presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Партия не пансион благородных девиц, иной мерзавец потому и ценен, что он мерзавец.
В.И.Ленин

Биздики…

(Уландысы.
Башы өткөн санда)

Саясат иликтөөчүлөр сайрап, коомчулук козуп атыр: бу шамал тийгендей шашылыш не болгон мыйзам? Жана да жыйынтыгы жалпысынан бир: парламенттеги кайсы бир күчтөр президент шайлоосу алдында коомдук телерадиону басып алып, өз кызыкчылыгынын кылычын чаптыруу аракетинде. Кантип басып алат? Жаңы мыйзам негизинде Байкоочулар кеңешин кайра шайлатат. Демек корпорация деректири да кайра шайланууга аргасыз. Иштин андай аныгын Жылдыз Жолдошева баш, Каныбек Иманалиев төш болгон парламент комитети да ачык айтууда. Калганы "техниканын" кызматы: Байкоочу кеңештин басымдуу бөлүгүнө өз кишилерин түртөт, "өз кишилер" корпорация деректирлигине өз кишисин шайлатат. Ошентип президент шайлоосунда телерадио, айрыкча телевидение коомдук пикирди тигилердин пайдасына каалашынча калчайт. Тажрыйба жетишерлик.
Жаңы мыйзам долбоорунун автору Каныбек Иманалиев коомчулук өкүлдөрү, Байкоочу кеңеш мүчөлөрү, телевидение кызматкерлери менен ошолеле телевидение аркылуу ачык жолугууда: президент шайлоосун телевидение өткөрбөйт, эл өткөрөт маанисинде айтышкандарын айыпка жыкты. Сыртынан зымпыйып туура көрүнгөнсүгөн бул аргументтин артынан эмнени көрүп келатабыз? Эгемендикке ээ болгондон берки шайлоолордо дегеним. Шайлануу үчүн көп акча эле эмес, телевидениеден көп убакыт алуу зарылдыгын. Басма сөздү басып жыгылыш керек экен, үгүтчүлөрдү көп жалдап, тамыры жок убадаларды көп камдаш керек экен. Анын бардыгы мамлекеттик акылды, тажрыйбаны, атүгүл элементардуу чынчылдыкты талап кылбасын, башкасын айтпайлы, ушул тапта иштемиш болуп аткан парламент шайлоосунан деле бакырайып көрүндү.
Менимче, укук коргоочу Бурул Макебаева К.Иманалиевдин саясый ишмердигине таамай штрих тартты. Сиз телевидениени, басма сөздү кожоюндарыңызга кызмат кылдырып көнгөнсүз, бу саам да ошенткиңиз келип атат таризинде айтты. Кыязы, Аскар Акаевдин адалдыгынан арамдыгы көп шайлоо, референдумдарында К.Иманалиев кандай кызмат кылып, карамагындагы ММКларды кантип кызыл камчыга айландырганын эске алды окшойт. Эң кызыгы, андан "камчы" жегендердин катарына эки ооз сөзү үчүн бир кезде Чыңгыз Айтматов да илинген. Канткен менен ал улуу киши эмеспи, бул ажылдаган "ак ит, көк ит" Акаевдин айдактоосу менен үрүп атканын сезди да, "… биздин Сомоса" деп тим болду сыяктанат.
Ошентип, 1-канал деп койгон коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) азыркы ишмердигин жаман дегендер жок дээрлик. Тескерисинче, алардын аракетин бир ооздон колдогондор толтура. Атургай бийлик, байлык талашып, бири-бирине бүксүгөн компромат казып жаткан кыргыз калдайларында да КТРКга нааразылык байкалбайт. Болбосо, Акаев, Бакиев учурунда бир жактуу, бийлик самаган компроматтын саңырсыган жыты эң оболу ушул телеканалдан урчу. "Кара жащик" деген каргы ошондон улам калган.
КТРКнын жакшы жактарга өзгөрүшүн К.Иманалиев өзү да моюнга алат. Бирок мыйзам чегинен тап жылбаган такыба сыяктанып, мен жазган жаңы мыйзам коомго көзгө сүртөр дарыдай зарыл деп көшөрөт. Мүмкүн зарылдыр. Арийне аны ала чуркоодо коомчулуктун пикири менен эсептешкиси келбейт, КТРК коллективи, Байкоочулар кеңешинин сунуш - суроолорун каакы ордуна көрбөйт. Меники гана туура дейт. Чынында өзүнө окшошуп турат.
Эсиңиздерде, КТРК утурумдук өкмөт декретинин негизиндеги жобого ылайык иштеп атыр. Эксперттер К.Иманалиев жазган мыйзамдын ал жободон айырмасы жок дейт. Каныбек Капашович "бар, баланчанчы статьяны карабайсыңарбы" деп кырданат. Көрсө, жободогу баланча пайызды түкүнчө пайыз деп оңдоптур.
