кыргыз тилиндеги гезит "Агым"

п»ї


Кильюнен го кирбесин, а алака не болот?

Кечээ Жогорку Кеңеш түштүктөгү окуяны иликтөө боюнча Эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Кильюнендин Кыргызстанга кирип, эркин жүрүшүнө тыюу салган токтом кабыл алды. Токтомдо парламент өкмөттүн ЭАКтын отчетун юридикалык күчкө ээ эмес, негизсиз документ катары баалаган комментарийлерине макул экендиги жана анын улуттук коопсуздукка коркунуч жарата тургандыгы баса белгиленген. Буга улай депутаттар тиешелүү органдарга Киммо Кильюненди киргизбөө, Кыргызстанда жашатпоо чечимин кабыл алууну тапшырышты.
Албетте, буга чейин эки элди эриктирбей, бир элди бириктирбей келген Киммонун ким экендиги билингенден кийин бул туура эле болду. Бирок кечээ эле Кильюненди колдогон АКШ элчиси Памела Спратленге элжиреген мамилебиз эми кандай болот? Кечээ эле ЭАКтын отчетун так, туура деген Америкага агынан жарылган президент, ЖК төрагасы эми кандай жооп кылат? Америка кечээ аш сунуп, бүгүн таш менен уруп аткан Жогорку Кеңешти түшүнөбү?
Кильюнен өзү бардык диалогго даяр экенин билдирди.














??.??