presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Күттүргөн май да келет

Ибрагим ЖУНУСОВ, вице-премьер-министр:
"Оппозиция сүйлөй берсин, биз иштей беребиз"
Курама өкмөт май айынан баштап социалдык (педагог, маданият, спорт жана медицина) чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акысы кеминде үч эсеге чейин жогорулатыларын убада кылган. Айтылган убадалар канчалык деңгээлде аткарылат? Жалпы жонунан канча каражат керек? Мына ушул өңдөнгөн суроолорго вице-премьер Ибрагим ЖУНУСОВ жооп берет.

- К оалициялык өкмөт башында эле жалпы социалдык чөйрөгө өзгөчө көңүл буруларын билдирген. Биринчи кезекте мугалим, медицина, спорт жана маданият тармагында эмгектенгендердин маянасын болбоду дегенде үч эсеге көтөрүүнү пландаганбыз. Кудай буюрса, айткан сөзүбүзгө туруп, кийинки айдан тартып айлык акыны жаңы тарифтин негизинде беребиз.
Мурда тарифтик торчонун негизинде маянанын базалык жагы жогорулатылганы маалым. Тактап айтканда, 10-15%га, мисалы, 1000 сомдун үстүнө болгону 100-150 сом кошулчу. Эми айлык акыны төлөө системасы өзгөрүлдү. Ага ылайык, 3000 сом алган мугалим мындан ары айына 9000 сомдон киреше таба баштайт.
Мындан сырткары, биринчи этапта пенсиянын өлчөмү 100 сомдон 600 сомго чейин көбөйөт. Сентябрда экинчи этабына өтөбүз. Анда пенсионердин мурда кайсы тармакта иштегенине, канча өлчөмдө айлык алганы эсептелип, ошого жараша пенсия чегерилет.
Майып балдарга берилүүчү жөлөк пул да унутта калган жок. 1-июндан тартып алардын пенсиясы 3100 сомду түзөт.
- Мындай шыралгадан Улуу Ата мекендик согуштун жана Чернобыль коогалаңынын катышуучулары да куру калбаганы айтылууда.
- Туура. Өкмөт башчысы Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлерине бир жолу 10 миң сомдон берүү чечими чыккан. Ошондой эле Чернобыль окуясына катышкандардын ар бирине 20 миң сомдон бөлүнөт. Көзү өтүп кеткен чернобылчылардын үй-бүлөсүнө 10 миң сомдон чегерип атабыз. Муну өтө чоң камкордук деп эсептейм. Андыктан бул өкмөттү чыныгы социалдык өкмөт атасак жарашат.
- "Өкмөт айлык акыны жаңы тарифтин негизинде май айында эмес, сентябрдан баштап гана төлөйт экен" деген кооптонуу эл арасында бар. Буга не дейсиз?
- Мага ишенип коюңуз, маяна сөзсүз көтөрүлөт. Ал эми сентябрдан тартып санитардык кызматкерлердин, кароолчулардын айлык акысын көбөйтүүнү пландаганбыз.
- А бала бакча кызматкерлериникичи?
- Бул чөйрөнүн өкүлдөрү биринчи этапка киргендиктен, алардын дагы айлыгы май айынан тартып жогорулайт.
- Мурда маселен, медиктер эмгек стажына жараша маяна алчу. Жаңы тарифте да стажга көңүл бурулабы?
- Сөзсүз түрдө. Буга улай алыскы региондордо, тоолуу аймактарда эмгектенгендердин ставкасы бөлөк.
- Булардын баарын жүзөгө ашырыш үчүн оңбогондой каражат талап кылынат эмеспи. Ага каражатты кайдан табасыңар?
- Биздин эсептөөбүз боюнча май айына жалпысынан 10 млрд. 200 млн. сом керек. Учурда бул каражаттын 60%дан ашыгы табылды. Кечээ бажы кызматы биринчи кварталга карата планды толук аткарганын жарыялады. Эске салсак, бажы тармагынан кошумча 2,5 млрд., салык комитетине дагы 2 млрд. сом жыйноо тапшырылган. Азырынча аталган эки тармак планды аткарууда. Мунун эсебинен айлык акыны жогорулатып атабыз. Албетте, буга кошумча иретинде сырттан да жардам келмекчи.
- Мисалы, канча?
- Баланча деп суммасын так айтыш кыйын. Биз тыштан көмөк күтпөй, элдин жашоосун, экономиканы өз күчүбүз менен көтөрүүнү көздөйбүз. Кудай буюрса, максатыбызга жетерибизге ишенем.
- Кыргыз өкмөтү айткан убадаларын аткара албаса не болот?
- Анда бүгүнкү өкмөт иштеши керекпи же жокпу деген суроо коомчулуктун таразасына коюлушу абзел.
- Эгер өкмөттүн кереги жок дешсечи?
- Ал кырдаалга жараша чечилет. Бирок биз куру убадаларды бербейбиз. Бардыгын тең кылдат эсептеп, анан кадам таштадык.
- "Ар-намысчы" Акылбек Жапаров өкмөттүн конкреттүү планы жоктугун жар салды. Эл өкүлүнүн бу кебине кошуласызбы?
- Кандайча жок? Программа болгон үчүн иштеп атабыз да. Социалдык чөйрөдө эмгектенгендердин айлыгын үч эсеге көтөрүү, майып балдардын жөлөк пулун көбөйтүү - конкреттүү программа эмеспи? Ош, Жалал-Абад коогалаңында шейит кеткендерге 1 млн. сомдон, алардын жана апрель окуясында окко учкандардын үй-бүлөсүнө үй бериле баштады. Баарына эл күбө. Бизге карапайым калктын алкышынан өткөн нерсе жок.
Албетте, оппозициянын бийликти сындашы мыйзамченемдүү көрүнүш. Алар сүйлөй беришсин, а биз өз ишибизди жасай беребиз.
Нурканбек КЕРИМБАЕВ





