аны М.Бакиевдин А.Елисеев деген эргулу банкротко учураган "БиМоКоМ" компаниясынын негизинде түзгөн.100 пайыз акциясы да ошонуку болчу. Революциянын рыцары А.Бекназаров апрель окуяларынан кийин бакиевчилерге тиешелүү бул компанияны айкырып келип найзасы менен жакшы эле сайган. Кашайганда андагы шылуундар аталган компаниянын 49 пайыз акциясын найзасынын учуна иле койсо, ошого ыраазы болуп бастырып кеткен. Андан кийин бир дагы мамлекеттик бийлик институттары, күч органдары "…йе Азике, бул эмне кылганың" деп сурап койгонго жараган жок. Өзү болсо мыйзам чегинде болсун дегенди сайрап келет. Ал эми Бакиевдерге таандык делген мүлктөрдүн далайын мыйзамдан сурап отурбай эле мамлекеттештирдим деп басып жүрбөйбү. Айтор, ушу жери "тапишмак".
Ошентип Мегакомду бура бастырбай этектегендердин бири украиналык "Serpeus Ink" компаниясы. Булар кызарбай этпей эле Мегакомго кожоюндук укукту биз алдык деп жар салышты. Өздөрүнүн кишилерин дайындап жибердик дешти. Кыскасы, булар дагы Мегакомдун этегинен бирдеме тийип калабы деген көп күч күйөөнүн бири. Болгондо да төшкө түртсөң кетип калбаган, анык жандимиси да ушул. Алар кезегинде "БиМоКоМ" үчүн 195 миллион жашылбай калың төлөгөнбүз дегенден эч тажабай койду. Ушинткенден уялбайсыңарбы деп бизден мурда анын күндөшү "Penwell" компаниясы айтты. Булар эми бир-биринин сырын жакшы билет да. Украиналыктардын М.Бакиев менен эмне жумушу болсун деп жүрсөк, "Penwellчилердин" айтымында анын анык табакташы ушулар экен. Алар "ак ниет сатып алуучудан айланабы, баягы эле Максимдин рейдерчилери эмеспи" деп чыгышты.
Ал эми "Serpeus Inс" компаниясы качанкы жомокту айтып атканын түшүнбөйсүң. Андан бери алар сатып алдык деген "БиМоКоМ" канча жолу банкрот болду. "Penwellчилердин" деле абалы ушул. Экөөнү тең М.Бакиев бульдозеру жок эле түрттүрүп жиберип, ордун чаң чыгарбай таптап туруп А.Елисеев деген азезилдин башын айланткан акылдуусун шилтеп жиберди эле, анысы азыркы "Альфа Телекомду" түзө салган. Революциядан кийин изин таппай калдык. М.Бакиевдин кыргызга кылган кыянатчылыгы үчүн "Альфа Телекомдун" 100 пайыз акциясын алып коюуга толук акыбыз бар. Тигилер доосу болсо ошол М.Бакиевден дооласа болмок. Антейин деген ойлору жок эле эски жомогун айтып башыбызды оорутууда.
Бир сөз менен айтканда, Мегакомду мамлекетке албасак болбойт. Аны иштетип кете алаарыбызга деле көзүбүз жетип калды. Муну Мегакомго киргизген тышкы башкаруучуларыбыз иш-аракети менен көрсөтүүдө.