Ошого жараша карманган талы катуу, таянганы сүрдүү: КТРК ишмердигин "мыйзам талаасына" (ушундай телинген термин чыкты) кийрүү керек, жаңы Конституция кабыл алынган соң утурумдук өкмөт декрети күчүн жоготот. Ага оппоненттери андан да олуттуу аргумент айтууда: ошолеле утурумдук өкмөт декреттеринин негизинде азыркы Жогорку Кеңеш шайланды, өкмөт түзүлдү, атүгүл жаңы Конституция кабыл алынды, аларды кантебиз?
Утурумдук өкмөт декреттерин антип ревизиялоо аракети өлкөнү жакшылыкка алып барбай турганын президент Роза Отунбаева парламентке эскерткен, андай аракетиңер ашынып кетсе, азыркы Жогорку Кеңешти таратууга туура келет деп зекиген. Кечээ Каныбек мырза Капашович КТРКга байланыштуу декретти "каарый" баштаганда Конституция "атасы" аталып бараткан "Ата мекен" партия лидери Өмүрбек Текебаев К.Иманалиевдин бул аракети утурумдук өкмөттүн баардык декреттерин башаламан кылууга угут болот, эларалык түшүнүк менен айтканда, прецедент түзөт деп жарыя кылды.
Бул бир. Экинчиден, коомдук уюмдар да, коллектив, Байкоочу кеңеш да КТРК ишмердигин жаңы Конституция нугуна салууга каршы эмес. Тек, жогоруда айтпадыкпы, эмне үчүн ит куугандай шашылыш? Эмне үчүн "коомдук телевидение" деген түшүнүк телчигип, ал өзү жаздагы жетим козудай бутуна туруп келатканда дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп, ичтен, тыштан инвестиция келишимдери түзүлүп, материалдык-чарбалык иштери мына-мына жөндөлүү алдында турганда жаңы Конституцияга жамынып тизеге чабуу керек? Утурумдук өкмөт да ушул сыяктуу урунттуу жагдайларды эске алып декрет чыгарган, жобо бекиткен, Байкоочулар кеңешин, демек КТРК деректирин убактылуу - үч жылга шайлаткан. Демек, парламент эки жылга күтө турса, андан жаңы мыйзам асманы түшүп кетмек эмес. Ансыз дагы эл турмушунун эң негизги маселелеринин мойнундагы сыйыртмагын бул парламент бошотуп жыргаткан жок, анын ордуна герб, гимн, желек сыяктуу мамлекет символдоруна асылып, бири-бири менен канжалаша мушташып, кайра кой союп, арак ичип, бири-бирине чепкен жаап, брежневчесинен шалпылдашып өбүшүү менен алек.
Айталы, 1-канал республиканын 62 айылына жетпейт деп расмий айтылып атыр. Аларга канткенде жеткиребиз деп не парламент, не анын комитети баш ооруткан жок. Коомдук уюмдар, эксперттер, атүгүл көптөгөн депутаттар КТРК бийлигин алмаштырууну гана көздөгөн бул мыйзам телеканалдын алгачкы туура кадамдарын бир-бир жарым жыл артка тартаарын эскертүүдө. Калет жок, өткөндө байкалгандай, коомдук кеңешти уюштуруу, жетекчиликти шайлоо эле жарым жылдан ашуун убакыттын башын жейт, устав, программа кайра бекийт, ар түркүн келишимдер кайра түзүлөт ж.б. Анын ортосунда президент шайлоосу башталып, ал башаламандыктан пайдаланып, кандайдыр бир күч КТРКга кандайдыр бир күчтүн камчысын чаптырышы толук ыктымал.
Ачыгын айтуу керек, ал "ыктымалдын" ыкыбалы. Каныбек Иманалиевдин ысымына байланыштуу экендиги, б.а., Каныбек мырза КТРК деректирлигин көздөп калганы мурда эле айтылып жүрчү. Кечээ "Ар-намыс" фракциясынын он ойрону премьер-министр Атамбаевге партия жетекчисинин "башын" тартуу кылып, бийликтеги коалициядан баанек издеп барганда К.Иманалиев КТРК деректирлигин сураптыр деген маалымат таратты айрым гезиттер. Анын тууралыгын парламентте К.Иманалиевдин аты ачык аталбай айтылган божомол ырастайт.
Алмазбек Шаршенович шарт эле макул болгонун ойлоого да, элестетүүгө да негиз бар. Не дегенде, анын президенттик шайлоого аттанары айдан ачык болуп калды. Демек телевидение да, К.Иманалиев сыяктуу шайлоонун тажрыйбалуу камчы чабарлары көзгө сүртөр дарыдай керек. Экинчиден, Конституцияда талаш-тартышуу болсо дагы "Ар-намыстын" он ойрону "Ата журт" фракциясына көзкарандылыгын жеңилдетип, отурган креслосун бекемдегенсиди. Анын үстүнө ага-ини болуп жүрүп, кийин "сөөк өчтүгө" айланган Феликс Куловдон өчүн алып берди. Ушул сыяктуу урунттуу тартуулар алардын сураганын эки кылдыртпайт.
