presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Калемдештен кабар

Чолпон Орозобекова:
"Де-факто" гезитинин тегерегинде "детективдер" көп болду"
Бакиевдер жапкан "Де-факто" гезити май айынан тарта кайрадан чыкканы турат. Коопсуздугуна тынчсызданып 2008-жылы өлкөдөн чыгып кетишкен жубайлар Жеңишбек Эдигеев менен Чолпон Орозобекова үч жылдан бери Швейцариянын Женева шаарында жашап атышат. "Де-факто" гезитинин редактору Чолпон Орозобекова "Жаңы Агымга" телефон аркылуу маек курду.


- Чолпон, 2008-жы-лы сага кылмыш иши козголуп, "Де-факто" гезити жабылган күндөрдү эске салсак. Силер үчүн эң оору эмне болду?
- Сот 2008-жылы июнда Жаныш Бакиевдин уулунун арызы боюнча бизге жана "Алиби" гезитине 1 миллион сомдон айып салбады беле. Ошондо окурмандардын соттун акыйкатсыз чечимине протест катары "Бакиевдерге 1 сомдон жардам" деген акция баштаганбыз. Бул соттун чечимине гана эмес, дегеле бакиевдик кландын тойбогон кекиртегине каршы чоң саясый акцияга айланып кетти. Редакцияга келгендер сары бир сомдукту каргап туруп таштап атышты да. Эл Бакиевдин режимине ушунчалык кыжырданып, бугу толуп турган экен ошондо эле. Ошол акциядан кийин бизге Жаныш Бакиев катуу өчөштү. Андан кийин салык системасындагы коррупцияны жазганыбыз үчүн мага Кылмыш кодексинин 329- статьясы боюнча кылмыш иши козголуп, 5 жылга кесмек болушту. Бул берене дегеле журналисттерге туура келбейт. КМШ тарыхында мындай болбоптур. Андан сырткары, сот бизге Арстанбек Ногоев, Таалай Далбаев, Темирбек Курманбеков жана республикалык салык комитетинин атынан жазылган төрт арыз боюнча дагы 4 миллион сом айып салды. Сотко бизди чакырбай туруп эле моюнга илип коюшту. Офисти эки жолу тинткени аз келгенсип, квартирабызды тинтишти. Бирок бара-бара соттук териштирүүлөрдүн баары эчтеке эмес болуп, жеке коопсуздугубузга коркунуч күчөдү. Өз үйүбүзгө түнөбөй калдык. Айылга барсак аркабыздан номуру жок машине менен белгисиз бирөөлөр барыптыр. Жеңиш экөөбүз тынчыраак деп жайлоого кетип атканбыз. Ага чейин эле Бишкектен бизге сигнал түштү, сак болгула деген. Көрсө, СНБнын балдарына криминалын кошуп туруп 2-3 сценарий менен аркабыздан жөнөтүшүптүр. Анын бири жолдошум Жеңишти провокация кылып камоо экен. Жайлоодо жаттык, тигил бандиттерди болсо айылдын балдары таш менен ургулап кубалашып… Айылдык аксакалдар райкеңештин сессиясында белгисиз адамдар айыл тынчтыгын бузуп атышат деп айтып чыгышты. Акыры, айтып отурсак "Де-факто" гезитинин тегерегинде "детективдер" көп болду. Баарын айтып отургум келбейт, азыр "Бакиев мени кордогон" деген мода болуптур го. Жаныш Бакиевдин колуна суу куюп жүргөндөр деле чыкты ошентип. Өткөндө өкмөттүк телеканалда эле иштеп жүргөн бир журналист "Бакиевдер мени жоготмок болушкан" деп маек бериптир, таң каласың адамдарга. Баары артта калды, бир айтарым, эң башкысы башыбыз аман калды. Ал эми Бакиев болсо бала-чакасынын, небере-чөбөрө, укум-тукумунун убалына калды. Ошол ага чоң жаза деп ойлойм.
- Ошол кезде Бакиевдер сүйлөшүүгө, өзүнө тартканга аракет кылдыбы? Бир шарттарды айтып дегендей.
- Ал кезде Бакиевдин бийлиги эки баштуу ажыдаар болуп калган да. Жаныш Бакиев мыкаачылык менен, күч менен иш кылып көнүп калган экен, бандиттерин аркабыздан салып койду. Максим болсо жалтыраган нерсенин баарын басып алып көнгөн неме гезитти алгысы келди. Аттары да бир укмуш, тилдери буруу бирөөлөрү чыкты бизге. "Вам надо передать акции, тогда будет все хо-ро-шо" деп манчыркай, менчигиндей эле догурунуп сүйлөштү. Мунун жок дегенде ишене турган кыргыз жигиттери жок тура деп ойлодум. Эң күлкүлүүсү, Бакиевдердин андан кийин "Ысык-Көлгө же Нарынга губернатордун орунбасары бол" деген сунушу болду. Ошондо түңүлдүм, баарын акча жана кызмат менен сатып алса болот деп ойлошчу тура. Ошондон көп өтпөй өлкөдөн чыгып кеттик.
- Өлкөдөн кантип чыктыңар? Подпискада болчусуңар да, ээ?
- Ооба, өзүбүз чыга алмак эмеспиз. Бишкектеги бир нече Батыш өлкөлөрүнүн элчилери жардам кылышты. Ошондой эле "Чегарасыз кабарчылар" өңдүү эл аралык уюмдар жардам бербесе кыйын болмок.
- Азыр эми "Де-факто" гезити кайрадан чыгат деп атышат. Бул президенттик шайлоого каратабы же гезит дайым чыгып турабы?
- Шайлоого карап гезит чыгара турган болсок парламенттик шайлоо алдында эле чыкмакпыз. Канча партиялар Женевага чейин дубай салам айттырышып, олчойгон суммаларды кеп кылышып, гезитти тирилтели деп атышты. Бир партияга кызмат кылган гезит элге кызмат кылбайт, ал саясый бир топтун убактылуу кызыкчылыктары үчүн гана иштейт. Ал эми "Де-факто" андай күнүмдүк гезит болгонго акысы жок, коомдук гезит болуп элдин жүрөгүн кайрадан ээлейт деп ишенем. Ошол көз карандысыздыкты сакташ үчүн биз былтыркы апрель айынан бери эле каражат издеп эл аралык уюмдарга долбоор жазып аттык да. Акыры туура бир жылдык аракеттен кийин Демократияны өнүктүрүү боюнча эл аралык фонддон "Де-фактону калыбына келтирүү" деп грант алдык. Ошентип май айынан тарта чыкканы турабыз.
- Айрым учурда силердин гезитти саясатчылардын аты менен байланыштырып атышат го. Мисалы, Кубатбек Байболовго байланыштырып калышат.
- Кубатбек Калбекович "Де-фактого" кожоюн эмес, бирок гезиттин ачылып калышына салымын кошкон адам. Жолдошум Жеңиш экөөбүз "Де-фактону" 2006-жылы каттоодон өткөргөнбүз. Экөөбүздүн тең журналист катары гезит ачалы деген кыялыбыз бар эле. Аңгыча 2007-жылы Максим Бакиев эркин маалымат каражаттарын катуу көзөмөлгө алып, четинен колго ала баштабадыбы. Ал кезде азыркыдай жайнаган гезит жок болчу да. Кубатбек Байболов агай менен көп пикир алышчубуз, мамилебиз дайым жакшы болуп келген. Анан ал "Элдин үнү угулбай калды. Бир да эркин гезит жок, ушундай кантип болсун?" деп кейип жүрдү. Ошентип көп ирет сүйлөштүк. Анан бир күнү биз гезитти баштоону чечтик. Башында Байболов мырза жардам берем деди. Бирок дароо сүйлөшүп алганбыз, убактылуу гана колдоп, гезиттин саясатына кийлигишпейсиз деп. Ал киши жигитче сөзүнө турду. Ал киши үчүн эң башкысы Максим муунтуп атканда эркин гезиттин пайда болгону керек болду. Гезитти 3-4 ай материалдык жактан колдоду, бирок мобуну жаз деп кийлигишкен жок. "Де-фактого" эки кичинекей кабинет таап берди, 6 миң сом төлөчүбүз. 14 киши тыгылып иштедик, көбү студенттер эле. Ал жерде жылуулук жок экен, кыштын чилдесинде тоңуп, колубуз катып жаза албай калчубуз. Ош базардан жылыткыч алып келсек, аны көтөрө албай улам жарык өчөт иштетпей. Сууктан кулап-кулап баарыбыз ооруганыбыз эсимен кетпейт. Буларды айтканым, гезит бир байдын менчиги болсо элге окшоп жакшынакай офисте отуруп баштайт элек да. Анан кийин Илбирстен офис алып көчтүк. Гезит 4 айда эле бутуна турду. Эл ушунчалык буулугуп, суусап турган экен, бат эле гезиттин жумалык тиражы 40 миңден ашты.