  Кызылдардан кыйгач маек

Курсан АСАНОВ, ИИМ министринин орунбасары, милициянын полковниги:
"Бүткөн ишке сынчы көп болуп атат"

- Курсан мырза, Ош окуясынан кийин сизге парламентте Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы берилет деген идея көтөрүлгөн эле. Бирок кийинчерээк бул демилге сууп кетти. Анын себебин өз оозуңуздан уксак…
- Негизи Ош окуясы болбой эле койсо болот эле. Элдин башына түшкөн мындай кайгыдан баатырлар жаралышын каалабайт элем. Учуру келгенде калкыбыз жакшы жашап, тынч заманда баары өз жайына келишине ишенем.
- Былтыркы түштүктөгү окуяда сиздин улуттук баатырга айланганыңыз жалган эмес. Ошол эле учурда эл арасында К.Асанов коогалаң маалында ала допучандарды, кытайлык ишкерлерди чегарадан ары жылуу-жумшак узаткандын акысына оңбогондой "жашылбайга" туйтунган, өзбек улутундагы айрым олигархтардан ири өлчөмдө каражат "сындырган" деген аңыздар бар дешет. Бул тууралуу эмне дейсиз?
- Менин кылган ишимди эл өзү бааласын. Ал кезде биринчи кезекте түпкүлүктүү калкпы, ала допучанбы, кытайлык ишкерлерби тандабастан өмүрлөрүн сактап калыш маселеси турган. Биз аларды кооптуу жайдан тынч жайга эч кандай акы албастан алып чыкканбыз. Анткени алардын коопсуздугун камсыз кылуу биздин милдетибиз болчу. Ошондой иштердин натыйжасында эки күндүн ичинде үч миңге жакын ар түрдүү улуттагы өзүбүздүн жана чет өлкөлүк жарандардын өмүрүн сактап калууга жетиштик. Бул ийгиликтер оңой эле келип калган жок. Жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу учурунда ички иштер органдарынын он үч кызматкери өз өмүрлөрүн беришти. Анын ичинен сегизи Ош шаарынын жана облусунун аймагында курман болушту. Ал кезде улуттар аралык жаңжалдын курчуп кетишине жол бербей токтотуп калуу ар бирибиздин көйгөйлүү маселебиз болчу.
"Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашты жечү көп" дегендей, Ош коогалаңын имиш аркылуу угуп, көргөндөй болуп сөз таркаткандар жөнүндө кабарым бар. Мен бул ушактарды керектүү учурда качып кетишкен, өздөрүнүн кызматтык жана жарандык парздарын аткара албаган баканооз адамдар таркатты деп ойлойм. Бирок элдин жана жараткандын алдында тазамын.
- Сиз адис милиционерсиз. Адис милиционерлер милициянын өзүнө жетишпей зарыл болуп турганы чын. Бирок сиз депутаттык мандатты министрлик орунга эмес, анын орунбасарлык кызматына алмаштырдыңыз. Анын себеби эмнеде?
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу, укуктарын коргоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мыйзамдар толук кандуу иштелип чыккан эмес. Мен мансап үчүн эмес, бул кемчиликтерди жоюуга салымымды кошуу максатында депутаттыкка аттангам. Депутат болгондон кийин кесиптешим Т.Мадылбеков менен биргеликте "Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү жөнүндөгү" жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкканбыз. Ал жакынкы аралыкта парламенттин кароосуна коюлмакчы. Мен азыркы абалды эске алуу менен жана шайлоочуларымдын өтүнүчү боюнча өкмөт башчысынын сунушу менен ушул кызматка келип калдым.
Учурдан пайдаланып, мени депутат кылып шайлашкан шайлоочуларыма жана мени коштоп жардам берген жакын санаалаш адамдарыма ыраазычылык билдирүү менен, кайсы жерде, кандай кызматта болбоюн сиздердин ишеничиңиздерди актайм деп ишендирип кетким келет.
- Министрдин орунбасары катары айтсаңыз, былтыркы июнь окуясынын Кадыржан Батыров баштаган башкы күнөөкөрлөрү кармалабы?
- Июнь окуясындагы жагдайлар боюнча укук коргоо органдарынын, прокуратуранын жана Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин тергөө бөлүмдөрү тарабынан кылмыш иштери козголгон. Кылмыш жасап издөөдө жүргөндөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
- Адис катары милициянын кадыр-баркын көтөрүү үчүн эмне иш жасаганы турасыз?
- Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин "Ички иштер органдарынын кесиптик этикасы жөнүндөгү" буйругунун талаптарын ар бир кызматкердин так аткарышын көзөмөлдөөнү күчөтүү менен ички тартипти жана улуттар аралык достукту чыңдоо багыттарында иш жүргүзөм.
- ММКда кээде сиздин атыңызды белгилүү тележылдыз айымдар менен байланыштырып калышат. Үй-бүлөңүз тууралуу айта кетсеңиз.
- Жумуш боюнча массалык маалымат каражаттарынын дээрлик көптөгөн журналисттери менен таанышмын. Журналисттердин өлкөбүздө стабилдүүлүктү орнотуу боюнча салымы зор. Анткени ар кандай укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча көптөгөн маалыматтарды калкка жеткирүүдө ММК жардамына муктажбыз. Үй-бүлөм боюнча айта турган болсом, жубайым экөөбүз бир уул, үч кызды тарбиялап жатабыз.
- Экинчи аял алайын деген оюңуз жокпу?
- Кош никелүүлүккө тескери көз караштамын.
Зайырбек АЖЫМАТОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??