Бүт кыргыздын кыйыры билет: Алмазбек Шаршенович: "Эч кимден коркпойм, Кудайдан гана корком!" дегенди хор башы кылып алган. Калган чиновниктери ак болсо да, кара болсо да ошону ырдайт. Кудайдан корккон жакшы, бирок Алмазбек Шаршенович, Ыйык китептер "Данайлыктардын тартуусунан корк!" дегенин да билесиз. "Данайлыктардын тартуусу" далай оомат, мамлекет, хандыктардын башын жуткан. Бул он депутаттын "тартуусу" мамлекеттин парламенттик башкаруусунун абийирин аштай төгүүгө оңой өнөкөт түзбөйт. Анткени сиз универсал юристтериңиз менен (алар Акаевдин да, Бакиевдин да конституцияларын жазып, аны кожоюндары каалагандай калчап таңуулай берип, коомду аңга түрткөнүн көп жолу жаздым) фракция депутаттарын "жолбун итке" айландыруу аракетине өттүңүз. Бул жол менен кетсек, жакында КПСС сыяктуу бир партиялуу система, мыкты дегенде Россия, Казакстандыкындай башкарма парламент, жетелеме демократияга (демократиялык централизм дегендей) ээ болорубуз турганы турган. Анткени кыргыз төбөлдөрүнүн дээрлик көпчүлүгү эки жүздүү, сатылгыч, бийлик сөөк ыргыткан жакка эле чуркап кетет. Элдин канын төгүп, чарбасын бүлдүрүп бийликке жеткенде, менимче, мындай максат койгон жок элеңер.
Экинчиден, сатып көнгөн кишилер сатпай койбойт, мамлекет мүлкүн жеп көнгөндөр жебей койбойт. Мен билгени Каныбек Иманалиев канча партиянын идеологиясын түзүп, байрагын талашты? М., "Асаба", "Туран", мына эми "Ар-намыс". Алардан бармагы жакшы толбосуна көзү жеткенде тескери басып кетти. Эсеби маселең, КТРК жетекчилигине жетсе, аны "Эркин Тоо" басмасы же "Учкун" АКсынын таз кейпин кийгизбейт деп ким кепил болот? Же дагы эле мен билгени, А.Атамбаев менен А.Артыков оппозициялык бир кыймылда жүрүп, качан Атамбаев президенттикке ат салышканга келгенде экөө "өлгүчө сайышкан" б.а. Анвар Артыков Атамбаевдин жоорун аябай чукуган. Азыр болсо Ф.Куловду Атамбаевге салып берип атыр. Айта берсе мисал көп. "Эки миң шүмшүк болсо да биздин Сомоса" принциби учурунда кандай роль ойногонун билбейм, биздин жаңыдан калт-калт этип бутуна туруп келаткан мамлекетке жарашпайт, урматтуу премьер! Стабилдүүлүк деген тунуп турган көлчүк эмес. Көлчүк көпкө турса, сасып, ирип-чирип кетерин Брежнев доору көрсөткөн жок беле?!
Ушул жерден профессор А.Пригожиндин өткөн кылымдын аягындагы окумуштуулардын "тегерек үстөлүндө" айткан ак сөзүн эскерте кетүү оң болуп турат. Өз тилинде келтирейин: "Демократия есть конфликт. К этому надо привыкнуть. Признать и принять. Конфликт открытый, во многих случаях - непрерывный, но в отличие от конфликтов, которые возникают в демократической системе, конфликт мирный" (XX век и мир. 1988). Бул биздин революционерлер башкалардын каны менен жеткен парламенттик системага андан бешбетер тиешелүү.
Сөздү жыя тартып, "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Куловго келсек, бул "күтүлгөн күтүлбөстүк" моралга да, партиялык этикага да, мыйзамга да туура келбестигин айтты. Бирок Феликс Шаршенбаевич фракция ичи ыйкы-тыйкы экендигин, аны тигил он ойрон уюштуруп атканын сезди өңдөнөт, Лениндин мен жогоруда эпиграфка алган принцибин аркы өйүзгө өтө качкандарга эң кылдат колдонду. Б.а., партиянын кезексиз съездин чакырып, алардын маселесин каратып, партиядан чыгарууга чейин барган жок. Тескерисинче фракциянын баалуу "мерзавецтеринин" (Ленинди кара!) көңүлүн алып, алардын демилгесин белгилүү даражада колдоду жана өз принцибин да унутпай (кеңири коалиция), азырынча "аты-жөнү" белгисиз шарттарды коюп, алар аткарылса, "Ар-намыс" фракциясы бүт коалицияга кошуларын жарыя кылды. Ал талап-шартнаама премьер А.Атамбаевдин өз колуна тапшырылды деген маалымат таратты. Алар аткарыларына башкасын билбейм, мен күмөндөрмүн. Анткени менимче, Алмазбек Шаршеновичтин Ф.Куловго болгон саясый "сөөк өчтүсү" өчөлек. Анын үстүнө "атставкадагы" Өмүрбек Бабанов аркай жерден өзүн корготкон кыймыл уюштуруп, бийлик саясатына айгай салдырууда. Кыскасы, "митинг бийлиги", атынан айтсак, анархия кайрадан келатат.
Алым ТОКТОМУШЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??