06.05.11 - 21-бет:
  KYRGYZ SPORT

Кыз мушкердин кыйыны Ажар экен
Кыз-келиндер арасында бокс боюнча дүйнөлүк биринчилик Түркиянын Анталия шаарында өттү. Ажар Жамгырчиева деген мушкер кызыбыз жарым финалга чейинки таймашка Сириянын жалпак бойлуу кызы менен рингге чыгып, экинчи раундда ал кызды учура чаап салган. Ал эми жарым финалдык беттеште Түркиянын кызына туш келип, ал кызды аяп койгон имиш. Кыз мушкердин кыйыны Ажар коло медалды жеңип, кубанычы койнуна батпай турган чак.

Алексей алдырбады
Кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында таймаш өттү. Ал Орусиянын Орлов шаарында болду. "Барс" баскычында Евразия мелдешин багындырган биздин жердеш Алексей Федосеев бу жолу өзүнүн чемпиондук кемер курун коргоп, дагы бир ирет кыйындын кыйыны экенин тастыктады. "Кыл аркан падышалары" аттуу турнирде алгач Армениянын мушкерин рингде былчып алган. Ал эми финалда болсо көзү көк орус мушкерди упай топтоо менен утуп алган.

Жаштыктын өзү шамдагайлык
Кожомкул атындагы спорт сарайда студенттер арасында өтүүчү спорттук мелдеш аталган универсиада аяктап, жыйынтыгы чыкты. Студенттер 21 спорттун түрүнөн күч сынашкан. Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик техникалык университети (КГТУ) 250 упай топтоп, командалардан ат чабым озуп чыгып, жеңүүчү аталган. Экинчи орунду 215 упай чогулткан Жусуп Баласагын атындагы улуттук университети (КУУ) жана үчүнчү тепкичке Дене-тарбия жана спорт академиясы (КГАФКиС) көтөрүлдү. Универсиада жүрүшүндө футбол, баскетбол, бокс, жеңил атлетика, тогуз коргоол, ордо ж.б. оюндардан мелдеш өткөн.

Буту бийлегендердин бугу чыкты
КРнын биринчилиги үчүн футбол боюнча кезектеги үч оюн ойнолду. "Ысык-Көл" командасы Бишкектин "Дордоюн" Каракол шаарында кабыл алып, мелдешти бишкектиктер 4:0 эсебинде жеңил эле утуп коюшту. Экинчи оюн ордо калаада "Алга" командасы менен "Алай" курамынын ортосунда өтүп, 2:1 эсебинде "Алга" алдыга озуп чыкты. Үчүнчү оюнда Канттын "Абдыш-Ата" футболдук клубу менен 2010-жылдын чемпиону Кочкор-Атанын "Нефтчиси" жашыл талаага чыгып, таймаш "ит жыгылыш" (0:0) менен бүттү.

"Дордой" эми кыйратат
Футболдун мекени Бразилия экени баарыбызга маалым. Муну жакшы түшүнгөн спорт меценаты Аскар Салымбеков жакында эле өзүнүн "Дордой" командасына үч бразилиялык топ тепкичти кошту. Жиан Превиату, Бруно Морейро, Дан Руно. Бул үчөө тең атагы асман сапырган "Оле Бразил клуб" футболдук академиянын короосунан тарбия алып чыккандар. Кадимки эле Пеленин айылдаштары. Былтыр "Дордой" Кыргызстандын биринчилигин алдырып ийгенге клубдун президенти Аскар агабыз катуу ызаланып калган окшойт, "көрсөтөм"дегенсип. Андыктан "Дордойдон" жеңилип калсаңар таң калбагыла.

Саркечтеп баккан бүркүтүн
Ысык-Көл облусунун Түп районунда кезектеги салбурун улуттук оюну өттү. Куш, бүркүт салынды. Тайган агытылып, жаа атылды. Ата-бабадан келе жаткан аңчылык өнөрдүн көркү ачылып, катышуучулардын жана ага ышкыбоздордун кумары жазылды окшойт. Оюндун уюштуруучусу Алмазбек Акуновдун айтымында, салбурунга кызыккандардын саны жыл сайын көбөйүп, жердин алыстыгына карабастан тиягы Ош, Баткен жергесинен. Биягы Талас, Нарындын мүнүшкөр, саяпкерлери жандуу катышып атканы мени кубантпай койгон жок" дейт. "Кийинки салбурунга Казакстандын кыйындарын чакырып, бу жолкудан да кызыктуу өткөргөнгө аракет кылабыз" деп кошумчалады.

