20.05.11 - 2-бет: Депутаттык мандат
100 миң долларбы?
Борбордук Шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасы Акылбек Сариев "ата журтчу" депутат Жыргалбек Саматов Россия жараны экенин, андыктан аны мандатынан ажыратуу зарылдыгын жар салган. Ошол бойдон бул маселе кайра көтөрүлбөй тынчыды. Мында олуттуу жүйө бар дешет билермандар. Ал эми жеке булактан алынган маалыматка таянсак, "Хаммер" каймана аты бар Жыргалбек БШК жетекчиси Акылбек Сариев менен тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин алкымын 100 миңдеген "жашылбайга" майлады дешет. Албетте буга карата экинчи тараптын кайчы пикири болсо орун берүүгө даярбыз. Ага чейин Ж.Саматовдун чындап эле орус атуулдугун алганын тастыктоочу документтин көчүрмөсүн коомчулукка жарыялайбыз. Биздин колдогу документке ылайык, 11.03.1973-жылы туулган Саматов Жыргалбек Алимбаевичке Россия Федерациясынын жарандыгы 2001-жылдын 19-июлунда Казань шаарында берилген. Паспорт сериясы ?92 01 349751. Документте Саматов Казань шаарынын Колхозная көчөсүндөгү ?11 үйдө жашаганы жазылып турат. Эске салсак, эл өкүлдөрүнүн кош жарандуулук алышына мыйзам тарабынан бөгөт коюлган.




Алманбеттин билгени бар го
Кримчөйрө "атамандары" президенттикке аттанчу бараандуу фигураларды азыртадан колго ала баштагандай. Маселен, "кара дүйнөнүн" түштүктөгү "королу" Алманбет Анапияев "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровго ок өтпөс "темир тулпар" белек кылганы саясый чөйрөдө кызуу талкуу жаратты. Адахан Кимсанбаевич ажолукка шайланбай калса Алманбет кантээр экен? Же анын да бир билгени барбы?

Чолпон көк бөрүнү билеби?
Мындан тогуз жыл мурда, тагыраак айтканда 2002-04-жылдары Жогорку Кеңеште улуттук спорт оюндарына жакшы көңүл бөлүнчү. Атап айтсак, улуттук оюндарды адегенде Азия оюндарына, бара-бара олимпиада оюндарына киргизүү боюнча мыйзам базасында да, эл аралык келишимдер менен да биртоп иштер жасалган. Көк бөрү боюнча эл аралык мелдештер өтүп, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн улакчылар ат тезегин кургатпай Кыргызстанга келип оюн көрсөтүшүп, көк бөрүнүн эл аралык кадыр-баркы арткан. Азырчы? Эл аралык эмес, республикалык деңгээлде эптеп-септеп өтөт. ЖоКенин спорт боюнча тиешелүү комитетинин төрайымы, "республикачы" Чолпон Султанбекова экен. Ал бир кезде башталган келечектүү иштердин учугун улай алабы? Ай таң…

"Кембагал" министр
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев журналист журтчулугунун астында сүттөй акмын, мендей чынчыл кишини ааламды алты айланып таппайсыңар дегендей актанды. "Менин 30-40 миң долларым болсо иштебей эле үйдө жата бермекмин" дейт жарыктык киши. Мынча эмнеге карганасыз? Баасы 300-400 миң долларлык "Чай-пай" аттуу килейген ресторан сизге таандык экенин бүт Кыргызстан билет.

Диктатор карааны…
"Ата журтчу" Камчыбек Ташиев Казарман айылындагы эл менен жолугушканда "мен бийликке келсем темирдей тартип орнотом. Андан миңге чукул киши зыян тартса, миллиондогон жаран байгерчиликте жашайт" деп жыландын башын кылтыйтты. Камчыке муну барскандай муштумуна таянып айттыбы же арааны ачылган аткаминерлердин алкымын тыярына көзү жетеби? Түшүнүксүз.

Мырзакматовду "учурушабы", же…
Түштүктүн түшпөс ханы атыккан Ош мэри Мелисбек Мырзакматовду кызматтан кетирүү аракети кайрадан жанданды. Укканыбызга караганда, учурда Мырзакматовдун ордуна ыңгайлуу талапкерлер каралып атыптыр. Убактылуу өкмөт былтыр Ош мэрин "пошел" кыла албай шайы оогону алигиче эсте. Эми экинчисинен майнап чыгар бекен?

Абулгазиев абдан бекем отурат
Баштапкы кесиби агроном, ара чолодо экономикалык жактан сабаттуулугун жойгон Социалдык фонддун жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиевди экс-президенттин иниси Жаныш Бакиевдин кадры дейт. Заман өзгөрүлгөнү бу жигит "оодарылбай", ортого Өмүрбек Бабановдун жакын досун салып атып, он жыл бою ээлеген соцфонд орунбасарлыгынан төрагалыкка секирик жасаган. Жөн эмес, үлкөн кызмат үчүн миллиондордун көзүн карабай "садагага" чапкандай, сыягы. Себеби Мухаммедкалый аке жакындарына берчүсүн берип койгонун, аны эч ким козгой албасын айтып өпкө какканы бизге чейин жетти.

Аман, аман, Эламан
Вице-премьер Ибрагим Жунусов эртең элүү жылдыгын белгилеп филармонияда жеке концертин өткөрөт. Андан кийин тууган-туушкан, жакын санаалаш, жаңы, эски кесиптештерин "Соң-Көл" кафесине чакырып Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартат. Эл өкүлдөрү аш-тойлорго сарпталчу чыгымды кескин кыскартыш керек деп айкырып атышты эле, Эламандын атакесине эми не дешери кызык.

Жерди жыргатпаган көккө барабы?
Башбакан Алмазбек Атамбаев кайсы бир жыйында транспорт министри Эркин Исаковдун ишмердүүлүгүнө көңүлү тойбостугун кыйытканын кулагыбыз чалган. Премьер "каарыган" соң Эркин мырзанын ээрден көчүгү кыйшаят окшоду. Ак үйдөн алынган кабарга караганда, ал министрликтен жарандык авиация департаментине канат күүлөп атыптыр. Адатта шефи жылмышканда анын орунбасарынан да оомат кетчү эле. Бу саам транспорт министринин орунбасары Деңиз Сулаймановду ордунан жылдыруу өтө кыйынга турган кези. Анткени президенттин аппарат жетекчиси Эмилбек Каптагаев Деңизди тун баласындай коргоору тар чөйрөдө айтылып жүрөт.

Эки миллионго бааланган "Ататүрк"
Эски режим тушунда "Ататүрк" сейил багына караштуу аймак сатылып, ажерге кабат-кабат особняктар салынган. Бийлик алмашканы кайрадан козголгон "Ататүрк" көйгөйүнө жакын арада чекит коюлмакчы. Анткени жер ээлери өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин командасындагы таасирдүү фигуранын тилин таап, ага 2 млн. доллар чогултуп бергени туурасында кеп кетти.

Азике, кана убада?
Апрель төңкөрүшүнө чейин айтылуу Азимбек Бекназаров үч кишинин башы кошулган жерде эле 2002-жылдын 17-мартында аксылык боордошторумду аттыргандардын түбүнө жетем, каматам, соттотом деп айкырса жанына адам чыдап туралчу эмес. А бүгүн Азикең президенттин сол колтугуна, Аксы окуясынын башкы күнөөкөрү саналгандардын бири Зоотбек Кудайбергенов президенттин оң колтугуна башын тыгып, экөө эч нерсени көрбөгөн, укпагандай эриш-аркак кызматташып келатканы кимди гана ойлонтпойт… Анаркул атанын уулу оозунан түшүрбөй айтып жүргөн принципиалдуулугу кайда житкен? Кыскасы, "бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз" макалы дал ушу Бекназаровго арналса керек.

Эбин ушинтип табышат
"Жел болбосо…" демекчи, Бектур Асановдун Жалал-Абад губернаторлугун тырышып бошотпой атканына кыжырданган өкмөт анын үстүнөн кылмыш ишин ачтырууну пландаганын эшиттик. Анда эле Асановдун июнь коогалаңында ар тараптан келген гумжардамдарды кантип күмжам кылганы калкып чыгары калетсиз…

Абдыгул убаданы унуттубу?
Акаев доорунда Улуттук гвардияны жетектеген генерал-полковник Абдыгул Чотбаев 2005-жылкы март ыңкылабында кыжырданган элден кызылдай токмок жегени баарыбызга белгилүү. Ошол тополоңдон Медербек Сыргабаев аттуу жигит аны аман сактаганын көпчүлүк билбесе керек. Мына ошондо генерал Медербектин бул жакшылыгын өмүр бою унутпасын, "илибой" көмөгүн көрсөтөрүн айтып бекем убада берген. Кийинчерээк М.Сыргабаев Абдыгул мырзага жардам сурап кайрылса, кайран генерал тигини таанымаксанга салып шагын сындырганы. Убададан таюу аскер адамына, айрыкча генералга жарашпайт го, ыя, жолдош Чотбаев?!

"Жаңы Агым" - пресс