presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Ат жалында МАЕК

Эл аралык комиссия (ЭАК) өзбектерге жан тартканбы?
"24 kg" агенттигинде былтыркы июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын отчету жарыялана баштады. Отчет боюнча анда аттары аталган саясатчыларга жана түрдүү тармактын өкүлдөрүнө кайрылып, пикирин уктук.

Кубатбек БАЙБОЛОВ, Жалал-Абад шаарынын экс-коменданты:
"Жыйынтыгы толук чыксынчы"
- Эл аралык комиссиянын (ЭАК) жыйынтыгы толук чыксын. Анан ошого жараша жооп беребиз. Азырынча бир нерсе айтыш эрте.
Топчубек ТУРГУНАЛИЕВ, коомдук ишмер:
"ЭАК кыргыздын тарыхын билбейт"
- ЭАК өзүнүн корутундусунда "Убактылуу өкмөт коогалаңды токтото алган жок" деп жазат. Бул эми аталган комиссия мүчөлөрүнүн жеке пикири. Бирок кээде кайгылуу окуялардын алдын ала албай калган учурлар болот. Биздин өлкөдө улуттар аралык мамилелер тээ Т.Усубалиевдин заманынан баштап бузулган. Кыргыздын айрым жетекчилери өзбек сепаратисттерине сатылган. Атүгүл кээ бир чиновниктер 1990-жылдары Анжиянга чейин барып өзбек бийлик өкүлдөрү менен карта ойногон деген да фактылар бар. Демек мамлекеттик автономия түзүү идеясы ошондо эле башталган. Комиссия ушул жагына көңүл бурбаптыр.
- Анда эл аралык комиссия чала иликтеген турбайбы?
- Бул комиссиянын мүчөлөрү Кыргызстандын тарыхын жакшы билбейт. Ошон үчүн мүчүлүштүктөргө жол беришкен. Менимче, ЭАКтын отчету элди толук ынандыра тургандай эмес.
Азимбек БЕКНАЗАРОВ, убактылуу өкмөт төрайымынын экс-орунбасары:
"Өзбектерди жактаган чечим"
- Кыргыз өкмөтү жакында ЭАКтын корутундусуна байланыштуу өзүнүн позициясын расмий билдирет. Анда июнь окуясын алдын алуу жаатында кандай иштер жасалгандыгы конкреттүү фактылардын негизинде көрсөтүлөт. Ошондой эле эл аралык комиссия бир жактуу, өзбектерге жан тарткандай жыйынтык чыгарганы белгиленет. Мен да ушул пикирге кошулам.
Равшан ЖЭЭНБЕКОВ, ЖК депутаты, "Ата мекен" фракциясы:
"Аткаминерлер Гаага трибунасына барып калышы мүмкүн"
- Кыргыз бийлиги А.Эркебаев жетектеген улуттук комиссия менен эл аралык комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди оңдошу керек. Асыресе, ЭАКтын отчетуна өзгөчө көңүл бурулушу абзел. Анткени биз эл аралык уюмдар менен гуманитардык, финансылык жактан карым-катнаш күтөбүз.
- Сиз айтып өткөн эки комиссия тең улуттар аралык жаңжалга убактылуу өкмөт күнөөлүү дегендей чечимге токтолушуптур. Анда утурумдук өкмөт мүчөлөрүн кандай жазага тартса болот?
- Азыркы өкмөт түпкүлүгүндө убактылуу өкмөт болуп саналат. Булар өздөрүн өздөрү эч качан жоопкерчиликке тартпайт. Бирок, мени бир нерсе ойлондурат. Кайсы бир өзбек жараны же эл аралык уюм кыргыз өкмөтүн сотко берсе, анда келечекте июнь окуясында жооптуу кызматта отурган аткаминерлердин айрымдары Гаага трибунасына барышы ыктымал.
- Эл аралык комиссиянын чечими бир тараптуу деген пикирге кошуласызбы?
- Кайсы бир жерлеринде менин да күмөнүм бар. Маселен, отчетто Мелисбек Мырзакматов, Кубатбек Байболов, Бакыт Алымбековдун ысымы аталат. Мүмкүн алардын кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бардыр. Арийне, атайын кызмат кырдаалды анализдеп, жогорку жана жергиликтүү бийлик ага көз салып турушу керек эле. Менимче, башкаларга караганда ошолордун күнөөсү чоң.
Исмаил ИСАКОВ, утурумдук өкмөттүн түштүк аймагы боюнча экс-өкүлү:
"Кийинчерээк беребиз"
- ЭАК чыгарган жыйынтык тууралуу кеңири сүйлөп беришим керек. Андыктан, кийинки санда көлөмдүү маек уюштуралы.
Табылды АКЕРОВ, саясат таануучу:
"БУУга кайрылганга мүмкүнчүлүк бар"
- Отчетто улутчул делген 4-5 партия көрсөтүлгөн. Анын арасына "Бүтүн Кыргызстан" партиясы да кошулуптур. Менимче, бул катачылык. Себеби, аталган партия лидери Адахан Мадумаров улутчул эмес.
Эл аралык комиссиянын корутундусу кимдир бирөөлөр кандай сүйлөсө, ошонун негизинде эле жазылгандай сезилет. Маселен, ушундай болушу керек, ушундай болушу ыктымал деген жерлери көп кездешет.
- Бул отчеттун таасири канчалык?
- Анын таасири Кыргызстанда анча байкалбайт. Ал эми Батыш ага өзгөчө көңүл буруп, комиссиянын жыйынтыгына ишенет.
- Мындай шартта кыргыз бийлиги кандай реакция жасашы зарыл?
- Азырынча корутунду толук жарыялана элек. Бул маселе коомчулуктун талкуусуна коюлушу абзел. Эгер расмий бийлик комиссиянын жыйынтыгына макул болбосо, Бириккен Улуттар Уюмуна кайрылганга мүмкүнчүлүгү бар.
Сабыржан АТАЖАНОВ, ЖК депутаты, КСДП фракциясы:
"Бизге келе элек"
- Эл аралык комиссиянын отчету парламентке келе элек. Ошентсе да корутундунун үзүндүлөрү интернетке жарыяланып атыптыр. Агезде бардык жоопкерчилик утурумдук өкмөттүн мойнунда болгон. Ошон үчүн убактылуу өкмөткө күнөө коюлары табигый көрүнүш. Менин жеке баамымда, коогалаңга чейин ички иштер министрлиги, атайын кызмат жакшы иштеген жок.
Качкын БУЛАТОВ, укук коргоочу:
"Дүйшөбаев билип туруп билмексенге салып…"
- Июнь окуясына эң негизги күнөөкөр катары УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевди эсептейм. Ал улуттар аралык жаңжал чыгарын билип туруп аны алдын алуу максатында чара колдонгон эмес. Ошондой эле утурумдук өкмөттүн чабалдыгынан улам кайгылуу окуя болду.
Турсунбек АКУН, КР акыйкатчысы:
"Таанышып атам"
- Отчет менен эми араң таанышып атам.
Гүлнара ДЕРБИШЕВА, экс-депутат:
"Реалдуулукка жакын"
- Улуттук комиссияга караганда ЭАКтын отчету реалдуулукка жакын. Анткени ал кимдир бирөөгө көзкаранды уюм эмес, болгон окуяны болгондой изилдегенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Кубан ӨМҮРАЛИЕВ,
көзкарандысыз эксперт:
"Биз жыйынтык чыгарышыбыз керек"
- Улуттар аралык жаңжалды объективдүү иликтөө зарыл. Кандай гана түрдөгү комиссия болбосун, биз андан бир жыйынтык чыгарышыбыз керек. Мамлекеттик бийлик бутактары, анын ичинде жарандык коом дагы бул окуяны тыкыр изилдеп, өз баасын бериши абзел. Жалпы кыргыз коомчулугу июнь коогалаңынан сабак алып, мындай кайгылуу көрүнүш экинчи кайталанбашына болгон аракетин жумшасак дейм.
Руслан БЕКНАЗАРОВ, жаш саясатчы:
"Кийлигишпей эле коюшса"
- Эл аралык уюмдар биздин ички маселеге кийлигишпей эле коюшса жакшы болмок. Эгер ушунчалык эле чындыктын түбүнө жеткилери келсе, анда улуттук комиссия менен биргеликте иш алып барышпайбы.
Өзүңүз деле элестетип көрүңүз, Кыргызстан деген - бир бүтүн мамлекет. Ошол мамлекеттин ичиндеги улуттардын бири өзүнчө автономия болобуз дешкени акылга сыябы? Мындай көрүнүшкө коомчулук кайдыгер карап отура береби? Себеби, Кыргызстандын бүтүндүгүнө доо кетип атпайбы. Ал эми өзүн патриот эсептеген ар бир атуул өз өлкөсүнүн жоголуп кетишин каалабайт жана бүтүндүгү үчүн кандай гана жол менен болбосун күрөшүүгө даяр.
Даярдаган Нурканбек КЕРИМБАЕВ




