presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Жангазиевдин Чыңгызы
(Башы өткөн санда)
Көл тараптан караганда Совминдин котедждери менен "Көгүлтүр Ысык-Көлдүн" көп этаждуу үйлөрүнүн ортосунда бир эле чоң булуң болуп, бири-бирине даана көрүнөт экен. Ал эми жол менен айланганда машина менен чай кайнамдык жол эле.
Кайра үстөлгө келдик. Айылды сурап, элди сурап Чыкем ары-бери басканда үстөлдүн үстүндөгү кол менен жазылган кагаздарына көз кырымды салып коем. Жазуулары кол койгондогусундай шилтенип жазылган, оңдолгону да көп.
Бир жеринен Акбар деген атты окуп Грозныйдагы (Аманбаев айылы) Акбар Манапов деген кишини жазып жаткан го дедим. Кийин "Кыямат" чыкканда ошол Акбара карышкыр экенин билдим.
Бир убакта телефон шыңгырады, Гамзатов экен. Кавказдыктардын акценти менен дарылдаганы Чыкеме гана эмес мага да даана угулуп жатты. Алар үчөө экен: Кайсын Кулиев, Давид Кугультинов жана Расул Гамзатов. "Только тебя не хватает. Мы выпиваем за твое здоровье" дейт. Алардын баарынын дос экенин ошондо билгем. Бирок дос айрылат дегендей, Гамзатов экөө кийин бир ажырашып анан кайра табышкан. Чыкемин алтымыш жылдык тоюна Гамзатов келбей телеграмма жиберген. Балкар акыны Кайсын Кулиев келип Шекердин клубун жаңырта бакылдап, Чыңгыз экөөбүз канжардын эки мизиндейбиз дегени эсимде калыптыр.
Чыкем менен ошентип таанышкам. Жакшынын шарапаты деп пайгамбардай болгон кишинин жакшылыгы тийбей койбойт экен. Ага жараша жолум да ачылды тирүү пайгамбарга жолуккандай. Ошол күнү "Көгүлтүр Ысык-Көлдөн" жазуучулар Ашым Жакыпбеков, Кеңеш Жусупов, Буденый орто мектебинде көп жыл директор болуп иштеп кеткен Эралкан Абилдаев менен жолуктум. Төртөөбүз кеткенче бирге болдук.
Анан Чыкеме эки-үч күндөн кийин телефон чалдым. "Келегой" деди. Бардым. "Сени аксакалыбыз Суванбердиевге тааныштырам" деп барып бир эшикти какты. Жооп жок. "Ай, кетип калганбы" деп дагы какканча арттан каткырган үн чыгып калды, "о сени көрдүм, мени издеп жүргөнүңдү". Ал жерде байланыш министри Марклен Баялинов да бар экен.
Суванбердиевдин номерине бардык. Анан Тургунбек Суванбердиевдин аялы менен Эсенбек (Чыңгыздын карындашы Розанын күйөөсү) келип калды бир козунун этин бышырып. Ал жерден Чыкем, Тукем экөө ичкен жок, Кемел Муратов (мурун Киров райисполкомунун председатели болуп иштеген) кечкиге чакырган дешти. Мен болсо Чыкемдин артынан кандай атактуу адамдар менен таанышып жатам деп унчукпай отурам.
Анан жашы курбу болбосо да жаны курбу адамдардын арасына кыпчылбай "Чыке, мен эми кетейин" десем, (Суванбердиевге жамбаш тартылган) Чыкем козунун башынын ууртунан бир чымчып ооз тийип баштыкка салып, дагы чучук, эт, боор салып, "алып кет" деди.
Илгери кыргыздар бири-биринен алыс турган сай-сайда жашап жүргөндө үйдөн чыгып жаткан кишинин куржунуна кереги тийет деп нан, эт, башка бар тамагынан салып берген. Ошол адат азыр пакетке салса да али кала элек. Аны эч ким эрөөн көрбөйт.
Мен келип аны элге Чыңгыздын кешиги деп бердим. Бул дагы жакшы салт: улуу, жакшы кишинин кешигинен ылгабай ооз тийген, жакшылыгы жуксун деп.
Бир күнү Чыкеме дагы чай берем деп камынып калдым. Санаторийдин жанынан "Чыңгызга чай бербегенде кимге чай берем" деген уйгур аялды таап, үйдөн куйруктуу козунун этин, кымыз, сүрсүткөн чучук алдырдым. Телефон чалсам Чыкем "Тургун, ыракмат. Суванбердиев менен Семененко да кетип калды. Өзүңөр жеп койгула" деди.
Мен "Чыке, казанда бышып жатат эле" деп чырылдап жибердим. "Оу, ошондойбу?" деди. "Ийи" дедим.
"Анда ушул жерге эле алып кел" деди. Он үчүнчү номуруна. Чыкемдин 12-декабрь туулган күнү экенин кийин билдим. Ал эми эс алуу үйүндө 13 номурду тандап алганын азыр ойлоп, Чыкемин туулган күнү ушул число болсо керек деймин. Ата-энеси ырымдап 12-декабрга которуп койгон го. Буга эч ким көңүл бөлө элек.
Уйгурлар тамакка мыкты го. Уйгур аял Чыкемди үйүнө күтө албай калганына катуу капа болсо да күлүп-жайнап, ар түрдүү тамакты бөлөк-бөлөк идишке салып, дасторконун дайындап, пияла, чайнектерин өз-өзүнчө ороп, өз колу менен сунгандай сыйкырлап жатып мени узатты.
Алып барсам Чыкем "Ой, бул жерде Калый Молдобасанов бар, ошону чакырып келейин" деди.
"Мен чакырам" десем, "Кой, жүр мени менен. Калый, ужин келип калды" деп тамашалап чакырды.
Келип отурганда эле быссымылданы айтып куйрук-боор салынган кастрюлду ачтым.
Чыкем ичкилик куйганды өз колуна алды. Биз ага каршы болгон жокпуз, өз үйү эмеспи дегендей. "Бир түркмөн жазуучусунун коньягын көрөлүчү, шишеси кооз экен" деп биринчи тостту Калый Молдобасановго берди.
- Чыке! - деп Калый сөзүн баштады - Туу чоку болуш кыйын. Сиз бир эле кыргыз эмес дүйнө жүзүнүн адабият, маданият, акыл, адеп-ахлагынын туу чокусу болуп т
урасыз. Сиздин ден соолугуңуз үчүн ичебиз!
(Уландысы бар)
Аскар МАМЫШЕВ, Талас облусу

Өткөн санда ушу материалдан ката кетиптир. Тексттен "Киров райкомпартиясынын биринчи секретары Мураталин Искендер Садыкович" деген сөз түшүп калыптыр. Ал эми раисполкомдун төрагасы Искак эмес, Исак Суваналиев болгон.




  Жазгы жаңырык

Гүлзинат СУРАНЧИЕВА, ырчы:
"Жеке концертте чыгармачылыгыңды, жетишкендигиңди көрсөтүү керек"

Гүлзинат Суранчиеваны концерт алдында кепке тартып даярдыктары кандай болуп жатканы тууралуу кабар алдык. Шоу дүйнөсүнө аралашып, ырчы болгондон бери биринчи концертин берүүгө камынып жаткан Гүлзинат азыр катуу даярданып жаткан маалы. Ал концерттин өзгөчөлөгү тууралуу сөз кылды.

- Акыркы жолу жеке концертиңизди качан бердиңиз эле?
- "Шантел" тобу менен ырдап жүргөндө концерт бергенбиз. Андан бери жеке ырчы болуп өз атыма иштей баштагандан бери концерт бере элек элем. Ортодо көп нерсе өзгөрүптүр. Баалар кыйла кымбаттаптыр, башкача эрежелер орноптур. Ошентсе да колдон келген мүмкүнчүлүктү жумшап, элге жакшы маанай тартуулоонун аракетин кылып жатам. Даярдыктын акыркы баскычындамын десем болчудай. Жарнама, костюм, сахнанын жасалгасын бүтүрүп, учурда кайсы ырларымды ырдайм деп ылгап жатам.
- Концерттин өзгөчөлүгү эмнеде?
- Мени көбү ырчы катары тааныганы менен пианинодо ойноорумду билишпесе керек. Концертти атайын классика, фольклор, эстрада кылып үч бөлүмгө бөлүп койдум. Башында Шумандын "Посвящение" деген чыгармасы менен ачам, чыгарманын коштоосунда атайын балеттик труппанын бийи көргөзүлөт. Романстарды даярдап жатам, аларды аткарам. "Манас" президенттик оркестринин жетекчиси Эрнис Асаналиевдин жардамы менен да бир-эки номер даярдап жатам. Шубин атындагы борбордук музыкалык окуу жайдын хор ырлары бар. Жетимиш баладан турган топ менен элге белгилүү болгон ырларды аткарабыз. Экинчи бөлүмүндө фольклордук чыгармаларды аткарсам, үчүнчү бөлүгүндө эстрадалык ырларым жаңырат. Концертти жандуу үн менен өткөрөм деп азыртан катуу даярдык көрүп жаткан кезим. Концерт үч бөлүктөн тургандыктан, ошого жараша сахнанын жасалгасы да үч жолу жасалгаланат. Антракт болбойт. Концерт учурунда эле декорацияларды өзгөртө тургандай кылып пландаштырып жатабыз.
- Көбү жандуу үн, жеке концерт дегени менен ашар жолу аркылуу концерт бергендерине күбө болуп жатпайбызбы?
- Мен концертиме дуэт ырдай турган ырчыларды эле чакырдым. Алардын арасында Гүлжигит Калыков, Ырыскелди Осмонкулов, Курал Чокоев бар. Конок катары "Шантелдин" курамын чакырдым. Бирок алар ырдабайт, залда отуруп концертимди көрүшөт. Жеке концерт дегенде өзүңдүн чыгармачылыгыңды, эмнеге жетишкениңди көрсөтүү керек эмеспи. Анан толтура ырчыны чакырып алып концерт берген киши өзү ортосунда чыгып, ага чейин конокторду ырдатканда эмне пайда. Мындай жол менен өзүнө өзү ишенбеген коркок ырчы гана концерт берет деген ойдомун. Репертуарынын