presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жума айыбы

Барыктабасовго "бакстарды" берген Кабилова
(Уландысы. Башы 1-бетте)
Бул жолку соттук процессте мурунку БШК төрайымы Клара Кабилованын "Мекен туу" партиясынын лидери Урмат Барыктабасовго бийликти басып алуу үчүн 250 миң доллар бергени айтылып, отургандардын оозун ачырды. Судьянын билдиришинче, тергөөдө бул сумманы Кабилова Казакстандан Эрмек аттуу жигиттен берип жиберип, Барыктабасов аны региондорго бөлүштүргөнү аныкталган. Буга улай ал тергөөдө Кабилованын 250 миң жашылбайды бергени да тастыкталганын кошумчалады.
Судья Барыктабасовдун бийликти басып алууга аракети болгон деген айыбы далилденбегенин, ошондуктан ал бул боюнча акталганын жар салды. Бирок сот "Мекен туу" партиясынын лидерин Кылмыш кодексинин 30-241-статьясы (Ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүүнү, сактоону уюштурууга катыштыгы бар) менен күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыратты. Буга улай эле Биринчи май райондук соту Барыктабасовдун тарапкерлеринин айрымдарын Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын (ГУУР) кызматкерлерин мыйзамсыз камап, сабагандыгы үчүн 3, 9, 10 жылдан эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Калгандары болсо беш жылдан шарттуу кесилмей болушту. Ал эми Киргшелктун жанынан кармалгандарга сот мөөнөтүн узартуу менен эки жылдык мөөнөттөн жаза ыйгарды.
Жеке булактардан алган маалыматтарга таянсак, Клара Кабилова учурда Москвада. Бул боюнча ал эмне айтат дагы күтө туралы.





  Сая-саалы

Акча берсе кайта-кайта алалы да
ЖК жыйынында айтылган жылтылдак сөздөргө караганда Кыргызстан менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы келишимдин долбооруна ылайык, аталган банк Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүгө 44 млн. 800 доллар каражат бөлөт. Келишим боюнча бул сумманын 37% 25 жыл мөөнөт менен насыя, калганы грант түрүндө берилет. Каражат өлкөдөгү подстанцияларды реконструкциялоого жана эскилиги жеткен шаймандарын алмаштырууга жумшалат. Биз билгенден буга чейин да АӨБ так ушинтип энергетика тармагына каражат бөлүп, бирок ал кумга сиңип кеткен.

Кыйратып келдим деп жатып кыйрап калчу элек
Түркия Кыргызстандын 51 млн. доллар тышкы карызын кечирди деп билдирди премьер-министр Алмазбек Атамбаев 27-апрелде Анкарадагы расмий иш сапарындагы журналисттер менен болгон жолугушуусунда. Премьер-министрдин айтымында, Түркия менен болгон жолугушуу Кыргызстан үчүн эле эмес, алар үчүн да жемиштүү болгон. "Борбордук Азияга инвестиция тартуу үчүн биз деле чоң суммадагы түркиялык капиталдар үчүн жол ачабыз. Мен ойлойм, бизде инвесторлордон пара талап кылбаган өкмөт орнойт. Ошондой эле биз бул жылы Бажы союзуна жол ачууга киришебиз, анда дагы визасыз тартип болот" дейт А.Атамбаев. Азырынча анын бул билдирүүсүн Түркия тараптын маалымат катчылары төгүндөй элек.

Оп-ээй, иштеп атыптыр
Билсеңиздер, мамлекеттик антимонополиялык агенттиги "алакан жайып" отурган жери жок. Иштеп атат. Иштегенде да азык-түлүктүн баасы мынчага кымбаттады деп айтканга жарап жатышпайбы. Ушул оңойбу?! Алардын маалыматы боюнча жей турган, же "жегенге жарабай турган" (баарын эле жеген турабыз атаңдын көрү, "жарабайт" деп жатышпайбы) товарлардын баасы анча-мынча түшүптүр. (Нан, сүт, цемент, бензин АИ-93). Кумшекер 1 сомго (чуулдап атып дыйкандардын кылганы окшойт), дизелдик күйүүчү май 70 тыйынга кымбаттап кетиптир. Кашайганда экспортко айдай беришип, элди унуткан касапчылардын айынан эттин баасы өсүүнүн үстүндө экен.