Каныбек камаарабай эле жеңди
Казакстандын Атырау шаарында Фархат Бекеновдун жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Салттуу турнирде "Москва пирамидасы" жаатында 32 шар аткыч мелдешке аттанган. Тандалып отуруп Каныбек Сагынбаев менен Санат Гинаятов финалдык беттешүүдө жолугушуп, жыйынтыгында биздин жердешибиз 14 миң доллардык байге куржунуна койгон турнирде Санатты утуп алган.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ




  ДҮЙНӨКҮН


КИРДҮЙНӨ. Нью-Йоркто сендвич саткан дүкөндүн сатуучулары шаардын тургуну Сара Конинин алдында жооп бергени турат. Эртең менен жумушуна шашып бара жаткан 28 жаштагы Сара орто жолдон дүкөнгө кайрылып сендвич алган. Бир тиштегенде эле ичинен булайган ак резинканын үзүндүсү чыгыптыр. Жүрөгү айланып дүкөнгө чуркап барган кызга сатуучу моралдык компенсация төлөп берерин айтып, тынчтандыруунун аракетин көрөт. Бирок Сара муну менен эле тынчып калбай, сендвич жасап чыгара турган компанияны сотко берерин билдирди. Ушуну менен мындай окуя экинчи жолу кайталанып жатат. Былтыр Калифорнияда сендвичтин ортосунан презервативге окшош резина табылган. Тез тамактануучу жайлардан аз күндө тамак эмес эле түрдүү резина чайнап калат окшойбуз.

ЖУПДҮЙНӨ. Дүйнөнү суктандыра той берген Англия ханышасы Елизаветанын небере уул-келини Уильям ханзада менен Кэтрин Миддлтон бал айына аттанышмак. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип, жаштардын тилеги таш капты. Уильям Фолкленд аралына эки жарым айга жумуштары менен аттанганы турат. Жубайын жанына ала албаганына ичи ачышкан Уильям эки айлык сапарын бал айы үчүн таштай турууга акысы да жок экен. Анткени алардын тукуму бул аралга барууну көп жылдан бери максат кылып келишкен. Учурда жубайы Кэтриндин сиркеси суу көтөрбөй, үлпөт тойдун аягы ойдогудай болуп жыйынтыкталбаганына капаланып турган чагы.

ЧЫРДҮЙНӨ. 1998-жылы "Мисс Россия" наамына ээ болгон Анна Малова Нью-Йорк шаарында абакта жатат. Дары-дармекти мыйзамсыз кармаганы үчүн жооп берүү алдында турган сулуу биринчи жолу тартип сакчыларына кармалып жаткан жок. Буга чейин дарыканага кирип өзүнүн дарыгерлеринен уурдап алган рецепт менен дары сатып алып жаткан жеринен кармалган. Ал дарылардын таасири адамды өлтүргөнгө чейин алып барат. Өзү сатып алган дармектерди колдонбогону такталып, бирок кимге берип жатканы азыр сыр болуп турат. Анна Малова буга чейин колу туткактыгы үчүн да тартип сакчыларга кармалып, акчалай айып төлөгөн. Эч нерсеге арзыбаган баш кийим менен бут кийимди уурдаган Малованын болгон кадыры ушу менен кетти окшойт. Колу менен кылганын мойну менен тартыш үчүн ал 24-майда сот алдында жооп берет.

БАЛДҮЙНӨ. Ырчы Мэрайя Кэри эгиз балалуу болду. Буга чейин боюнан бир нече жолу түшүп кыйналып келген ырчынын кубанычында чек жок. Биринчи кызы 2,35 килограмм, артынан уулу 2,44 килограмм салмакта төрөлдү. Кэннон менен Кэринин баш кошконуна көп болсо да балалуу боло албаган соң балдар үйүнө кайрылмак болушкан. Ырчынын үнү Кудайга жеткен окшойт, минтип бир эмес эки наристени жарыкка алып келишти. Азыр ата-эне балдарына ысым тандоо менен алпурушуп жаткан кездери.

ЭРКЕДҮЙНӨ. Кыргыздардын обу жок аял орсок уй саайт деген сөзүн америкалык айым Лара Харпер айгинеледи окшойт. Күйөөсү Мартин Джон менен турмуш курганына үч айдын жүзү боло элек жатып ажырашууга арыз берген кези. Ажырашуунун себеби эң жөнөкөй. Экөөнүн урушу стриптиз бийден улам келип чыккан. Мартин аялын стрипбарга барууга тыюу салса, аялы да жөн калбай анда сен үйдөн бийлеп бер деген талабын коет. Аялынын ашыкча эркелигине чыдабаган Мартин башында моюн толгогону менен бийлеп берүүгө аргасыз болуптур. Ошондон тарта күнүгө кечинде жолдошуна стриптиз бийин бийлеп бер деп кыйнаганы кыйнаган. Мындай кордукка чыдабаган Мартин биринчилерден болуп ажырашуу демилгесин көтөргөн.

Бегайым БАЙБОСУНОВА