13.05.11 - 13-бет:
  Таазим

Акын, адабиятчы, Адам

Бооруна алоолонгон күн менен түндүктүн сүрөтү түшүрүлгөн кыпкызыл желек жай көтөрүлүп барып, флагштоктун кылда учуна жеткенде желбиреп туруп калды. Ошол замат дүркүрөгөн кол чабуулар, ураалаган үндөр угулду. Бул эгемендүү Кыргызстандын улуттук желеги алгачкы жолу желбиреген тарыхый күн эле. Бир маалда артыма кылчайсам Камбаралы ака көзүн жаш чайып, кудум жаш баладай ыйлап атыптыр. Ал жерде башка да депутаттар, төбөсү элге көрүнгөн саясатчылар турушкан. Бирок алардын бири да Бобуловдой ыйлаган жок. Көрсө, Мекениңдин кубанычына чеке жарыла сүйүнүп, эгер Ата журттун башына каран түн түшсө "сен ооруба мен ооруйун" деп төшүн тосуш үчүн Ала-Тоодой айкөл жүрөк, мекенчил сезим керек тура. "Мекеним барда мен бармын, Мекеним барда Камбармын" деп өзү жазгандай, ал жашоосунун маңызын Мекени менен байланыштырып, өмүрүнүн максатын да Мекени аркылуу гана көрчү.

"Легендарлуу" парламенттин сессиясы учурунда депутаттардын кимдир бирөөсү орусча сүйлөсө эле Камбаралы аканын каңырыгы түтөп, "эй, эмнеге кыргызча сүйлөбөйсүң?" деп жемелеп калар эле. Азыр депутаттардын, чиновниктердин кыргызча тил безегени кадыресе көрүнүш. Ал эми Советтер Союзу жаңыдан эле урап, улуттун каймагы саналгандардын көбү али коммунисттик идеологиядан арыла албай турган ошол токсонунчу жылдарда эне тил үчүн жан үрөгөндөрдүн аракети жел тегирмен менен күрөшкөн Дон Кихоттун жоругундай эле сезилчү. Камбаралы Бобулов кыргызча сүйлөгүлө деп күйүп- бышкан сайын кесиптештеринин кээ бири мыйыгынан күлсө, кээ бири чукчуңдап, кайсы тилде сүйлөөнү өзүм билем дечү. Бирок Камбаралы ака алардын кытмыр күлгөнүнө, каршылыгына, ачык да, тымызын да бут тосуусуна карабастан эне тилибиздин өгөй баладан өз балага айланышы үчүн акырына чейин жан үрөдү. Жогорку Кеңеште экенинде депутат киргиздер менен алпурушса, депутат болбой калганда "Эне тил" коому аркылуу министрликтерди, ишкана, мекемелерди, жогорку окуу жайларын мыкчып отурган чулдур тилдүү чиновниктер менен арбашты.
"Мен бир жаңылыштык кетирипмин. Адабий сын жазгандын ордуна аңгеме, повесттеримди, ырларымды жазсам болмок экен" деп бир жолу экөөбүз сүйлөшүп отурганда арман кылган жайы бар. Азыр анын "Түштүк кызы " повестин, алгачкы ыр жыйнактарын улам барактап карайм да, Камбаралы ака бекеринен өкүнбөптүр деп ойлоп кетем. "Түштүк кызы" Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести менен тең чамалаш жарык көргөн. Ошол кезде "Жамийла" окурмандар арасында кандай чоң резонанс жаратса, элеттик бир карапайым кыздын баео, таза дүйнөсүн нукура түштүктүн тили менен ачып берген Бобуловдун повести да китеп окуучуларды ошондой эле тамшандырган. Ал эми анын туулган жерге болгон аруу сүйүүнү, махабатты даңазалаган керемет ырларычы? Алтымыш жылдык юбилейинде бекен, "Агым" гезитине "Ноокаттык Хафиз" деп макала жазгам. Бул Камбаралы аканын торколуу тоюна карата жөн гана сөөк агартуу ниетинде айтылган комплимент эмес, Бобуловдун ажайып ыр саптарын окугандан кийинки таасирленүү, Хафизден кем калбаган алп акындын күчүн сезгендик болчу.
Акыркы жылдары Камбаралы ака сын макала жазганды таштап, баш-оту менен поэзияга кирип кетти. Бирок бул башка курактын, токтолуп, турмушка карыянын көзү менен карай баштаган улгайыңкы акындын "Казалдары" эле. Ал эми анын чамгарактап, азоо тайдай ыргыштап турган өрттүү кезинин жалыны бүт бойдон адабий сын жазууга , "сыңар өтүгү майрык" сынчылар менен полемикага, сөз эрөөлүнө чыгууга, "Правда" гезитинин кабарчысы катары күндөп-түндөп командировкалап жүрүүгө кетип калды. Көрсө, Камабаралы ака сын жазып бекер кылыпмын дегенде дал ушул утурумдук нерсеге корогон убактысына арман кылган тура.
Бирок акындыктан да өйдө турган, пенде туулгандан баштап көз жумганча умтулган бир улуу максат бар. Ал - Адам болуу. Камбаралы Бобулов элинин эсинде кыргызы үчүн керек болсо канын да, жанын да аябаган чыныгы патриот, улуу Адам катары калды. Камбаралы аканын корс-корс эткен катуулугунун артында ааламда жок ак көңүлдүк, адамгерчилик бар эле.
Менин ушул кичинекей эскерүүм да анын терең адамгерчилигине болгон таазимим.
Мамат САБЫРОВ




  Жаңырык

Казактарга караандатпаган азамат Фарух
Үстүбүздөгү жылдын 26-мартында Украинанын Донецк шаарында өткөн Сержа Лифаря атындагы балет боюнча VII эл аралык сынакка Кыргызстандын атын чыгарып Фарух САДЫРКУЛОВ аттуу 16 жаштагы бийчи барган эле. Эскерте кетсек, Фарухтун апасы Света айым уулун ушул сынакка жиберүүгө демөөрчү издеп биздин гезитке да маек берген. Тилекке каршы, эч жерден жардам болгон эмес. Эч кандай демөөрчүсү жок, эптеп ата-энеси топтогон каражат менен жайдак барган Фарух жакшы ийгиликке жетиптир. Кубанычы койнуна батпай төмөнкүлөрдү айтып берди.



- Алматыдагы хореографиялык окуу жайда Кыргызстандан он бала окуйбуз. Донецк шаарында өткөн эл аралык сынакка Казакстандан он бала бардык. Бул сынакка Россия, Америка, Корея, Бельгия, Болгария жана башка мамлекеттерден келишти. Кыргызстандын атынан чыктым. Сынак үч турдан өттү. Мени менен барган казак балдардын көбү 1-2-турдан эле өтпөй калышты. Негизи сынакта 1-2-орунду эч ким алган жок. Үчүнчү орунду мен жана Япониядан келген жигит экөөбүз алдык.
- Казакстандын атынан чык деген сунуштар болду беле?
- Андай сунуштар болду. Бирок мен кыргыз болгондуктан эмне үчүн Казакстандын атынан чыгышым керек дедим. Сынак башталганда "Фарух Садыркулов, Кыргызстан!" деп тааныштырышты. Анүстүнө сынакка даярданып атканда казактар мени кыргызсың, өзүңдүн элиң демөөрчү болуп, бардык чыгымды көтөрсүн деп бөлүп коюшкан. Ал эми менден бөлөк сынакка катыша турган тогуз казак балага директор өзү баш болуп жардам берип, демөөрчүлөрдү таап, бардык чыгымдарды көтөрүп, атүгүл кымбат баада костюмдарды да тиктирип беришкен. Биздин окуу жайдан барган он баланын ичинен мен жалгыз лауреат болуп келгеним казактарды биртоп намыстандырды. Бул жактан ата-энем 1200 доллар табалбай, 30 жерге демөөрчүлүк жардам бергиле деп кат киргизиптир. Бирок бирөөнөн да жардам болбоптур. Айла жок, ата-энемдин тааныштары, туугандар, достор жардамдашып, кээси алтындарын ломбардга күрөөгө коюп акчаларын беришиптир. Жакшы костюм тигүүгө мүмкүнчүлүк жок, эскиси менен бардым. Уюштуруучулар эртең мененки тамак менен түштөнүүнү моюндарына алышкан, кечкисин өзүңөрдүн каражатыңарга тамактанасыңар деген. Менин ошол кечки тамакка да акчам жок болчу. Эптеп ата-энем таап берген акчамды жеткирдим. Сынакка даярданып атканда заманбап бийлегенге үйрөнүү үчүн да 300 доллар сурашкан. Каражаттын жоктугунан 100 эле доллар төлөгөм. Казактар 300 доллардан төлөп, менден кыйын даярдандык деп жүрүшкөн. Сынакка барган казак балдар ушул заманбап бийден утулуп калышты. 300 доллар төлөп даярдангандар утулуп калганына өкүнүп, мага ичтери күйүп турганы байкалып атты. Ошол жерден мага Сеулда өтө турган сынакка чакыруу беришти. Ага да 1200 доллар керек экен. Бул да көйгөйлүү маселе боюнча турат. Донецкиде өткөн сынакта Кыргызстандын атын чыгарып бийлеп келдим, жок дегенде биздин мамлекеттен кичине демөөрчү болсо абдан жакшы болот эле.
Документтерди өткөргөндө мага айтып койгула, чогуу өткөрөлү деп сынакка катыша турган балдарга айткам. Бирок алар мага айтпай документтерин өткөрүп коюшуптур. Бир күнү мугалим келип, эртең билет алабыз, болду, башка документ алынбайт деди. Мен балдарга эмне үчүн айткан жоксуңар десем, унутуп коюптурбуз деп коюшту. Алар мени ошондо эле бизден ашып, утуп кетет деп чочулашкан. Учакка билет алар күнү да эртерээк сатып алса кичине арзаныраак болмок экен, аны да мага айтпай өзүлөрү ала коюшуптур. Атама телефон чалып, тезирээк акча таап бергилечи, мен буларга кандай экенимди көргөзөм дедим намыстанып. Алардай болуп акчаны уучтап барбасам да, эптеп өз күчүм менен барып ийгиликке жеткениме сүйүндүм.
- Бул сынакка кантип катышып калдың, казактар өзүлөрү тандап алыштыбы?
- Алар мени бул сынакка кошпойт болчу. Өзүм интернет аркылуу таап, документтерим менен кошо бийлеген бийимдин видеосун салып жибергем. Уюштуруучу тарап менин бийлегенимди жактырып, документтерди салып жибер, катышасың деп жооп беришти. Ошондо мугалимдер да саат жетилерде келип, бүт документтерди жиберип ийдик, сен кечигип калдың, барбайсың дешти. Мен кечки он экиге чейин бардык документтеримди даярдап, сүрөткө түшүп, интернет аркылуу салып жибердим. Ошентип өтүп кеттим.
- Жеңиш менен кайтканда Казакстан ММКлары келип чыгарыштыбы?
- Ооба, мен окуган училищадан Фарух Садыркулов ийгилик менен кайтты деп телевидение-радиодон интервью алышты. Интернет сайттарга менин жеңгеним сүрөтүм менен кошо чыкты. Донецкиден келерим менен учактан түшүп эле окууга баргам. Ал жерде мени даярдаган мугалим А.Н.Медведев абдан сүйүнүп, ушуга теңелгиле деп мени мактап түгөтө албай атты.
- Окууну бүткөндөн кийин Бишкекке кайтып келесиңби же?..
- Негизи Бишкекке келип бийлегим келет. Бирок өмүр бою опера-балетте бийлеген атамдын маянасы аз, квартира алалбай, жетпеген жашоодо жашаганын көргөндө кээде ойлонуп калам. Казакстанда катардагы эле артист Кыргызстандагы эмгек сиңирген артисттерден көп алат.

Назгүл КАЛМАМБЕТОВА