ЖоКе жомогунан
Парламент кыскарбай эле кызылдай жооноюп кеткенин кеч сезгенби, ар түрдүү шылтоолор менен 11 кызматкерин иштен айдаптыр. Алар А.Келдибековго чейин кирип, кетпейбиз деп жүрүшөт. Көрсө, штат боюнча ЖК аппараты 64 адам болушу керек болсо, 119га чейин өсүп кеткен экен. Эми кандайынан кыскарарын билбей баш катырып жатышыптыр.

Тымпыйган ТИМ, тытылган тагдыр
Жибек Сакеева деген 23 жаштагы кызыбыз кайып каскагынан ит ичпестин чөлүнө (Индонезияга) түшүп кеткен экен, алардын бийлиги 1 кил апийим менен кармап алып, же өмүр бою соттойбуз, же өлтүрөбүз деп жатышыптыр. Бул жөнүндө "Азаттык" радиосуна индонезиялык журналист билдирбегенде, эч нерседен кабарсыз калмак окшойбуз. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бул окуяны 2010-жылдын 18-ноябрында эле билсе дагы коомчулукка бир ооз айтпай "тымпыйып" коюшуптур. Ж.Сакееваны Бен аталган африкалык ындыкара 2 миң доллар бермекчи болуп азгырып, чемоданын жеткирип берүүнү өтүнүптүр. Анан колго түшүп калып жатпайбы. Кандай болгондо да өкмөт, омбудсмен, демейде жаныңды сууруп алчу эл аралык аты бар укук коргоочулар бул маселеге киришпесе, эртең кеч болуп калчудан.




  Крим-аалы

Астапты кудай сактады
28-апрель күнү Аламүдүн районунда казылган аңга Астап Абдраимов кулап кетип, үстүнөн топурак басып калган. ӨКМ куткаруучулары келгенче ошол жерде иштеген жумушчулар топуракты казып Астапты алып чыгышты.

Кызганычтан кызыл камчы
27-апрелде Маевка айылынан эки эргул Аламүдүн районунун тургунун сабап, бычак такап коркутуп 10 миң сомдук уюлдук телефонун жана "Мерседес Бенц" унаасын тартып алып бейкапар жүргөн жеринен кармалышты. Көрсө, эки жигиттин бирөөнүн жарандык никеде жашаган аялын ошол унаа жеткирип келген экен. Кызганычтан ал аялды сабап, андан кийин аны жеткирген айдоочуну тепкиге алышыптыр. Чоң муштумдар машинени эсен-соо ээсине берип, өздөрү темир торго киришти.

Көлдүктөрдү үгүттөгөн "хизб-ут тахрирчилер"
Каракол шаарынын тургуну Казакбай Турсунбаевди текшерген изкубарлар анын жанынан "Хизб-ут тахрир" диний экстремисттик уюмунун китептери, дисктер, диний чогулуштар өткөрүлгөн жазылмаларды табышты. Түп районунун Ичке-Суу айылынын жашоочусу Ж.Адыбаев, Э.Касенов да ушул уюмду жайылтып жүргөн жеринен кармалышты.

5 млн. доллар кайда?
Жакында Москвада иштеген кыргыз бизнесмен Омаровго кол салуу болуп, анын жанындагы 5 млн. АКШ долларын, 12 млн. рублин тоноп, өзүн эки жансакчысы менен сабап кетишкен. Жол боюндагы кичиавтобустан полиция формасын кийген куралчан сегиз адам чыгып, Омаров келаткан машинени тосушкан. Кол салгандардын бетинде чүмбөт болгондуктан алардын ким экени иликтенүүдө.

Канга чыланган колдор
Тартип сакчылары тарабынан жакында эки оор кылмыштын бети ачылды. 21-апрелде мыкаачылык менен өлтүрүлгөн адамдын сөөгү табылган. Бул кылмышка шектүү кытай жараны кармалып, анын жанынан маркумдун уюлдук телефону чыкты. Ошол эле күнү өзүнүн убактылуу жашаган батиринен 41 жаштагы кишинин да мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү чыкты. Маркумдун "БМВ-316" машинесин кылмышкерлер айдап баратып жол кырсыгына кабылып, укук коргоочулардын укуругуна түштү.

Балдарга көз салбайсыңарбы!
Кара-Суу районундагы Шарк айылынан жети жаштагы бала ширеңке менен ойноп атып чарба курулуштарын, жарым тонна жүгөрү чөбүн жана бир тонна саманды өрттөп жиберген. Ушундай эле окуя Ысык-Көл облусундагы Түп районунда кайталанды. Алты жаштагы бала 800 боо саманды бир заматта өрттөп жиберди.




