presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Жанмаанай

Жабыкпай жакшы жүр, курбум
Экөөбүз бала кезден чогуу өскөн достор элек. Сен мага экинчи класста "апам жакшы окуган балдар менен дос бол деген, кел, экөөбүз достошолу" дедиң. Ошондон кийин экөөбүз эгиз козудай ээрчишип калдык. Досум деп бири-бирибизге сый мамиле жасап, үйдө иш күчөп турган учурларда сен менин же мен сенин чөп чабык, отун алмай, жер казмай сыяктуу жумуштарыбызга колкабыш кылып, кара жумуш менен чоңойдук. Бирок кийинчерек тагдыр экөөбүздү эки жээкке бөлдү.
Чындыгында сен нукураңда тубаса эр уруш үчүн жаралган жигит экенсиң. "Мен кикбокс же таэквандо боюнча дүйнөнү дүңгүрөтөм" деп кыялданар элең. Бирок тилекке каршы, орто мектепти аяктаган соң дене тарбия институтуна келип окууга өтөм деген тилегиң таш капты. Сен сыяктуу эле бечаранын уулу болсом да менин жолум болуп окууга өтүп, өз тармагым боюнча иштеп кеттим.
Андан бери он беш жыл өттү. Сен бул аралыкта чоң муштумдугуңдун айынан үч жолу түрмөгө отуруп келдиң. Өз чөйрөңдө, силердин тил менен айтканда, "авторитет" экениңди угуп жүрөм. Сенден көптөр зирилдеп коркуп, жан алгычтай көрүшөт экен. Бирок акыркы жолу мындан үч жыл мурун мага кезигип, өзүңдүн бараткан жолуңдун келечеги жок экенин айтып буркурап ыйлаганың таптакыр көз алдымдан кетпейт.
Жакында гезиттен "черныйларга" каршы күрөш учурунда колго түшүп, кайрадан камакка алынганыңды окудум. Жанымдын кашайганы эле ушул, сен чынында өз өлкөңдүн керегине жарай турган балбан билек, шамдагай, жоокер жигит элең, мектепти да мыкты бүткөнсүң, капилеттен сөз тапкан чечендигиңе, караңгыда көз тапкан айлакерлигиңе таң калчумун, ошол мүмкүнчүлүгүңдү туура эмес пайдаланганыңа кейийм. Мүмкүн эми деле кеч эместир...
Муктар АЗИМОВ





кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??