аздыгынанбы же коммерциялык максат менен беришеби, ким билсин? Башкалар үчүн жооп бере албайм, бирок мен жандуу үн менен ырдаганыма көрүүчүлөр өздөрү күбө болушат. Башка мамлекеттерге барып жандуу үн менен ырдап жүрүп өз элим үчүн ырдай албай калыптырмынбы. Ушул концертке болгон дилимди арнап даярданып жатам. Акча табайын же болбосо концерттин чыгымы өзүн актай албай калабы деген ой келген жок. Эң негизгиси, эл келип эс алып, эмгегимди бааласын деген гана тилек бар.
- Ырчылардын көбү спорт ордосунан филармонияга качырганынын себеби эмнеде?
- Менин деңгээлим менен спорт ордосунун деңгээли айкалышпай турган нерсе болуш керек. Концертиме өзүмдү окуткан улуу инсандар келет. Маданият министрине чейин чакырдым, аларды спорт ордосуна алып барыш уят го. Бир жагынан ошол жагын ойлодум. Экинчиден, администрация мага жакшы колдоо көрсөттү. Үчүнчү жагынан алганда, жандуу концерт бергенге филармония абдан ыңгайлуу.
- Эмне үчүн белгилүү саясатчыны башкы демөөрчү кылдың?
- Башында концерт уюштурарда материалдык колдоо издеп көп чуркадым. Ири компанияларга чейин барсам, тилекке каршы, жыйынтык чыккан жок. Мелис Эшимканов мага чейин көп эле ырчылардын концерттерин жогорку деңгээлде уюштуруп берип жүргөнүн уккам. Ошондон улам ага кайрылдым. Сунушумду эки күн ойлонуп макулдугун берди. "Кош жылдызда" чогуу ырдаганбыз. Ага чейин үй-бүлөлүк катышыбыз бар эле. Алар биздин үйгө, биз алардын үйүнө барып катышып турабыз. Бирок мындай олуттуу жардам сурап биринчи жолу кайрылдым. Азыр концертке кеткен чыгымдын токсон пайызын Мелис байке көтөрүп жатат. Ортобуздагы сый мамилени эске алып, жоопкерчиликтин көбүн өзүнө алды. Андан сырткары, Маданият жана маалымат министрлиги чоң жардам көрсөтүп жатат. Мен аларга караштуу окуу жайда мугалим болуп иштегендиктен колунан келген жардамдарын аяшкан жок. Медиа кызматын коомдук биринчи канал көрсөтүүдө. Кыскасы, демөөрчү жагынан ишим жакшы жүрүштү десем болчудай. Колдон-буттан алып кошо чуркап жүргөндөрүн көрүп ичим жылыды.
- Азыр үй-бүлөлүк түйшүккө кол тийбей кечинде келип сулк жыгылып жаткан кезиңиз экен да?
- (Күлүп) Бассам-турсам деле оюмда концерт болуп калды. Ралис кошо аралашып ырларымды жаздырганга жардам берип жатса деле жумуш өтө көп. Эртең менен чыгам, кечинде өзүң айтмакчы бутумду тарта албай келип сулк жыгылам. Үйдө болуп калсак деле сөз кылганыбыз алдыдагы концерт. Үй оокатына жетишпесимди билип мурдатан апамды айылдан алып келип алгам. Ага эркелеп чарчадым деп жатып калам. Ушул концертте эч кимге айтпаган бир жакшы идеям бар эле. Кызым музыкалык мектепте окуйт эмеспи. Менин каалоом боюнча концерт учурунда сахнага чыгып скрипкада ойносо дегем. Бирок бир аз кичирээк болуп жатат окшойт.
Анара ДҮЙШӨНАЛИЕВА






кыргыз тилиндеги гезит "Агым"





??.??