  И-тагдаалы

"Манас" Манастай болду
Буга чейин аты улук, супурасы курук болуп келаткан "Манас" кинотеатрынын багы эми ачылды. Эми ал маданият үйү "Айтыш" коомдук фондунун аракети менен суперкинотеатрга айланып, Орто Азия боюнча эң чоң экран, заманбап жабдыктар менен жабдылды. Кечээ анын бетачар аземи болуп өттү. Имарат 500 киши бата турган бир чоң залдан жана 50 орундуу эки кичи залдан турат. Бул жерде эми "Кыргызстан - кыска метраждуу фильм-дердин өлкөсү" долбоору ишке ашат.

"Арча" сыйлыгын алгандар
"Жаңы Ала-Тоо" адабий журналын чыгарып жаткан "Турар" басмасы бул журналга жарыяланган "Арча" адабий конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык ар түрдүү жанрлар боюнча төмөнкү авторлор сыйлыкка татыктуу болушту. Турусбек Мадылбай (Проза. 1-орун, "Зилзала" повести), Шайымбек Апылов (Проза. 2-орун, "Көгүлтүр автобус" аңгемелер жыйнагы), Бектуруш Салгамани (Поэзия. 2-орун, 1-орун эч кимге ыйгарылган жок. "Сагынып жашаймын" ырлар жыйнагы), Замирбек Иманалиев (2-орун, "Аян бар керемети туюлбаган" ыр китеби), Эрнис Турсунов (1-орун. Котормо. К.Чуковский "Чымын чыңкылдак" ), Абдыкерим Муратов (2-орун. Адабий иликтөө. "Кыргыз балдар адабиятынын табияты, калыптанышы жана тарбиялык мааниси").

Крыша кыйшайып, көпүрө көмөлөнгөн
27-апрелде Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында катуу шамал жүрүп, Ч.Асеков орто мектебинин терезелери сынып, чатырынан 4 даана шифер учуп кеткен. Ушул эле күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунда Талас дарыясынын суусунун деңгээли жогорулап, Өзгөрүш айылы менен 450 гектар айдоо жерлерин байланыштырган көпүрөнү суу жууп кетип, жол байланышы үзүлгөн. Мындай окуя кечээ Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда да болуп, Терек-Сай поселогунда 3 турак үйдүн шиферлерин учурган.

Эсен бол, Эсенболот
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин биринчи курсунун студенти Райымберди уулу Эсенболот өкмөт жасабаган ишти жасап, жаш калемгерлердин чакан альманахын чыгарды. Китеп "Жан дүйнө ырлары" деп аталат. Жыйнакка республикадагы орто муун акындарынан баштап мектеп жашындагы таланттардын тандалган бирден, экиден чыгармалары киргизилген.

"Жаңы Агымга" жазылууга шашылыңыз
Кадырман калайык, укпадык, билбедик дебеңиз. "Жаңы Агым" гезитине экинчи жарым жылдыкка жазылуу учурда Кыргызстандын бардык почта түйүндөрүндө жүрүп жатат. Бишкекте жашасаңыз болгону 239 сом 40 тыйын төлөйсүз. Өлкөнүн башка облустарында болсо 267 сом 36 тыйын. Капчыгыңыз бөксөрбөй, жаңы, кызыктуу маалыматка карк болом десеңиз, азыртадан жазылууга ашыгыңыз, окурман.

Эл эмгегин эскерет
Буудайбек Сабыр уулу деген залкар өттү дүйнөдөн. Бүгүнкү кыргыз маданияты бул кишиге көп милдеттүү. Эч качан жулунбаган, жан кишиге жаман айтпаган, нукура элдик маданияты бийик бул адам эч кимге колко кылбай эле өз каражатына кыргыз жерин түрө кыдырып, не бир залкар комузчу, кыякчы, манасчы, санжырачыларды таап келип үйүнө түнөтүп жүрүп, 3 миңден ашык күүнү кыргыз радиосунун алтын фондусуна жаздырып кетти. Бекеринен улуу акын А.Токомбаев аны дүйнөгө белгилүү музыка иликтөөчү Александр Затаевичке салыштырбаса керек. Буудайбек аксакалдын "Эл куудулдары", "Санжырачылар жана уламалар", "Жомоктор жана жомокчулар", "Эл шайырлары" аталган салмагы сайдын ташындай эмгектери калды артында. Эл эмгектен эскерсин деген ушул болсо керек.





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??