- Роза Отунбаева менен ма-милеңер жакшы болуп, ал да силердин гезитти колдоп келгени чынбы?
- Роза Исаковна гезиттин фанат окурманы болгон деп айтсам жарашат. Сан сайын калтырбай окучу. Дароо мактап же сындап турчу. Чет өлкөдө көп жүргөн киши да, эринбей чет элдик журналдарды которуп келип, айрым кызыктуу рубрикаларды көрсөткөн күндөрү да болгон. Бакиевдер мага кылмыш ишин ачып куугунтук болуп атканда парламенттеги социал-демократтар чоң моралдык колдоо көрсөтүшкөн. Роза Исаковнанын демилгеси менен биздин маселе парламентте да каралган болчу. Анын баары эсте. Ошол күндөрү бизди колдоп, арачалап калгысы келгендердин жакшылыгын унутпайм, баары жүрөктө.
- Демек, гезит чыга баштаса азыркы президентти колдоп турат экенсиз да?..
- Жок. Мурда катардагы депутат, же жөн эле Роза эже болсо, азыр статусу өзгөрдү. Президент катары катуу эле сындап турабыз го деп атам. Өлкөдөгү кырдаалга кантип көз жуумп коесуң? Бакиевдик режимдин калдыктары менен күрөшүүбүз керек, биз ага журналист катары гезит аркылуу салым кошо алабыз. Бирок Роза эже жалгыз болуп атат, көп нерсени жасайын дейт, бирок берки саясатчылардын барымтасында калгандай сезилет мага.
- Чет өлкөгө чыгып кеткен журналисттерден саясатчылардан көңүлүм калды, гезиттерди өз кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланышат деп айткандары болду. Сизде ушундай сезим барбы?
- Жок, мен көңүлүм калды деп эч кимге таарынбайм. Ал кезде саясатчылар деле өз жандарын канжыгага байлап коюп жүрүшпөдүбү. Анүстүнө "Де-фактонун" тагдырына өтө көп адам аралашты ошол кезде, арачалап калгысы келди. Ошолорго бүгүн терең таазим кылып, ыракмат айтам.
- Кылмыш иштер, аркаңар-дан аңдымай, коркутуп-үркүтүү-лөр баары болду дегендей... Бирок айрыкча эмне эсиңизде калды?
- Адамдар эсимде калды, адамдардын мамилеси, жүрүш-турушу. Мага карата кылмыш иши Биринчи май райондук сотунда каралып баштады. Анан судья Султан Бөкөшев кокусунан эле биздин суранычты канааттандырып ишти кайра тергөөгө жөнөттү. Күткөн эмеспиз, таң калып калдык. Кийин уксам, судья жигит профессор Жамгырбек Бөкөшев агайдын баласы экен. Ал киши мени окуткан эле. "Эмне кылсаң да бул иштен кутул, караба" деген экен баласына. Анан соттун чечимин алайын деп барсам, эшиктин алдында Султан Бөкөшев турган экен. Аябай маанайы жаман, тамеки чегип туруптур. Алыстан учурашарым менен эле "мага жолобоңуз" десе болобу, "мени менен сүйлөшпөй эле коюңузчу, кабинетиме да кирбеңиз, сиздин азабыңызды тартып атам азыр" деди. Баарын түшүндүм. Көрсө, кайра тергөөгө кетиргени үчүн Жаныш Бакиев анын сазайын берип атыптыр. Дагы бир окуя, университетте окуткан агайым бар, Мамыр Толубаев деген. Аябай маданияттуу, чынчыл, деле бир адамга катуу айтпаган ушунчалык жакшы адам. Студенттин баары жакшы көрчүбүз. Жаныш Бакиевдин баласы менен соттошуп атканда Илимдер академиясынын тил институту корутунду берген да, бул макала бүт калп деп. Анда Мамыр Толубаев агайдын колу турган. Анан бир күнү эле көчөдөн кокустан жолугуп калдык. Көзүнөн жаш кетип бүлкүлдөп ыйлады. "Эл караган бетимди жер каратышты, кайсы бетим менен ошону жазып берет элем" деп кечирим сурайт. Көрсө, корутундуну өздөрү жазып туруп, агайдан сурабай туруп эле атын коюп салышыптыр да. Ушул өңдүү ыйман менен бийликтин жексурдугу ортосунда кыйналган адамдар эсимде калды.
Зайырбек АЖЫМАТОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??