29.04.11 - 23-бет: Гүлзат Байзакова үй-бүлөлүк концерт берет
Жолдошу менен жыйырма жылдан ашуун чыгармачылыкта жүргөн Гүлзат БАЙЗАКОВА 12-13-майда филармонияда үй-бүлөлүк концертин тартуулайт. Эки уулу кичинесинен "Устат-шакирт" борборунда музыкалык билим алып келишкен. Буга чейинки жетишкен эмгектерин, өнөрүн элге тартуулоого кез келди дейт ырчы айым. Гүлзат Байзакованы концерт учурунда "Устат-шакирт" ансамбли коштоп, уулдары музыкалык аспапта ойношот. Жандуу үн менен коштолгон концертке келип жарпыңызды жазып кетиңиз.


Сайкал чылбырды бекем кармады
35 жылдык тарыхы бар "Кыз бурактын" акыркы жылдардагы жетишкендиктеринин башында Кенже Дүйшеева турган болсо анын ордун эми Сайкал САДЫБАКАСОВА басты. Сайкал чыгармачылыкта эжесинен алган тажрыйбасы менен алдыга озгонго үлгүрдү. Топтун курамы жаңыланып азыр билек түрө иштеп жатышат. Россия, Казакстанды түрө кыдырып концерт коюп келишти. Буюрса жакында жаңы концерттик программа менен Дубайга аттанганы турат.


"Аят 2деги" Алинин атагы
"Аят" тасмасынын уландысын режиссер Азамат АРЫКОВ тарта баштады. Тарбиялык мааниси чоң, жаңы технологиялар менен тартылган сапаттуу тасма болоруна кепилдик берем дейт режиссер-коюучу. Тасманын мазмуну жаш спортчу Али атактын туу чокусуна жетип адал жолдон адашып, жашоодо жаңылганы баяндалат. Тасма күзүндө даяр болот. Учурда Эрнест Абдыжапаровдун студиясы киного тартылууга спортсмендерге жана жаш кыздарга кастинг жарыялады.


Кутмандын өргөсү кут болсун!
Үч жылдан бери чыгармачылыктан тыным алып курулуш иштери менен алектенген Кутман ЖОЛДОШЕВ жаңы конуштардын бирине эки кабат үй салып бүттү. Мурда Кызыл-Аскер тарапта жашап жүргөн ырчы үй-бүлөсү менен жаңы конушка көчүп кирип, кубанып турган кездери. Өз үйүндө буту-колду кенен чоюп, санаасы тына түшкөн ырчы эми чыгармачылыкка чындап киришерин билдирди.


Атай эми украиналыктарды "уйпалайт"
Өзгөчө бийлери менен кыргыз элин эле эмес, россиялыктарды да таң калтырган Атай ӨМҮРЗАКОВ "Украина Мае таланты" сынагына аттанды. Кыргыз экениме карабай колдоо көрсөткөн украиналыктарга ыраазымын. Алардын, кыргыз элинин ишеничин акташ үчүн барууга милдеттүүмүн деп болушунча аракет кылган Атайдын ою ишке ашты өңдөнөт. Буга чейин каражат маселеси кыжаалат кылып ар кимден жардам сурап келсе, азыр өз күчүнө таянууга мүмкүнчүлүк түздү. "Акча жагынан жардам бергилери келсе да ар ким тымызын өз оюн таңуулайт экен" деген бийчи жакында жеңиш менен келээрине ишенип туралы.


Добрановдордун үй-бүлөлүк доору башталды
Репер ДОБР 27-апрель күнү мойнуна "каамыт" илди. Байланышка чыкканыбызда чечекейи чеч болгон жигит "мен үйлөндүм! Манас айылында майрамдап жүрөбүз" деп жар салды. Тойдун уландысы "Сөң-Көл" ресторанында өттү. Добрдын келинчеги Жылдызай Долобаева 5-каналда диктор болуп эмгектенип келген. Өзү менен тең жыйырма үч жаштагы бийкечтин жүрөгүн реп айтып берип багындырган өңдөнөт. Деле бышык, заматта жубайынын фамилиясын Жылдыз Добранова кылып өзгөрткөнгө да үлгүрүптүр. Жаштарга ынтымак, үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз!


"Арууке" америкалыктарды арбап…
"Версус" тобунан өзүнчө бөлүнүп чыккан бийчи Асел КОЙЧИЕВА менен Элина АБАЙ кызы "Арууке" бий тобун түзгөнү маалым. Бул топко Алтынай жана Күмүшай деген эки эгиз кыз кошулган. Жакында эле кыздар чоң сапары менен чет жактан кайтышты. Түрксой эл аралык уюмунун чакыруусу менен алгач Түркияга, андан ары Америкада өткөн түрк тилдүү мамлекеттер арасында уюшулган фестивалда өз өнөрлөрүн тартуулап келишти. БУУ ассамблеясынын имаратында уюштурулган алгачкы концертке 11 мамлекет катышып, анда кыргызстандык бийчилер өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.


Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА