29.04.11 - 2-бет: Кулматовдун Силаевден айырмасы канча?
Кечээ парламентте башкы бажычы Кубанычбек Кулматовдун Россиянын жарандыгы боюнча маселени талкуулашты. Биздин колубузда Кулматовдун Россиянын гражданы экендигин тастыктаган документтер турат. Россиянын федералдык миграциялык кызматы билдирет: 14.02.1963-жылы туулган Кулматов Кубанычбек Кеңешович Россия Федерациясынын документтелген паспортун алган атуулу. Паспорт сериясы 4509 ?801457, 2008-жылы 30-апрелде Москва шаарынын Черемушки районунда берилген. Паспорт берилген учурда Кулматов Москва шаары, Бабаджамян көчөсү, 60-үй, 1-корпус, 81-квартирада катталган деп турат.
Мындай шартта Атамбаев эмне үчүн Кулматовду калкалап, башка өлкөнүн атуулуна бажы тармагын башкартып келет? Бул жагынан Кулматовдун Силаев менен Танаевден айырмасы канча?







Бабановсуз өкмөт иштейби же жокпу?
"Жерүйалтын" ЖАКтын ишин Бишкек райондор аралык соту 20-апрелде карап, буга чейин "Жерүйалтындын" лицензиясын жокко чыгаруу чечимин жараксыз деп тапты. Натыйжада кыргыз өкмөтү алтын кенден кол жууду. "Жерүйалтын" ЖАК казактардыкы экендиги белгилүү. Ушундан улам биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун өкмөттө жок экендиги даана байкалып, демек, мамлекеттин иши канчалык аксап аткандыгы көрүнүп турат. Жер-жерлерде Бабановду колдоо комитеттери түзүлүп жатканы да бекер эместей. Ушу тапта айрым өкмөт мүчөлөрү, тармактарга жооптуу жетекчилер жигердүү иштебей, илең-салаң басып калганы байкалууда.

"Алтындай жигит" Атамбаевди жандаганда
"Ата журттун" лидери Камчыбек Ташиевдин мурдун каңдаганы үчүн премьер "республикачы" Алтынбек Сулаймановду "алтындай жигит" деп алкаган. Ошол окуядан соң бул эки берендин мамилеси ысый баштады. Маселен, башбакан Алмазбек Атамбаев Түркияга жасаган расмий сапарында "алтындай жигитти" кошо ала барганы эле көп нерседен кабар берет. Шаршеновичтин назарына илингенине караганда, "Челюсттун" ити эми чөп жей турган окшоду.

Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт
"Кыргызтелекомдун" тагдыры жакын арада чечилчүдөй. Аны сатып ала турган кардарлар түрктөр экени, алар монополист ишкананын объектилерин кыдырып көрүп жүрүшкөндөрү айтылууда. Айтмакчы, буга чейин "Кыргызтелекомду" жетектеп келген Марат Мамбеталиев май айынын башында өкмөткө кетип, анын ордуна БГТСтин директору Аскар Баратбаев барат экен дешүүдө. Кызык десең, Мамбеталиевдин ордуна Баратбаев баргандан эмне өзгөрмөк эле, анткени экөө ушу кезге чейин бирге иштеп келишпедиби. Же Кыргызстанда Мамбеталиев менен Баратбаевден башка байланышчы жокпу?

Баланын иши дайым чала
БЭК партиясынын теңтөрагасы Руслан Бекназаров президенттикке талапкерлигин коет имиши тараган. Бул сөз тегин жерден чыкпаптыр. Себеби Руслан мырза биздин гезитке "ажолукка аттанышым ыктымал…" деп ымандай сырын ачты. Парламенттик шайлоодо депутаттык мандатка жетпеген кичи Бекназаров президенттикти эңсебей эле койгону дурус го. Кантсе да бала жаш эмеспи, турмуштун оош-кыйышын анча түшүнө элек.

Төртүнчү жолу…
Бектур Асанов Жалал-Абад губернаторлугун сактап калыш үчүн бардыгына даяр экендиги бештен белгилүү. Бирок ал канчалык тырышпасын жакын арада кызматынан айдалчудай. Анткени өткөн жумада жалал-абаддыктар "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров менен жолугушканда Бектур үкаңды тыйбайсыңбы, губернаторлук атасынан калган мурастай жанталашат. Буга чейин үч жолу токмок жегенине карабастан ордунан козголбой койду. Төртүнчүсүндө көргүлүктү накта көргөзөбүз дегендей опурулушту.

Илимден да итирейген саясат
Саясатчы сөрөйлөр чет өлкөгө барганын пропагандалоо аркылуу саясый упай топтоону модага айландырып алышты. Анын сыңарындай, "Акыйкаттын" төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун Казакстандан кайтканын уккандар Алике Астананын лөктөрүнө кезигип, президенттик шайлоого байланыштуу сүйлөшүү жүргүзүптүр таризинде таңдайын шакылдатып киришти. Бирок биз а кишинин эч кандай лөк-мөктөр менен жолукпай-этпей эле илимпоздордун эки күндүк конференциясына катышканын тактадык.

"Серый кардинал" канча алат?
Бизге жеткен маалыматка караганда, "Республика" партиясынын "серый кардиналы" Искендербек Гайпкуловдун парламенттик шайлоодо жана андан кийинки берип келаткан "жардамдары" бекер эмес экен. БӨТ 1-вице-премьерликке көчүк басары менен Искендербек Төрөбаевичти айлыгы 130 миң сомду чапчыган РСК банкынын директорлор кеңешине киргизиптир. Баракелде! Акаев , Бакиев , Атамбаев заманында да майталкандын үстүндө жүргөн Гайпкуловго даңк жана дүңк! Көрөсүңөр, азыркы бийлик алмашканда дагы ИТБнын ташы өйдө кулайт.

Сабырдын жылдызы
Эл аралык "Шериктештик жылдызы" сыйлыгы саламаттык сактоо министри Сабырбек Жумабековго ыйгарылды. Сыйлык тапшыруу аземи 22-апрелде Москвада болуп, ага Кремлдин дөө-шаалары катышкан. Салтанатта орус Мамдумасынын депутаты, легендарлуу ырчы Иосиф Кобзон "кыргыз өкмөт башчысынын орунбасарлыгына ырчы дайындалыптыр дегенди укканда аябай сүйүндүм. Ошондон бери "эгизиме" жолугууну эңсеп жүргөм" деп вице-премьер Ибрагим Жунусовду көргөндө энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүптүр.

Бакиевчилер, бириккиле!
1-апрелдеги мушташтан кийин спикер Ахматбек Келдибеков менен депутат Камчыбек Ташиевдин арасы сууган. "Эски дос эстен кетпейт" демекчи, эки дос кайрадан бириккенин Ак үйдөгү жеке булактар билдиришти. Ага ишенсек, булар айланасына жалаң бакиевчилерди чогултуп, тылын бекемдей башташыптыр. Атүгүл президенттик шайлоого жеткирбей азыркы бийликти оодарып түшүү планы да бар дейт. Ахматбек мырзанын акыркы мезгилдеги аракеттери элди ынтымакка чакыргандай маанай жаратып атты эле, жогорудагы маалымат чын болсо, анда төраганын жаңыдан түптөй баштаган аброю заматта үбөлөнүп түшпөс бекен?

Шайлоонун шайтан оюндары башталдыбы?
Акыркы учурда эл өкүлү Марат Султанов күздөгү президенттик шайлоодо түндүк-түштүк кландарынан бирдей колдоо табары, бөлөктөргө салыштырмалуу шансы күчтүү экени көп айтыла баштаган болчу. Ошондон чочуп кетиштиби, айтор, шаршембинин түнүндө Султановдун үйүнө граната ыргытылды. Бул атаандаштарынын шайлоо алдындагы эскертүүсүбү? Бирок Марат мырза коен жүрөктөрдөн эмес. Кандай гана тоскоолдук болбосун аламан жарышка аттанары элита чөйрөсүнө дайын.

Эркиндик баасы 2 млн. доллар
Ар жерде качып жүргөн "Манас" аэропортунун экс-президенти Бакыт Сыдыков Кыргызстанга кайтып келгени эч нерсе болбогондой ээн-эркин басып калды. Ал эми кечээ россиялык маалымат сайттары Б.Сыдыков өзү жана атасы Үсөн Сыдыковдун азаттыгы үчүн жаңы бийликтин кишилерине жең ичинен 2 млн. доллар төлөгөнүн жазып чыкты. Орус кесиптештер бир нерсенин "жытын" сезмейинче калемин кайкалатчу эмес эле, чамасы Бакыттын эки миллиону кайсы чиновниктин бактысын ачканы да жакында кошо жарыяланчудай.

"Жаңы Агым" - пресс