Саясый арнография
Мегаком

Байкаганга Мегаком,
Байдылда жазган Айнаштай.
Балбылдап турат көзүң деп,
Бар эле айтар сөзүм деп,
Баары буга жармашты ай!

Кашайгыр кимге тийбеди,
Канчалар менен жүрбөдү.
Тири укмушун мындан бил,
Тийген сайын гүлдөдү.
Майдаларды айтпайын,
Максим болду сүйгөнү.

49 пайыз өлчөмү,
Кыргызга тийген саны бар.
Ошол санын сураган,
Опосун көрбөй бир жолу
Оңкосунан кулаган,
Ойрондордун баары бар.

Көсөм жигит дечү элек,
Көз кысам деп Бабанов,
Көрүнөө эле тутулду.
Ойноду жалаа жабылып,
Отпуске алып кутулду.
Бардар жигит менмин деп,
Байкашчу болсоң келгин деп,
Байболов барып жөөлөдү.
Кыйын экен жеңебиз,
Төрөтүп алган немече,
Төрт жүз миң доллар өөнөдү.
Этектеп жүргөн чет элдик,
Эвентис деген күйөө бар.
Секетин айтып кетпеген,
Серпеус дечү бирөө бар.
Ургаачы ушул турбайбы,
Ушунда кандай күнөө бар.

Айланайын Мегаком,
Ашыгың тандап тийсеңчи.
Атпайда андай болчу эмес,
Абийириң менен жүрсөңчү!
Темирбек АЛЫМБЕКОВ







кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??