Асан КОЗУЕВ




 "Жаңы Агымга" жарыяланды эле

ИИМ "ии-и" деди

"Жаңы Агымдын" 6-майдагы (2011-жыл) санына "ИИМ айланайын, "ии-и" дечи?" аталган макала жарыяланып, анда аталган министрликтин окурмандардын арыз-муңуна ат үстүнөн карап, деле эңкейип койгусу келбегендиги жөнүндө жазылган эле. Буга чычалаган министр Зарылбек Рысалиев үстөлүнүн өпкөсүн үзө муштап, кайда карап жүрдүңөр эле деп басма сөз кызматын балыктай кууруптур. Басма сөз кызматы башкасын кууруптур. Ошентип "куурушуп" жатып алып келген жообу бул болду. Өз кезегинде "Жаңы Агым" гезити сын макалага чукул реакция жасап, иштин жайын иликтеп бергендиги үчүн Кыргызстандын ички иштер министрлигине, анын басма сөз кызматына ыраазычылык билдирет. Мындан ары да кызматташ бололу дегендиктерин кош колдоп кабыл алат жана колдойт. Эми ИИМ басма сөзүнүн жообуна көңүл буралы.
КОЧКОРДОГУ КАРАКТОО
ТУУРАЛУУ
Бул факты боюнча 2011-жылдын 20-январында аталган кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар Жумгал районунун тургуну А.Исаев (Бул жигит 2005-жылы милиция кызматына кабыл алынган. Өзү милициянын старшинасы. 2011-жылдын 3-январында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын буйругу менен милициянын абройуна шек келтирген терс кылык-жоруктары үчүн иштен айдалган) жана Бишкек шаарынын тургуну Н.Акматов кармалып, соттун чечими менен СИЗОго жабылган. 2011-жылдын 15-мартында аталган кылмышка тиешеси бар экөөнүн шериктери А.Абдыкадыров менен Н.Курамаев кармалган. Алар алдын ала сүйлөшүп, каракчылык кылып акча тонойлу деген келишимде кылмыш жасоого барышкан. Булар кылмыш болгон жерден 88 000 (сексен сегиз миң) сом акча алып кетишкендигин жана аны жок кылып жиберишкендигин моюндарына алышып, азыр бардыгы камакта отурушат. Ал эми газетада көрсөтүлгөн тергөөчүнүн көзүнчө Исаев Арген менен жабырлануучу Мусаев Дамирди беттештирүү убагында айыпкер А.Исаев тарабынан Д.Мусаевге карата "мен көп болсо эки ай жатам, чыкканда түбүңөргө жетем. Мен болбосом дагы тигил качып кеткен эки шеригим жөн жатмак беле? Силердин артыңардан издеп жатат, соо койбойт" деп айтты деген сөздөр айтылбагандыгын, тергөө учурунда аларды беттештирүү процесси болгондугун, бирок уюлдук телефон менен эч кандай сүйлөшүүлөр болбогондугун биз баса белгилеп айта кетмекчибиз. Себеби, биз тергөөнүн жүрүшү менен жакындан таанышып чыккандыгыбыз ушинтип кесе айтууга негиз берип отурат. Редакциядан: Биринчиден, биз телефон менен сүйлөштү деп жазган эмеспиз. Колундагы телефонун жаңсай сүйлөп деп жазганбыз. Демек, телефону болгон соң сырттагылар менен байланышта болгон эмес деп ким айта алат. Экинчиден, жабырлануучулар 88 миң эмес 192 миң сом эле деп жатышат. Муну да тактап беришсе жакшы болмок.
МАЛ УУРУЛУК БОЮНЧА
Макалада көрсөтүлгөн Жаныш Сыдыков жана Шаршенбай Керимовдун кайрылуусу боюнча төмөнкүлөр такталды. Алар мал уурдоого шектүү С.Исмагулов жана Т.Өмүралиев дегендерди милиция кое берип жиберди деп айтышкан. Иш андай эмес. Бул жерде малды А.Жунусов уурдагандыгы аныкталган. Токмок шаарынын тургуну Исмагулов Серик жана малды Токмок шаарына ташып барган айдоочу, Бишкек шаарынын тургуну Өмүралиев Таалайбек А.Жунусов Токмокко алып келген малдын уурдалгандыгын билбегендигин, ал өзүмдүн эле малдарым дегендигин жана ал акчага гана жалданып баргандыгын баса белгилейт. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө такталгандай. А.Жунусов С.Исмагуловго өзүмдүн малым деп саткан. Ошол себептен Т.Өмүралиев, С.Исмагуловго карата кылмыш ишиндеги тиешелүү эпизоддор тергөөнүн жүрүшүндө кыскартылган. Мындан сырткары, 2009-жылдын 1-январында Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургундарына тиешелүү үч жылкынын уурдалгандыгы боюнча шектүү катары Абдыкадыров Дүйшөн, Нурбаев Бакыт жана Жунусов Ажыбек аныкталган. А.Жунусов качып кетип кийин кармалып, 8 жыл 3 айга кесилди. Анын шериктештери Д.Абдыкеримов менен Б.Нурбаев камакка алынып, келтирилген 70000 (жетимиш миң) сом материалдык зыян тергөө учурунда өндүрүлүп, соттун кароосуна жиберилген.
ЖУМАБЕК ТОКТОНАЛИЕВДИН АРМАНЫ БОЮНЧА
Макалада айтылган Ж.Токтона-лиев кармап алган, ушул мени бычактаган деген адамдын ага эч тиешеси жок болуп чыкты. Аны милиция кое берди деген дооматы да чындыкка жатпайт. Себеби чыныгы кылмыш жасагандар кармалып, алар өздөрү көрсөтмө берип жатышат. Жүргүзүлгөн оперативдүү иликтөөлөрдүн негизинде бул кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Сүлүктү шаарында туулган, Бишкектеги КГУСТАда 2-курста окуп, Ново-Павловка айылында туугандарыныкында жашаган, 20 жаштагы Э.Салиев аныкталган. Анын көрсөтмөсүндө 2011-жылдын 2-февралында Токтоналиев менен бир таксиде Сокулук районунун Камышановка айылына барганын, ал жерден таанышы Серик деген Ж.Токтоналиевди бычак менен сайып жибергенин айтып берген. Издөө, иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Э.Салиевдин шериги С.Эрментаев да кармалып абакка жабылган. Жыйынтыктап айтканда. Сокулук РИИБинин кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка түздөн-түз тиешеси бар С.Эрментаев менен Э.Салиев кармалып, учурда камакта. Жакында кылмыш иши тергелип бүтүп сотко жөнөтүлдү.
Даярдаган
Темирбек Алымбеков, тел.: 38-67-13